Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Эне-ата менен жаш жубайлар




Эне-ата менен жаш жубайлар


Кээ бир эне-аталар арасында балдарын уядан учурганын кабылдай албагандар, жаңы уя, жаңы үй-бүлө курганын түшүнө албагандар бар. Эки бөлөк рухтун бири-бирине көнүп кетүүсү да оңой эмес. Жаштар ушул сыяктуу түйшүк менен алпурушуп жүргөндө эне-атанын кийлигишүүсү жагдайды ого бетер татаалдаштырып жибериши айдан ачык. Андан башка куда-кудагыйлардын араларында орун, абырой бөлүшө албай жаштарды ажыраштырып жиберүүгө даяр тургандары да аз эмес. Ушул сыяктуу маселелерге байланыштуу окурмандардан келген бир каттан үзүндү берүүнү кааладык:

"Үйүбүз кайын атамдын үйүнө жакын болчу. Таң эртең жумушка чыгарда аялым дагы мени менен чоогу үйдөн чыгып, энесине барчу. Кечке жуук ошол жактан алып келчүмүн. Кечинде келгенимде үйдө отурган кезде деле энеси биздин үйдө боло турган. Жалгыз калган күндөрүбүз өтө сейрек болчу. Көп убакытка чейин ушундай болду. Анан мындай болбой турганын айтып, ар ким өз үйүндө жалгыз калгысы келет. Биз бөлөк үй-бүлө болдук, муну кабылдашың керек. Энеңе дагы муну түшүндүрүп айткын. Күндө ушинтип жүрбөсүн. Апта соңунда бирге барып турабыз, ошондо сагынычыңарды таратасыңар дедим. Башында макул болбоду, энемсиз тура албаймын деп бираз нааразы болгон соң акыры көндү. Ушундан кийин телефон менен сүйлөшүп жүрдү. Ичкен тамагы, кийген кийими, кайда барганы, мен эмне дедим, ал эмне деди, үйдүн ичинде, сыртта болгон нерселердин баарынан кайын энем кабардар боло турган. Анан кичине эле түшүнбөөчүлүк болсо энеси дароо жетип келе турган болду. Акыркы жолу урушкан кезибизде кызы экөөбүзгө насаат айтуунун ордуна кызын алып кетип калды. Ошол кеткен бойдон жок болду. Үй-бүлөбүз 2 жылдын ичинде ыдыроого учурады.”

Ошондуктан да, үй-бүлөлүк турмуштун алгачкы айлары өтө маанилүү. Келин жаңы үйүнө адаттануусу, көнүүсү керек. Ал үчүн жаштардын үйү келиндин эне-атасынын үйүнөн алысыраакта болуусунда пайда бар. Көпчүлүк кыздар эне-атасына жакын турушат, жада калса, үйүнүн бир имаратта болуусун каалашат. Ал эми бул негизи кыз үчүн жакшылык эмес, тескерисинче, жамандык болушу мүмкүн. Кыздын үйүнө жакын болсо кандайдыр бир себеп менен кызынын капалуу абалын көргөн эне-ата "кокуй, күйөө бала кызыбызга кол көтөргөн окшойт же таарынтыптыр” деген сыяктуу жаңылыш ойлорго таянышы, натыйжада кийлигишип, түшүнбөстүктөргө себепкер болушу мүмкүн. Ошондой эле, келиндин да сыркоолоп ооруп калышы мүмкүн. Ошондуктан, күйөөсүнүн кийимдерин үтүктөө, тамагын даярдоо сыяктуу маселелерде кемчилик кетириши ыктымал. Бул жагдайга да күйөө баланын эне-атасы түшүнүк менен карап, "кокуй, уулубуз ачка калды, кийимдери да даяр эмес” деп чыр-чатакка себепкер болуудан сактануулары абзел.

Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы айларында балдарын өз жагына карай тарта берүүнүн ордуна ар ким өзүн каршы тараптын ордуна коюп көрсө түшүнбөөчүлүк өзүнөн-өзү чечилет, жада калса, түшүнбөөчүлүк эч качан болбойт. Ошондой эле кыз тарабы уул тарапка өтүп, уулдун жактоочусу (адвокаты) болуп, ал эми уул талап кыз тарапты жактоого аракет кылса, эки тарапта тең бири-бирин ыраазы кылууга деген жарыш башталып, эки жак тең тынч болот.

Кээ бир эне-аталар күйөө баласын уясынан ажыратып алып, толук өз карамагына алууну каалашат. Ушундай кылгандар да аз эмес. Ал эми негизи уулду өз үй-бүлөсүнөн ажыратып алуу пайдалуу эмес, тескерисинче, өтө зыяндуу. Уулдарынын өздөрүн таштап кеткенин көргөн эне-ата колдоолорун токтотуп, уулдарына нааразы болушат. Ошондуктан, мындай иш-аракеттер каада-салт жагынан да, дин жагынан да туура эмес. Натыйжада ошол жашка чейин чоңойтуп, окутуп келечеги үчүн көптөгөн пландарды түзүп үмүт кылган баласынын мындай кылыгына нааразы боло тургандыгы талашсыз. Алардын каргышын алууга себепкер болот. Эне-атанын каргышы менен душмандыгы бар үй-бүлөнүн өмүрү узакка барбайт.

Эркек тарабынын да кыздын үй-бүлөсүнөн арасын толугу менен үзүүсүн каалоо туура эмес. Керектүү деңгээлде байланыш албетте улантылуусу керек. Жаңы үй-бүлөнүн уул тарапка жакын болуусу динибиздин да, каада-салтыбыздын да белгиси.

Өтө зыяндуу болгон, диний жактан орунсуз жагдай жок болсо түшүнбөөчүлүк жагдайында кыз тарабы дайым кызды эмес күйөө баласын жактаганы туура болот. Кылымдардан бери мусулмандар ушундай кылышкан. Мусулмандар муну Пайгамбарыбыздан үйрөнгөн.

Расулуллах алейхиссаламдын мубарек кызы Рукия энебиз күйөөсү Хазрети Османды даттанып келгенде Пайгамбарыбыз: "Эй, кызым! Эгер Аллаху тааланын ыраазылыгын жана менин ыраазылыгымды кааласаң бир саатка да кечикпей үйүңө бар, Османдын буттарына жыгылып, кечирим сура. Антпесе, Аллаху тааланын алдында да, менин алдымда да сага орун жок”, - деп көп кармабай үйүнө жиберген.

Кичине эле түшүнбөөчүлүк чыкса дароо кызын колдоп чыгуучу эне-аталар Пайгамбарыбыздын насаатынан сабак алууга тийиш.

Эне-аталардын балдарынын ички, тактап айтканда өзара маселелерине кийлигише берүүсүнүн бир топ себептери болушу мүмкүн. Бирок, көбүнчө эне-атанын чектен тыш баласак болуулары, б.а., баласын катуу жакшы көрүүлөрү болуп саналат. Бул кадимкидей эле нерсе. Бирок, чектен ашпоо керек. Бардык маселеде болгон сыяктуу жакшы көрүү маселесинде дагы чектен ашпастан, теңдикке, тынчтыкка залакасын тийгизбей турган орто жолду сактоо керек. Хадиси шарифте да: "Иштердин эң жакшысы – васат (орто жолдо) болгону”, "Аша чапкан адам куруйт”, - деп билдирилген. Эне-ата да, балдар да акыларынын чегин билип, чектен чыкпоого маани берүүлөрү зарыл.

Аялдардын көңүлдөрү өтө назик, сезимтал болгондуктан бири-бирине көралбастык кылып, кызгангандары жана ичи тардык кылгандары да болушу мүмкүн. Ошондуктан, өзгөчө жаңы үйлөнгөн жаштардын бул мааниде өтө сак болуулары зарыл. Энесинин, эже-карындаштарын жана башка аялдардын да өз аялы тууралуу айткан жаман сөздөрүнө алданып калбаш керек. Мындай аңгемелерге жол бербеш керек. Мындай сөздөргө алданып аялын таарынтып алуудан сактануу зарыл. Энесине жана эже-карындаштарына каршы аялынын айткан сөздөрүнө да сак болуш керек. Эне-атага кордук көрсөтүлүүсүнө жол бербеш керек.

Эне-атасына өзү, аялы жана бала-чакалары милдеттүү түрдө сый-урмат көрсөтүүгө тийиш. Эне-атага, кайын эне менен кайын атага сый-урмат көрсөтүүнү, кызмат кылууну биринчи милдет деп билүү керек. Улуулардын ыраазычылыгын, батасын алууга аракет кылуу керек. Алардын ак баталарын алууну чоң олжо деп билүү керек.

Таттуу келүү

Илгери бир кыздын атасы турмушка чыккан кызынын тез-тез келе бергенинен улам: "Кызым, таттуу келип кетсең туура болмок”, - деген экен. Муну уккан кызы келерки келишинде таттуу тамактарды бышырып ала келиптир. Атасы ага дагы: "Таттуу келгениң туура болмок”, - деген экен. Түшүнбөгөн соң кызы: "Атаке, таттуу кел деген сөзүңүздүн мааниси эмне?” – деп сурайт. Атасы жылмайып: "Кызым, таттуу кел дегеним тез-тез келе бербе, сейрек кел, сейрек келсең кадыр-баркың жогорулайт, ортобуз жылуу болот, өзүң да таттуу болосуң дегеним”, - деген экен.

 

Кайын эне

Ашпоздугу менен, даамдуу тамактары менен атагы чыккан бир кары аял уулу менен жаңы келген келинин кечки тамакка үйүнө конокко чакырат. Үйүндө башка конок дагы бар болчу. Уулу менен келини дасторконго отуруп, тамактан ооз тийген учурда күтүлбөгөн окуя орун алат. Энесинин жасаган тамагы өтө жаман болгон экен. Бышырган таттуу беляшы өтө жаман жыттанып турган эле. Картошкасы жарым-жартылай бышкан, котлеттери күйүп кеткен болчу. Уулу келинчегине билдирбеш үчүн канча аракет кылса дагы баары бир жүзүнөн байкалып турду. Бираз убакыт өткөн соң тамактарын жеп бүтүп, жаңы баш кошкон жаштар энесинин батасын алып, коштошуп үйлөрүнө карай кетишет. Уулу менен келини кеткен соң баягы конок кары энеден: "Сиз тамакты мыкты бышырчу элеңиз го, эмнеге бүгүн тамагыңыз даамсыз болду? Же ооруп калдыңызбы?” – деп сурайт. Кары аял жылмайып: "Жок, баары туура. Атайылап ушундай кылдым. Мындан ары уулум кайра-кайра менин тамактарымдын даамын айта берип, аялын таарынтпай турган болот,” – деп жооп берет.

Келин менен эне

Илгери өткөн заманда Кытайда Лили аттуу бир кыз турмушка чыгып, күйөөсү, энеси үчөө бир үйдө жашай башташыптыр. Бир нече айдан соң келин менен энесинин арасында тынымсыз уруш-талаштардын натыйжасында өзү үчүн да, аялы менен энесинин ортосунда калган күйөөсү үчүн да жашоо чыдагыс абалга келет. Бир чара колдонуу керек деп ойлогон келин атасынын эски досторунан болгон дарыгерге барып дартын айтат.

Кары адам ага чөптөрдөн бир аралашма дайындап берет жана үч ай бою күндө аз-аздан энесинин тамагына кошуп туруусун сунуштайт. Ууну аз-аздап бере турган болсо аны келининин өлтүргөнү белинбей калат. Кары адам келинчекке эч кимдин жана күйөөсүнүн да андан шектенбөөсү үчүн энеси менен өтө жылуу мамиледе болуусун, ал үчүн эң даамдуу тамактарды бышыруусун да бекем сунуштайт.

Абдан сүйүнүп үйүнө келген келин айтылгандарды өтө кылдаттык менен орундай баштайт. Күндө энесине эң даамдуу тамактарды дайындап берип жүрөт. Аны менен жакшы мамиледе болуп, тамагына да аз-азда баягы уудан кошуп бере баштайт. Бир канча күндөн соң энеси да абдан өзгөрүп, келинине өз кызындай жылуу мамиле кыла баштайт. Мындан ары үйү сый-урматка толот. Ал ортодо энесин өз энесиндей жакшы көрүп калган келин дагы кылган иштерине катуу бушайман болот. Кечирилгис катага жол бергенин түшүнүп, баягы дарыгерге кайра жүгүрүп барат. Кары адамдан энесине берген ууларды кайра тазалай турган бир дары таап берүүсүн өтүнөт. Кары адам көзүнө жаш алып мындай дейт:

"Кымбаттуу Лили, сага берген нерселерим бир гана витамин болчу. Чыныгы уу сенин башыңда болчу. Сен аны менен жакшы мамиледе болгон сайын анын да сага деген таарынычы сый-урматка айланды. Ошентип, силер чыныгы эне менен кыздай болдуңар.”

"Гүл берген колдо гүлдүн жыты калат” деген накыл сөздүн мааниси ушул болсо керек…


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш