Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Наристеге кылына турчу диний милдеттер




Наристеге кылына турчу диний милдеттер


Ислам маданиятында өмүр сүрүү салтын жөнгө салган, мусулмандын дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуусун камсыз кылган турмуштук билимдер «Илимхал» деп аталат. Бул билимдер мусулман адамдын туулгандан баштап кайтыш болгонго чейин кармануусу керек болгон эрежелерди үйрөтөт. Балдар биздин бактыбыз. Ата-эне боло турган жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар наристенин төрөлүү күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Динибиз жаңы төрөлгөн наристеге карата орундообуз керек болгон амалдарды мындайча көрсөткөн:

1) Жаңы туулган баланын кулагына дароо азан менен комат айтуу керек. Ушундай кылуу аркылуу жин менен шайтандын зыяндарынан коргогон болобуз. Хадиси шарифте айтылат: «Жаңы төрөлгөн баланын оң кулагына азан, сол кулагына комат айтылса, «Умму сибян» оорусунан сактанган болот». (Байхаки)

«Умму сибян» – боюнда бар аялдарга жана курсагындагы балага, жаңы төрөлгөн наристелерге жана энесине тийишкен, ооруга жол ача турган жин тайпасынан ургаачы шайтандын аты. Андан сактануу үчүн 22 жолу «Бисмиллах», бир жолу «Фатиха», бир жолу «Аят-ул курси», бир жолу «Ихлас», бир жолу «Фалак», бир жолу «Нас»сүрөлөрүн жана «Калем» сүрөсүнүн 51-52 аяттарын кагазга ислам тамгалары менен жазып, тумар кылып балага тагуу керек.

2) Балага жакшы ат коюу керек. Динибизге ылайыксыз жана капырлардын аттарын коюдан узак болуу керек. Жетинчи күнү ат коюу, чачын кырып, чачынын салмагы канча болсо ошончо алтын же күмүш садага берүү жана мүмкүнчүлүк болсо акика малын союу мустахаб болуп саналат. Сообу өтө көп. Чачын албай божомолдоп берсе да болот. Алтын же күмүштүн ордуна кагаз акча берсе да, жети күндөн кийин берсе да болот. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Балага жакшы ат коюу, динин үйрөтүү жана убагы келгенде үйлөнтүү - баланын атасындагы акыларынан.” (Абу Нуайм)

3) Балага ысымды илимдүү, салих адамга койдуруу керек! Асхабы кирам балдарынын ысымдарын с үйү к т ү ү Пайгамбарыбызга койдурушчу. Наристеге ысым коюп жатканда баланын атасы, чоң атасы же жашы улуу, илими эң көп болгон киши баланы кучагына алып, даараттуу болуп кыбыла жакты карайт. Наристени башка адам кармап турса да болот. Өйдө туруп оң кулагына азан, сол кулагына комат айтат. Атын үч жолу кайталаган жакшы болот. Ал арада наристенин оозуна таттуу нерсе тийгизсе жакшы болот.

4) Наристеге ысым койгон соң салих перзент болушу үчүн жана динге кызмат кылышы үчүн дуба кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Йа, Раббим! Бул баланы кайырлуу, салихтерден кыла көр жана жакшы чоңоюп жетилүүсүн насип кыла көр!” - деп дуба кылган..

5) Жаңы төрөлгөн балага арнап, мүмкүнчүлүк болсо акика малын союу керек. Акика – бала ниматы үчүн Аллаху таалага шүгүр кылуу максатында союлчу мал. Акика малы Курман айтта союлчу мал сыяктуу болуусу керек.

Акика баланы балээ-кырсыктан, оору-сыркоодон коргойт. Кыяматта эне-атасына шапаат кылат. Эркек бала үчүн эки, кыз бала үчүн бир кой союлат. Союлган акиканын этин өзү жана бай-кедей баары жей алат. Бышырып же бышырбай дагы бай-кедей баарына берсе болот.

6) Баланы алты айдай энесинин сүтү менен багуу жетиштүү. Бала тамагын өзү жей ала турган чакка чейин эмизүү важип. Эки жашка чейин эмизүү мустахаб. Эки жарым жашка чейин эмизүү уруксат. Андан кийин эмизүү күнөө болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш