Аборт


Суроо: Бойго бала бүтүп калбоосу үчүн алдын алуу, мисалы, презерватив колдонуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Суроо: Аял боюна бүтпөөсү үчүн спирал колдонсо жаизби?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Эркек киши аялы ыраазы болбосо да бала болбоосу үчүн алдын ала алабы же аялын буга мажбурлай алабы?

ЖООП

Жок.

Суроо: Аборттун медицинадагы жана диндеги орду кандай?

ЖООП

Медицина адистери мындай дешет;

«Аборттук рисктери бала чоңойгон сайын көбөйөт. Өзгөчө чоңойгон бала аборт кылынган учурда көп каноо болушу мүмкүн. Эгер каноо токтолула албаса коркунуч туулат. Ошондуктан, аборт алгачкы айларда кылынуусу керек. Аборттун мыйзамдык чеги 10 апта, тагыраагы 2,5 ай. Мындан кийин аборт кылдыруу иллегалдуу. Андай болсо аборт үчүн кечикпей, 2,5 айды ашпоого аракет кылуу керек. Аборт мүмкүнчүлүгүнө жетпеген жүздөгөн аялдар саламаттыктан сырткары методдор менен өз өзүнө боюнан түшүрүүдө пайда болгон оор илдет менен өмүрү кыйылып жаткандыгы ачуу чындык. Ошондуктан, аборт легалдуу жолдор менен кылынуусу керек. Мыйзамдарга карай 18 жаштан чоң жана үйлөнгөн аялдар өз ыраазылыгы жана күйөөлөрүнүн ыраазылыгы менен аборт кылдыра алышат. Расмий никелүү болбогон аялдарда күйөө ыраазылы изделбейт. 18 жаштан кичинелер болсо бир гана камкорчусунун же василеринин тастыктоосу менен аборт кылдыра алышат».

Динибизде болсо үзүр себепсиз бала алдыруу харам, тыюу салынган. Өзгөчө кедейликтен коркуп курсагындагы баланы өлтүрүү, акысыз түрдө жан кыйуу, тагыраагы адам өлтүрүү болуу менен бирге бала акысын тааныбастык, чоң күнөө болуп саналат. Эненин же сүт эмген экинчи бир баланын өлүмүнө себеп болгон бир үзүр себеп бар болсо, дене мүчөлөрү пайда боло электе бала алдыруу жаиз болот. Кутуб-и ситтадагы «Адам эне курсагында нутфа (суюктук) катары 40, алека (уюган кан) катары 40, эт бөлүгү катары 40 күн калат. Мындан кийин рух берилет» деген маанидеги хадиси шарифти да негиз кылган аалымдар бир үзүрдөн улам 1 айдан 4 айга чейин абортко уруксат беришкен. (Радд-ул Мухтар)

Башка себеп болбосо да Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо коркуусу үзүр себеп болот. Тагыраагы, Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо ниети менен төрт айдан мурда бала алдыруу жаиз болот. (С. Абадиййа)

Бала алдыруу

Суроо: С.Абадиййакитебинде төрт айлык болбогон баланы дин билимин бере албоо, Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо коркуусу менен алдыруунун жаиз болгондугу билдирилсе, Ислам Ахлагы китебинде Фатава-йы Хиндиййа китебинен накыл кылынып, бир шарт билдирилбестен төрт айдан мурда алдыруунун жаиз болгондугу билдирилүүдө. Бул эки түшүндүрүүнүн арасында кайчылаштык жокпу?

ЖООП

Жок, кайчылаштык жок. Ислам Ахлагында: «Төрт айлык баласын алдырган аял жазаландырылат. Андан мурда алдыруусу жаиз», - делүүдө. Хиндиййага карай турган болсок маселе дагы жеңил түшүнүлүүдө. Бир үзүр менен төрт айдан өткөн бир баланы алдырган аялдын жазаландырыла тургандыгы билдирилгенден кийин, бир гана төрт айдан мурда алдыра ала тургандыгы ачыкталууда. Тагыраагы, үзүр менен болсо да зарылдыксыз төрт айдан кийин алдыра албайт, төрт айдан мурда үзүр менен алдыра алат делүүдө. Ачыктама мындай:

Бала эмизип жаткан аял боюна бүтүп, сүтү токтоп жана сүт эмип жаткан баланын өмүрү коркунучка кирип, ал баланын болсо атасы жок болсо, кош бойлуулук 4 ай болуудан мурда ал аял дары менен баласын түшүрө алат. Бирок, төрт ай өткөндөн кийин баласын алдыруусу жаиз болбойт. (Фатава-йы Хиндиййа)

Имам Раббани хазреттери: «Кедейликтен коркуп кыздар өлтүрүлчү эле. Бул – жан кыюучулук жана бала акысын тааныбастык», - деп буюрууда. (3/41) Бала алдыруу да ушундай чоң күнөө. Ибни Абидин хазреттери: «Үзүрсүз бала түшүрүү харам. Эненин же сүт эмген экинчи баланын өлүмүнө себеп болгон бир үзүр бар болсо, дене мүчөлөрү пайда боло электе түшүрүү жаиз болот», - деди. Дене мүчөлөр 120 күндөн кийин пайда болот. Бала болбоосу үчүн мурдатан алдын алуу жаиз, бирок, жандуу баланы алуу да, алдыруу да харам. Кедейликтен улам бага албоо коркуусу бала түшүрүү үчүн үзүр болбойт. Бир гана Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо коркуусу үзүр болот. (А. Абадиййа)

Демек, аборттун жаиз болуусу үчүн мына бул эки шарт бирге болуусу керек:

1- Эненин же сүт эмген экинчи бир баланын өлүмүнө себеп болгон бир үзүр болуусу керек же Ислам тарбиясы менен чоңойто албоо коркуусу болот.

2- Бала эне курсагында 120 күндөн кичине болот.

Төрт айдан өткөндө эч бир себеп менен аборт жаиз болбойт. Майып болуп туулат деп баланы алдыруу туулгандан кийин майып деп баланы өлтүрүү сыяктуу адам өлтүрүүчүлүк болот.

5 айлык бала

Суроо: Даун синдрому экендиги билинген беш айлык баланы аборт кылуу жаизби?

ЖООП

Төрт айдан чоң болсо жаиз болбойт. Даун синдрому оору болуп саналат. Оорулуу деп бала өлтүрүлбөйт. Төрт айдан мурда алдыруу керек болгон кезде ниет башка болсо да өзгөртүп, Ислам тарбиясын бере албоо коркуусу менен бала алдыргандыгына ниет кылуусу керек.

Суроо: «Ден-соолук, эстетикалык, экономикалык жана социологиялык сыяктуу бир себеп менен төрт айдан да өтсө аборт жаиз» дегендер болууда. Жаизби?

ЖООП

Жок, санабай калган башка бир себеп калбаптыр. Башкача айтканда, муну менен ал киши бардык себеп менен бала алдырылат деп жатат. Бирок, дене мүчөлөрү пайда болгондон кийин, тагыраагы, төрт айдан өткөндөн кийин бала алдыруунун жаиз болбогондугу бардык фыкых китептеринде жазылуу.

Суроо: Кедей үй-бүлөбүз, аялымдын боюнда бар. Кедей болгондугубуз үчүн бага албайбыз, бул себептен улам алдыруубуз күнөөбү?

ЖООП

Баланын да, сиздин да ырыскыңызды берген Аллаху таала. Кедейликтен улам, жакшы карай албоо, бага албоо коркуусу бала түшүрүү үчүн үзүр себеп болбойт. Бала алдыруу деген сөз – бала өлтүрүү дегендик.

Курани каримде мындай мааниде буюрулууда:

«Кедейлик коркуусу менен балдарыңарды өлтүрбөгүлө.» [Анам 151]

«Аллаху тааланын ырыскы бербеген жер жүзүндө бир макулук жок.» [Худ 6]

Бир гана дин билимин бере албоо, Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо коркуусу үзүр болот. Дене мүчөлөрү пайда боло электе [120 күндөн мурда] түшүрүү жаиз болот.

Демек, кедейликтен улам бага албоо эмес, Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо ниети менен бала түшүрүү жаиз болууда.

Суроо: Аял күйөөсүнөн уруксатсыз бала алдыра алабы?

ЖООП

Алдыра албайт.

Баласын алдырган

Суроо: Боюнда бар бир аял күйөөсүнөн кабарсыз баласын алдырып же билип туруп түшүрсө гурра делген бир жаза керек экен. Бул жаза канчалык жана кимге берилет?

ЖООП

Күйөөсүнөн уруксатсыз бала алдырган же дары менен же башка жол менен бала түшүргөн аялдын акыласы 500 дирхам күмүштү [же 50 динар алтынды] аялдын күйөөсүнө берет. Бул гуррадеп аталат. Күйөөсүнүн уруксаты менен түшүргөн болсо же бул окуя дар-ул харбда, тагыраагы, Исламият менен башкарылбаган жерде болгон болсо бир нерсе берүү керек эмес. Акыла – киши өлтүргөн адамдын киши өлтүрүү ишиндеги жардамчылары. Динар – бир мискал алтын. 50 динар 240 грам басылуу алтын болот. Дирхам - 3,36 грам күмүш.

Бала түшүрүү

Суроо: «Сперма жана жумуртка жандуу, жумуртка клетка бир күндүк болсо да, бир айлык болсо да жандуу болгондугу үчүн эмне максат менен болсо болсун түшүрүү же алдыруу жаиз болбойт; бирок, төрөт контролу үчүн сперманы сыртка чыгаруу жаиз», - делүүдө. Сперма жандуу болгондугуна караганда сыртка чыгарылганда жандуу болгон сперма өлтүрүлгөн болбойбу? Бул логика жаңылыш эмеспи?

ЖООП

Албетте, жаңылыш. Дин накылга таянат, логика менен дин болбойт. Сперма өлтүрүлгөн болсо да төрөт контролу жаиз. Ибни Абидин хазреттери мындай деп буюрган:

«Бала өлтүрүү харам. Эненин же сүт эмген экинчи бир баланын өлүмүнө себеп болгон бир үзүр бар болсо, дене мүчөлөрү пайда боло электе түшүрүү жаиз болот». (т. 5, 276-бет)

Демек, дене мүчөлөрү пайда болбогон болсо билдирилген үзүр менен баланы алдыруу же дары менен өлтүрүү жаиз болууда. Дене мүчөлөрү пайда болгон баланы алуу да, алдыруу да харам. (С. Абадиййа)

Кутуб-и ситтадагы «Адам эне курсагында нутфа (суюктук) катары 40, алека (уюган кан)катары 40, эт бөлүгү катары 40 күн калат. Мындан кийин рух берилет» деген маанидеги хадиси шарифти да негиз кылган аалымдар бир үзүрдөн улам 1 айдан 4 айга чейин абортко уруксат беришкен.

Башка себеп болбосо да Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо коркуусу үзүр себеп болот. Тагыраагы Ислам тарбиясы менен өстүрө албоо ниети менен төрт айдан мурда бала алдыруу жаиз болот. (Саадат-и Абадиййа)

Валад-и зина (Зинадан туулган бала)

Суроо: Калк арасында: «Валад-и зина болуп туула турчу баланы алдыруу керек», - делүүдө. Валад-и зина үчүн аборт жаизби?

ЖООП

Валад-и зина болсо да зарылдыксыз бала алдыруу күнөө. Экинчиси, никесиз биргеликтен туулган балага күнөө болбойт. Эне-атанын күнөөсүн бала тартпайт. Хадиси шарифте мындай делген:

«Валад-и зина атасынын күнөөсүн тартпайт. Эч ким башка бирөөнүн күнөөсүн жүктөнбөйт.» [Хаким]

Бир аяти кариманын мааниси мындай:

«Бирөө башка бирөөнүн күнөөсүн тартпайт.» [Нажм 38]

Валад-и зинаны карай албаган эне баласын төрөгөндөн кийин мамлекетке тапшыра алат. Валад-и зина болгон баланы кандайдыр бир түрдө өлтүрүү эч качан жаиз болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш