Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ар-намыстуулуктун мааниси




Ар-намыстуулуктун мааниси


Ар-намыссыз адам Аллах алдында күнөөкөр,  элдин алдында барксыз болот. Намыссыздан коомдогу  жакшы адамдардын алдындагы кадыры бир иттин кадырынчалык боло албайт. Бай жана өтө сулуу аял эгер ар намыссыз болсо, абройсуз болот. Кедей аял намыстуу болсо,  дайыма кадыр-барктуу, сый-урматка татыктуу болот.  

Жер жүзүндөгү көптөгөн жаңжалдар, адам өлтүрүүлөр, уруш-талаштар, кызганычтар, кыскасы бардык жамандыктар ар-намыссыздык, уятсыздык, зынакордуктун кесиринен болу уда. Адамдардын көпчүлүгү уятсыздык тын  жамандыктарын билип туруп өздөрүн бул жаман жолдордон  тыя албай жатышат. Бул жамандыктардын алдын алуучу  чаралар бар. Бул – тарбия жана ахлак маселеси.  

Аллахтан корккон адам уятсыз боло албайт.  Ошондуктан да перзенттерибизге Аллахтан коркууну үйрөтүүгө аракет кылсак, бул биз үчүн эң башкы  милдеттерибиздин бири болуп саналат. Аллаху тааладан  коркуу үчүн Аллахты жакшы билүү зарыл. Аллахты билүү  үчүн Анын улуктугун жана сыпаттарын үйрөнүүгө мажбурбуз.  Аллаху тааланы такыр оюнада келтирбеген коом үчүн  Аллахтан коркуу деген сезимге ээ болуу оңой эмес. Аллаху  тааладан коркуу да бир билим, кызмат жана көп энергия  талап кылган иш. Буларды үйрөнүүгө аракет кылуу керек.  

Өзгөчө чоң калааларда ар-намыс маселеси коркунучтуу  жолдо. Бойго жеткен кыздардын өз акылы, өз көз караштары  менен ар-намыстарын сактап калуулары чындыгында да  кыйын. Эгер бой жеткен кыз бир аз сулуу болсо, адамдын  оюна, кыялына келбеген коркунучтар менен курчалган деген сөз. Бул коркунуч окуу жайларда, жолдо, автобуста,  кошуналардын арасында, жада калса үйдүн ичинде,  телефондо, интернетте, кайда барса да такыр артынан  калбайт.  

Кыздарыбыз коркунучтардын алдында алсыз, макулук  сыяктуу ахлаксыз, кара ниеттүү адамдардын колунда  оюнчук болуп калбоого тийиш. Мындай заманда туш келген  адамдан, туш келген жерде ага зыян тийиши ыктымал. Тийсе  да анын акчасына, байлыгына эмес, ар-намысына, оброюна  тиет. Акчага тийе турган зыяндын ордун толтурса болот. Ал  эми, руханий дүнүйөгө тийе турган зыяндын орду толбойт.  

Ахлаксыз, кара ниет адамдардын арасында жаш кыз үчүн  аброюн сактап, өмүр сүрүү өтө кыйын. Ар-намыстуу кыз башка  кыздар сыяктуу жеңил ойлуулукка кызыкпоосу керек. Бул кооптуу  тажрыйба. Негизи жеңил ойлуулук менен курулган үй-бүлөлөр  көбүнесе бактылуу боло албайт. 

Ар-намысын коргоо үчүн жаштарды өз убагында үйлөндүрүү  керек. Ар-намыска зыян келтире турган жерлерден узак туруу  керек. Жаштык чагында жүрүп калуу керек деп жасалган ар түрлүү  көңул ачуу жолдору жаш кызды колго түшүрүүнүн бирден бир  тузагы. Мунун тузак экенине ишенбеген кыздар эртеби кечпи ал  тузакка түшүшөт, ошол учурда гана акыл эсин жыйнашат. Бирок,  болор иш болуп, катуу өкүнүп калышат. Тузактын тартымдуу  көрүнүшүнө алданып калган кыздар жаман эркектердин колуна  түшкөндө көз ачып-жумганча оюнчукка айланышат. Өзүнө  ишенген кыз дагы алардын алдында соңуна чейин чыдай албайт.  Сымбаттуу жигиттин алдамчы, күлүмсүрөгөн жүзүнүн алдында  жеңилип калышы мүмкүн. Тузакка түшкөнүн байкабай да калат. Ал  тузактан кутулган адам аз же дээрлик жокко эсе. Ал эми, негизи  тузак. делген көңүл ачуу жайларына барбаган андан да оңой.  "Көздөн ыраак болсо, көңүлдөн да ыраак болот” деген сөз бар.  Андай жайларга барбаган кыздар, андай жайлардын  коркунучтарынан да сактанган болушат. Эгер бара турган  болшуса, кутулуу кыйынга турат.  

Ар-намыс – жаш кыздын же аялдын баа жеткис асыл ташы.  Бул асыл ташка жетүү үчүн Аллаху тааладан коркпогон эркектер  бардык шайтаний жолдорду колдонушат. Колго түшүргөндөн  кийин максатына жетишет. Анан асыл таштын куну кетип, жөнөкөй  ташка айланат дагы көчөгө ыргытылат. Бул жерде эркек – ар намыс уурусу, ал эми аял болсо – баалуулугун жоготкон, асыл  ташын уурдаткан бечара болуп калат.  

Расулуллах алейхиссалам: "Кыздын теңин тапканда, дароо  үйлөндүргүлө!” – деген. (Тирмизи)  

Көрүп турганыбыздай, аялды, кызды теңине берүу керек. Теңи  дегенибиз эркектин тегинде, мал-мүлкүндө, дин амалдарында  жана сыпаттарында кызга ылайыктуу болуу деген сөз. Антпесе  бай болуусу, айлыгынын көп болуусу, диплом ээси болуусу жана  белгилүү бир мамлекеттин жараны болуусу деген сөз эмес. Теңи –  эркектин салих мусулман болуусу, намазын окуусу, ичкилик  ичпөөсү, башкача айтканда, Исламга моюн сунуусу жана  нафакасын (жашай турган үйүн (ижара болсо да), кийим, тамагын жана  башкасын) камсыз кыла ала тургандай жумуш ээси болуусу деген  сөз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш