Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты




Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты


Силер бизге караганда бактылуу көрүнөсүңөр. Анткени, силер аял турмушун, аял бакытын табигый түрдө жашап жатасыңар. Аалам жаратылгандан бери аялдар жашап келген өмүр салтын батыш аялдары дагы 1960-жылдарга чейин карманып келишкен. Ошол жылдардан кийин биз (америкалык аялдар) Голливуд кинолорунун чабуулуна, тукурууларына кабылдык. Мен силердин дагы башыңарга ошондой күндөрдүн келүүсүн каалабаймын. Анткени, анын натыйжасында биз сыяктуу кордуктарга дуушар болосуңар. Эгер биз сыяктуу ушундай тукуруулардын натыйжасында көп нерсесин жоготуп алгандардын кайгысын уксаңар балким силер бул балээден аман каласыңар. Себеби, Голливуддун чыгарып жаткан кинолорундагы жашоо - калп, барып турган шуркуялык. Алар туш келди зинаны эч кандай зыяны жок, болгону көңүл көтөрүү сыяктуу көрсөтөт. Ошол аркылуу коомдун намыс, адеп-ахлактык эрежелерин жоюп, анын ордуна өздөрүнүн зыяндуу, уулуу программаларын киргизүүнү каалашат. Америкалык аялдарды бүткүл ааламга бактылуу кылып көрсөтүүчү, үй-бүлөбүздүн, күйөөбүздүн жоктугуна жана сойкулардын кийимине окшош кийимдерибизден бизди өтө кубанычтуу аял катары көрсөтүүчү, кумарды козгой турган фильм жана клиптер менен алар силерди дагы жаңылтып, башыңарды айландырмак. Биз көпчүлүгүбүз бактылуу эмеспиз, мага ишенгиле! Биздин арабызда миллиондогон аял стресске каршы антидепрессанттар менен дарыланууга муктаж, алардын канчалаган түндөрү жакшы көргөнүн айтып, кумарын кандырган соң таштап кете турган эркектердин кесиринен улам ыйлап өтөт. Алар силердин үй-бүлөңөрдү бузууну жана аз балалуу болууңарды каалашат.

Алар ошол максаттар менен үйлөнүүнү өзүн туткунга түшүү деп, эне болууну кордук, ар-намыстуу, уяттуу болууну артта калгандык, артка тартуу деп көрсөтөт. Алар Хава энебизди тыюу салынган мөмө менен алдаган Иблиске окшойт. Аларга алданбагыла! Мен силерди кымбат, баалуу асыл таштай, таза алтындай кадырлуусуңар деп эсептеймин. Аялзатынын ар-намысы – баа жеткис байлык. Ал эми алар бул нерсени арзан деп ишендирүүгө аракет кылышууда. Аялдардын кадырын бир дагы нерсе менен теңештирүүгө болбойт. Батыштагы моданын милдети - "Силердеги эң баалуу нерсе – кумарды козгой турган сырткы келбет” деп ишендирүү. Бирок, бул канчалык маанисиз угулса да, силердин көрктүү кийимиңер батыштын туш келди модасына караганда көркөмдүү. Себеби, алар силерди сырдуулук алкагына алып, ар-намысыңарды, залкардуу абройлоруңар менен ыйманыңарды көрсөтүп турат. Аял жыныстык тартымдуулугун бөтөн көздөрдөн сактоого тийиш. Анткени, ал сени сүйгөн, урматтаган жана сени менен баш кошо турган адамга сыйлык болууга тийиш...

Биздин эркектер тазалыкка көңүл бурбай калышты. Алар чыныгы бриллианттын баркын түшүнбөй, көрүнүшү көркөм болгон жасалма таштарды тандай турган болду. Тандаганда да акырын аны деле таштап кетүү үчүн тандай турган болушту! Силердеги эң кымбат нерсе – силердин ички сулуулугуңар, тазалыгыңар жана өзүңөрдөгү кандай болсоңор ошондой көрсөтүп турган жактарыңар. Ошого карабай мен мына ушул нерсени байкадым. Кээ бир мусулман аялдар батыштыктарды тууроого аракет кылууда. Өз аброюнан айрылганына өкүнүп жаткан же аброюнан жакында айрыла тургандыгы анык болгон аялдарды тууроонун эмне кереги бар? Силер кемчиликсиз, кемтиксиз асыл ташсыңар. Силерди алдоого, куну жок таштарга айландырууга жол бербегиле. Силер көрүп жүргөн батыштын мода журналдары менен теле берүүлөрүндөгү көрүнүштөрдүн баары жалган, көз боёмочулук. Бул –иблистин тузагы.

Ошондой эле, эгер кызыккандар бар болсо, алар үчүн кичинекей бир сырды ачайын. Үйлөнгөнгө чейинки жыныстык катнаш анчалык кызык нерсе эмес. Биз өз денебизди өзүбүз сүйгөн эркектерге ишенип тапшырдык. Бул жагдай аларды бизди жакшы көрүүгө жана бизге үйлөнүүгө мажбурлайт деп ойлогон болчубуз. (Жаш кезибизде теле берүүлөрдө биз көргөндөй.) Ал эми ар дайым бирге болуунун кепили иретиндеги никенин болбошу жана ар дайым жанында боло турганына ишенимсиздик менен бириктиргендиктен жагымсыз, жада калса, жаман таасир калтырат. Бул - кайгы, маскаралык жана сезимдердин өчүшү боуп саналат. Көз жашыбызды төгүүбүздүнсебепчиси. Аял катары мени түшүнөсүңөр деп ойлоймун. Анткени, аялдын көңүлүндөгү кайгы-муңду аялдар гана чыныгы мааниде түшүнө алышат.

Биз баарыбыз негизи бирдейбиз. Биздин тегибиз, улутубуз же динибиздин бөтөнчө болуусумуну өзгөртпөйт. Аялдын көңүлү бардык жерде бирдей. Биз сүйөбүз. Бул биздин колубуздан келген иштердин арасындагы эң мыкты орундай ала турган өзгөчөлүгүбүз. Биз үй-бүлөбүздү коргойбуз, үйдө тынчтык, бейпилдик орнотуп, жакшы көргөн эркегибизди колдоп-кубаттайбыз. Бирок, биз америкалык аялдар катуу алдандык. Жакшы жумушубуз болсо, жалгыз турган жеке үйүбүз болсо жана тандаган адамга махабатыбызды суна ала тургандай эркиндик болсо, ошондо гана бактылуу боло алабыз деп ойлогон болчубуз. Бул эркиндик да эмес, сүйүү да эмес. Никелешип турмуш курган жуптар гана чыныгы түрдө бири-бирин сүйө алышат. Мындан башкасына ыраазы болбогула. Анткени, никесиз катнаш аркылуу чыныгы түрдө сүйө албайсыңар, натыйжада өзүңөр да жек көрүү абалына туш болосуңар, таштандыга айланган кезде.

Бул күнөө эч качан өчпөйт. Ар дайым өзүнө кыянат болуп кайтат. Жада калса, мен өз намысымды кайтарууга аракет кылсам да, мурда кордолгон намысымдын кадырын кайтарып ала албаймын. Бизди жаш кезибизден эле "мусулман аялга төрт дубалдын ичинде жоолук менен жамынып, азап тартууда” деп мээбизди жууп салышкан. Бирок, чыныгы зулумдукка дуушар болгондор – бизбиз. Бизди кордоп жүргөн моданын кулу, салмагыбыздын убайымы менен алек, турмушка чыгууну каалабаган, балалыктан чыга албай жүргөн эркектерден сүйүү күтүп жүргөн жандарбыз. Көңүлүбүздүн түпкүрүндө биз алданганыбызды билебиз. Биздин арабызда айрымдар моюнуна албаса да ички дүнүйөбүздө силерге таң калып, көралбастык жана шыктануу менен карайбыз. Өтүнүч, бизди кемсинтпегиле жана бизге ушул жагдай жагат деп ойлобогула. Буга биз күнөөлүү эмеспиз. Жаш кезибизде көпчүлүгүбүздү коргой турган атабыз болгон жок, себеби, биздин үй-бүлөлөр бузулуп кеткен болчу. Мунун себепчилеринин ким экенин баарыбыз билебиз.

Урматтуу эже-сиңдилерим! Силерди дагы биз сыяктуу акмак кылууларына, жолдон адаштырууларына жол бербегиле. Силер тазасыңар. Ошол аруулугуңар менен калгыла. Биз христиан аялдары чыныгы аял кандай болуу керектигин көрүшүбүз керек. Бизге үлгү болууңар үчүн биз силерге муктажбыз. Себеби, биз адашкан аялдарбыз. Өз аруулуктарыңарды сактагыла!

Мына ушул нерсени унутпагыла! Тиш пастасын кайра идишине салуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, өз ар-намысыңарды коргогула! Менин силерге деген таң калуум жана чыныгы урматым менен жазган насаатымды кабыл кыласыңар деп үмүттөнөмүн!

Жазуучу, журналист – Джоанна Френсис (АКШ)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш