Хазрети Абдуррахман бин Мухаммед Османлы мамлекетинин Шейхул исламынын күйөө баласы эле. "Мажама-ул-анхар” аттуу китеби, "Дамат”, б.а., "Күйөө бала” деген ат менен таанымал болгон. 1668-жылы кайтыш болгон.
Күйөө бала деп аталуусунун окуясы мындай болгон: Абдуррахман бин Мухаммед хазреттеринин эне-атасы эрте кайтыш болот, шаар сыртындагы эки бөлмөлүү эски үйдө жалгыз турчу. Медреседе окуп жүргөн жылы кыш айы, катуу бороон согуп турган түнү шамдын жарыгында үйүндө сабак окуп отурган болот. Түн ортосунда эшик кагылат. Бисмиллах айтып, эшикти ачканда босогодо жаш бир кыздын турганын көрөт. Ал кыз: "Үйдө капыстан өрт чыгып, көчөгө качтык эле. Туугандарыбыздын үйүнө бара жатып, мына бул бороондуу түндө жолуман адашып калдым. Шамдын жарыгын байкап, көмөк сурамакчы болдум. Катуу тоңуп калдым. Бороон басылганча жылынып отура турсам болобу?” – дейт. Жаш Абдуррахман: "Ооба, албетте!” – деп, аны ичке алат. Жанындагы бөлмөгө жайгаштырып, өзү ордуна отуруп, сабак окууну улантат. Конок кыз арадан бир канча убакыт өтүп, жылынып алган соң, бул жигиттин жалгыз турганын ойлоп, кооптоно баштады. Бороон да басылчу эместей. Эшиктен акырын караган кезде жанагы жигиттин сабак окуп отуруп, анда-санда колун шамдын отуна коюп, күйгөн кезде тартып алып отурганына күбө болот. Бул жагдай таңга чейин уланат. Таң атканда бороон да басылып, кыз үйүнө жөнөйт. Үйүндөгүлөр абдан кабатырланып отурушкан экен. Атасы: "Кызым, түнү бою сени издебеген жерибиз калган жок, кайда болдуң?” – деп сурайт. Кызы адашып калганын, бир үйдүн жарыгын көрүп, анда жалгыз турган бир жигиттин үйүндө болгондугун айтат. Атасы ачууланып: "Кызым, жалгыз турган эркектин үйүндө кантип калдың?” – дегенде, кызы: "Атакем, коркпоңуз, ал менин бетиме да караган жок, мени башка бөлмөгө жайгаштырып, өзү таңга чейин сабагын окуду, эшиктин тешигинен караганымда анда-санда колун шамга күйгүзүп отурганын байкадым”, - дейт. Бул Османлы элинин Шейхулисламынын кызы болчу. Шейхулислам эки аскер жиберип, жанагы жигитти чакыртты. "Кечээ түнү менин кызым сенин үйүңдө болгону чынбы?” – деп сурайт. Жаш жигит: "Ооба, мырзам, чын!” – дейт. Шейхулислам: "Эмнеге сабак окуп отуруп, манжаңды күйгүзүп жаттың?” – деп сурады. Жигит: "Мырзам, сабак окуп отурганымда шайтан васваса (жаман ой) берди. Мен өзүмө-өзүм "эгер шайтанды ээрчий турган болсон эртең денеңдин баары отто күйөт. Азыр бир гана манжаңдын күйгөнүнө чыдай албай отурасың. Бүткул денең күйсө кантип чыдамаксың” деп таңга чейин жаман ой келгенде манжамды катуураак күйгүзүп отурдум, кызыңыздын бетине да караган жокмун”, - дейт. Кызына намаз окуган жана күнөө кылбаган салих (жакшы) күйөө бала издеп жүргөн шейхулислам ага күйөө баласы болуусун, той каражаттарын да өзү көтөрө тургандыгын айтат. Жаш жигит Шейхулисламдын кызы менен бактылуу үй-бүлө курат. Кийинчерээк жетилип аалым болгон бул жигиттин жазган өтө баалуу фикх китеби ошол окуяга байланыштуу "күйөө бала” деген ат менен да белгилүү. болду.