Суроо: Адептин динибиздеги орду кандай?
Жооп: Адеп – жакшы тарбия, жакшы
мамиле, көркөм мүнөз, уяттуулук, назиктик, сыпайылык деген маанилерди билдирет.
Мисалы, тарбиялуу бала, адептүү бала дегенди билдирет. Хадиси шарифте: "Бала-чакаңарды адептүү, тарбиялуу кылып
чоңойткула!” деп буюрулган. Динибиздин негизи - адеп. Адеп – кул өзүн
Аллаху тааланын каалоосуна багындыруу, жакшы мүнөздүү болуу дегенди билдирет.
Хадиси шарифте: "Араңарда эң жакшылар -
эң көркөм мүнөздүү болгондор”, - деп
билдирилген.
Хазрети Омар: "Адеп илимден мурда турат”, -
деген. Ал өтө айбаттуу болгонуна карабастан адептүүлүгүнөн, уяттуулугунан
Расулуллахтын жанында өтө акырын сүйлөчү. Пайгамбарыбыз бир адамдын жанында
тизелеп отурчу, ал адамга урмат көрсөтүү үчүн ыйык буттарын созуп отурчу эмес.
Абу Саид Худри хазреттери: "Расулуллахтын уяттуулугу бойдок ислам кыздарынан да
көп болчу”, -дечү.
Ибн Мубарак
хазреттери: "Бардык илимдерди билген адамдын адебинде кемчилик бар болсо аны
менен көрүшпөгөнүмө өкүнбөймүн, муну өзүмө зыяндуу деп билемин. Бирок, адептүү
адам менен көрүшө албасам өкүнөмүн”, - дечү.
Ар дайым, ар
жерде уяттуу болууга аракет кылуу зарыл! Хадиси шарифте: "Уятсыздык адамды куфурга түшүрөт”, - деп айтылган. Уяттуулук имаратты кармап турган тирек (пайдубал)
сыяктуу. Тирексиз имараттын туруусу кыйын болгондой, уятсыз адамдын ыйманын
коргоосу дагы кыйын болот.
Хадиси шарифте
мындай делген:
"Аллаху тааладан уялгыла! Аллахтан уялган
адам жаман ойдон узак турат, ашказанына түшө тургандарга көңүл бурат, өлүмдү
эстейт.” (Тирмизи)
"Уяттуулук – баштан аяк (толугу менен) жакшылык.” (Муслим)
"Ар диндин бир ахлагы бар. Исламдын ахлагы
- уяттуулук.” (Ибни Маже)
"Уятсыз адам аманатка кыянат кылат,
кыянатчыл болот, мээримдүүлүк сезими калбайт, динден узакташат, лаанатка
учурайт, шайтан сыяктуу болот.” (Дайлами)
"Уяттуулук менен ыйман эгиз бир тууган
сыяктуу. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Абу Нуайм)
"Момун айыптабайт, каргабайт, жаман сөз
айтпайт жана уятсыз эмес.” (Тирмизи)
"Уяттуулук ыймандын түзүлүшү. Бир нерсенин
түзүлүшү бузулган кезде, бөлүктөрү да бузулат.” (И. Маверди)
"Уяттуулук ыймандан. Уятсыздын ыйманы жок
деген сөз.” (Ибн Хиббан)
"Адам салих эки кошунасынан уялгандай
күнү-түнү өзү менен бирге болгон жанындагы эки периштеден да уялууга тийиш.” (Байхаки)
"Уятсыздын дини болбойт жана уятсыз Бейишке
кире албайт.” (Дайлами)
"Ыйман жылаңач, кооздук буюмдары - уяттуулук, кийими - такыбаа, казнасы -
фыкых, жемиши - амалдар.” (Дайлами)
"Уяттуулук эгер адам болгондо жакшы адам
болмок. Арсыздык (уятсыздык) адам болгондо жаман адам болмок.” (Табарани)
"Уяттуулук менен ыйман бир жерде. Бири
кетсе экинчиси да кетет.” (Хаким)
Динибизде
уяттуулуктун орду өтө маанилүү. Аллаху тааладан уялуу ыймандын кубаттуу
экендигинин, ал эми уятсыздык ыймандын алсыз экендигинин белгиси. Хадиси
шарифте: «Уяттуулуктун аздыгы
куфурдан”, - делген. Уятсыз адам убакыт өтүп куфурга да кирип калышы
мүмкүн (б.а., ыйманын жоготуп алышы мүмкүн). Уяттуулук ыймандын негизинен болуп
саналат. Уяты бар адам Аллахтан уялганынан күнөөдөн тартынат. Адамдардан
уялбаган адам Аллахтан да уялбайт. Адамдардан уялып күнөөсүн жашыруу да
уяттуулуктан болуп саналат. Адамдардан уялган адамдын Аллаху тааладан да уяла тургандыгы
түшүнүлөт. Анткени, хадиси шарифте: "Аллахтан
уялган адам адамдардан да уялат”, - делген. Уятсыз адамдын
адамкерчилиги калбайт. Хазрети Абу Бакр: «Уятсыз адам адамдардын арасында
жылаңач отурган адам сыяктуу”, - деген.
Курани
каримде: "Ыйман келтиргендердин
арасында жамандыктын, уятсыздыктын таркалуусун каалагандарга жана
жактыргандарга дүнүйө менен акыретте оор азап бар”, - делген.
(Нур сүрөсү, 19)
Аял менен
эркектин мамилесинде жана ажаткана үчүн колдонулган сөздөрдү дал ошондой
колдонуу адамкерчиликке туура келбейт, уяттуулукту (ар-намысты) жоёт жана
жакшыларга жабыр тарттырган болот. Андай сөздөрдү айтуу керек болгон кезде ачык
сөздөр менен эмес, белги менен, каймана сөздөр менен айтылат.
Аллаху
тааланын нематында нематты бергенди көрүү керек, ар дайым Анын алдында экенин
ойлоо керек, мисалы, отурганда, жатканда адепке маани берүү зарыл. Жегенде,
ичкенде, сүйлөгөндө, окуганда, жазганда жана ар бир иште ушулардын баары Аллаху
тааланын кудурети менен болуп жатканын, бардык иш-аракеттерде Анын буйругуна
моюн сунуп, тыюуларынан сактанууну ойлоо керек. Ушинтип ойлоо абдан чоң ибадат
болуп саналат.
Махрам маселелерди адеп менен суроо керек
Кыз киши
махрам маселелерди энесинен суроого тийиш. Эгер ал билбесе энесине: "Атамдан
үйрөн”, - дейт. Атасы да билбесе атасы барып билген бирөөдөн суроосу керек.
Атасы жок болсо агасы, атасынын агасы, тайкеси сыяктуу махрам болгон
туугандарынан суроого тийиш. Ушулардан үйрөнүп, ага үйрөтпөй турган болсо, анда
кат менен же телефон аркылуу өзүнүн атынан эмес "бир аялдын белгилүү жагдайы
баланча убакыт созулуп токтосоэмне кылуу керек” деген сыяктуу түрдө сураган
жакшыраак болот. Бир аялдын күйөөсү бул илимдерди үйрөнүп, кийин аялына
үйрөтпөй турган болсо, аялы эң ыңгайлуу жол менен буларды үйрөнө алат.
Билгендерден бул темага тийиштүү маселелерди адептүүлүк менен суроо уят
болбойт.
Хазрети Асманын
Пайгамбарыбыздан кантип гусул алуу керектиги тууралуу сурап жатканда уялганын
байкаган Хазрети Айша энебиз: "Ансар аялдары кандай жакшы, уялуулары диндерин
үйрөнүүдө кедерги болуп турган жок”, - деди. (Бухари)
Демек, уят
болот деп өзүнө фарз болгон илимдерди үйрөнбөөсү жаңылыштык. Пайгамбарыбыз
махрам темаларды түшүндүрүп жатканда: "Аллаху
таала хактын түшүндүрүлүүсүнөн тартынбайт”, - деди. (Тирмизи)
Ушул мааниде
аят дагы бар:
"Аллаху таала чындыкты айтуудан
тартынбайт.” (Азхаб сүрөсү, 53)
Ашык болуу күнөөбү?
Суроо: Күнөө кылбоо шарты менен бирөөнү
жакшы көрүүнүн зыяны барбы?
Жооп: Ашыктык – бул адамдын колунда
болбогон сезим. Арын, б.а., намысын коргоп жана күнөөгө жолобоо шарты менен
бирөөгө ашык болуунун зыяны жок. Жада калса, ар-намысын коргоп ашыктыгын
жашыруу - чоң сооп. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:
"Ашыктыгын жашырып, ар-намысын коргоп өлгөн
адам шейит болот.” (Хаким, Хатиб)
"Ашыктыгын жашырып, ар-намысын коргоп, сабыр
кылган адамдын күнөөлөрүн Аллаху таала кечирип, Бейишине киргизет.” (Ибн
Асакир)
Демек,
динибизде намысты коргоо жана ашыктык себеби менен күнөө кылбоого сабыр кылуу -
чоң сооп. Анткени, адатта ашыктык адамды сокур кылгандыктан, адамдын өзүн-өзү
күнөө кылуудан кармап калуусу кыйын болот. Кыйын болгон иштерди ишке ашыруунун
сообу да ошончолук чоң болот. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:
"Үммөтүмдүн жогору даражада болгондору -
ашыктык балээсине учурап, ар-намысын сактагандар.” (Дайлами)
Ар-намыстуу (таза,
уяттуу) адамдын түгөйү да ар-намыстуу болот
Имам Газали
хазреттери мындай дейт:
"Акылды
тыңдабаган, ага эң көп каршы чыккан нерсе шахват болуп саналат. Адамдардын
башкалардын айыптоосу сыяктуу себептер менен бул шахваттан узактоолору пайдалуу
болсо да, алар чоң сооп ала алышпайт. Бирок, күнөө кылуу үчүн бардык
мүмкүнчүлүгү болуп туруп арада эч кандай тоскоолдук жок болуп, жалгыз Аллаху
тааланын ыраазычылыгы үчүн жана Аллахтан корккондугунан шахватынын туткуну
болбой, ага каршы чыкса, эң чоң жакшылыктарга ээ болот. Бул даража - сыддыктар
менен шейиттердин мартабасы.” Хадиси
шарифте мындай деп айтылган:
"Уяттуулук, ар-намыстуулук, тилине ээ болуу
жана акыл – ыймандан. Мындай адамдардын акыретти каалоосу көбөйүп, дүнүйөнү
каалоосу азаят. Сараңдык, адепсиздик, арсыздык, уятсыздык менен эки
жүздүүлүктөн пайда болот. Мындай адамдарда дүнүйө каалоосу көбөйүп, акырет
каалоосу азаят.” (Байхаки)
Эркектер
уятсыз болушса, жакындары дагы жаман жолго кирип калышы мүмкүн. Пайгамбарыбыз: "Силер ар-намыстуу болсоңор, аялыңар да
ар-намыстуу болот”, - деген. (Табарани)
Хазрети Ибн
Нажжар билдирген "Зина кылган адам дал
ошол нерсеге дуушар болот” деген мазмундагы хадиси шариф ар-намыссыз болгон
адамдын жакындары да ар-намыссыз болуулары мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Ар-намысын
сактоого аракет кылган адам муну ишке ашырат. "Ар-намыстуу болууну каалаган адамды Аллаху таала ар-намыстуу кылат”деген хадиси шариф ушуга далил. (Хаким)
Дин өкүмдөрүнө
каршы иштер, б.а., күнөөлөр – бул дүнүйөдө адам үчүн уят-маскаралык. Ал эми
акыретте азабы өтө оор болот. "Мен өлбөймүн” же "Тозоктун оту мага зыян келтире
албайт” деген адам бар болсо каалаган жаман ишин жасасын! Хадиси шарифте мындай
деп билдирилген:
"Дүнүйө үчүн дүнүйөдө кала турганчалык
даражада эмгектен! Акырет үчүн ал жакта түбөлүк кала турганчалык даражада
эмгектен! Аллаху таалага муктаж болгон даражада моюн сун! Тозокко чыдай ала
турган даражада күнөө кыл!” (Аййухал валад илмихалы)
Өлө турганына
ишенген жана өлгөндөн кийин башына келе тургандарды ойлогон адам күнөө, жамандык
кыла алабы?
Ар-намыстуу болуу үчүн
Адам баласына
эң чоң зыян жаман досунан келет. Жаман достор менен аралашкан, ошолор менен
бирге жүргөн адам, б.а., жол башчысы карга болгон адам качанкыга чейин таза
болмок эле?
Жакшы адамдар
менен бирге болгон адам кыска убакытта алар сыяктуу жакшы иштерди кылбаса дагы
алардын жанында жамандык кыла албайт. Хадиси шарифте: "Адамдын дини досторунун дини сыяктуу болот”, - деп айтылган. (Тирмизи)
Андай болсо
кылууга тийиш болгон иш, айланабыздагы адамдарга, досторго маани берүү жана
жаман достордон оолак болуу керек. Ар-намыстуу болуп жашагысы келген адамга
Аллаху таала ошол нерсени насип кыла тургандыгы дин китептеринде жазылган.
Хадиси шарифте мындай делген:
"Ар-намысты талап кылган адамды Аллаху
таала ар-намыстуу кылат.” (Хаким)
Ар-намыстуу
адам үй-бүлөсүн дагы ардуу, таза, уяттуу болуусун каалайт. Аларды дагы
жамандыктардан сактайт. Өзү жаман болсо бир күнү бала-чакасы да жаман жолго
кирип калышы ыктымал. Бала-чакасынын арсыз болуусун кайсы эне-ата кааламак эле?
Перзенттерге
жакшы үлгү болуу керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылды:
"Ар-намыстуу болсоңор аялдарыңар дагы
ар-намыстуу болушат. Эне-атаңарга ихсан кылсаңар (жакшы карасаңар),
бала-чакаңар дагы силерге ихсан кылышат!” (Табарани)
"Жамандыктан сактануу үчүн никелүү жашоо
жана ар-намыстуу болуу керек.” (Ибн Асакир)
Ар-намыссыздыктын себеби
Азыркы тапта
батыш элдеринде зина, сафизм (лесбиандык), ливата (гомосексуализм) сыяктуу
намыссыздык, адамгерчиликке туура келбеген катнаштар кеңири жайылууда. Ал эми
мындай эссиздиктин келип чыгышынын эң башкы себеби - аял менен эркектердин
бири-бири менен чексиз, контролсуз түрдө кездешүүлөрү. Мына ушунун натыйжасында
батышта өмүрүн зина кылбай өткөргөн эркектер менен аялдар өтө аз кездешет.
Эркек менен
аялдын эч уялбастан бирге отуруулары, ачык сүйлөшүүлөрү жана кездешүүлөрү менен
аялдарга урмат көрсөтүүдөбүз, алардын укуктарын орундап жатабыз деп отуруп,
аларды ушундай коркунучтарга өздөрү түртүшүүдө жана аялдарды кордоп соода
товары сыяктуу колдонушууда.
Ал эми
мусулман аялдары ар-намыстуу жана уяттуу болгондуктан, күйөөлөрүнүн жанында
жана бардык жерде дагы урматтуу, кадырлуу болгондуктан күйөөлөрү аларды мындай
коркунучтуу жагдайларга жана кордуктарга жолотушпайт.
Ар адам өтө
жакшы көргөн жана баалуу нерселерин өзү үчүн коргогондугу сыяктуу мусулмандар
дагы өздөрүнө бардык нерседен кадырлуу, кымбаттуу жана урматтуу деп билген
аялдарын жана күйөөлөрүн учуп бараткан куштан дагы коргошот. Ал эми бул
махабатынын көптүгүнөн боло турган дүнүйө.
Европалыктар
мындай ахлак жана намыс сезиминен куру калышкан. Ал жакта эркектин өзүнүн аялын
же аялдын өзүнүн күйөөсүн кызгануусу өтө күлкүлүү жана акмактык деп саналат.
Мисалы, бир жерде баланча кызганчаак экен делсе тарбиясыз, акмак деп
эсептелинет. Бул - жаңылыш түшүнүк.
Тектүүлүктүн мааниси
Тектүүлүк
башка өзгөчөлүктөр менен бирге болсо гана маанилүү болот. Адамдардын баары Адам
алейхиссаламдан тарашкан. Ар жакшынын балдары жакшы, ар жамандын балдары да
жаман деген эреже жок.
Хазрети Адам
жана Хазрети Нухтун уулдарынын бири капыр болгон. Нух алейхиссалам жана Лут
алейхиссаламдын аялдары капыр болгон. Аллаху таала жамандан жакшы, жакшыдан
жаманды жаратат. Курани каримдин бир канча жеринде: "Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат”, -деп билдирилген.
(Аали-Имран сүрөсү, 27)
Ислам
аалымдары бул аятты чечмелеген кезде: "Капырдан мусулманды, мусулмандан капырды
жаратат”, - дешкен. Ошондуктан, тегинде жамандардын болуусу өзүнүн да жаман
экенин көрсөтпөйт. Баарыбыз Адам алейхиссаламдан келдик. Динибизде тектүүлүк
жагынан үстөмдүк жок. Аллахтын алдында үстөмдүк бир гана такыбаада. "Аллахтын назарында силердин эң үстөмүңөр –
такыбаалуураак болгонуңар”, - деп билдирилген. (Хужурат сүрөсү, 13)
(Такыбаалык
Аллахтан коркуп, диндин буйруктарына моюн сунуу жана тыюуларынан сактануу
дегенди билдирет.)
Жакшы мүнөз дагы тектүүлүккө жатат
Ишеничтүү
болбогон, жаңылыш бир китепте мындай деген негизсиз пикир жазылган:
"Тектүүлүксүз
берилген тарбия таасирлүү болбойт. Жезди канчалык жылтыратып сүртсөң деле үч
күндөн кийин кайра карарат. Жасалма жылтырак аз убакытка жетет. Алтынды эч
качан дат баспайт. Жылтыратып сүртпөсөң деле жылтырагын жоготпойт. Бул мисал
тектүүлүктүн канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.”
Китеп
ишеничтүү болбогондугу сыяктуу эле бул пикир Курани карим менен хадиси
шарифтерге дагы каршы.
Бир адам теги
чоң үй-бүлөдөн чыкпаса дагы жакшы мүнөздүү, диндар болсо, ал адамдын көркөм
мүнөзү менен диндарлыгы тектүүлүктөн дагы жакшыраак болуп саналат. Хадиси
шарифте мындай делген:
"Жакшы мүнөздөй тектүүлүк болбойт.”(Ибн Мажа)
"Аялды же байлыгы үчүн же сулуулугу үчүн же
болбосо диндарлыгы үчүн алат. Силер диндарын алгыла! Материалдык жана руханий
ниматтарга ээ болосуңар!” (Бухари)
Насаат аркылуу
тексиз адамды дагы тарбиялоого болот. Ошондуктан, Курани каримде: "Насаат айткыла! Насаат момундарга албетте
пайда берет”, -деп билдирилген. (Зариат сүрөсү, 55)
Тексиз адамды
тарбиялоо мүмкүн болбогондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Мүнөзүңөрдү
жакшырткыла!» -деп айтмак беле? (Ибн Лал)
Хазрети
Лукмандан мындай деп суралат:
Адеп,
тектүүлүк, мал-мүлк менен илимдин кайсы бири жогору?
Адеп
тектүүлүктөн, илим мал-мүлктөн кайырлуу.
Хазрети
Лукмандан уулу мындай деп сурайт:
- Эң жакшы
касиет эмне?
- Диндар
болуу.
- Макул, ата.
Эгер бул касиет экөө болсочу?
- Диндарлык
менен мал-мүлк ээси болуу.
- Үчөө
болсочу?
- Диндарлык,
мал-мүлк жана уяттуулук.
- Төртөө
болсочу?
- Диндарлык,
мал-мүлк ээси болуу, уяттуулук жана көркөм мүнөз.
- Бешөө
болсочу?
- Диндарлык,
мал-мүлк ээси болуу, уяттуулук, көркөм мүнөз жана жоомарттык.
- Алтоо
болсочу?
- Балам, ушул
беш мүнөз кимде бар болсо ал адам такыбаа ээси, Аллаху тааланын досу, шайтандан
узак, таза адам болуп саналат.
Ар-намыстын маанилүүлүгү
Аллаху таала
адамзат баласын тукумун улантуусу үчүн эркек менен аялдын табиятын бири-бирине
куштар кылып жараткан. Аны менен катар ошол сезимдин алдында адамдарды дүнүйөдө
оор сыноолорго салган. Бул сыноодон өткөн адам дүнүйө менен акыретте баатыр
адам. Адамдын жакшы же жаман экендиги көбүнесе ошол ар-намыс жагынан белгилүү
болот.
Аллаху таала
Курани каримдин бир нече жеринде ар-намысын сактай алган адамга чоң сыйлыктар
бере тургандыгын убада кылган. Ал эми ар-намысын сактабаган, (катынпоз) адамга
Тозок азабын билдирген. Аллаху таала арсыздарды адам өлтүргөн адамдар менен
теңеген. Момундардын сыпаттары тууралуу айткан кезде да мындай деген:
"Момундар намаздарын хушуъ (ыклас) менен окушат. Алар маанисиз, керексиз
нерселерден алыс болушат. Зекеттерин беришет. Уяттуу жерлерин сакташат.
Аманаттарын коргошот жана убадаларын аткарышат.” (Муминун сүрөсү, 1-8)
Ар-намыссыз
адам Аллахтын алдында күнөөкөр, элдин алдында урматсыз болот. Бир намыссыздын
коомдогу жакшы адамдардын алдындагы кадыр-баркы бир иттин кадыр-баркындай да
эмес. Бай жана өтө сулуу аял эгер ар-намыссыз болсо абройсуз болот. Кедей аял
намыстуу болсо ар дайым кадыр-барктуу, сый-урматка татыктуу болот.
Жер бетиндеги
көптөгөн жаңжалдар, адам өлтүрүүлөр, уруштар, кызганычтар, кыскасы, бардык
жамандыктар ар-намыссыздык, уятсыздыктын кесепет-кесиринен улам болууда.
Адамдардын көпчүлүгү уятсыздыктын жамандыктарын билип туруп өздөрүн бул жаман
жолдордон баш тарттыра албай жатышат. Ошондой кубаттуу сезимдердин алдында
булардын алдын ала турган чаралар бар. Бул – тарбия жана ахлак маселеси.
Аллахтан
корккон адам уятсыз боло албайт. Ошондуктан, перзенттерибизге Аллахтан коркууну
үйрөтүүгө аракет кылалы, бул биз үчүн эң башкы милдеттерибиздин бири болуп
саналат. Аллаху тааладан коркуу үчүн Аллахты жакшы билүү керек. Аллахты билүү
үчүн Анын улуктугун жана сыпаттарын үйрөнүүгө мажбурбуз. Аллаху тааланы такыр
унуткан коом үчүн Аллахтан коркуу деген сезимге ээ болуу оңой эмес. Аллаху
тааладан коркууда бир билим, кызмат жана кажыбас эмгек кылып, буларды үйрөнүү,
умтулуу керек. Аллахтан коркуу сезимине жөн жерден эч ким жете албайт. Диндин
буйруктары менен тыюуларын орундаган адам үчүн оңой болот.
Айрыкча чоң
шаарларда ар-намыс маселеси кооптуу багытта. Балагат жашына келген кыздардын өз
акылы, көз-карашы менен ар-намысын сактап кала алуулары чындыгында кыйын. Эгер
балагат жашындагы кыз бираз сулуу болсо, адамдын оюна, кыялына келбей турган
коркунучтар менен курчалган деген сөз. Бул коркунуч окуу жайларында, жолдо,
автобуста, коңшулардын арасында, жада калса, үйдүн ичинде, телефондо,
интернетте, кайда барса да ээрчип артынан калбайт.
Кыздарыбыз
коркунучтардын каршысында алсыз макулук сыңары ахлаксыз, ниети бузук адамдардын
колунда оюнчук болбошу керек. Мындай заманда туш келди адамдын туш келди жерде
ага зыяны тийиши мүмкүн. Тийсе да анын акчасына эмес ар-намысына, аброюна
тийет. Акчага зыян тийсе анын ордун калыбына келтирүүгө болот. Ал эми руханий
дүнүйөгө тийген зыяндын орду калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ахлаксыз, ниети
бузук адамдардын арасында жаш кыз үчүн аброюн сактап жашоосу өтө кыйын.
Ар-намыстуу кыз башка кыздар сыяктуу жүрүүгө кызыкпашы керек. Бул - кооптуу
тажрыйба. Негизи андай жүрүү менен курулган үй-бүлөлөр көбүнесе бактылуу боло
алышпайт.
Ар-намысын
сактоо үчүн жаштарды өз убагында үйлөндүрүү керек. Ар-намыска зыян келтире
турган жерлерге жолобоо зарыл. Жаштык кезде ойноп-күлүп, жүрүп калуу керек деп
жасалган ар түрдүү кызыктыруучу нерселер - жаш кызды колго түшүрүүнүн
бирден-бир тузагы. Мунун тузак экенине ишенбеген кыздар кандайдыр бир кезде
ошол тузакка түшөт. Ошондо гана эсин жыйууга үлгүрөт. Бирок, анда кезде болор иш болгон болот. Тузактын
тартымдуу көрүнүшүнө алданган кыздар эркектердин колуна түшкөндө заматта
оюнчукка айланышат. Өзүнө ишенген кыз да алардын жанында акырына чейин албайт.
Сымбаттуу жигиттин алдамчы, жылмайган жүзүнүн каршысында жеңилүүсү мүмкүн.
Тузакка түшкөнүн байкабай да калат. Андай тузактан кутулган адам өтө аз же
такыр жок. Ал эми негизи ошол тузак делген кызыктыруучу жерлерге барбай койгон
- андан да жеңилирээк иш. "Көздөн ыраак
болгон көңүлдөн да ыраак болот” деген сөз бар. Андай жерлерге барбаган кыздар
андай жерлердин коркунучтарынан дагы сактанган болот. Эгер бара турган болсо
мындай коркунучтан кутулуусу кыйын болот.
Ар-намыс – жаш
кыздын же аялдын баа жеткис асыл ташы. Бул асыл ташка кол тийгизүү үчүн Аллаху
тааладан коркпогон эркектер бардык шайтаний иштерди жасашат. Колго түшүргөн соң
максатына жетет. Анан асыл таштын куну кетип, жөнөкөй ташка айланып, көчөгө ыргытылат.
Бул жерде эркекар-намыстын уурусу, ал эми аял кунун жоготкон, асыл ташын
уурдаткан бактысыз жанга айланат.
Расулуллах
адлейхиссалам мындай деген:
"Кыздын теңин тапкандадароо үйлөндүргүлө!”(Тирмизи)
Белгилүү болуп
тургандай, аялды, кызды теңине берүү керек. Теңи дегенибиз эркектин тегинде,
байлыгында, дин амалдарында жана сапатында кыздын теңи болуу деген сөз.
Болбосо, бай болуусу, айлыгынын көп болуусу, дипломдуу болуусу же белгилүү бир
элдин жараны болуусу дегендик эмес. Теңи- эркектин салих мусулман болуусу,
намазын окуусу, ичкилик ичпөөсү, б.а., Ислам динине моюн сунуусу жана нафакасын
(турган үйү (аренда), кийим-кече, тамагын ж.б.) камсыз кыла ала тургандай
жумушу болуусу деген сөз. Тактап айтканда, бир үй-бүлөнү күтө ала турган эркек
менен турмуш куруу керек. Эркектин бир гана бай болгонун, үйлүү болгонун каалай
тургандар кыздарын кырсыкка түрткөн, Тозокко ыргыткан болот. Кыз баланын дагы
намаз окуусу, башы, колу, балтыры ачык түрдө көчөгө чыкпоосу керек.
Өз ордун билүү
Суроо: Адеп деген эмне?
Жооп: Адеп адамдын кайсы жерде болбосун
өзүн кармай билүүсү, чектен ашып кетпөөсү дегенди билдирет. Үй-бүлөдө, жумушта,
коомдо бардык жердин бир чеги, эрежеси бар. Бардык кыйынчылыктар менен
адамдардын арасындагы пикир келишпестиктер негизи чектен ашып кетүүдөн келип
чыгат. Ар бир адам өзүнүн чегин (ордун) билип, чектен чыгып кетпесе, мисалы,
бир үйдүн аялы менен күйөөсү да чегинен ашып кетпей, ошого ылайык кыймылдашса
ал үй Бейиштей үй болот. Бейиштей болгон үйдөн акыретке көчкөндөр дагы албетте
Бейишке барышат. Ар бир маселеде динибиздин буйруктарына моюн сунуп, ага ылайык
аракет кылган адам, чегин билип, чегинен ашпаган болот. Андай жагдайда ызы-чуу,
пикир келишпестик, түшүнбөстүктөр да болбойт. Дүнүйө гүл бакчасына айланат.
Бардык нерсенин чегин динибиз билдирген.
Бирөөгө аң казсан өзүң түшөсүң
Суроо: Бир таанышым дос баламдын аялын
алып качып кетип үйлөндү. Диний жактан бул туурабы?
Жооп: Үч жагынан туура эмес:
1) Башка
бирөөнүн аялын туура жолдон адаштыруу чоң күнөө. Хадиси шарифте мындай деп
билдирилген: "Бирөөнүн аялын туура
жолдон адаштырган адам бизден эмес.” (Абу Давуд)
2) Күйөөсү ал
аялдан ажырашпастан (талак бербестен) эч ким ага үйлөнө албайт. Жасаган иши
зина болот.
3) Күйөөсү аялынын ала качылганын, турмуш
курганын угуп, ошол кезде ажырашса да иддат убагын күтпөй туруп эч үйлөнүүгө
болбойт. Үйлөнө турган болсо зина болот.
Бирөө башка
бирөөнүн аялын туура жолдон адаштырса башка бирөө да анын аялын туура жолдон
адаштыруусу мүмкүн. "Бирөөгө аң казсаң ага өзүң түшөсүң”, - деп бекеринен
айтылган эмес. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:
"Силер ар-намыстуу болсоңор, аялдарыңар
дагы ар-намыстуу болот.” (Хаким)
Күйөөсүнө
кыянат кылып, башкага качып турмуш курган аял барган күйөөсүнө да кыянат кылышы
ыктымал. Ошол эркекке эмне үчүн качып барды? Же байлыгы үчүн, же сулуулугу
үчүн, же жаш көрүнгөндүгү үчүн качты. Кандай себеп болсо да, андан да бай,
андан да сулуу, андан да жаш жигитти тапканда, андан да качып кетпей
тургандыгына ким кепилдик бере алат? Аллахтан коркпой турган адам бардык
нерсени жасашы мүмкүн.