Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аялга да ажырашуу акысы




Аялга да ажырашуу акысы


Суроо: Бир аял ажырашуу акысы өз колунда боло тургандай кылып никеленүү үчүн эмне кылуусу керек?

ЖООП

Там Илмихал Саадат-и Абадиййа китебинде мындай делүүдө:

Аял ажырашуу менин колумда боло тургайндай кылып сени менен үйлөндүм деп жана эркек мунун кабыл кылдым десе, аялдын ажырашуусу өз колунда да болот. Эркек аялына: «Ишиң сенин колуңда болсун» же «Өзүңдү сен бошот» же «Кааласаң бошсуң»сыяктуу сүйлөмдөрдөн бирин айтса, аял ошол отурумда гана өзүн ажыраштыра алат. Күйөөсү «Качан кааласаң өзүңдү ажыраштыр»десе, ал отурумга тийиштүү болбойт. Аял каалаган кезде өзүн ажыраштыра алат.

Өзүнө ажырашуу акысы берилген аял күйөөсүнө «Сени ажыраштырдым» десе ажырашуу иши ишке ашпайт. «Өзүмдү ажыраттым» деши керек. Нике кыйылып жатканда аял «Качан кааласам өзүмдү сенден ажырата тургандай кылып...» деп муну шарт кылса, эркек болсо нике кыйылып жатканда бул шартты кабыл кылдым десе, анда мындай шарттуу нике сахих болот жана аял дагы ажырашуу акысына ээ болгон  болот. Эркек ажырашуу акысын берсе, аял «Мен ажырашуу акысын каалабайм» десе да акысын баш тарткан болбойт. Каалаган кезде өзүн ажыраштыра алат. Эркек нике кыйып жатканда «Ажырашуу сенин колуңда болуу менен сени нике кылдым» десе нике сахих болуп, ажырашуу акысы аялдын колунда болбойт. Бир гана алгач аял «Каалаган кезимде ажырашуу акысы колумда боло турган болуп сага никелендим» деп, эркек болсо «кабыл кылдым» десе нике да сахих болот, ажырашуу акысы да аялдын колунда болот.

Суроо: Нике кыйылып жатканда аялдын ажырашуу акысын алуусун сунуштайсызбы?

ЖООП

Тажрыйбабызга таянуу менен айтабыз. Жалпысынан аял эркекке караганда сезимталдуураак болот. Окуялардан тез таасирленет. Сезимдерине жеңилет. Зарыл абалдардан сырткары ажырашуу акысын алуусун сунуштабайбыз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш