Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Карыларга сый-урмат




Карыларга сый-урмат


Суроо: Карыларга сый-урмат тууралуу маалымат бересизби?

Жооп: Имам Азам хазреттери Имам Абу Юсуфка: "Аалымдарды урматта! Улууларга сый-урмат, кичүүлөргө изаат-мээримдүүлүк көрсөт!” – деген. Өзгөчө мусулман карыларга сый-урмат көрсөтүү керек. Жакшы-жаман деп бөлбөй, баарына бирдей жакшылык кылуу керек. Мисалы, коомдук унааларга жаш-кары, оорулуу-дени соо, аял-эркек, бай-кедей, аалым-жахил сыяктуу ар түрдүү топтогу адамдар түшүшөт.  Алсыздарга көмөктөшүү керек, автобуска кирип-чыкканда дагы көмөктөшүп, аларга орун берүү керек. Карыларга, муктаждарга көмөктөшүү керек.

Ушул тууралуу хадиси шарифтерде мындай деп билдирилген:

"Алсыздарга, майыптарга, карыларга жана кичүүлөргө мээримдүүлүк көрсөткүлө!” (Шира)

"Карыларга урмат-сый Аллаху таалага болгон урматтан пайда болот.” (Бухари)

"Улууларды сыйлабаган, кичүүлөргө мээримдүүлүк кылбаган бизден эмес.” (Бухари)

"Калктын ичинде карыя – үммөтүнүн арасындагы Пайгамбар сыяктуу.” (И. Нажжар)

"Мына ушул үч нерсе Аллаху таалага карата таазимден деп эсептелет:

1 – Мусулман болуп картайган адамды урматтоо,

2 – Курани каримди жаттаган адамды урматтоо,

3 – Илимди урматтоо.” (Рамуз)

"Мусулман болуп картайган адамды урматтаган адам Нух алейхиссаламды урматтагандай сооп табат. Нух алейхиссаламды урматтаган адам, Аллаху тааланы урматтаган болот.” (Хатиб)

"Такбир, тахмид, тасбих, жана тахлил себеби менен мусулман болуп картайган момундан абзел адам жок.” (И. Ахмед)

(Такбир: Аллаху акбар,

Тахмид: Алхамдулиллах,

Тасбих: Субханаллах,

Тахлил: Ла илаха иллаллах.)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Аллаху тааланын ант берип: "Мусулман болуп картайган адамга азап тарттыруудан уяламын”, - деп буюрганынан кийин ыйлады. Мунун себебин сурашканда: "Аллаху таала өзүнөн уялган кезде Андан уялбагандарды ойлоп ыйладым”, - деди. (Байхаки)

 

Суроо: Автобуста отурганда жакшыбы, жаманбы, ким экени белгисиз жашы улуу адамдар түшүшөт. Алардын кандай экенин билбестен орун берүүнүн зыяны жокпу?

Жооп: Динибиз карыларды сыйлап-урматтоого чоң маани берген. Хадиси шарифте: "Жаш адам бир кары адамдын жашына карап сый-урмат көрсөтсө, анын жашына чыкканда Аллаху таала ага жаштарды урмат кылдырат”, - делген. (Шира)

Бүгүндүн жаштары эртенки күндүн карылары деген сөз.

Карыларга сый-урмат көрсөткөндө бай-кедей деп бөлбөш керек. Байга байлыгы үчүн урмат көрсөтүлбөйт. Мал-мүлкүнө карата болушунча көтөрүп, кедейлигинен улам кедейди төмөнсүнткөн адамдын лаанатка татыктуу экени билдирилген. (Шира Шархи)

Карыны урматтоо

Күндөрдүн биринде Хазрети Али багымдат намазын окуу максатында мечитке келе жатып бир кары киши менен жолу туш келет. Хазрети Али карыяны урматтап, алдыга түшпөй артынан акырын басып келе берет. Мечиттин эшигине келгенде карыя мечитке кирбей ары карай кете берет. Хазрети Али бул карыянын христиан экенин түшүнөт.

Мечитке киргенде Пайгамбарыбыздын жана сахабалардын рукуга ийилип турганын көрүп, дароо намазга кошулат. Намаздан кийин сахабалар Расулуллахтан неге биринчи рукуда узак убак турганын сурашат. Пайгамбарыбыз:

-  Руку таспихтерин айтып болуп турайын деп жатсам Жабраил алейхиссалам келди. Башыман кармап, рукудан туруума тоскоол болду. Мунун сыры эмне экен билбедим, - деди

Ошол кезде Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбыздын алдына келип:

-  Йа, Расулаллах! Сен рукуда турган кезде Аллаху таала мага мындай деп буйрук берди: "Бар, Хабибимди кармай тур! Рукудан турбасын! Кулум Али жолдо бир карыянынак сакалдыгына урмат көрсөтүп, жай келе жатат. Ал дагы алгачкы рекетке үлгүрсүн!” Ошондуктан, мен силерди Хазрети Али келгенге чейин рукуда кармап турдум.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш