Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Эне-атаны укпастан үйлөнүү




Эне-атаны укпастан үйлөнүү


Суроо: Бир кыздын салих эне-атасын укпастан сүйгөн бири менен үйлөнүүсү жаизби? Эне-атанын баласынын үстүндө кандай акысы бар?

ЖООП

Имам Насафи хазреттери мындай деген:

Эне-атанын баласынын үстүндө сексен чакты акысы бар. Булардын бир канчасы мындай: Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: «Эне-атасын кызматтары менен ыраазы кылган адам Аллаху тааланы ыраазы кылган болот, аларды ачууланткан адам Аллаху тааланы ачууланткан болот.» [Ибни Нажжар]

Хасан Басри хазреттери Каабаны таваф кылып жатып үстүндө жүк көтөргөн бир кишини көрүп мындай деди:

-Эмне үчүн жүк менен таваф кылып жатасың?

-Бул жүк эмес, өз атам. Муну Шамдан жети жолу алып келип таваф кылдым. Себеби, мага динимди, ыйманымды үйрөттү. Мени Ислам ахлагы менен өстүрдү.

-Кыяматка чейин ушинтип жонуңда көтөрсөң бир жолу жүрөгүн оорутуу менен бул кылган кызматың текке кетет. Бир жолу көңүлүн алсаң ушунчалык кызматка тете болот.

«Йа, Расулаллах, энем мушрик. Ага кызмат кылуум жаизби?» - деп сураган адамга: «Ооба, энеңе жакшылык жана ихсан кыл!» - деп буюрулду. (Абу Давуд)

Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулду:

«Эң пазилеттүү амал убактысында окулган намаздан кийин эне-атага жакшылык.» [Муслим]

«Эне-атага ихсан бетбактыкты бакытка айлантат, өмүрдү узартат жана адамды жаман өлүмдөн коргойт.» [Абу Нуайм]

Андай болсо эне-ата заалым болуп, баласына зулумдук кылышса да, күнөө кылууну буйрук кылышса да баары бир аларды капа кылбоого, таарынтпоого аракет кылуу керек! Аларды таарынта турчу сөз жана кыймыл аракет жаиз болбойт.

Эне-ата жаман болсо да баары бир аларга жакшы мамиледе болуу керек! Аларды зыярат кылууну таштап коюу чоң күнөө. Эч болбосо салам жолдоп, жылуу сөздөр менен кат жазып, телефон чалып, бул күнөөдөн кутулуу керек! Атасына каршы чыккан адам баласынан жакшылык көрө албайт, муратына жете албайт, үй-бүлөсү менен тил табыша албайт, үйүнүн даамы бузулат. (Шира)

Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Эне-атасынын ыраазылыгын алган момунга Жаннаттан эки эшик, капа кылганга болсо Жаханнамдан эки эшик ачылат.» [Байхаки]

«Эне-атасын ыраазы кылган момун эмне кылса кылсын Жаханнамга кирбейт, капа кылган болсо Жаннатка кирбейт.» [Шира]

Жихад үчүн уруксат сураган бирөөнө Пайгамбарыбыз алейхиссалам эне-атасынын көздөрү тирүү экендигин билгенде: «Бул жерде кал, аларга кызмат кыл, аларга кызмат - жихад», - деп буюрду. (Бухари)

Жихадга баруу үчүн келген башка бирөөнө болсо мындай деп буюрду:

«Энеңдин жанынан чыкпа! Жаннат анын таманы астында.» [Насаи]

Дагы бирөө хижрат кылуу үчүн келип: «Йа, Расулаллах, эне-атамды ыйлатып келдим», - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бул жагдайга капаланып мындай деп буюрду: «Дароо бар, аларды ыйлаткан болсоң эми күлдүр!» [Абу Давуд]

Хак таала мындай деп буюрду:

«Биз адамга эне-атасына жакшылык кылуусун сунуштадык.» [Ахкаф 15]

Хасан Басри хазреттери мындай деген:

«Аалым болгон бир баланын эне-атасы капыр болсо, кудуктан суу тартуулары үчүн ага муктаж болушса, ал болсо бир канча чака суу тартып чыккандан кийин өфф десе, бул себеп менен бүткүл амалдарынын сооптору жок болот.»

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Эне менен баланын ортосун ачкан адамга лаанат болсун», - деп буюрган. (Гунйа)

Эмне кылып болсо да алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: «Раббинин ыраазылыгы эне-атанын ыраазылыгында, ачуусу болсо эне-атанын ачуусунда.» [Бухари]

Капалантуудан абдан коркуу керек. Исра сүрөсүнүн 23.аяти каримасында эне-атага жакшы мамиле кылуу, аларга жумшак жана таттуу сүйлөө буюрулууда.

Салих эне-атанын ыраазылыгын албастан аларды капалантуу менен үйлөнүүнүн кооптуулугун бул аят жана хадиси шарифтерден жакшы түшүнүү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш