Суроо: Аялдардын кантип оронуулары
керек экендиги динибизде ачык билдирилгендигине карабай эмне себептен алиге
чейин бул тууралуу талаш-тартыштар болууда? Оронууну жокко чыгарып, моюндабаган
адам динден чыккан болбойбу?
Жооп: Динибизде аялдардын оронуулары,
б.а., бети менен колунан башка бардык мүчөлөрүн жабуулары керектиги анык, ачык
түрдө билдирилген. Аялдардын оронууларына байланыштуу түшкөн аяттарды
Пайгамбарыбыз түшүндүрүп берген, аалымдар болсо аны бизге билдиришкен. Бул
маселедеги талаш-тартыштар атайылап жаман максатта жасалууда.
Курани каримде
жалпы бардык нерсе кыскача түрдө билдирилген. Аларды Пайгамбарыбыз кеңири түрдө
түшүндүрүп берген жана ошондон бери анын өкүмдөрү жүрө баштаган.
Курани
каримдин "Исра” сүрөсүнүн 23-аятында: "Эне-атаңа "уф-ф” дебе!” - деп айтылган.
Эгер бир адам эне-атасына "уф-ф” деп айтпаса, бирок, таяк менен ургуласа, "Мен
"уф-ф” деген жокмун, Курандын буйругуна моюн сундум” десе, ал адам Куранга моюн
сунган болуп эсептелеби?.. Хазрети Байдавинин тафсиринде бул аяттын мазмунунда:
"Эне-атаңарды таарынтпагыла, жада калса, аларга "уф-ф” деп дагы айтпагыла!”-
деп түшүндүрүлөт.
Ошондуктан,
Курандагы бир аяттын өкүмүн үйрөнүү үчүн Курандын котормосун окуу чоң
жаңылыштык болуп саналат. Ар ким өз алдынча Курандан өкүм чыгара алганда
хадистердин кереги болмок эмес.
Мисалы,
уурулук кылуу - кылмыш. Сот уурулуктун жазасын кылмыш кодексин карабай туруп,
бир гана конституция боюнча бере албайт. Себеби, уурулукка бериле турган жаза
конституцияда анык көрсөтүлгөн эмес. Көптөгөн өкүмдөр конституциянын тармактары
болгон мыйзамдар менен аныкталат.
Ошол сыяктуу
туш келди адам динибиздин өкүмдөрүн түздөн-түз Курани каримден түшүнө албайт.
Анткени, Курани каримди Пайгамбарыбыз хадиси шарифтери менен чечмелеп
түшүндүрүп берген. Ал эми хадистерди түшүнүүнүн өзү эле чоң илимди талап кылат.
Тактап айтканда, хадистерди дагы ислам аалымдары чечмелеп түшүндүрүп беришкен.
Ошондуктан, эч кимге да түздөн-түз Курани каримдин котормосун окууга кеңеш
бербейбиз. Бир окурман: "Курани каримдин котормосун окуйм деп таптакыр динсиз
болдум”, - деп өкүнүчүн билдирген болчу.
Медициналык
китептерден окуп дары жасоо же ооруга диагноз коюу жаңылыш нерсе. Ал эми Курани
каримдин котормосунан өкүм чыгаруу андан да чоң жаңылыштык. Себеби, жаңылыш
дарыны колдонгон адамдын өлүшү ыктымал. Ал эми жаңылыш өкүм чыгарган адам
болсоыйманынан айрылып, түбөлүк азапка дуушар болушу мүкүн. Хадиси шарифте
мындай деп айтылган:
"Курани каримди жеке көз карашы менен, жеке
ой-пикири менен чечмелеген адам туура тапса дагы сөзсүз катага түшөт.”(Насаи)
"Курани каримди жеке ой-пикири менен тафсир
кылган адам капыр болот.” (Мактубати Раббани)
Курани каримде
мындай деп билдирилет:
"Момун аялдарга айт: (Чоочун эркектерди
кароодон) сактанышсын, намыстарын
коргошсун, (кол, жүз сыяктуу) көрүнгөн
бөлүктөн тышкары зыйнаттарын (Чач жана моюнга тагылчу кооздук зыйнат тагылган
жерлерди) көрсөтүшпөсүн, жоолуктарын жакаларына чейин (чач, кулак жана
тагылчу кооздук буюмдарын) жабышсын.”(Нур сүрөсү, 31)
Бул аяти
каримадан аялдардын жоолуктарын бир гана жакасын жаба тургандыгы, баш жана
денесинин калган жерлерин жабуунун керек эместиги түшүнүлүшү мүмкүн. Көздү
эмнеден сактайт, намысын кантип коргойт, зыйнаттан максат эмне! Кына, сүрмө
боёкпу, алтын күмүш сыяктуу зыйнаттарбы? Бул маселелер хадиси шариф менен
билдирилген. "Ахзаб” сүрөсүнүн 59-аятында: "Эй,
Пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына (тышка
чыгарда) жилбабдарын (тыш
кийимдерин) кийүүлөрүн айт! Бул алардын
таанылып, кыйналбоолору үчүн өтө жеңил.”
Бул котормону
карап "Аял таанылып, кыйналбоосу үчүн тыш кийим кийет. Таанылып, кыйналбаса
жылаңач басып жүрө алат” дегендер дагы чыккан. Ошондуктан, бул аяттардан жеке
түшүнгөнүбүздү эмес Расулуллах алейхиссаламдын кандайча түшүндүргөндүгүн кароо
керек. Хадиси шарифте айтылды:
"Аялдын (жүз жана эки колунун алакан
бөлүгүнөн башка) бардык денеси аврат болуп
саналат.” (Мажмаул-анхур жана Эл-мугни)
Бул хадисте
аялдын оронуусу, б.а., жүзү менен эки колунан башка мүчөлөрүнүн жабык болууга
тийиш экендиги ачыкча билдирилүүдө. Курани каримдин 17 жеринде Пайгамбарыбызга:"Аларга "Мага моюн сунгула” деп айт”,- деп буюрулууда. Аллаху тааланын Пайгамбарына моюн сунуп, Ал билдиргендей
оронуу керек!
Хазрети Эсма
жука кийим менен келгенде Расулуллах аны (балдызын) карабады. Касиеттүү жүзүн
буруп: "Эй, Асма, бир кыз намаз
окуй турган жашка келгенде жүз жана колдорунан сырткары денесин эркектерге
көрсөтүүгө болбойт,” – деп буюрду. (Абу Давуд)
Хазрети Айша
энебиз: "Алгачкы мухажир аялдарга Аллах рахмет кылсын! Тасаттур (оронуу) аяты
түшкөндө дароо чүпөрөктөрүн жыртып, баштарын жабышты,” – деген. (Бухари, Насаи)
Аял – аврат
болуп саналат, оронуусу, эки колунан жана жүзүнөн башка бардык жерин жабуусу -
фарз. Аяти каримани жеке көз карашы менен тафсир кылып, бул фарзга каршы чыгуу
- куфур.
Аял көчөгө
жамынбай, ачык чыга турган болсо капыр болбойт, күнөөкөр болот. Бирок, жамынуунун
кереги жок деп айта турган болсо, б.а., жамынуу керек экендигине ишенбесе
Исламга ишенбеген болот. Күнөө менен куфур эки түрдүү нерсе.
Суроо: Жалпы мусулман аялдардын кийинүү
формасы кандай болушу керек (мисалы: кийимдин түсү, көлөмү ж.б.у.с.)?
Жооп: Расулуллах алейхиссаламдын
адаттарга байланыштуу сүннөттөрүнө моюн сунуу дагы өтө чоң мартаба жана сооп.
Бирок, аны орундабаса күнөө болбойт, жада калса, макрух да эмес. Мисалы,
Пайгамбарыбыз төөгө мине турган. Төөгө минбөө күнөө же макрух эмес. Араптардагы
адат боюнча кызыл ашыктарына чейин жеткен узун көйнөк (антари) кийе турган.
(Ибн Асакир)
Диний
китептердеги берилген өкүмдөрдө мындай деп айтылат: "Аялдардын дене мүчөлөрүн
билгизбей турган (тар эмес) каалаган кийимди кийүүлөрү - фарз. Ислам дини
оронууну, эки колу менен жүзүнөн башка бардык жерин жаап жүрүүнү) буйрук
кылган, бирок, белгилүү бир кийим түрүн билдирген эмес.” (Дурарул-мултакита)
"Жабуу
(көргөзбөө) керек болгон дене мүчөлөрдү жаба тургандай жана дене мүчөлөрүн
билгизбей тургандай болуу шарты менен аялдар жашаган жеринин каада-салттарына
ылайык кийинишет. Анткени, кийим сыяктуу мубахтарда жашаган жердин адатына моюн
сунбоо тахриман макрух болот. Зарылчылык (мажбур) болмоюнча харамдарда эч бир
жердин адатына моюн сунууга болбойт”. (Хадика)