Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Хурмат-и мусахара деген эмне




Хурмат-и мусахара деген эмне


Суроо: Хурмат-т мусахара деген эмне жана мунун натыйжасында эмне болот?

ЖООП

Кайсыдыр бир аял менен зина кылуу же ал аялдын кайсы жерин болсо да шахват менен кармоо, унутуп же жаңылып болсо да кармаса ханафи жана ханбали мазхабында Хурмат-и мусахарага себеп болот. Тактап айтканда, ал аялдын тек жагынан жана сүт жагынан болгон энеси жана кыздары менен ал эркектин үйлөнүүсү, кыздын дагы эркектин уулу жана атасы менен үйлөнүүсү түбөлүк харам болот.

Шахват менен кармоо

Суроо: Хурмат-и мусахара бир гана шахват менен кармаса пайда болобу?

ЖООП

Ооба, эркек же кыз же аял шахват менен кармашса хурмат-и мусахара болот. Бул жана буга окшош себептерден улам жаш кыздар жана аялдар өздөрүнө ишенип турса дагы чоочун эркектерди кармоолору (кол алышуулары да) жаиз эмес. Себеби, эгер шахват менен кармаса хурмат-и мусахара пайда болот. Кыздын жана карыялардын шахваты көңүлүнүн ошол эркекке ийилүүсү болуп саналат. Шахватка себеп болбой турган даражада кары аял менен кол алышуу, колун өбүү өзүнө ишенген кишиге жаиз болгону менен кылбаган жакшыраак.

Сүйлөшүү менен же астынан башка жерин шахваттанып кароо менен хурмат-и мусахара пайда болбойт.

Хурмат-и мусахаранын пайда болуусу үчүн эки тараптын тең балагатка жеткен болуусу шарт эмес. Балагатка жетпеген, бирок, чоңдордой көзгө көрүнөрлүк жетилген болсо балагат сыяктуу болот.

Суроо: Кийиминин үстүнөн кармаса хурмат-и мусахара болобу?

ЖООП

Теринин түсү жана ысыктыгы билингендей даражада ичке болбогон кийимге тийгенде болбойт.

Шафии мазхабын таклид

Суроо: Хурмат-и мусахара себеби менен жаңыдан Шафии мазхабына карай никеленген киши бул мазхабга өтөбү же нике жана талакта таклид кылабы?

ЖООП

Бир гана нике жана талакта жетиштүү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш