Нафака табуу


Каалаган бир кесип, өнөр, чарба жана соода-сатык, айлык акы менен мубах болгон бир жумуш кылуу, мисалы, мал багуу, багбан болуу, курулуш жумуштарында иштөө, жүк ташуу, тазаллул (төмөндүк) эмес. Пайгамбарлар, олуялар да бул сыяктуу жумуштарда иштешкен. 

Өзүн жана бала-бакырасын нафака менен камсыз кылуу үчүн эмгектенүү парз болуп саналат. Идрис алейхиссалам тигүүчүлүк, Давуд алейхиссалам темирчилик, Ибрахим алейхиссалам дыйканчылык жана кездеме соодасы менен алектенген. Алгачкы жолу кездеме токуган Адам алейхиссалам эле. Иса алейхиссалам бут кийим чебери, Нух алейхиссалам жыгач устасы, Салих алейхиссалам баштык тикчү. Пайгамбарлардын көпчүлүгү мал баккан. Хадиси шарифте: "Үйүнүн муктаждыктарын алып келүү текеберсиздиктин белгиси", - деп айтылган. Расулуллах алейхиссалам сатып алган жана саткан. Сатып алган кездери көп болгон. Акыга жумуш кылган жана жумуш берген. Шериктеше ишкердик да кылган. Башкага өкүл болгон, өзүнө да өкүл кылган. Белек берген жана алган. Карыз берген жана алган. Фонд ачкан. Дүнүйөлүк иштер үчүн эч кимге ачууланган эмес жана эч кимге таарынта тургандай оор сөз айткан эмес. Ант берген жана ант бергизген. Азилдешкен жана азилдери чындыктын негизинде жана пайдалуу болгон. 

Жогоруда аталгандарды орундоодо уялуу, тартынуу текеберчиликтин белгиси. Адамдардын көпчүлүгү мына ушул жерде жаңылышат. Кичи пейилдүүлүк менен төмөндүктү чаташтырышат. Напси дал ушул маселеде көп адамдарды алдайт. Кедейлик төмөндүккө себеп болбоого тийиш. Анткени, кедейлик уяла турган нерсе эмес. Мусулман Аллаху таала тарабынан буйрук кылынгандыктан эмгектенүүгө, ырыскы табууга аракет кылат. Эмгектенип жатканда ибадаттарын таштап койбойт жана арамдарга жолобойт. Эмгеги менен тапканда да, тапканын сарптаганда да Ислам дини билдирген өкүмдөргө моюн сунат. Мындай адамга байлык да, кедейлик да пайдалуу болот. Ал эми эң жаманы жалкоолук кылып, отуруп алуу, эмгектенбөө жана мал-мүлкүн арамдарга жумшоо.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш