Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнгөнгө чейин достошуп жүрүү




Үйлөнгөнгө чейин достошуп жүрүү


Суроо: Үйлөнө турчу эки тарап жакшы ниет менен бири-бирин жакшы таануулары үчүн флирт кылуулары, б.а., үйлөнүүгө чейин достошуп сүйлөшүүлөрү, никесиз бирге жашоолору эмне себептен орунсуз?

Жооп: Үйлөнө турчу жаштардын флирт деп аталган бир достукка эч кандай муктаждыктары жок. Жада калса, флирттин бир нече коркунучу бар:

Флиртте тузак бар. Флиртте көбүнесе кыз эркек тарабынан алдангандан кийин ташталып кетет.

Флирт акыл эсти, сезимди бузат. Флиртке көнүп калган адам тез-тез дос алмаштырат. Кызды алдап таштап кеткен эркек саткын, кыянатчы болуп, кыз болсо маскара абалга түшөт. Флиртте көп учурда уяттуулук деген нерсе колдон чыгат. Намыстуу мусулман бир кыз үчүн мындан ашкан балээ жок. Флирт көптөгөн жаштарды селсаяк кылып, акчасын туш тарапка сапыртып, тамтыгын чыгарат. Жаштардын арасында төмөндүк комплекси, кызганычтык, кек, жек көрүү, пессимисттик, душмандык, анархия жана ар түрдүү психикалык депрессияларды туудурат.

Флиртке болгон берилүү жашыруун жерде көрүшүүгө чакырат. Акыры жаштардын көбүнүн башы балээге кирет. Бул достукта иш көңүл ачууга кирип кеткенде жаш эркектин ишеними бузулат. Алгач кызды кыйнап, арзуу максатына жеткенден кийин кызды кайра айыптап, уятсыз, ахлаксыз деп ага акаарат кылат. Негизи бул сезимге алдырган көңүл ачуулардан дайыма сууктук пайда болот.

Жаш эркек жыттаган гүлгө дароо тоёт, кийин башка түстөрдү, башка гүлдөрдү издейт. Мындан ары бул сахна аны колдон чыгарбайт, андагы сыр, өзүнө тарткан кызык нерселер булардан башка көңүл ачуулардын аркасынан кубалатат. Бул жагынан алып караганда флирт тууралуу кыз же аял өтө сак болуусу керек.

Башынан мындай нерселер өтпөгөн жаштарга булар маанисиз болушу мүмкүн. Себеби, бир адамга көңүлүн алдырган жаштар ага айтылган насыятты кайдагы бир тамтырак сөз деп кабылдашат. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз: "Сүйүү адамды дүлөй жана сокур кылат”, - деп буюрган.

Дүлөй адамга эмнени айтсаң да баары бир укпайт. Сокур адамга бардык түстөрдү көрсөтсөң да бирин экинчисинен айырмалай албайт. Сүйгөн адамдын да көзүнө бир нерсе көрүнбөйт. Наркоман сыяктуу болот. Ар тарабы жаңылыш болсо да баары бир ошол адам менен үйлөнүүнү каалайт.

Флирттин акырында үйлөнгөн жаштардын көбү акыры өкүнүшкөн. Бул жагынан алып караганда салих эне-атанын акыл-кеңештерине сөзсүз кулак салуу керек! Эне-ата уулу же кызы үйлөнө турчу адамга балдарынын көзү менен карабайт. Ачуу турмуш тажрыйбасы берген көз караш менен карашат. Аталарыбыз: "Улуунун сөзүн укпаган улуп калат”, - деп айтышкан. Үй-бүлө маселесин изилдеген адистер: "Флирт аркылуу баш кошкондор ажырашууга жакыныраак болушат”, - деп билдиришкен.

Бардык бул жаман тараптарынан башка негизги мааниси болгон нерсе динибизде никесиз жатып-туруу харам кылынган. Харам кылынган бир нерседен пайда издеп болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: "Аллаху таала харамда шифаа таасирин жараткан эмес.” (Бухари, Хаким)

Үйлөнө турган болушса да диний никеси болбогон эркек менен аял дин жагынан алып караганда бири-бирине чоочун болуп саналат. Бул тууралуу бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Эркектин аялга, аялдын да эркекке (кумарланып) кароосу харам.” (Таберани)

"Харамды кароо – шайтандын уулуу оку. Аллаху тааладан коркуп чоочун аялды карабаган адамга лаззаттуу ыйман насип болот.”(Рамуз)

"Адамдын башына темир шиштин кадалуусу никеси түшө турчу аялды кармоодон дагы жеңил болот.” (Таберани, Байхаки)

"Чоочун аял менен кучакташкан адам шайтан менен чынжырга оролуп отко ыргытылат.” (Шира)

"Аялдар менен бир жерде жалгыз калуудан сактангыла. Аллахка ант кылам, бир адам бир аял менен жалгыз калганда араларына шайтан кирет. Бир адамдын баткактуу доңуз менен кысылган абалда калуусу ал адам үчүн өзүнө халал болбогон бир аялды кармоосунан да жеңилирээк.” (Таберани)

"Эй, жаштар, намысыңарды сактагыла, зина кылбагыла! Жакшы билип алгыла, намысын сактаган адамга Жаннат бар.” (Хаким)

"Жамандыктан сактануу үчүн никелүү жашагыла жана уятуу болгула!” (Ибни Асакир)

"Эй, аялдар, бир гана махрамыңар болгон эркектер менен сүйлөшкүлө, махрамыңар болбогондор менен сүйлөшпөгүлө!”(Ибни Саид)

"Чоочун аялды кумар менен кароо - көздүн зинасы, аны кармоо - колдун зинасы, ага баруу болсо - буттардын зинасы.”(Р. Насыхин)

Суроо: Мен студентмин, бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү элем. Исламда никесиз аялдын колун кармоого, сүйлөшүүгө да болбойт, эми мен нике кыйдырсам кандай болот? деген суроом бар эле. Ушул абалдан чыгуунун кандай амал жолдору бар, сураныч мага ошону көрсөтүп, кеңеш бересиздерби?

Жооп: Динибиз никесиз кыз менен жигиттин (зарылчылыксыз) жөн эле сүйлөшүп жүрүүсүнө тыюу салган. Харам нерседен эч кандай кайыр, пайда келбейт.

Никесиз эркек менен аял динге ылайык бири-бирине чоочун болуп саналат. Бул тууралуу хадиси шарифте мындай делген:

"Эй, аялдар, бир гана махрамыңар болгон эркектер менен сүйлөшкүлө, махрам болбогондор менен сүйлөшпөгүлө!” (Ибн Саид)

Үйлөнүү максатында хилват (жашыруун, жалгыз) болбой тургандай жерде кездешүүгө, сүйлөшүүгө, кат (смс) жазышууга, той күнүн келишип алууга болот. Бирок, жакын арада үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдын катуу ашык болуп калса да, мүмкүнчүлүк болгондо ошол кызга үйлөнөмүн деген ниети бар болсо да, чоочун кыз менен сүйлөшүүгө, кездешүүгө, кат жазышууга болбойт. Нике кыйылбай туруп колун кармоого да, зарылчылыксыз сүйлөшүүгө да болбойт. Зина күнөө болот.

Никесиз кыз менен жигиттин далдоо жерде өткөргөн ар бир мүнөтү, сүйлөшкөн ар бир сөзү, экөөнү тең күнөөгө батырат. Чыныгы сүйгөн адам сүйүктүүсүн отко таштагысы келеби?! Сүйүп калдым деген адам сүйүктүүсүн эки дүнүйөдө тең бактылуу кылууга даяр болсо гана чындап сүйгөн болуп саналат. Антпесе, өзү махабатын айтып күйүп-бышып жатканы тууралуу канча сайрап жатса да аныкы бир гана жыныстык кумарын кандыруу. Сүйүктүүсүнүн колун кармагысы, кучактагысы келип кездешүүгө чакыруучу "ашыктар” ар-намыс уурулары болуп саналат. Ар бир адам ушул аталган өлчөмдөргө ылайык өзүнүн "махабатынын” канчалык "аруу” экенин биле алат.

Курани каримде: "Зинага жолобогула!” - деп буйрук кылынган. Бул – зинага алып бара турган бардык иш-аракеттерден узак болгула деген сөз.

Напси алгач жөн гана сүйлөш дейт. Анан кездеш дейт, анан колунан карма дейт. Аягы барып балээге, зинага алып барат.

Соңку кездерде кээ бир жаштардын, айрыкча үйлөрүнөн, эне-аталарынан алыста жүргөн студенттердин эч кимге айтпай, эне-аталары менен кеңешпей өздөрүнчө бир гана нике кыйдырып жүргөн көрүшүнтөрдү кездештире баштадык. Эгер сурамакчы болгонуңуз ушул болсо анда бул туура эмес.

Үй-бүлөлүк жашоонун кайырлуу, берекелүү болуусу үчүн, б.а., никесинин дүнүйө менен акырети үчүн кайырлуу, бактылуу болуусу үчүн биздин мазхабда билдирилген өкүмдөргө шайкеш болуусу, сүннөттөргө, мустахабдарга маани берип кыйылуусу, нике дубалары окулуусу керек. Жакындарына, тууган-уруктарына, кошуналарына, дос-жолдошторуна угузуу керек. Хадиси шарифте: "Никени адамдарга угузгула!” - деп айтылган. Бул өтө маанилүү маселе. Бул айтылгандарды көңүлдөн чыгарбаганга аракет кылуу керек. Булардын эң башында эне-атанын уруксатын, дубасын, батасын алуу келет. Эне-атанын ыраазылыгын албаган перзент максатына, муратына жете албайт.

Мусулман фитнага себепкер болбошу керек. Фитна – бүлүк салуу, динди жамантты кылуу дегенди билдирет. Динден кабары жок сабатсыз жаштардын эч кимге билдирбей нике кыйдырганын уккан башка адамдар (эне-аталар) эмне кылсын? Динге тескери көз караш менен караганы, уул-кыздарын динден узак кармоого аракет кыла тургандыктары анык. Ушул сыяктуу фитналардын кесепети түздөн-түз мусулманчылыкка тийүүдө.

Алдыңызга максат коюңуз, сабактарыңызды мыкты окуп, жакшы жумушка орношуп, эртерээк үй-бүлө күтө ала тургандай жагдайга келип үйлөнүңүз. Хадиси шарифте: "Үйлөнгөн адам дининин жартысын коргогон болот”, - делген.

Үйлөнөр алдында кездешүү

Суроо: Менин үйлөнө турган жагдайым да, кесибим да бар. Мусулман бир кызга үйлөнүү максатында кездешип, көрүшүүгө болобу же кездешпей эле үйлөнүү керекпи?

Жооп: Үйлөнүү максатында бөтөн кыз менен хилват болбогон жерде кездешүүгө, сүйлөшүүгө, той күнүн келишип алууга болот. Бирок, жакын арада үйлөнө тургандай жагдайы болбогон адамдын катуу ашык болуп калса дагы бөтөн кыз менен сүйлөшүүсү, кездешүүсү болбойт.

Никеден мурда таанышуу үчүн бир жолу кездешүү, көрүшүү - сүннөт. Бул - келечек жарын тандоо үчүн берилген мүмкүнчүлүк. Зарылчылыкка жараша экинчи жолу көрүшүүгө да болот. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, бирок, күнөө кылып койбош керек.

Анткени, (зарылчылык болмоюнча) никесиз кандайдыр бир катнаш (кездешүү, сүйлөшүү, кат жазышуу ж.б.у.с.) - динибизде харам. Түгөй тандоо үчүн көрүшүү - зарылчылык. Көрүшпөй, таанышпай үй-бүлө куруу келечекте үй-бүлөнүн бузулушуна себеп болушу мүмкүн.

 

Интернетте, социалдык тармактарда түгөй издөө

Суроо: "Фэйсбук”, "мой мир” сыяктуу интернет сайттардан жана "мессенжер”, "агент” аркылуу үйлөнүү максатында же дин үйрөтүү, динге кызмат кылуу максаты менен каршы жыныстагы адамдар менен таанышууга болобу? Жана ушул максатта видео чалуулар аркылуу көрүшүүгө болобу?

Жооп: Жок болбойт. Күнөө кылуу менен динге кызмат кылынбайт. Үйлөнүү үчүн болсо да бул дагы флирттин бир түрү болоп саналат. Флирт менен түгөй издөө туура эмес. Көрүшүп жаткан адам ылайыктуу адам болсо да түгөйдү бул жол менен издөө туура эмес. Өзгөчө жаш кыздардын мындай сайттарга мүчө болуулары эч орундуу эмес. Жаман ниеттүү же жахил адамдардын оюндарына курал болуп, үйдөн безип алар менен көрүшүүлөрүнө да себеп болушу мүмкүн. Эч бир жамандыкка себеп болбосо да минтип көрүшүүнүн өзү жаман.

 

Жалганчы сүйүү

Күндөрдүн биринде Рабиятул Адвиййа хазреттери жолдо келе жатып каршы тарапта бир кишинин карап турганын көрөт. Ошондо Рабия хазреттери:

- Эй жигит! Эмне үчүн намахрам (чоочун) аялды карап турасың? – дейт. Жанагы жигит:

- Эй кыз! Мен сени жакшы көрүп калдым, сага ашык болдум, - дейт. Рабия хазреттери:

-Менин бир сиңдим бар. Ал менден да сулуу, артыман келе жатат, - дейт. Ошондо жанагы жигит сиңдисин да көрөйүн деп артын караганда Рабия айым ачууланып:

-Эй, жалганчы! Мен сени алгач көргөнүмдө көңүлү ачык чыгаар деп ойлодум. Сынап көрсөм, ачык дагы эмес, ашык дагы эмес экенсиң. Сен - кыздарды алдап жүргөн жалганчысың. Эгер махабатыңа бекем болгонуңда менден башкасын карамак эмессиң! – дейт.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш