Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үй-бүлөлүк баалуулуктарыбыз




Үй-бүлөлүк баалуулуктарыбыз


Коомдун негизин түзүүчү уюм - үй-бүлө. Үй-бүлө уюму канчалык бакубат болсо анда өсүп жетилген балдардан калыптануучу коом да бекем болот. Үй-бүлө өз ара сый-урматтын, махабаттын мекени деген сөз. Бири-бирине урматы жок үй-бүлөлөр, үй-бүлөлүк түзүлүшүн жоготкон коомдор аффект абалында жашашат. Азыркы учурда ажырашуулар ушунчалык көбөйүп жатат; ажырашуу үчүн үйлөнүп жатышабы деген ой келет. Эгер ортодо бала да бар болсо зыяны андан да көп болот. Жаңжалы арбын үй-бүлөдө мээримдүүлүк көрбөй чоңойгон урпак келечектин руханий илдеттери катары келип чыгат. Ушинтип, адамзат өз келечегине балта чабууда. Ал эми өз ара урмат-сый, мээрим ичинде өскөн бала жакшылыкка ынтаа болуп чоңойот. Биздин салттуу үй-бүлөбүз ансыз деле мээрим, өз ара урмат-сый, сүйүүнүн негизинде куралган. Үй-бүлөдө кимдин орду кандай, кимдин милдети кандай, кимдин кайсы жерде отура тургандыгы, кимдин жолу чоң баары белгилүү.

Түркий элдердин, жалпы мусулман элдеринин тарыхы боюнча өркүндөп, ал эми кыйын кездерде жоюлуп кетүүнүн алдын алуу маанилүү факторлордун бири салттуу үй-бүлөлүк түзүлүш. Бизди биз кылып кармап турган кубат - үй-бүлөдөн алынган тарбия, үй-бүлөгө берилген кадыр-касиет, махабат, үй-бүлөлүк биримдик болду. Руханий баалуулуктарына ээ болгон чыныгы үй-бүлөнү эч ким баш ийдире албайт. Жашоодо алдынан эмне гана чыкпасын, ал үй-бүлө бардык кыйынчылыктарга бирге туруштук берип, чыдайт. Жада калса, чыңалып, андан да күчтөнүп, келе турчу жакшылыктар, кубанычтар менен да бөлүшөт. Жашоону шаңдуу кылчу да ушул эмеспи, бөлүшүү… Ачуусун да, таттуусун да, жокчулукту да, молчулукту да... Ал эми бул деңгээлге жетүү үчүн мол сабырдуулук жана ак эмгек керек. Эмгексиз эч бир нерсе өнүкпөйт. 

Эненин бала-бакырасынын артынан кылган дуба-тилектери баланы коргоп жүрөт. Баланын эне-атасын ыраазы кылуусу, кубантуусу ага Жараткандын кут-береке эшиктерин ачат. Улууларды таарынтуу жумуштардын жүрбөөсүнө, негативдерге себеп болот. Биз мусулман элдери катары муну жакшы билебиз. Ушул негиздерди карманып, ушул сезимдер менен өсүп жетилдик. 

Акыркы кездерде коом катары руханий баалуулук тарыбыздан алыстап жаткандыгыбыз байкалууда. Баңгизатка көзкарандылык, аракечтик, кумар оюндары, аялды басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөр тамыр жайууда. Мурда бул сыяктуу илдеттер Европа элдеринде арбын деп билчү элек. Азыр болсо ушул коркунуч бизде тамыр жайууда. Бүгүн Европа элдери күчтүү экономикалык жагдайына карабастан коомунда кары-картаңдар көбөйүп, жаштардын үйлөнгүсү, үй-бүлө күткүсү келбей жаткандыктары, балалуу болууну каалабай жаткандыктары менен аты чыгып келет. Себеби, руханий баалуулуктарынан алыс, өздүгүн жоготкон адамдардын катары көбөйүп бара жаткандыгы талашсыз. Көпчүлүгү руханий киризис ичинде, өмүрүнө кал салуу торунда, ичкилик же баңгизатга көз карандылык ичинде… 

Биз дагы алар сыяктуу болушубуз керекпи? Баарыбыз ойгонууга тийишпиз! Бүгүн үй-бүлөлүк баалуулуктарыбыз чоң коркунучта. Глобалдашып жаткан дүнүйөдө коом катары "заманбап" деген ураан менен сунулуп жаткан адептүүлүккө терс сапаттарды сиңирип, акырын-акырын өздүгүбүздөгү баалуулуктарыбызды жоготуп баратабыз. Буга жол бербейли! Аракечтик, баңгизат, уурулук, зордук- зомбулук сыяктуу бардык жамандыктардын түбү негизи үй-бүлөлүк баалуулуктарыбыздын бузулуусунан улам башталууда. Бул кемчилик оңолмоюн канчалык чырылдасак да, канчалык талпынбасак да натыйжа өзгөрүп калбайт. Унутпайлы, үй-бүлө бакубат болсо адам да, ал жашап турган коом да бакубат болот. Үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызга бекем болбосок терс көрүнүштөр чечилбейт. Чечим үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызды сактап калууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш