Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аялдардын жаратылышы




Аялдардын жаратылышы


Суроо: Аялдар алсыз, назик жаратылгандыктан эркектерге аманат этилгендиги, эркек кишинин үй-бүлөсүндө башчы болуусу керек экендиги, аялга эркек киши жоопкер экендиги, бирок, аялдын эркек кишиге жоопкер эместиги айтылууда. Ушул маселе тууралуу аят же хадис барбы?

Жооп: Ооба, бар. Курани каримде мындай делген:

"Эй, ыйман келтиргендер, өзүңөрдү жана бала-чакаңарды оттон коргогула, ал эми оттун отунудары болсо - адамдар менен таштар.” (Тахрим сүрөсү, 6)

"Эркектердин аялдарда, аялдардын эркектерде акылары бар. Ал эми эркектер аялдарга караганда бир даража жогору турат.”(Бакара сүрөсү, 228)

"Эркектер аялдардын үсүнөн башкаруучу. Анткени, Аллаху таала кээ бир кулдарын кээ бир кулдарынан жогору кылып жараткан.” (Ниса сүрөсү, 34)

Хадиси шарифтерде мындай делген:

 "Аялдарды Аллаху тааланын аманаты катары алдыңар жана аларга жакындык кылууларың Аллахтын буйругу менен халал кылынды. Силердин алардын үстүндө акыларың болгон сыяктуу алардын да силердин үстүңөрдө акылары бар. Төшөгүңөргө эч кимди жакындатпоо жана белгилүү жагдайларда силерге каршы баш көтөрбөөлөрү – силердин аларга болгон акыларыңар. Алар силердин бул акыларыңарга моюн сунса, ырыскы, кийим-кече менен камсыздандырылуусу алардын акылары.” (Ибн Жазир)

 "Аял кабырга сөөгүнөн жаратылган. Эч качан түз боло албайт. Аны түздөөгө аракет кылсаң сындырып аласың. Аялдын сынуусу – ажырашуусу.” (Бухари)

 "Аял алсыз жаратылган жана аврат болуп саналат. Аялдардын авраттарын үйдө кармап жапкыла!” (Ибн Лал)

 

Суроо: Аял үстөмбү же эркекпи?

Жооп: Бул туура эмес суроо. Бул "Мына бул инженер мыктыбы же тиги адвокатпы?” деген суроого окшойт. Адвокаттан мыкты инженер, инженерден мыкты адвокат болот. Эркектен үстөм аял көп. Жыныстары, касиеттери өзгөчө болгондорду салыштырууга болбойт. Мисалы, алма алмуруттан же алмурут алмадан жакшыраак делбейт. Анткени, булар эки түрдүү нерселер.Жүз килограммдык балбан менен элүү килограммдык балбан бири-бири менен күрөшкө чыкпайт. Ар балбан өз салмагындагы балбан менен күрөшөт. Оор салмактагы балбан өз атаандаштарынын баарынан жеңилип, элүү килограммдык балбандардын баарын жеңсе медаль ала албайт.

Аял менен эркекти салыштырып, "Аял баланы дүнүйөгө алып келет, эркек алып келбейт, бул теңдик эмес” дегендей жыйынтык чыгаруу маанисиз нерсе. Аллаху таала аял менен эркекти ар түрдүү иш үчүн жараткан. Физикалык жактан экөө бири-бирине окшобойт. Бири-бирине окшобогон эки нерсени бири-бири менен салыштырууга болбойт.

Эркек туруп: "Акыры аял менен эркек тең экен, эмне үчүн аялдар деле биз сыяктуу жердин астында көмүр жана башка кен казуу иштерин кылышпайт?” – дебеши керек. Анткени, аялдын дене түзүлүшү мындай иштерге чыдамдуу эмес. Кээ бир мамлекеттерде аялдар мындай иштерди кылып жаткан болсо да бул теңдик эмес, кордук болуп саналат. Ар адамга өзүнө ылайык жумуш берилиши керек!

Аллаху таала аялды да эркекти да туш келди ишке ылайыктуу кылып жараткан эмес. Аялдын боксёр, күрөшчү болбоосу анын абийирин түшүрбөйт. Лимондун кычкыл болушу лимон үчүн кемчилик эмес. Анткени, лимон ошол кычкылдыгы үчүн алынат. Аллаху таала да аялды оор иштерге ылайыктуу кылып жараткан эмес. Эркек менен аял эки башка жыныс. Алма менен алмурут салыштырылбай турганы сыяктуу, аял менен эркектин бири-биринен артыкчылыктары тууралуу айтылбайт. Бир гана сыпаттары бирдей болгон нерселер салыштырылат. Сыпаттары ар түрдүү болгон нерселер салыштырылбайт. Мисалы, кеме, самолёт жана автобус транспорттук каражат болгону менен биринин экинчисинен артыкчылыгы тууралуу айтууга болбойт. Самолёт деңизде жүрө албагандыктан кемеден начар деп айтылбайт. Кеме жерде жүрө албагандыктан велосипедден жаман деп айтылбайт. Кемени башка бир кеме менен, самолётту башка бир самолёт менен салыштыруу мүмкүн. Экөө тең жерде жүрө алса да танк менен автомобильди салыштырууга болбойт. Танк автомобиль сыяктуу тез жүрө албагандыктан ал начар деп айтылбайт. Ар биринин өз милдети, колдонулган орду бар.

Бокста эки аял бир эркектей гана мушташа алышы мүмкүн делсе, бул аялды кемсинткенге жатпайт. Аллаху таала аялды акыл менен дене жагынан эркектерден өзгөчө кылып жараткан. Жаратуучу жер бетинде акылдуу аял жараткандыгы сыяктуу, акылсыз эркекти да жараткан. Аялдардын да, эркектердин да, эч бирисинин акылдары бирбей эмес. Эч ким туруп: "Йа, Раббим, эмне үчүн адамдардын акылдарын бирдей кылып жараткан эмессиң!” – деп айта албайт. Жаратуусу суракка тартылбайт. Көп жагынан эркектер менен аялдар бири-бири менен салыштырыла албайт. Экөө тең бардык жагынан бирдей болушу керек делбейт. Эки эркек дагы бардык жагынан бири-бири менен бирдей эмес. Эки аял дагы ушундай. Үстөмдүк Аллахтын астындагы кадырына байланыштуу болот. Кара түстүү мусулан бир кедей мусулман эмес падыша менен салыштырууга болбой тургандай даражада үстөм болуп саналат.

Динибизде байлар менен аялдардын көпчүлүгүнүн Тозокко кете тургандыгынын билдирилүүсү – байлар менен аялдарды кордогондук эмес. Байлардын көбү акчаларын пайдалуу нерседе колдонбогондуктан, зыяндуу нерселерге колдонгондуктан, ысырап кылгандыктан, ошолорго эскертүү максатында "Мына буларды кылбасаңар Тозоко барасыңар” делген.

Ошол сыяктуу аялдар да эркектерге караганда көбүрөөк таасирленип, көбүрөөк күнөө кылгандыктары үчүн "Күнөө кылбагыла, Тозокко кетесиңер” деп эскертилүүдө. Жакшы аялдарды жана байлыгын жакшы жолго жумшагандарды да Аддаху таала мактаган. Курани каримде мүлктү жакшы нерсе катары билдирүүдө, салиха аялдарды мактоодо. Капыр эркектердин Тозокко бара тургандыгын билдирип жатып, мусулман аялдардын Бейишке бара тургандыгын билдирүүдө.

Андай болсо "Ислам аялга маани берген эмес” деп айтуу, дин душмандыгынан башка нерсе эмес. Аллахка каршы чыккан аял же эркектин Тозокко баруусу нормалдуу нерсе эмеспи? Мамлекетти кулатууга аракет кылган анархист аялдарды камакка алгандыгы үчүн мамлекетти аялдардын душманы деп атоого болобу?

Динибиз аялга катуу маани берген, эркекке көп жоопкерчиликти жүктөгөн. Аялдар үйдө же сыртта кандайдыр бир ишти кылууга мажбур эмес. Турмушка чыккан болсо күйөөсү, турмушка чыкпаган болсо атасы аял кишиге муктаждыктарын камсыз кылып берүүгө мажбур болуп саналат. (Хидая, Р. Насихин)

          

Суроо: Мен атеист же феминист аял эмесмин. Хикматын билбесем деле Исламдын буйруктарына ишенемин. Бирок, феминисттерге жана өзүмдүн суроолорума да жооп бере алуум үчүн кээ бир суроолорум бар. Эмнеге Куранда, хадисте жана Ислам аалымдарынын жалпы китептеринде бардык насааттар, эскертүүлөр, буйрук-тыюулар эркектерге карата айтылат? Аял адам эмеспи? Аны менен катар аяттар менен хадистерде эркекке аялдан мурда айтылат. Мисалы, ушул аяттарда эркектерге карата айтылган:

"Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу жана аким (үй-бүлө башчысы). Эй, ыйман келтиргендер, хижрат кылып келген мусулман аялдарды сынагыла. Эгер ыймандуу болсокапырларга кайтарып жибербегиле. Анткени, мусулман аялдын капырга турмушка чыгуусу адал эмес.” (Мумтахина сүрөсү, 10)

"Силер ыйман келтирмейинче мушрик(атеист) аялдарга үйлөнбөгүлө. Ыйман келтиргенге чейин мушрик эркектерге аялдарды никелеп бербегиле!” (Бакара сүрөсү, 221)

"Силерге орозо түнүндө аялыңар менен кошулуу халал кылынды.” (Бакара сүрөсү, 187)

"Ахли китеп (яхуди жана христиан) аялдарга үйлөнүүңөр халал.” (Маида сүрөсү, 5)

 "Силер нашиза аялдарга насаат айткыла, төшөктөрүнө кирбегиле.” (Ниса сүрөсү, 34) Аял нашиза болот да, эркек нашиза болбойбу? Эмнеге Аллах эркекке аялга насаат айтып, аны тарбиялоону буйрук кылыдуу? (Нашиз: Жубайына зулумдук кылган эркек. Нашиза: Күйөөсүнүн төшөгүнө келбеген жана анын уруксатысыз үйүн таштап кетүүчү аял.)

Жооп: Аят менен хадистен дин үйрөнүлбөйт. Анткени, дин үйрөнөмүн деп жүрүп жаңылыш түшүнүп алып, динден чыгып кетүү кообу бар. Биз жазган биринчи аятта билдирилгендей Аллах эркекти башкаруучу кылып жараткан. Ит же жылан кылып да жаратмак. Аллахтын буйругуна ыраазы болуу керек. Завод-фабрикада ар бөлүмдүн өзүнүн башчысы болот. Эң жогорудагы башчы ар бир жумушчуга эмне кылуу керектигин айтып отурбайт. Кол астындагы бөлүм башчыларына айтат. Жумуштун жүрүшүнөн ошол бөлүм                    башчыларын жоопкер кылып дайындайт. Ушул сыяктуу Аллаху таала дагы үйдүн башчысына буйрук кылууда, аны жоопкер кылууда. Эркектердин кылган күнөөсүнө аялды жоопкер кылбайт. Бирок, аялдардын кылган күнөөсүнөн күйөөсү жоопкер болуп саналат. Ар нимат бир кыйынчылыкты талап кылат. Жоопкерчилиги көп адамдын башчы болуусу нормалдуу нерсе.

Маида сүрөсүнүн 38-аятында "Уурулук кылган эркек менен аял” деген сөз өтөт. Алгач эркектин аталуусу анын Аллахтын астында үстөм экенин көрсөтпөйт. Балким, уурулук эркектер тарабынан көп жасалгандыктан алгач айтылган чыгаар. Нур сүрөсүнүн 2-аятында: "Зина кылган аял менен эркек”, -деп айтылган. Бул жерде балким аялдардын ролу басымдуурак болгондуктан аял эркектен мурда билдирилди. Биринчи айтылуусу анын артык же кем экенин билдирбейт. Бир аятта дагы мындай делген: "Эркек же аял мусулман болуп жакшы амалдарды жасаган Бейишке кирет.” (Ниса сүрөсү, 124) Бул аят дагы эркектин аялдан артык экенин көрсөтпөйт. Үстөмдүк мусулман болуп жакшы амалдарды жасоодо.

Эркек болсун, аял болсун ыймансыз адамдын жакшы иш кылуусунун эч кандай куну жок. Аллаху таала аялды эркекке аманат кылды, аманатка кыянат кылбоону дагы буйрук кылды. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Аялдарыңарды таарынтпагыла. Алар - Аллаху тааланын силерге аманаты.” (Муслим)

"Мусулмандардын ыйман жагынан эң жогорусу – мүнөзү эң жакшы болгону жана аялы менен эң жакшы, эң мээримдүү мамиледе болгону.” (Тирмизи)

"Аялынын жана балдарынын акыларын өтөмөйүнчө адамдын намаздары, орозолору кабыл болбойт.” (Муршид-ун-ниса)

"Аялын урган адам Аллах менен Расулуна каршы чыккан болот. Кыяматта анын душманы мен боломун.” (Р. Насихин)

 

Атеисттин жалаасы

Суроо: Бир атеист: "Аялдарды уруу керектигин билдирген хадистер бар”, - деп, мусулмандыкты сындоодо. Бул жалган эмеспи?

Жооп: Албетте, бул айтканы – мусулмандыкка жалаа жапкандык. Атеист Аллахка ишенбегендиктен жана Андан коркпогондуктан ар кандай калпты тартынбай айта берет. Анткени, анын оюнда күнөө деген түшүнүк жок. Өзүнө эч кандай материалдык зыян келмейинче калпты жайуудан тартынбайт.

Динибизде жакшы мусулман болуу үчүн жубайы менен жакшы карым-катнашта болуу шарт. Курани каримде буюрулган: "Алар менен жакшы, жылуу мамиледе бол!” (Бакара сүрөсү, 13)

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Мусулман адам жубайынын жаман мүнөзүнө ачууланбасын! Анын жакшы мүнөзү дагы болот.” (Муслим)  

"Аял алсыз жаратылган. Алсыздыктарын унчукпоо менен жеңгиле! Үйдөгү кемчиликтерин байкабагыла!” (Ибн Лал)

"Мусулмандардын ыйман жагынан эң жогорусу – мүнөзү эң жакшы болгон жана аялы менен эң жакшы, эң мээримдүү мамиледе болгону.” (Тирмизи)

"Мусулмандардын эң жакшысы, эң пайдалуусу – аялына эң жакшы, эң пайдалуу болгону. Силердин араңарда аялына эң жакшы, эң кайрымдуу, эң пайдалуу болгон - менмин.” (Насаи)

"Аялын урган адамдын кыяматта душманы мен боломун. Аялын урган адам Аллах жана Расулуна душман болот.” (Р. Насихин)

"Аялыңарды таарынтпагыла! Алар - Аллаху тааланын силерге берген аманаты. Алар менен жумшак болгула, жакшылык кылгыла!”(Муслим)

"Аялына жылмайып караган эркектин дептерине бир кул азат кылгандын сообу жазылат.” (Р. Насихин)

"Аялы менен жакшы мамиледе болуп, азилдешкен адамды Аллаху таала жакшы көрөт, ырыскыларын көбөйтөт.” (Ибни Лал)

"Аялынын жаман мүнөздөрүнө чыдаган эркек кыйынчылыктарга сабыр кылган Аййуб алейхиссалам сыяктуу мартабаларга жетет.”(И. Газали)

"Өзүң жеген тамактан аялыңа да жедир, өзүң кийген кийимден аны да кийинт, ага кабак бүркөп караба жана аны урба!” (Абу Давуд)

"Аллахтын кулдары болгон аялдарды урбагыла!” (Ибн Мажа, Дарими)

Башка бир атеист дагы ошол хадистерди окуганда: "Карачы, бир гана эркекке карата "Аялыңды урба, аялыңа муну ал” деп, эркекке айтып жатат. Аялга "Күйөөңдү урба!” деп айтылган эмес. Демек, эркектердин ушуга укугу бар” деген эле. Башкаруучусуз коом болбойт. Динибизде үй-бүлөнүн башчысы, кожоюну – эркек. Ошондуктан, милдеттер эркекке, б.а., башчыга жүктөлөт, айтылган сөздөр дагы албетте, эркекке карата айтылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш