Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Динибизде үй-бүлө




Динибизде үй-бүлө


Ислам дини коомдун бакыты жана адамзат урпагынын дени сак, татыктуу улануусу үчүн үй-бүлөнүн зарыл экенин билдирген. Ошол себептен никени халал кылып, зинаны жана зинага жол ача турган эркин катнаштарга тыюу салган. Аялдарга эч бир дин, система бере албаган кадыр-баркты, мартабаны берген. Расулуллах алейхиссаламдын "Коштошуу хутбасындагы” насааттарынын биринде: "Аялдарыңарды кордобогула. Алар - Аллаху тааланын силерге берген аманаты. Алар менен жумшак, жакшы мамиледе болгула, аларга жакшылык кылгыла!” – деп буюрган. Дагы бир хадиси шарифте: "Бейиш энелердин таманы астында”, - деп буюруп, аялды коргоодо теңи жок мартаба сунган.

Бирок, эркектер Исламга ылайык "үй-бүлөнүн башчысы” деп саналат жана аялдарга караганда жогору даражага ээ. Аллаху таала аялды эркектин камкордугуна берген. Курани каримде: "Эркектер - аялдардын башчысы жана коргоочусу”, - деп билдирилген. (Ниса сүрөсү, 34) Ошону менен катар, эркектердин аялдарга карата шаръий акылары бар болгону сыяктуу, аялдардын дагы эркектерге карата акылары, милдеттери бар. Үй-бүлөнүн бакыты жана коомдук жашоонун бейпилдиги үй-бүлөнү түзүүчү аял менен эркектин өз милдеттери менен жоопкерчиликтерин билип, орундоолоруна байланыштуу.

Үй-бүлө ичинде аял менен эркектин бири-бирин түшүнүп, сабырдуу, кечиримдүү болуулары үй-бүлөлүк бакыт үчүн шарт болуп саналат. Эркек менен аялдын бири-бирине сый-урмат менен кароосу жана милдеттерин билүүсү - үй-бүлөнүн бакытына жеткизе турган маңыздуу эрежелердин бири. Үй-бүлөдө тартипти ата орнотот. Ата адилеттүү болсо үй-бүлөдө бактылуулук болот. Акылдуу аял-эркек бири-бирин таарынтпайт. Соңку доордун Ислам аалымдарынан Хусейин Хилми бин Саид "рахметуллахи алейх” эркектин аялы менен карым-катнашы жөнүндө мындай деген:

"Акылдуу аял-эркек бири-бирин таарынтпайт. Бир өмүрлүк жарын таарынтуу үй-бүлөлүк бакыттын бузулушуна себеп болот. Заалым, жаман мүнөздүү адамдын өмүрлүк жолдошу дайым капалана, нерв саламаттыгы бузулат. Нерв ооруларына чалдыгат. Нервдин бузулуусунун натыйжасында түрдүү оорулары да чыга баштайт. Өмүрлүк жолдошу оорулуу болгон адам куруйт. Бакытынын соңу келди, жан жолдошунун кызматынан, көмөгүнөн куру калат. Өмүрү анын дартын угуу менен, ага дарыгер издөө менен, өзүнө көнүмүш болбогон кызматтарды кылуу менен өтөт. Бүткүл ушул балээлерге, соңу жок кыйынчылыктарга аялдын же эркектин жаман мүнөзү себеп болот. Булардан алыс болгон, бактылуу үй-бүлөнүн негизи - эки жактуу ачык маанай, жылуу сөз жана кечиримдүүлүк. Буларды болсо динибиз буйрук кылууда. Буларга моюн сунган адам дүнүйөдө дагы, акыретте дагы бактылуу болот.”

Үй-бүлөдөн максат - урпакты уланта турган перзенттер. Адамдын өлгөндөн кийин жакшылык менен эске алынуусу үчүн коомго өзүнөн кийин пайдалуу эмгек же пайдалуу бир илим же болбосо кайырлуу перзент калтыруусу керек. Бардык нерсе унутулган күндө дагы бул нерселер унутулбайт жана өлгөн адамдын кайырлуу иштеринин улануусун камсыз кылат.

Андай болсо баланы жакшы, үлгүлүү кылып өстүрүү - эне-атанын орток милдети. Эне баласын түздөн-түз өзү эмизип, өстүрүп, дайым көркөм мүнөздү үйрөтүп жүргөнү сыяктуу булардын башпаанегин, азык-түлүгүн, материалдык-моралдык керектөөлөрүн камсыз кылуу дагы эң алгач атанын милдети болуп саналат.

Ислам дини кулк-мүнөз тарбыясы менен илимге чоң маани берген. Жахилдик менен тарбиясыздыктан кайтарган. Ошол себептен ар бир эне-ата баласына илим, көркөм мүнөз (тарбия) жана диний милдеттерин үйрөтүүгө тийиш. Үйрөтпөсө алардан жоопкер болот. Анткени, балдардын баары сүйүүнү, сүйүлүүнү, сый-урматты ушул жерде үйрөнөт. Тартипти жана иреттүү өмүр сүрүүгө ушул жерде көнүгөт.

Аллаху таалага ишенүүнү, Пайгамбарга карата сүйүүнү, ата мекенге, элине, каада-салтына жана үрп-адаттарына карата сый-урматты ошол жерде үйрөнөт. Балдар алты жашка чейин адамдык касиеттерди үй-бүлөдөн алат. Ошондуктан, үй-бүлөнүн тартиптүү болуусу өтө маанилүү.

Үй-бүлөлүк өмүрдүн тартиптүү, туура болуусу перзенттердин көркөм мүнөз менен адамкерчилик касиеттерди өзүнө сиңирип өсүшүнө себеп болот. Тарбиялоо максатында эне-ата баласына катуу мамиле кылуусу мүмкүн. Бирок, бул катуулук күнөөсүз баланын жүрөгүндө терең жаракат ача турган таяк түрүндө болбошу керек. Чектен ашкан катуулук көпчүлүк балдарда жалганчылык, куулук, кыймыл-аракеттеринде туруксуздукту калыптандырат.

Эне-ата уул-кыздарын дайым көзөмөлдөп турууга тийиш. Өзгөчө аларды жаман жоро-жолдоштордон узак жүрүүлөрүнө маани берүү зарыл. Жаман жоро-жолдош - эң чоң душман.

Балдардын улуусу да, кичинеси да эне-атасына моюн сунуу менен урмат көрсөтүүдө кемчилик кетирбөөгө аракет кылууга тийиш. Жашоонун түрдүү кыйынчылыктары менен азаптарына чыдап бала өстүргөн эне-ата албетте моюн сунуу менен сый-урматка татыктуу. Курани каримде: "Аллаху таалага моюн сунгула!” – дегенден кийин: "Эне-атаңарга моюн сунгула!” – деп буйрук кылынган. (Бакара сүрөсү, 83) Аларга "Уф” дегенге дагы (Исра сүрөсү, 23) тыюу салынган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш