Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Мусулмандын акылары менен милдеттери




Мусулмандын акылары менен милдеттери


Суроо: Мусулмандын башка мусулмандын алдындагы акылары кандай?

Жооп: Мусулман башка мусулман дин бир тууганын кеминде өзү сыяктуу ойлойт.

Өзүнө жасалуусун туура көрбөгөн, каалабаган нерселердин башкаларга да жасалуусун каалабайт. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Өзү үчүн жакшы көргөн нерсени дин бир тууганы үчүн да жакшы көрбөгөн адам кемел момун боло албайт.” (Бухари)

Мусулман башкаларга жакшы үгүт, насаат берет. Хадиси шарифте: "Силер дин бир тууганыңардын күзгүсү болосуңар. Андан байкаган такты сүрткүлө!” (Абу Давуд)

Мусулман адамдарды кубантууга, көңүлүн алууга, кайгысын кетирүүгө аракет кылат. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Бир момунду кубанткан адамды Аллаху таала Кыямат күнү кубантат.” (Ибн Мубарак)

"Бир адамдын кайгысы менен кыйынчылыгын кетирген же бир мазлумга (зулумдукка учураган адамга) жардам берген адамды Аллаху таала жетимиш үч жолу магфират кылат (кечирет, күнөөлөрүн өчүрөт).” (Хараити)

"Аллах даргейинде эң макбул (кабыл боло турган) амал – момунду кубантуу, кайгысын кетирүү, карызын өтөө же курсагын тойгузуу.” (Байхаки)

Мусулман баштан аяк пайдалуу адам деген сөз. Андай болсо, башка мусулмандарга колдон келгенче жардам берүү керек! Хадиси шарифте мындай делет:

"Мына бул эки нерседен жаманы жок: Аллахка ширк кошуу жан Анын кулдарына зыяндуу болуу. Мына бул эки касиеттен жакшыраак даража жок: Аллахка ыйман келтирүү жана Анын кулдарына пайдалуу болуу.”(Дайлами)

"Дин бир тууганынын ишине бираз убакыт көмөктөшкөн адам ал ишке көмөгү тийсе да, тийбесе да эки айлык итикафтан (ибадаттан)көбүрөөк сооп табат.” (Хаким)

Пайгамбарыбыз: "Мазлум да, заалым да болсо дин бир туугандарыңарга жардам бергиле!” -деген кезде, "Йа, Расулаллах! Заалымга кантип жардам беребиз?”-деп сурашты. Жообунда: "Анын зулумдугуна тоскоол болуу аркылуу жардам кылган болосуңар”,–деди. (Бухари)

Бир адам мусулмандарга күндө дуба кылса жакшы адам болот. Намаз окуган момун "аттахыяту” окуганда салих кулдарга дуба кылууда. Ошондуктан, намаз окубай турган адам момундарга ошол дубаны окубоодо.

Чүчкүргөн кезде "Алхамдулиллах” деп айтуу керек, муну уккан мусулман да "Йархамукаллах”, б.а., "Аллах сага рахмат (ырайым) кылсын” деп айтууга тийиш! Үчүнчү адам бар болсо "Йахдина ва йахдикумуллах” деп айтуу керек! Үчүнчү адам жок болсо чүчкүргөн адам жооп катары ошол сөздү айтуусу керек! Хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Чүчкүргөн кезде Алхамдулиллах деген адам көз оорусун көрбөйт.” (Табарани)

Адамдардын туура иштерине жардамчы болуу, аларга көмөктөшүү, мүмкүнчүлүгүнө жараша муктаждыктарына карашуу керек. Хадиси шарифте мындай делген:

"Адамдардан мага муктаждыктарын айтып келе тургандары болуп турат. Ошол кезде жанымда болгондор аларга жардам берип сооп алсын. Аллаху таала жактырган нерсесин пайгамбарлардын колу менен берет.” (Муслим)

"Муктаждыктарынан улам мага келгендерге силер да жардамчы болгула! Мен орундалуусун каалаган нерселеримди силердин да себепкер болуп сооп алууңар үчүн бираз кечиктиремин.” (Насаи)

"Сөз менен жасала турган көмөктөн жакшыраак садага боло албайт. Ортомчу болуу аркылуу кан доосунун, өч алуунун алды алынат, пайдалуу болот жана зыяндын алды алынган болот.” (Хараити)

Мусулмандарга кылына турган жакшылыктардын эң чоңдорунун бири – салам берүү. Хадиси шарифте минтип айтылат:

"Аллаху таалага ант беремин, момун болмоюнча Бейишке кире албайсыңар. Бири-бириңерди сүймөйүнчө момун боло албайсыңар. Силерге бир амалды кабар берейин, аны менен бири-бириңерди сүйөсүңөр: Араңарда саламды кеңири жайгыла!” (Муслим)

"Дааратта туруктуу бол жана дааратты жакшылап ал, өмүрүң узарсын. Кезиктирген бардык адамга салам бер, жакшылыгың көбөйсүн! Үйүңө киргенде үйдөгүлөргө салам бер, үйдүн жакшылыгы менен берекеси көбөйсүн!” (Хараити)

Салам берүү - сүннөт, жооп берүү - фарз. Саламга жооп бербеген мусулманга периштелер таң калат. Хадиси шарифте айтылат:

"Салам берип мусафаха кылган (кол алышкан) эки мусулмандын арасына жүз рахмат түшөт. Мунун токсону биринчи салам берип кол созгон адамга, калганы экинчи адамга берилет.” (Баззар)

Бир адам саламсыз, уруксатсыз кирген кезде Расули акрам (Пайгамбарыбыз) мындай деген:

"Артыңа кайт, салам бер, андан кийин ичке кир!” (Абу Давуд)

 

Мусулмандын милдеттери

Суроо: Мусулмандын канча түрдүү милдеттери бар?

Жооп: Үч түрдүү милдети бар:

Жеке милдети:

Ар бир мусулман өзүн өнүктүрүүсү, дени соо, адептүү, жакшы мүнөздүү болуусу, ибадаттарын орундоосу, илим жана жакшы ахлакты (кулк-мүнөздү) үйрөнүүсү, халал тамак табуу үчүн эмгектенүүсү – жеке өзүнүн милдеттери.

Үй-бүлөдөгү милдети:

Жубайынын, эне-атасынын, бала-чакасынын, туугандарынын алдындагы акыларын, милдеттерин орундоо – үй-бүлөдөгү милдеттери.

Коомдогу милдети:

Кошуналарынын, устаздарынын, окуучуларынын, үй-бүлөнүн, кол астындагылардын, өкүмөтүнүн жана мамлекетинин, бардык мекендештеринин, дини менен улуту башка болгондордун алдындагы милдеттери.

Баарына жакшылык кылуу, колу менен, сөзү менен эч кимди таарынтпоо, эч кимге зыянын тийгизбөө, кыянаттык кылбоо, баарына пайдалуу болуу, мамлекетке, мыйзамдарга каршы чыкпоо, ар кимдин акысын өтөө коомдогу милдеттери болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш