Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Чоочун (намахрам) аялдарды жана эркектерди кароо




Чоочун (намахрам) аялдарды жана эркектерди кароо


Суроо: Чоочун аялдарды кароо күнөөбү?

ЖООП

Аялдарга да эркектерге да зарыл жагдайдан сырткары кароо же кумарлануу менен кароо күнөө. Аяти каримада мындай мааниде буюрулган:

"Эй, Расулум, момундарга айт, харамга карашпасын жана аврат жерлерин харамдардан коргошсун! Ыйманы болгон аялдарга да айт, харамга карашпасын жана аврат жерлерин харамдан коргошсун”. [Нур 30]

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

"Эркектин аялды, аялдын да эркекти [кумарлануу менен] кароосу харам.” [Таберани]

"Харамды кароо шайтандын уулу оку. Аллаху тааладан коркуп чоочун аялды карабаган адамга лаззаттуу ыйман насип болот.” [Румуз]

"Чоочун аялды кумарлануу менен караган адамдын көздөрү от менен толтуруп, Тозокко ыргытылат, аны менен кол беришип учурашкан адамдын колдору желкесине байланып, Тозокко киргизилет, зарылчылыксыз кумарлануу менен сүйлөшкөн адам ар бир сөзү үчүн миң жыл Тозокто калат.” [Р. Насыхин]

"Кошуна жана досунун аялына кумарлануу менен кароо чоочун аялды кароодон жана үйлөнгөн аялды кароо кызды кароодон да чоң күнөө. Зина дагы ушундай.” [Р. Насыхин]

Бир эркектин бир аял менен кол алышуусу, зарылчылыксыз сүйлөшүүсү, көрүнбөгөн бир жерде жалгыз калуулары харам. Жада калса, сүйүктүү Пайгамбарыбыз да эч бир аял менен кол алышкан эмес. Бир хадиси шарифте айтылат:

"Албетте, мен аялдар менен кол алышпайм.” [Несаи, Ибни Маже, Таберани]

Хазрети Айша энебиз да мындай деп билдирди:

"Расулуллах өзүнө халал болгон аялдардан башка эч бир аял менен кол алышкан эмес.” [Бухари, Муслим]

Дагы бир хадиси шарифте айтылды:

"Бир эркектин башына темир шиштин кирүүсү намахрам аялга кол тийгизүүдөн жеңилирээк.” [Таберани, Байхаки]

"Чоочун аял менен кучакташкан адам шайтан менен бирге чынжырга байланып, отко ыргытылат.” [Шира]

"Аялдар менен бир жерде жалгыз калуудан сактангыла. Аллахка ант беримин, бир киши бир аял менен жалгыз калса араларына шайтан кирет. Бир адамдын баткактуу доңуз менен бир жерде кысылып калуусу ал адамга өзүнө халал болбогон бир аялга кол тийгизүүгө караганда жеңилирээк.” [Таберани]

Намахрам адам менен сүйлөшүү

Аялдар зарылчылык жагдай болбосо намахрам эркектер менен сүйлөшө албайт. Рамуздун 469-бетинде жазылган биринчи хадиси шариф төмөндөгүдөй:

"Эй, аялдар, бир гана махрамыңар болгон эркектер менен сүйлөшкүлө, махрамыңар болбогондор менен сүйлөшпөгүлө!” [Ибни Саид]

Өзүңөр ар-намыстуу болсоңор

Эркектер уятсыз, арсыз (намыссыз) болсо, сойкулар жыйнала турган жерге барса, аялдары, кыздары да жаман жолго түшүшү мүмкүн. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Өзүңөр ардуу болсоңор, аялыңар да ардуу болот.” (Хаким)

"Ар кимдин аялын, кызын бузган (башын айланткан) адам бизден эмес.” (И. Ахмед)

"Зина кылган адам дал ошол нерсеге өзү дуушар болот.” (И. Нажжар)

Курани каримде: "Фухштун (уятсыздыктын, арсыздыктын, бузук иштердин) ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындабагыла!” делген. (Анъам сүрөсү, 151)

Бул жердеги "жакындабагыла” дегени зинага жетелей турган себептерден, иш-аракеттерден сактангыла, бөтөн аялдар тууралуу ойлонбогула, алар менен сүйлөшпөгүлө, алардын үндөрүн тыңдабагыла, аларды карабагыла дегенди билдирет. Бөтөн аялдарды кароо көздү алсыратат, жүрөктү карайтат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз да "көз зинасы” тууралуу мындай деген:

"Бөтөн аялды шахват менен (кумарланып) кароо – көз зинасы, аны кармоо – кол зинасы, ал эми ага баруу болсо буттун зинасы болот.” (Р. Насихин)

"Бир бөтөн аялды көрүп, Аллахтан коркуп бетин андан бурган адамга Аллаху таала ибадаттардын даамын сездирет.” (Абу Давуд, И. Ахмед, Хаким)

"Өз аврат жерин ачкан, башкасынын аврат жерин караган адамды Аллах лаанат кылсын!” (Байхаки)

"Аялдын жүзү менен эки алаканынан башка бүткүл денеси аврат.” (М. Анхур)

Аялдардын Курани карим, мавлит, илахи ыр окуп үндөрүн эркектерге угузуусу - харам. (Микрофон, радио жана телевизор аркылуу угузуу - макрух). (Таргиб-ус салат, Хадика)

Ааламдын, эне-атанын колун урмат көрсөтүү максатында өпсө болот. Бирок, чоочун аял бир аалымдын колун өпсө болбойт. Имам Раббани хазреттери мындай деген: "Пайгамбарыбыз эркектер менен мусафаха кылып келишим кабыл алган соң, аялдар менен дагы келишим кабыл алды. Аялдардын келишими сөз менен гана болду. Ыйык колу аялдардын колуна тийген жок.” (3/41)

"Тибян” тафсириндеМумтахина сүрөсүнүн он экинчи аятынын түшүндүрмөсүндө мындай делген: Пайгамбарыбыз Аны менен келишим түзгөн кезде эч бир бөтөн (намахрам) аял менен мусафаха кылган (кол алышкан) эмес. Хазрети Айша да: "Пайгамбарыбыздын аялдар менен келишими бир гана оозеки болчу. Анын колу эч бир бөтөн аялдын колуна тийген эмес болчу.” (Муслим)

Дарыгер эркек киши болсо, андан башка дарыгер табылбаган кездерде аялдардын ага барып көрүнүүлөрүнө болот. Кармап дарылоону талап кылган зарыл жагдайларда дарыгердин зарыл өлчөмдө аялды кармоосу жаиз. Зарыл болбогон жерлерин да ачуу, ал жерлерге колун тийгизүү - харам.

Намахрамды кароо - күнөө

Суроо: Кээ бир атеисттер: "Пайгамбар заманында аялдар орончу эмес. Азыркыдай оронуп алуу ал кездерде жок болчу. Хазрети Айша башы ачык жүрчү. Азыркы оронуу түрлөрүнүн баары кийинчерээк динчи фанатиктер тарабынан ойлоп чыгарылган”, -дешет. Бул жагдай хижаб аяты келүүдөн мурда эмес беле?

Дагы бир атеисттин таасиринде калган бир досум: "Аялдарды кароо, алар менен сүйлөшүү, жада калса, алар менен бирге отуруу да күнөө эмес. Аялдардын эркектер менен чоогу намаз окууларынын да зыяны жок. Расулуллах аялдарды намазда эң арткы сапта туруп окууларын айткандыгы хушу деп аталган намазда көңүлдү бир жерге жыйнап туруу үчүн айтылган. Антпесе, эркек-аялдын намаздарын чогуу окууларынын зыяны жок. Ал эми оронуу деген нерселер диндин негизги буйруктарынан эмес”, -дейт. Аялдардын ачык жүрүүлөрү, аларды кароо алар менен сүйлөшүү күнөө эмеспи?

Жооп: Албетте, күнөө. Ичкиликке тыюу салган аяти карима келүүдөн мурда мусулмандар арасында ичкилик ичкендер бар болчу. Муну мисал катары көрсөтүп «ичкилик харам эмес болчу деп айтуу» жаңылыш болгондой, хижаб аятынан мурунку жагдайды айтып, аялдар менен сүйлөшүүнүн, аларды кароонун, алар менен бирге отуруунун күнөө эместигин айтуудагы жаңылыш.

Хижаб (оронуу) аяты келүүдөн мурда аялдар орончу эмес. Расулуллахка келип, билбегендерин сурап үйрөнүшчү. Расулуллах бирөөнүн үйүнө барса аялдар деле келип отурчу, тыңдап, пайдаланышчу. Байдавиде жана Бухаринин тафсир бөлүмүндө билдирилгендей, хижраттан үч жыл өтүп Азхаб жана беш жыл өтүп Нур сүрөсүндөгү хижаб аяттары келип, аялдардын бөтөн эркектердин жанында отурууларына, алар менен сүйлөшүүлөрүнө тыюу салынды. Ошондон кийин сүйүктүү Пайгамбарыбыз аялдарга билбегендерин ыйык жубайларынан суроосун буйрук кылды.

Хижаб аятынан мурдагы жагдайды айтып, аялдардын ачык жүрүүлөрүнүн зыяны жок экендигин айтуу -  мусулмандарды алдоо болот. Расулуллахтын мубарек жубайы Умму Салама энебиз мындай деген:

Маймуна менен бирге Расулуллахтын жанында элек. Эки көзү тең көрбөгөн Ибн Мактум уруксат сурап ичкери кирди. Расулуллах аны көргөндө бизге: "Ичкериге өткүлө”,-деди. "Ал сокур эмеспи, бизди көрбөйт го”, - дедим. "Ал силерди көрбөгөнү менен силер аны көрбөйсүңөрбү?”. Б.а., ал сокур болсону менен силер сокур эмессиңер го, деди. (Тирмизи, Абу Давуд, И. Ахмед)

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Бөтөн аялды көргөн кезде бетиңерди андан бургула! Байкабай карап коюуу күнөө болбосо да, кайтып кароо күнөө болот.” (Абу Давуд, Дарими)

"Балагат жашына келген кыз бети менен колунан башка жерлерин намахрамга көрсөтө албайт.” (Абу Давуд)

"Ырчы аялдын алган акчасы харам болгон сыяктуу, аны тыңдоо жана бетин кароо да - харам. Харам менен азыктанган денеге Тозоктун оту татыктуу.” (Табарани)

"Бир аял атыр себинип сыртка чыкса жана атыр себингенин билдирүү максатында бир топ адамдын жанынан өтө турган болсо, аны карагандарга да, анын өзүнө да зина күнөөсү (көз зинасы) жазылат.” (Насаи)

"Көздөр зина кылат, колдор зина кылат, буттар зина кылат, жыныстык мүчө зина кылат.” (Ахмед, Табарани)

"Көздүн зинасы – харамды (намахрамды) кароо, тилдин зинасы – уятсыз нерселерди айтуу.” (Бухари, Муслим, Абу Давуд)

"Бир аял атыр жыттар себинип, көңүлдү тарта турган көрктүү кийимдерди  кийип бир топтун жанынан өтсө, зина кылгандай күнөөгө батат.” (Ибн Хиббан)

"Харамды карабаган көздөр Тозок отун дагы көрбөйт.” (Исфахани)

"Аялды шахват менен караган адамдын көздөрүнө кайнап турган коргошун куюлуп, Тозокко ыргытылат.” (М. Анхур)

"Кошуна аялды, досунун жубайын шахват менен кароо бөтөн аялды кароодон он эсе чоң күнөө. Күйөөгө чыккан аялдарды кароо кыздарга караганда чоң күнөө.” (Табарани)

Аялдардын чачтары да аврат. Аврат жерди зарылдык болбой туруп шахватсыз да кароо харам.

Имам Газали хазреттери мындай деген:

Аялдардын, кыздардын башы, чачы, колдору ачык түрдө көчөгө чыгуулары харам болгон сыяктуу, жука, көркөм, жыпар жыттуу кийим кийип чыгуулары да харам. Мындай чыгууларына уруксат берген, ыраазы болгон эне-атасы, күйөөсү же туугандары да анын күнөөсү менен азабына шерик болот. (Кимйа-и саадат)

Имам Захаби да мындай деген:

Эркектерге кооздук буюмун көрсөткөн аялдарга, мисалы, алтын, маржан сыяктуу нерселерди жоолугунун үстүнө таккан, атыр себинген, түрдүү түстүү жана жибек кездеме менен оронгон, жеңдери кең болуп колдору көрүнүп турган жана ушул сыяктуу өздөрүн эркектерге көрсөткөн аялдарга Аллаху таала дүйүнө менен акыретте азап берет. (Заважир Ибн Хажари Мекки)

Оронууга маани бербөө жана кооздук буюмдарын көрсөтүү сыяктуу күнөөлөр көбүнчө аялдарда кездешкендиктен сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Мираж түнү Тозокту көрсөттү, ал жердегилердин көпчүлүгүнүн аялдар экенин көрдүм”,-деди. (Тирмизи)

Харамды карабоо үчүн

Суроо: Көчөгө ачык чыккан аялдарга карабаганга аракет кылсак деле кээде карап коёбуз. Ушул сыяктуу жагдайларда күнөө кылбаш үчүн эмне кылсак болот?

Жооп: Харамды карабаш үчүн мына ушуларды билүү керек:

а) Бөтөн аялдарды кароо көздү алсыратат, жүрөктү карайтат. Көзүбүздүн алсырабашы, жүрөгүбүздүн карайбашы үчүн карабаганга аракет кылышыбыз керек. Имам Раббани хазреттери: "Харамдар жалтырап турган нажис сыяктуу”, -  деген. Сырты жалтырак, бирок, ичи жаман. Муну түшүнө алган адам карабайт.

б) "Аврат жерин ачкан жана аны караган адамды Аллах лаанат кылсын” деген хадиси шарифти ойлоп, лаанаттуу болбош үчүн ар дайым ушул хадисти эстеп жүрүү керек.

в) "Аллахтын азабынан коркуп, бетин бөтөн аялдан бурган адамга Аллаху таала ибадаттын даамын сездирет” деген хадиси шарифин ойлоп, ибадаттардын лаззатына жете алуу үчүн аялдарды карабашыбыз керек.

г) "Бөтөн аялды шахват менен караган адамдын көздөрүнө кайнап турган коргошун куюлуп, Тозокко ыргытылат” дегенхадиси шарифти ойлоп, көзүбүзгө кайнап турган коргошун куюлуп, Тозокко ыргытылуудан коркушубуз керек.

д) Бөтөн аялды кароо арсыздык, б.а., намыссыздык. Жок жерден эмне үчүн намыссыз болобуз?

е) Биз караган аялдар кимдир бирөөнүн апасы, эжеси, карындашы, сиңдиси, кызы же жубайы. Бирөө биздин апабызды, эже-карындашыбызды, кызыбызды же аялыбызды караса ыраазы болобузбу? Намыстуу адам ыраазы болбойт. Биз караган аял да милдеттүү түрдө кимдир бирөөнүн энеси, эже-карындашы, кызы же аялы. Намыссыздык болгон бул ишти кантип кылабыз? Бир хадиси шарифте: "Эй, эркектер, силер өзүңөр ардуу болсоңораялдарыңар менен кыздарыңар да ардуу болушат”, -деп айтылган. Өзүнүн аялы менен кызынын ар-намыссыз болушуна өзү себепкер боло тургандай опаасыздык болобу?

Аялдарга жакындабагыла

Суроо: Куранда "Зина кылбагыла” дегендин ордуна "Зинага жакындабагыла” деп айтылган?

Жооп: Ооба, Курани Каримде: "Зинага жакындабагыла”, - делген. (Исра сүрөсү, 32)

Ошону менен катар Курани каримде "Эне-атаны урбагыла” деп айтылбастан "Эне-атаңарга уф деп атпагыла” делген. (Исра сүрөсү, 23)

Бул аяти каримада "уф” деп айтуудан максат – аларды капаланта тургандай эч бир сөз айтпагыла деген сөз. (Байдави)

Бул жерде эң жеңили айтылып, жада калса, ошондон да сактанууну, ошентип андан да жаман болгон ишке жакын жолобоо буйрук кылынууда.

"Зинага жакындабагыла” дегенсөз да зинага жетелей турган себептерден, жагдайлардан, иш-аракеттерден сактангыла деген сөз. Тактап айтканда, эркектер үчүн бөтөн аялдар тууралуу ойлобой, аларга жылмайып карабай, аларга салам бербей, зарыл болмоюнча алар менен сүйлөшпөй, ал-абалын сурабагыла, аларга түздөн-түз дуба кылбагыла, аларга кат жазбагыла, электрондук почтада, чатта сүйлөшпөгүлө, алардын үнүн тыңдабагыла, аларга карабагыла, алар менен кол алашпагыла, бир бөлмөдө жалгыз калбагыла, бийлебегиле жана дагы ушул сыяктуу нерселерди кылбагыла дегенди билдирет.

Аялдар үчүн дагы көңүлдү тарта турган кийим кийбегиле, күйөөңөрдөн башка эркектерге макияж жасабагыла (боёнбогула), кооздук буюмдарыңарды бөтөндөргө көрсөтпөгүлө, атыр себинип көчөгө чыкпагыла, алардын көрүүлөрү мүмкүн болгон жерлерде турбагыла, алар менен саламдашпагыла, куттуктабагыла, аларга түздөн-түз дуба кылбагыла, кол адышпагыла жана башка ушул сыяктуу нерселерди кылбагыла деген сөз.

Аялдардын эркектерге кароолору

Суроо: Аялдардын бөтөн эркектерди шахватсыз кароосу жаиз эмеспи?

Жооп: Зарыл болгон жагдайларда аялдардын аврат жери ачык болбогон чоочун эркектерди бир гана шахватсыз жана зарыл өлчөмдө кароосу мүмкүн. Шахваттанбай турганына ишенген аялдын бөтөн эркекти кароосу эркектин эркекти же эркектин махрамы болгон аялдарды кароосу сыяктуу жаиз, б.а., күнөө эмес. Ал эми шахват менен кароо харам. Бирок, мен шахватсыз караймын деп чоочун эркектерге кароону көнүмүш адат кылып алуу, ошентип зарыл болбосо деле карай берүү туура болбойт.

Телефон менен сүйлөшүү

Суроо: "Өздөрү көрүнбөгөндүктөн намахрам менен телефон аркылуу сүйлөшүү, смс жазуу же электрондук почта аркылуу кабарлашып туруу жаиз болот” деп айтылып жүрөт. Бул жерде кандайдыр бир чек-өлчөм жокпу?

Жооп: Зарылчылык жок сүйлөшүү жаиз болбойт. Курани каримдеги "Зинага жакындабагыла” деген буйрук зинага алып бара турган себептерден, жагдайлардан жана иш-аракеттерден сактангыла деген сөз. Мисалы, эркектер үчүн бөтөн аялдар тууралуу ойлонбогула, аларга жылмайып карабагыла, зарылчылык болмоюнча алар менен сүйлөшпөгүлө, салам бербегиле, ал-абалын сурабагыла, алар уга тургандай кылып дуба кылбагыла, аларга кат жазбагыла, электрондук почтада, чатта сүйлөшпөгүлө, алардын үндөрүн тыңдабагыла, аларды карабагыла деген сыяктуу маанилерге келе тургандыгы китептерде жазылган.

 Телевизордогу көрүнүштөр

Суроо: Бөтөн аялдардын сүрөттөрүн жана компьютер же телевизордогу көрүнүштөрдү кароо жаизби?

Жооп: Аялдардын чач, кол сыяктуу кароо харам болгон жерлеринин күзгүдөгү же суудагы көрүнүштөрүнө шахватсыз кароо жаиз. Буларды көрүү, өздөрүн көрүү сыяктуу болбойт. Сүрөттөрүн, телевизор менен компьютердеги көрүнүштөрүн кароо, күзгүдөгү көрүнүштөрүн кароо сыяктуу. Булардын баарын шахватсыз кароо жаиз болуп, шахват менен кароо же шахватка себеп боло турган көрүнүштөрүн кароо - харам. Тактап айтканда, шахватка себеп боло турган көрүнүш болсо аны шахватсыз болсо деле кароо харам.

Харамга себеп болуу

Суроо: Телевизор жана гезиттеги шахватка себеп болбой турган көрүнүштөрдү шахватсыз кароо жаиз экенине караганда буларды басып чыгаруу, жарыялоо деле жаизби?

Жооп: Мындай көрүнүштөрдү шахват менен карай тургандар да чыгып калышы мүмкүн болгондуктан шахватка, харамга себепкер боло турган сүрөттөр менен көрүнүштөрдү жарыялоо жаиз болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш