Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Сүннөткө отургузуу




Сүннөткө отургузуу


Суроо: Сүннөткө отургузуу бидат болуп, анын динде орду жок дегендер болууда. 1400 жылдан бери аалымы, олуясы, мужтахиди менен бүткүл мусулмандар баары бидат кылып келишкенби?

ЖООП

Ким экендиктери жана кимге кызмат өтөп жаткандыгы билинбеген бир топ адамдар чыгып көрүнгөн нерсеге бидат дешүүдө. Дин жаңы келип, бул диндин Пайгамбары жоктой оңою келер замат динибиз жана Расулуллахтын мурасчылары болгон Ислам аалымдарын сынга алууга аракет кылышууда. Булар кыяматтын белгилери. Себеби, хадиси шарифте мындай деп буюрулууда:

«Кыямат жакындаган сайын жаңылар мурдагы аалымдарды жахилдик менен күнөөлөшөт». [Ибни Асакир]

Мусулман сүннөт болууну бидат дебейт. Миссионерлердин ушундай сөздөрүнө мусулмандардын алдануусу кандай өкүнүчтүү. Эски заманда да «капыр ойлоп тапкан нерсе» деп мусулмандардын башын айлантып, мусулмандарды илим техникага жакындатууну каалашкан эмес. Азыр дагы ар нерсени бидат деп мусулмандарды диндеринен алыстатууну каалашууда.

Сүннөткө отургузуу - белгилүү бир сүннөт. Муну билбеген мусулман жок. Атүгүл, мусулмандыкта сүннөт бар экендигин билбеген капыр дагы жок. Гайримуслимдер дагы намаздын, оронуунун жана сүннөткө отургузуунун Ислам дининин негиздери арасында болгондугун билишет.

Сүннөткө отургузуу Исламдын шиарынан. Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:

«Сүннөт болуу - эркектер үчүн сүннөт.» [Табарани]

«Фытри сүннөт бешөө: Сүннөт болуу, кырынуу, тырмак кесүү, колтук астын тазалоо жана муруттарды кыскартуу.» [Бухари]

«Ибрахим алейхиссалам 80 жашта [сүннөт буйругу келгенде кечиктирбөө үчүн] балта менен өзүн сүннөт кылды.» [Бухари]

«Сүннөтсүз адам 80 жашта болсо да мусулман болгондо дагы сүннөт кылынат.» [Байхаки]

Расулуллах мусулман болгон эркекке 80 жашта болсо да сүннөт болууну буйрук кылчу. (Табарани)

Сүннөт экиге бөлүнөт; Сүннөт заваид жана сүннөт худа.

Сүннөт заваид: Расулуллахтын кийим, жеп-ичүү, отуруу, жатып-туруу, басуудагы адаттары бул сүннөттүн ичинде.

Сүннөт худа: Азан жана комат окуу, жамаат менен намаз окуу сыяктуу. Булар – Ислам дининин шиары. Балдардын сүннөткө отургузулуусу дагы бул сүннөткө кирет. Бул сүннөт арапчада хытан деп аталат. Сүннөт болуу [хытан] азыркы күндө Ислам шиары болбосо да акыл балагаткан киргендерди да сүннөткө отургузуу керек. Ыйман келтирген кары адамдын сүннөт болуусу шарт эмес. Эч болбосо да болот деген мужтахид аалымдар болгон. Себеби, сүннөт аврат жердин күрүнүүсү үчүн үзүр себеп болбойт дешкен.

Мусулман болгон кары эркек жана оорулуулар сүннөттүн оорусуна чыдай алышпаса сүннөт кылынышпайт. (Хадика)

Баланын сүннөткө отургузулуусунун белгилүү бир жашы жок. Бирок, жети менен он эки жаш арасы эң жакыш маалы.

Сүннөт болбогондордо түрдүү оорулар көрүлөт. Француз китептери бул ооруларды Affection du Prepuce деген ат менен билдирүүдө. Булардан бир канчасы болсо коркунучтуу. Бул себептен улам Европада жана Америкада христиандар ден-соолук үчүн өздөрүн жана балдарын сүннөт кылдырышууда. Медицина келген тыянак сүннөттү бүгүнкү күндө медициналык зарылчылык катары эсептөөдө. Чыныгында  Dr. Dubais Raymond айткан «Сүннөт чечек вакцинасы сыяктуу бардык эркектерге мажбур кылынышы керек» деген сөзү да муну баса белгилөөдө.

Сүннөттүн тарыхы өтө эски. Себеби, бул – пайгамбарлардын адаты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам сүннөт болууну фытрат болгон беш нерседен бирөө деп билдирген.

Мусулман өлкөлөрдө бардык эркек балдар балагатка келүүдөн мурда той маанайы ичинде сүннөткө отургузулушат. Бул жагынан сүннөткө отургузуу эл арасында Сүннөт тою деп аталат.

Кылымдардан бери мусулмандар балдарын сүннөт тойлоруна өзгөчө маани берип, муну жалпысынан үй-бүлөдө биринчи жакшылык деп кабыл кылышчу. Сүннөт кылуу чечими болгондо ар ким өз күчүнө жараша камылгасын баштайт. Сандыктан саймалуу кездемелер чыгарылып, бөлмө төшөнчөлөрү жаңыланат, идиш-аяк толуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө жаңы кийимдер кийгизилчү. Баланын төшөгү кооздолот. Көбүнесе саймаланып ткооздолгон баштык ичинде касиеттүү китебибиз Курани карим баш тарабына илинчү. Күчү жеткен үй-бүлөлөр кедей балдарын аныктап, аларды да бирге сүннөткө отургузушчу. Бүгүнкү күндө кайрымдуулук уюмдары жалпы сүннөт тойлору менен бул жакшы салтты улантышууда.

Илгери сүннөт күнү бала кийинтилип, мине турчу ат даярдалып, дубалар менен атка мингизилчү. Кийин олуя күмбөздөрү зыярат кылынып, кийин шаан-шөкөт менен добулбастар урулуп, көчөлөрдү кыдырышчу. Үйгө келген бала белектер берилмейин аттан түшпөй, жакындары, бир туугандары белектерин бергенден кийин дубалар менен аттан түшүрүлүп, үйгө киргизилчү. Бүгүнкү күнү аттын ордуна көбүнчө бул кызматты манинелер орундоодо.

Сүннөттөн мурда же кийин Курани карим жана мавлид окулчу. Сүннөткө отургузулган бала кол өпкөндөн кийин кээ бир жерлерде кирва деп аталган үй-бүлөдө сүйүүгө ээ болгон бир кишиси тарабынан бекем кармалчу. Кечибинде уста, колу чебер сүннөтчү бир ооздон жалпы айтылган майрам такбирлери менен сүннөткө отургуза салчу. Дароо кооз жатакка жаткырылып, балага «Машааллах, бааракаллах» деп кайырлуу дубалар кылынчу. Келген конокторго шербет, таттуу-паттуулар сунулчу. Мындан кийин коноктор кезеги менен баланын жатагынын жанына келип белектерин берип кетишчү.

Хан сарайларында жана конок жайларында болуп өткөн сүннөт мааракелери тилден тилге өтүп дастан болуп айтылчу. Шахзаадалардын сүннөт тойлорунан кээ бирлери алиге чейин айтылып келет. Ал ахыбалы жакшы болгон үй-бүлөлөрдүн сүннөт тойлоруда казандар кайнап, кедей кембагалдын баары той тамагына тоюшар эле. Коноктор менен бирге ар кимге ачык болгон сүннөт той болгон жер майрам жайына айланчу эле. Илгери көбүнесе эттүү аш, зерде делген жаңгак мейиз аралаш таттуу, шербет берүү адат болгон.  

Азыркы күндө илгеркидей көркөмдүү болбосо да бул жакшы адат ар жерде өзүнө жараша салттар менен уланып келүүдө. Үрп-адаттарын бекем карманган түркий элдердин баары сүннөт тойлоруна чоң маани беришет. Бирок, тилекке каршы кээ бир жерлерде бул жакшы тойго харам нерселер аралаштырылып, ичимдик аралаш зыяпаттар берилүүдө. Сүннөт болгон мындай иштерде харам иштердин кылынуусу андан чоң күнөө болот. Мусулман үй-бүлөлөр бул иштерден алыс болуулары керек.

Күчү жетпегендердин сүннөт той кылуулары керек эмес.

Суроо: Балабыздын сүннөт тою үчүн ресторан жалдадык. Ал жерде ичкилик ичкендердин күнөөлөрү бизге да жазылабы? Мавлиддерде да аял-эркек аралаш отуруп мавлид окушса зыяны жокпу?

ЖООП

Күнөө ар качан күнөө. Бирок, диний мааракелерде жана мечиттерде күнөө кылынуусу андан бетер чоң күнөө болот.

Суроо: Мусулман сүннөтчү таба албасам баланы мусулман эмес доктурга сүннөт кылдыртсам күнөө болобу?

ЖООП

Күнөө эмес. Зарыл болгондо мусулман эмес доктурга көрүнүү жана эмделүү жаиз. (Хадика)

Сүннөттүү болуп туулган

Суроо: Туулгандан сүннөттүү болгон бир баланы сүннөт деп кичине кесип канатуу керекпи?

ЖООП

Жок, керек эмес. Сүннөт болуп төрөлгөн балага жаңылыш түрдө «Пайгамбар сүннөтү» дешүүдө. Пайгамбарыбыз алейхиссалам сүннөттүү туулган эмес. Сүннөттүү туулуу кемчилик.

Суроо: Сүннөттүү туулуу кемчилик делүүдө. Пайгамбарыбыз сүннөттүү туулган эмеспи?

ЖООП

Жок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам сүннөттүү туулган эмес. Сүннөттүү болуп туулгандыгы көрүлдү. Китептерде Сафия Хатун жана ошол жердегилер: «Киндиги кесилген жана сүннөт кылынган абалда көрдүк», - дешкен. «Киндиги кесилген» дегендик туулганда киндиги кеcик болчу дегенди билдирбейт. Себеби, киндиги кесик бала эне курсагында жашай албайт. «Киндиги кесилген» дегендик туулганда киндигинин кесилгендиги, башкача айтканда, периштелер киндигин кесишкендиги түшүнүлүүдө. «Сүннөт кылынган абалда көрдүк» дешүүдө. Демек, туулуп жатканда периштелердин сүннөт кылышкандыгы түшүнүлүүдө.

Сүннөт күнү

Суроо: Баланы сүннөткө отургузуунун белгилүү бир күнү барбы?

ЖООП

Белгилүү бир күн жок. Аптанын каалаган бир күнүндө сүннөт кылууга болот.

Сүннөт болуу

Суроо: Мусулман болгон карыган бир адам сүннөт болбосо күнөө болобу?

ЖООП

Жок, күнөө болбойт, бирок, балдарды сүннөт кылдыруу Исламдын шиары болгон сүннөт. Бул сүннөттү жеке адам катары кылбоо сүннөттү таштагандык болот. Бирок, Исламияттын шиары болгондугу үчүн бир айыл, бир шаар бул сүннөттү жалпы таштап койсо, Исламдын бул шиары жок боло тургандыгы үчүн Ислам өлкөсү мунун алдын алат.

Уулун сүннөт кылдыруу Исламияттын шиары. Бир айылдын эли балдарын сүннөт кылдырышпаса мусулмандардын халифасы бул сүннөттүн орундалуусу үчүн керектүү чараны көрөт. (Дурр-ул-мухтар)

Азан окуу, жамиде, мечитте жамаат менен намаз окуу дагы Исламдын шиары болгон сүннөт. Мусулман бир шаар элинин баары азан окубаса, мечитке барбаса Исламдын шиары болгон бул сүннөттөр жок боло тургандыгы үчүн мусулмандардын халифасы бул сүннөттөрдүн орундалуусу үчүн керектүү чараны көрөт.

Бир шаарда, бир айылда, бир махаллада азан окулбаса Ислам өкмөтүнүн мажбур түрдө окутуусу керек. (Фатава-и Кадыхан)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш