Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Дары чөптөр, жашылча жана мөмө-жемиштер




Дары чөптөр, жашылча жана мөмө-жемиштер


Суроо: Хадиси шарифтерде сунушталган жашылча жана мөмө-жемиштер тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП: Айрымдары төмөнкүдөй:

"Мейиз өттү ачат, какырыкты кетирет, нервди чыңдайт жана кыйынчылыкты кетирет.” [Абу Нуайм, Дайлами]

"Коон менен дарбыздын он касиети бар: тамак, суусундук, жыт, жемиш, чөген (качим), табарсыкты жууйт, ашказанды жууйт, ички ооруларга пайдалуу жана терини тазалайт.” [Абу Нуайм, И. Рафии]

"Тамактан мурун коон-дарбыз жеш шыпалуу.” [И. Асакир]

"Зейтун майы 70 дартка дабаа.” [Абу Нуайм, Дайлами]

"Зейтун майы менен дарылоо геморройго пайдалуу.” [Таберани, Абу Нуайм]

"Зейтун майы менен дарылангыла.” [Хаким]

"Зейтун майын жегиле, аны менен майлангыла. Ал касиеттүү, берекелүү бир дарактын жемишинен чыгат.” [Тирмизи, Ибни Маже]

"Сарымсак жегиле, аны менен дарылангыла. Себеби, ал 70 дартка дабаа. Эгер мага периште келбегенде, албетте, мен дагы жемекмин.” [Дайлами, Тирмизи, Хаким]

"Пияз-сарымсакты жеген арам эмес. Бирок, жыты кетмейинче мечитибизге жолобогула!” [Ибни Хузайма]

"Ашкабак мээге азык берип, акыл-эсти арттырат.” [Дайлами, И. Мунави]

"Ашкабак баш ооруга жакшы жардам берет. Мержимекке (жашмыкка) 70 пайгамбар дуба кылган.” [Насаи, Муслим, Табарани, Дайлами]

Хазрети Энес баяндайт: "Расулуллахтын сорпонун ичинен ашкабактарды таап жегенин көргөн күнүмөн тарта ашкабакты жакшы көрөм.” [Бухари, Муслим, Муватта, Абу Давуд, Тирмизи]

"Тамактардын сеййиди [үстөмү, мыктысы] – эт жана күрүч.” [Тирмизи, Хаким, Абу Нуайм]

"Ажва хурмасы ууланууга каршы, ал эми кумъа козу карынынын ширеси көзгө дары.” [Бухари, Тирмизи, Насай, Ибни Maжа, И. Ахмед, Дайлами, И. Мунави]

"Төрөгөн аял курма жесе балдары жоош болот. Хазрети Иса төрөлгөндө Хазрети Мариям хурма жеген. Эгер андан да жакшысы болгондо, Аллаху таала ошону бермек.” [Хатиб]

"Төрөгөн аял үчүн жаңы хурма, оорулуулар үчүн бал сыяктуу шыпалуу эч нерсе жок.” [Абу Нуайм]

"Козу карындын ширеси көзгө дары.” [Бухари, Муслим, Тирмизи, Несаи, Ибни Мажа, И. Ахмед, Ибни Мений, З. Макдиси]

"Инжир ийин оорусуна каршы пайдалуу.” [Дайлами]

"Кара зирени колдонгонду уланткыла. Анткени, анда өлүмдөн башка бардык ооруларга шыпаа бар.” [Абу Нуайм]

Расулуллах ооруп калганда оозуна бир ууч кара зире салып, бал жана суу иччү эле. (Хатиб)

"Кара зире - дарттарга даба.” [Ибн Сүнни]

"Замзам жана кара зире бардык дарттарга шыпаа.” [Дайлами, Ибни Сүнни]

"Замзам ичкен адамдын ниетине жараша шыпаа берет, суусунду кандыруу үчүн ичкендердин суусуну канат. Жамандыктан алыс болуу үчүн ичкендер жамандыктан коргонот. Ачкалыкты кетирүү үчүн ичкен адамды тойгузат, ооруга каршы ичкен адамга шыпаа берет.” [Хаким]

"Тамакты туз менен баштоо жана аяктоо - 70 ооруга шыпаа.” [Р. Насихин]

"Уйдун сүтү шыпаа, майы дары.” [Байхаки]

"Сүттүү тамактар оорулуунун жүрөгүн сергитет.” [Ширъа]

"Эгер сүт ичкен кош бойлуу аялдын уулу болсо жүрөгү таза, кыз болсо сулуу болот.” [Абу Нуайм]

 

Суроо: Жашылча азыктарды жеген жакшыбы?

ЖООП: Жашылча азыктарды жеген албетте абдан жакшы. Ибрахим Нехаи хазреттери мындай дейт: "Жашылча азыктар жок дасторкон акылсыз карыяга окшош.” "Мал-мүлкүн жана бала-чакасын көп болушун каалаган адам жашылча азыктарды көп жесин”, - деп айтылган. Дасторкондо жашылча азыктардын болуусу мустахаб. "Жашылча азыктар болгон дасторконго периштелер да келет”, - деп айтылган.

Аллаху таала эч бир өсүмдүктү себепсиз, керексиз жараткан эмес. Ар бир мөмө-жемиштин, жашылча-жемиштин жана өсүмдүктүн пайдалары бар. Бир канчасынын пайдалары:

Кара зире – ар кандай ооруларды айыктырат. Нан менен желсе түйүлүп ооруганды басаңдатат жана баш ооруну басат. Ашказан оорусуна жана суук тийгенде пайдалуу. Унутчаактыкты кетирет. Хайзды кетирүүчү, канды суюлтуучу. Ошондой эле геморройго пайдалуу. Ал көздү күчтөндүрөт жана көрүүнүн бузулушунун алдын алат.

Инжир – бул таййиб жемиш, латиф азык болуп эсептелет. Аны сиңирүү оңой, пайдасы көп даба. Жүрөккө жеңилдик берет, ийин жана сиңирүү органдарынын түйүлүп ооруганын кетирет. Ичтин катуулашуусунун алдын алат, какырыкты эритет, бөйрөктү тазалайт жана табарсыктагы кумду кетирет. Боордун, көк боордун тыгылып калган тешиктерин ачат, геморройду кетирет, некроз жана ревматизм үчүн пайдалуу. Күн сайын эртең менен ач карынга бир даана жеш керек.

Айва (бий алма) – жүрөктөгү илдетти кетирет, ашказанды чыңдайт, заараны кетирет, алсыздыктын алдын алат, тамак сиңирүүнү жеңилдетет, жүрөк айланууну токтотот. Бирок, тиштерге жана ичегилерге зыяндуу. Кош бойлуу кезинде айва жеген аялдын баласы сулуу болот. Анын компоту балдардын ич өткөк оорусунда натыйжалуу таасир берет.

Алмурут – ашказанды чыңдап, тамак сиңирүүнү жеңилдетип, ырахаттык берет. Ошондой эле ичеги-карын мителерине каршы да эффективдүү.

Алма – психикалык бузулууларды жана дем алуу жолдорунун бузулушун азайтып, тиштин чиришинин алдын алат.

Мейиз – нервди чыңдайт, өттү ачат, какырыкты кетирет, чарчоону басат, ооздун жагымсыз жытын кетирет, зээнди ачат. Эгер мисте менен желсе эс тутумду бекемдейт. Нан менен туруктуу желсе, ооруп калуунун алдын алат.

Коон, дарбыз – бөйрөктү жана ашказанды тазалайт, баш ооруну басат. Курт түшүрөт. Көздү кубаттандырып, табитти ачат.

Сельдерей – эс тутумду бекемдейт, унутчаактыкты кетирет, заараны кетирет, боорду тазалайт, газды кетирет, кан жана сүт пайда кылат. Анын уруктары заараны кармоодо жакшы.

Ашкабак – мээни жана акыл-эсти чыңдайт.

Анар – ашказанды тазалайт, көкүрөктү жумшартат, жөтөлгө пайдалуу. Жүрөктүн кагышына пайдалуу. Эгерде эт бөлүгү менен сыгылып ичилсе, өттү ачат, катуулугун кетирет.

Уксус – өттү ачат, какырыкты кетирет, кумарды басаңдатат.

Артишок – өттөгү таштарды эритет, канды тазалайт жана атеросклерозго жакшы жардам берет. Мээни кубаттандырат. Ошондой эле тердин жытын да кетирет.

Кандайдыр бир мамлекетке барган адам алгач бир аз чийки пияз жесе ден-соолукка пайдалуу болот. Пияз микробдорго туруштук берүү жөндөмүн жогорулатат. Эгерде пияздан кийин сельдерей желсе, анын жагымсыз жытын кетирет.

Турп – заара айдайт, тамак сиңирүүнү жеңилдетет, сарык оорусун кетирет, көздү кубаттандырат. Тууралган кара турп сыгылып, ширеси ач карынга бир чай стаканда бир нече күн ичилсе, чоң-кичине бардык ташты ээритет.

Сабиз – аз кандуулукка, ич катууга жакшы жардам берет. Көз жана тери ооруларынын алдын алат.

Лимон – курамында С витамини болгондуктан ал цинга жана кансыроодо, суукка жана чарчоого, ревматизмге жана психикалык ооруларга каршы пайдалуу. Грейпфруттун пайдасы көбүрөөк.

Сарымсак – пайдасы сансыз болгон укмуштуудай өсүмдүк. Кабыгынан тазаланган бир ууч сарымсак кечинде бир литр сүткө килкилдекке айланганга чейин кайнатылып, нымдалышы үчүн бакчада таңга чейин калтырылат. Сүт бөлүгү ачка кезинде [бир же бир нече жолу] ичилсе ракка жакшы жардам берет. Бул ишти бир жума бою улантууга болот.

Момордика харанция (ачуу бадыраң) – ашказандагы жараларга каршы абдан жакшы дары. Экөөнү майдалап туурап, бөтөлкөгө бир литр зейтун майына салынат. Бөтөлкө күнгө калтырылат. Бир айдан кийин эртең менен ач карынга бир аш кашык ичип, бир саат кыймылдабай чалкасынан жатуу керек.

Шабдалынын данегинин ичи - 3-5 даанасы эртең менен ач карынга желсе геморройго өтө пайдалуу. Бир айга жуук улантуу керек.

Геморрой үчүн 50 грамм кара халила (терминалия хебула) порошогун эртең менен ач карынга, уктаар алдында бир граммдан жутулат. Хадиси шарифте: "Кара халиле ачуу болсо дагы ар дартка даба”, - деп айтылган. (Хаким)

Ар бир мөмө-жемишти, ар бир азыкты көп жеген зыяндуу. Жеп-ичүү илимин үйрөнүү ибадат илимин үйрөнүүдөн мурун болот. Хадиси шарифте: "Оорулардын башы – көп жеш. Дарылардын башы – диета”, - деп айтылган. (С. Абадиййа)

 

Бөйрөктөгү ташка таасирдүү дары

 

Суроо: Бөйрөктөгү таш жана кум үчүн дарыгерден бөлөк кандайдыр бир кеңешиңиз барбы?

ЖООП: Кара турптун ширеси алынат. Ач карынга бир чай стакан бир нече күн ичилет. Ал чоң-кичине таштарды ээритет. Тажрыйба кылынган. Бөйрөктөгү ташты талкалоо үчүн кант дарбызынын ширеси ичилет. Козу карын, каймак, кешкек, ак быштак, балык, килкилдек таттуу жана сүттүү нерселер бөйрөктө таш жана кум пайда кылат. Буларды жебеш керек. Туздуу, хлордуу суу ичпөө керек. Эски эт, уй эти, күрүчтөн жасалган тамактарга тыюу салынат. Эгерде кара нокот ширесин, корица ширесин же махлаб, анис, зире желсе же суулары ичилсе жана чемен (пажитник сенной) нан менен желсе, бөйрөктөгү жана табарсыктагы таштарды талкалайт. Хулба (пажитник) жеш дагы бөйрөктөгү таштарды талкалайт, жөтөлдү токтотот.

Эртең менен ач карынга, бир аш кашык бадам майын ичүү бөйрөк жана табарсыктагы таштарды кетирет. Бир чыны зейтун майын ичүү дагы кумду тазалайт.

Эшкина балык (тёмный горбыль) ташы: Чоңдугуна жараша 5 же 8 даана эшкина ташы алынат, жарым литр лимон ширеси сыгылып, айнек бөтөлкөгө толтурулат. Эгер дарыны колдонуу шашылыш болсо, анда таштар талкаланып, порошокко айлантылат. Эгер шашылыш болбосо, аны 4 бөлүккө бөлүп, лимон ширесине аралаштырып, бир чыны чыпкаланган зейтун майын да кошуп, жайында муздаткычта 4,5 карат көлөмүндө эки күн, кышында тоңбой тургандай кылып сыртта 1-2 күн калтырылат.

Дары күн сайын эртең менен заара чыгаргандан кийин, ач карынга лимонад стаканынын 2/3 бөлүгүн толтуруп ичилет. Ичерден мурун бир чыны зейтун майын ичкен жакшы болот. Ашказанында катуу оору барлар жана операция жасалгандар этият болуулары керек же доктур менен кеңешүү керек.

Суроо: Мөмө-жемиштерди тамактан кийин жеш керекпи?

ЖООП: Салтка жана адамдын жагдайына жараша өзгөрөт. Тамактын алдында да, кийин да, тамактын арасында да жегенге болот. Имам Газали хазреттери тамактан мурун жегенди сунуштаган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш