Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Зинакорлук чоң күнөө




Зинакорлук чоң күнөө


Зина акылдуу жана балагат жашына келген эркек менен аялдын никесиз катнашта болуусу дегенди билдирет. Зина -харам.

Курани каримде мындай деп буюрулган:

"Зинага жакындабагыла! Ал - арсыздык, ыплас, төмөн иш, жаман жол.” (Исра сүрөсү, 32)

"Мусулмандарга айткын, харамды карашпасын жана аврат жерлерин харамдан сакташсын!” (Нур сүрөсү, 31, 32)

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Аллахтын алдында зинадан өткөн чоң күнөө жок.” (Р. Насихин)

"Бир жерде зина менен риба (сүткорчулук) көбөйсө, ал жердин калкы кырсыкка дуушар болот.” (Хаким)

"Зинанын дүнүйөдө үч зыяны бар:

Сулуулукту жана жүздөгү нурду кетирет,

Кедейликке жол ачат,

Өмүрдүн кыскаруусуна себеп болот.

Акыреттеги үч зыяны:

Аллаху таала ачууланат,

Кыяматта эсеби катуу болот,

Тозок отунда азаптанууга себеп болот.”(Табарани)

Суроо: Кандай жагдайда зина болот?

Жооп: Бир хадиси шарифте мындай делген:

"Көздүн зинасы – харамды кароо, кулактын зинасы – адепсиз (уятсыз) сөздөрдү тыңдоо, тилдин зинасы – уятсыз сөздөрдү айтуу, колдун зинасы өзүнө халал болбогон аялды кармоо, буттун зинасы – күнөө болгон жерлерге баруу.” (Бухари)

Демек ар бир мүчөнүн өзүнө таандык зинасы болот. Мурундун да зинасы болот. Бир хадиси шарифте:"Атыр себинип сыртка чыккан жана себинген атырынын жытын билдирүү үчүн бир топтун жанынан өткөн аялга жана аны караган (анын жытын жыттаган) адамга зина күнөөсү жазылат.” (Насаи)

Бул жердеги мурун менен болгон жыттоо зинасы. Эгер аялды караган болсо көз зинасы болот. Өпсө эрин зинасын кылган болот. Шахват менен же керексиз сөздөрдү айтса тил зинасын кылган болот. Колун тийгизсе же зарылчылыксыз кол алышса кол зинасын кылган болот. Бир хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Адамдын башына темир казыктын кагылуусу, чоочун аялга колун тийгизгенден да жеңилирээк болот.” (Табарани, Байхаки)

Ошондуктан, зинанын бардык түрүнөн узак болуш керек. Курани каримде: "Зинага жолобогула!”- деп буюрулган. Бул – зинага себеп боло турган иш-аракеттерден узак болгула деген сөз.

 

Зинадан боюна бүткөн аялдын никеси

Суроо: Жаңы Зеландиядан жазып жатамын. Бир досум өзү зина кылган аялга үйлөнгүсү келет, бирок, аялдын боюнда бар экен. Бул жактагы молдолор: "Боюна бүткөн аял менен никеге туруу жаиз эмес”, - деп айтып жатышат. Зинадан боюна бүткөн аял менен никеге туруу жаиз эмеспи?

Жооп: Зинадан боюна бүткөн аял менен никеге туруунун, б.а., ага үйлөнүүнүн жаиз экендиги Бадаи, Бахр-ур раик, Ибн Абидин, Хиндийа сыяктуу ишеничтүү булактарда билдирилген.

Зинадан боюна бүткөн аял төрөгөнгө чейин аны менен никеге туруу сахих болот, бирок, төрөгөнгө чейин кошулуу (жыныстык катнашта болуу) жаиз болбойт. Никеден боюна бүткөн аял менен төрөгөнгө чейин никеге туруу сахих эмес. (С. Абадиййа)

Ханафи мазхабындагыдай, Шафии мазхабында да өзү зина кылган аялга үйлөнүүнүн жаиз экендиги Мазахиби Арбаъа китебинде билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш