Уйку адеби


Суроо: Уйку адеби эмнелер?

ЖООП

Күнүбүздүн болжолдуу үчтө бири уйку менен өтүүдө. Гафилдик менен өтпөөсү үчүн уйкуну да пайдалуу колдонуу керек. Момундун ар кыймыл аракети максаттуу болуусу керек. Гафилдик менен жатып, гафилдик менен турбоо керек! Туш келди төшөккө кирип уктоо туура эмес.

1-Төшөккө даарат менен жатуу керек! Хадиси шарифте мындай делген:

«Даараттуу жаткан адамдын руху Аршка көтөрүлөт жана көргөн түштөрү туура болот. Дааратсыз жаткан адамдын руху көтөрүлбөйт, көргөн түштөрү аралаш болот, туура чыкпайт.» [И. Газали]

«Дааратсыз жаткан адам түнү ибадат кылган жана күндүз орозо кармаган адам сыяктуу сооп табат.»[Хаким]

2-Мисвактанып, оң тарабы менен кыбылага карап жатуу сүннөт. Уйку ибадаттарды кубаттуу жана бекем орундоо ниети менен болсо ибадат болот. Хадиси шарифте мындай делген:

«Аалымдын уйкусу ибадат.» [И. Газали]

3-Карыздары жана маанилүү иштери бар болгон адам осуятын жазбастан жатпоосу керек! Себеби, таңга жете тургандыгын эч ким билбейт. Эгер осуятсыз өлсө Кыяматка чейин сүйлөй албайт. Өлүүлөр аны зыярат кылып, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылышат, бирок, ал жооп бере албайт. Ошондо: «Бул мискин осуятсыз өлүптүр», - дешет. Осуят катары эгер бар болсо кул карыздарын, намаз жана орозо казалары сыяктуу Хак карыздарын жазып, өлүмүнөн кийин эмне кылынуусун тилеген болсо билдирүүсү керек!

4-Күнөөлөргө тообо кылып уктоо керек! Баарына жакшылык кыла тургандыгына, ойгонгондо эч кимге жамандык кылбай тургандыгына ниет кылып жатуу керек! Хадиси шарифте мындай деп буюрулган!

«Эч кимге зулумдук жана кек сезимин сактабастан жаткан адамдын күнөөлөрү кечирилет.» [И.Абиддунйа]

5-Жатарда түнү ибадатка турууга ниет кылуу керек! Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

«Түнү ибадат кылуу ниети менен жаткан, бирок, уйку басып таңга чейин ойгоно албаган адам ниети себеби менен түнү ибадат кылган сыяктуу соопко жетет. Уйкусу болсо өзүнө Аллаху таала ихсан кылган бир садака болот.» [Ибни Мажа]

6-Абдан уйку келмейин жатпоо керек! Баалуу өмүрдү уйку менен өткөрбөө керек! Зарыл болгончолук уктоо керек!

7-Жатарда Аятал курси, үч Ихлас жана бир Фатиха, эки Кулаузуну окуу керек! Салават-ы шарифа келтирүү керек! Аманаррасулуну куптандан кийин окууну адат кылуу керек! Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

«Түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуган адамга бул эки аят бардык нерсе үчүн жетиштүү.»[Муслим]

8-Уйкунун бир түр өлүм, ойгонуунун болсо тирилүү экендигин ойлоо керек! Хазрети Локман уулуна: «Уулум, өлүмдөн шек санасаң уктаба! Уктоого мажбур болгонуңдай эле өлүүгө да мажбурсуң. Эгер тирилүүдөн шек санасаң уйкудан ойгонбо! Уйкудан ойгонгондугун сыяктуу өлгөндөн кийин да тирилесиң», - деген.

9-Жатарда эртеңки кайырлуу иштерди кыла алуу үчүн демалууга, багымдат намазына турууга жана эртеси күнү кайырлуу иштерди кылууга ниет кылуу керек! Ушундайча ниет кылган адамдын уйкусу ибадат болот. Түнү ойгонгондо дуба кылууну адат кылып алуу керек! Хадиси шарифте мындай делген:

«Уйкудан ойгонгондо «Аллахуммагфирли» десе дубасы кабыл болот.» [И.Абиддунйа]

10-Али багымдат намазынын убактысы кире электе, тагыраагы сахурда турууга аракет кылуу керек. Сахур маалы туруу береке. Өзгөчө багымдат намазынын убактысы киргенден кийин күн чыкканга чейин уктоо ырыскы жагынан да зыяндуу. Хадиси шарифте мындай делген:

«Таңкы уйку ырыскыга кедерги.» [Байхаки]

Ибни Аббас хазреттери багымдат убактысында уулун уктап жаткан абалда көргөндө мындай деди:

«Уулум, ырыскылар таратылып жаткан маалда уктоого болобу? Бул саатта уктоо жалкоолук белгиси, унутчаактыкка себеп болот.» [Шира]

Жатарда

Хадиси шарифте мындай делген:

«Жатарда Фатиха жана Ихласты окуган адам өлүмдөн башка бардык нерседен аман болот.» [Баззар]

«Жатарда Кафирун сүрөсүн окуган адам ширктен бери болот.» [Тирмизи]

«Жатарда Мүлк [Табарака] сүрөсүн окубастан жатпа! Себеби, өлсөң кабырда сага жолдош болот.» [Эй балам илмихалы]

Ток карын уктоо

Мүмкүн болушунча тамакты жатарда жебөө керек! Хадиси шарифте мындай делген:

«Ток карын уктоо жүрөктү катуулатат.» [Табарани]

Желген тамактарды намаз окуу менен же адал табыш жолдорунда ээритүүгө аракет кылуу керек!

Көмкөрөсүнөн уктоо

Пайгамбарыбыз алейхиссалам көмкөрөсүнөн жаткан бирөөнө: «Тур, бул жатыш Жаханнам элинин жатышы», - деп буюрду. Көмкөрөсүнөн жана жамынбастан жаткан бирөөнө: «Бул Аллаху тааланын эч жактырбаган жатуу шекили», - деп буюрду.

Байпак менен жатуу

Суроо: «Байпак менен жатуу жаиз эмес», - делүүдө. Жаиз болсо далили эмне?

ЖООП

Байпак менен жатуунун дин жагынан эч бир зыяны жок. Жаиз болгон, мубах болгон нерселердин далили болбойт. Харам болгон, макрух болгон, тыюу салынган нерселердин далили болот. Банан жеш жаизби деп суралса, жаиз деп жооп берилсе далил изделбейт. Харам делсе далилин көрсөтүү керек.

Суроо: «Чалкалап жатуу пайгамбарлардын адаты», - делүүдө. Бул туурабы?

ЖООП

Чалкалап жатуу биздин динибизде макрух.

Даарат менен жатуу керек

Суроо: Бир адам кысылып турганда төшөккө даараттуу кирсе, дароо туруп муктаждыгын кетиргенден кийин жатса даараттуу жаткан болобу? Түнү туалетке турганда даараттуу жатуусуна зыяны болобу?

ЖООП

Төшөккө даараттуу кирүү жетиштүү. Түнү ойгонуп туалетке кирүүсүнүн даараттуу жатуусуна зыяны болбойт. Таңга чейин даараттуу жаткан болот. Даараттуу жатууну көнүмүш адат кылуу керек. Бир нече хадиси шариф:

«Даараттуу жаткан адам уйкудагы кезде күндүз саим, түнү каим сыяктуу соопко жетет.» [Дайлами] (Саим – орозолуу, каим – түнү туруп ибадат кылган адам.)

«Даараттуу жаткан адамга ал түнү бир периште таңга чейин «Йа, Рабби, бул кулуңду кечир!» - деп дуба кылат.» [Хаким] (Периштенин дубасы кабыл болот.)

«Даараттуу жатып, Аллаху тааланы эстеп уктаган адам ойгонгонго чейин намазда да эсептелет. Бир периште ал үчүн ибадат кылат. Ойгонгондо дагы Аллаху тааланы эскерсе ал периште бул кулдун кечирилүүсү үчүн Аллахка дуба кылат.» [Ибни Хиббан]

«Даараттуу жаткан адам ал түнү өлсө шейит болуп өлөт.» [Ибни Сүнни]

Намазга туруу ниети менен уктаган адамдын уйкусу да ибадат болот. Уктап жаткан болсо да таңга чейин ибадат кылуунун сообуна жетет. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш