Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Сүйүшкөндөр күнү




Сүйүшкөндөр күнү


Суроо: "Валентин күнү” деп аталган сүйүшкөндөр күнүн майрамдоонун жана белек алып-беришүүнүн дин жагынан зыяны барбы?

Жооп: "Аялдар күнү” жана "Балдар күнү” сыяктуу адат (салт) болуп саналат. Бирок, бүгүнкү күндө сүйүшкөндөр делип никесиз сүйүү тууралуу айтылууда. Бул болсо эч качан жаиз эмес, харам болгон нерсени майрамдоого болбойт. Калктын адатында (салтта) бар болгон нерсе жаиз, бирок, динге каршы болгон салтты майрамдоого болбойт. Б.а., динибизде никесиз байланышка тыюу салынган. Төмөндөгү христиандардын аңгемеси чын болсо сүйүшкөндөр күнүн куттуктоо бир поптун жаштарды табыштыруусун майрамдоо жана бир поптун өлүмүн эскерүүгө окшоодо. Жада калса, майрам деп жарыялангандыгына караганда христиандардын диний майрамдарын майрамдоо ыйман, дин жагынан ого бетер кооптуу.

 

Сайнт (ыйык) Валентин (сүйүшкөндөр) күнүнүн чыгуу тарыхы

Зулумдугу менен таанымал болгон Рим Императору II-чи Клаудиус чоң аскер жыйноону көздөйт. (Милади 200-ж) Император аскерге кошулган эркектердин үй-бүлөлөрүн жана сүйүктүүлөрүн ойлоп согуша албай калат деп ишенет. Ушул себептен улам жаштардын үйлөнүүлөрүнө тыйуу салат. Ошол доордо императорго каршы чыккан жаштардын башын кошкон Валентин аттуу поп ашыктардын эң жакын досу деп атанат. Муну уккан император Валентинди түрмөгө каматат. Түрмө күзөтчүсүнүн сокур кызынын сакайуусуна себепчи болгон Валентиндин аты Императордун кулагына жетет. Ошентип, 14-февралда поп өлтүрүлөт. (Милади 270-ж.)

Өлгөн күнү күзөтчүнүн сокур кызына жазган бир барак кагазы табылат. Ал кагазда Валентин ашыктардын ортосундагы махабат, кумарлык тууралуу сөз кылган болот. Ошол күндөн баштап 14-февраль Сайнт (ыйык) Валентинди эскерүү үчүн бири-бирине ынтызар болгон сүйүшкөндөр тарабынан майрамдалып келет.

Христиандык поп Валентин жаштар менен кошо кичине балдар тарабынан да сүйүүгө бөлөнөт. Бир шылтоо менен туткундалат. Туткунда жаткан мезгил боюнча гүл букеттери менен кошо жазган каттарын күн сайын түрмөнүн темирлерине илип кетип турушат. 14-февралда Валентинди өлүм жазасына кесет. Өлгөндөн кийин жыл сайын 14-февраль күнү адамдардын сүйгөндөрүнө гүл букетин, шоколад жана ашыктык сезимин билдире турган каттарын алып баруу адатка, салтка айланат.

Ар кайсы мамлекеттерден чыккан тарыхчылар 14-февралдын бир гана сүйүшкөндөргө таандык болуусуна каршы болушкан. Алар бешинчи кылымда жашап өткөн Ыйык Валентин аттуу поптун бул күндү майрам күнү деп жарыялап кеткенин айтышууда.

«Валентин христиандык ишениминде Римдик күнөөсүз, ыйык (святой) болуп эсептелет. Милади 269-жылы өлтүрүлгөн деп саналууда. Ашыктардын ыйыгы деп да билинет. Жыл сайын 14-февралда эскерилет. Убакыт өткөн сайын бул күн «сүйүшкөндөр күнү” деп аталып кеткен.” (Oxford Dictionary of English)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш