Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Чынында эле бул маанилүүбү




Чынында эле бул маанилүүбү


Жумуштагы, көчөдөгү, үйдөгү уруш-талаштарды карап көрсөк көбүнүн негизги себеби түккө арзыбаган, кайдагы болбогон нерселер экенине күбө болобуз. "Эмнеге жүзүмдүн данеги бар, эмне үчүн жаңгактын кабыгы бар...” деп ар нерсени айта берүү, ар бир нерседен кемчилик издеп, эч нерсени жактырбоо мамиленин бузулуусуна себеп болот.

Адамдардын көпчүлүгү жогору талантка, терең ой жүгүртүүгө, кеңири түшүнүккө ээ болушуна карабастан мазмунсуз, маанисиз нерселерге кийлигишип, өздөрүн ийгиликке жеткизе турчу жолду өздөрү жабышат. Маанисиз нерселерди аттап негизги максатына өтө албайт. Бул жагдай өзгөчө бүгүнкү башчыларда көп кездешет. Бир жактан миллиондордун эсеби менен алпурушуп жатканда, башка жагынан миллиарддардын өтүп кеткенинен кабары да болбойт.

Майда-чүйдө менен алпурушуп негизги маселени унутуп калуу жалгыз башчыларда гана эмес жашообуздун бардык айлампаларында көрүүгө болот. Үй-бүлө ичиндеги жаңжалдардан, жумуштан, көчөдөн жана башка жерлерден...

Жумуштагы, көчөдөгү, үйдөгү уруш-талаштардын көбү жаңгак кабыгын толтурбай турган, б.а., түккө арзыбаган кайдагы болбогон көрүнүштөр. Бир жерде жалгыз отуруп мурда болгон уруштардын чыгуу себебин ойлоп көрдүкпү?

Тунук акыл менен ойлоп карай турган болсок, чечилбеген жаңжалдардын баары дээрлик болбогон, арзыбаган нерселерден чыкканын байкайбыз.

Маселен, үйдүн эркеги үйгө чарчап, ачууланып келет. Кечки тамак ага жакпаса сын айта баштайт. Ал эми негизи тамактын даам-тузунда эч кандай кемчилик жок, бирок, кожоюндун күнү стресс менен өтүп, ушуну чыгаруу үчүн бир шылтоо издеп жатат...

Кечке чейин балдары менен, үй иштери менен алпурушуп чарчаган аял "күйөөм келсин, кайгымды бөлүшөйүн, жеңилдеймин” деп отурганда күтпөгөн жагдайга тап болот. Ойлогон нерселеринин тескерисин көргөн аял болгон күчүн топтоп жообун берет: "Тапкан акчаңдын жагдайы ушул болсо, эми башка эмне күтөсүң менден?” же "Менин дагы башкаларда болгон сыяктуу ашкана оокаттарым болсо, үйдө кызматкерлерим болсо мындан да жакшыраак тамактарды жасамакмын да!..” Мындай жооп кожоюндун намысына тийе тургандыгы анык, эми анын дагы бере турган жообукөп болбосо кем калышпайт: "Бери кара, мунун себеби акчабыздын аз болуусунда эмес, жөнөкөй сөз менен айтканда сенин колуңан эч нерсе келбегендигинде!..”

Албетте, аялдын буга да берер жообу табылат. Ошентип, көп убакытка чейин уруш уланып, кечки тамактын көркү кетип, экөө тең бөлмөлөрүнө кирип кетишет. Жеңилдеймин деп отурганда экөөнүн тең нервдери ого бетер бузулат!

Эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп чыгат... Кайын эне, кайын ата, үйлөнөр кездеги, үйлөнгөндөн кийинки берилген сөздөр жана ушул сыяктуу жагдайлар айтылат. Канча жылдык үй-бүлөлүк жашоодогу болгон жагдайлар айтылат. Эки тарап тең уруштан ачууланган, каардуу абалда чыгышат. Эч бири туура чечимге келбейт, тескерисинче, кийинки уруштун кызуу болушун камсыз кыла турган, жаңы чабуул кыла турчу сөздөрүн даярдап, коргонуу чептерин камдап, жаңы тактикаларды издей башташат. Ушул нерселерди издеп жатып уктап калышат...

Таң атып өткөн күндүн чарчоолору, стресстери уйку менен тараган кезде экөө тең кылган иштерине өкүнүп калышат. Ушунча талашып-тартышкандары бир жаңгак кабыгын толтурбай турган нерсе экенин түшүнүшөт. Сыртка билгизбесе да ичинен өздөрү келип такалган абалга күлүшөт. Көбүнчө ушул сыяктуу майда-чүйдө нерселер чоң жаңжалдарга себеп болот. Ошондуктан, жаңжалдын алдын алуу үчүн майда-чүйдө нерселерди бир бурчка жыйнаштырып коюу керек...

Бирөөнү сындоо, тилдөө, айыптоодон мурун же дароо коргонууга чыгып, өзүнө каршы чабуулдан мурун өзүбүздөн мына ушул суроону сурашыбыз керек: "Чынында эле бул маанилүүбү?”

Көп жагдайларда маанилүү эмес экендиги белгилүү болот. Ошентип түшүнбөөчүлүктөн, араздашуудан тыйылган болобуз. Өз-өзүңөрдөн ушул суроону кайра-кайра сурагыла: "Чынында эле маанилүүбү?”

Тамактын тузунун аз же көп болуусу, даамынын дурус болбоосу, орунсуз чыгымдар же үйгө жактырбаган кайын энеңизди же кайын эжеңизди чакыруусу чынында эле маанилүүбү?

Негатив эмоцияга берилип турганда өзүңөрдөн сурагыла: "Чынында эле бул маанилүүбү?” Мурдагыдан да жакшыраак үй-бүлөлүк жагдайды калыптандыруу үчүн бул суроонун чоң ролу бар.

Бул суроо жумушта, көчөдө, кыскасы, жашоонун бардык этаптарында пайдалуу. Машинада келе жатып бирөөнү капыстан жөөлөп кетүүсүндө дагы пайдалуу. Өмүрдө жаңжалга себеп болуучу бардык жагдайларда бул суроонун пайдалуу боло тургандыгы талашсыз. Ар дайым өзүбүздөн бул суроону милдеттүү түрдө сурап турушубуш керек: "Чынында эле бул маанилүүбү?”

Бул үч күндүк жашоодо Аллаху таала бизди "чынында эле маанилүү” нерселерди угуп, ошого ылайык жашагандардан кылсын!..


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш