Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Көп уктоо зыяндуу




Көп уктоо зыяндуу


Суроо: Көп уктоо зыяндуубу?

ЖООП: Ооба, оору болбосо көп уктоо зыяндуу. Окурмандарыбыздын бири жөнөткөн поэтикалык текст төмөнкүчө: 

 

Аз же, жүрөгүңдү тазала,

Уйкуну кабырга сакта. 

 

Аз уктоо жакшылык,

Көп уктоо гафилдик. 

 

Гафилдик зыян болот,

Жүрөгүбүздү карайтат. 

 

Артыкча уйкудан баш тарт,

Муктаждыгыңа жараша жат. 

 

Таң саар абдан куттуу.

Ошол учурда турган бактылуу. 

 

Таң саарда ырайым эшиги ачылат,

Ойгонгонго немат чачылат. 

 

Аз же, аз укта, көп сүйлөбө,

Бир күн олуя болсоң таң калба. 

 

Олуялыкка ушулар менен кирилет,

Анан сан жеткис нематтар берилет. 

 

Көп уйку кыйынчылык.

Аз уйку мезиййет артыкчылык. 

 

Көп уйку көп пазилет кетирет,

Гафилдик жана жалкоолук келтирет. 

 

Көп сүйбө сен жатакты жана жуурканды,

Уйку жалкоо кылат ар бир органды. 

 

Унутпа, уйку өлүмгө тең болот,

Гафлетте жаткандын соңу от болот. 

 

Арифтер таң саарга куса болот,

Билишет, көп уктоо балээ болот. 

 

Түндөрү эмне деген күндөр туулат,

Гафилдикте жатканды караңгылык муунтат. 

 

Ойгоо болуу хузурда адеп,

Көп уйку өкүнүчкө себеп. 

 

Ашказаны бошко уйку келбейт,

Аз уктаганга коркуу келбейт. 

 

Ариф таң саардан лаззат алат,

Гафилдер мындан куру калат. 

 

Аз уйку жүрөккө нур болот,

Көп уйку болсо балээ болот. 

 

Ойлобо, көп жеш кан болот,

Көп уктаган унутчаак болот. 

 

Көп уктоо айып болот,

Баалуу убакыттан кайып болот. 


Аз уктоо нематы 


Суроо: Көп уктоонун зыяндуу, аз уктоонун пайдаллуу экенин айтуудасыз. Бул тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП: Эгерде көп китеп жазган заттардын жашоолору изилдене турган болсо аз уктап, көп эмгектенгендиктери көрүлөт. Муктаждыкка жараша гана уктоо керек! Даанышман заттар айтат:

Аллахты сүйүүнүн белгилеринин бири – аз уктоо. Түндө өтө аз, күндүз көп уктоо ооруга себеп болот. Аз жеш денеге, аз уктоо рухка ырахаттык берет. Көп уктоо зыяндуу. Көп жеп-ичкен адам каалабаса да көп уктайт. Аз жеп-ичүү жана аз уктоо керек. Көп жеген адам көп суу ичет. Сууну көп ичкен адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын өмүрү уйку менен өткөндүктөн бул дүнүйө жана акыреттик пайда алууга тоскоол болот. Бир хадиси шарифте: "Иштердин эң жакшысы васат болгону. Дин ифрат жана тафриттин ортосунда”, - деп айтылган. (Байхаки)

[Васат - орто жол дегендик. Ифрат нормадан көп дегенди билдирет, тафрит нормадан азыраак дегенди билдирет. Мисалы, көп уктоо ифрат, аз уктоо тафрит. Көп жеп-ичүү ифрат, өтө аз жеш тафрит.]

Уйкуну жакшы көргөн адам максатка жете албайт, түнү чачылган нематты көрө албайт. Аллаху таала ар түнү: "Дуба кылган адам жокпу, дубасын кабыл алайын?” – дейт. (Бухари)

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Жаханнамдан качып, Жаннатты каалаган адамдын көзүнө уйку келбейт.” [Менде]

"Мен үммөтүм үчүн эң көп корккон нерсем – бул курсак чоңдугу, уйкуну улантуу, жалкоолук жана ыймандын алсыздыгы.” [Дайлами]

"Эң үстөм амал – баары уктап жатканда түнү намаз окуу.” [Жаннат Жолу]

"Тамактан кийин уктоо жүрөктү катуулатат.” [Ибни Мажа]

"Көп уктоо адамды акыретте кедей кылат.” [Байхаки]

"Аллаху таала көп уктаганды сүйбөйт.” [И.Газали]

"Таң саардагы уйку алсыздык, жалкоолук, кайдыгерлик жана унутчактыкка себеп болот.” [И.Маварди]

"Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин уктабагыла!” [Байхаки]

"Эртең менен уктаган адам сырт жана бел оорусуна кириптер болот.” [И.Шарани]

"Кушлук уйкусу мезгилсиз, кайлула пайдалуу. Кечке жуук уктоо акылсыздык.” [И.Маверди]

"Көп жеп-ичкен жана көп уктаган адамды Аллаху таала жаман көрөт.” [И.Газали]

"Энеси Хазрети Сулайманга: "Көп уктаба, көп уктоо адамды кыямат күнү кедей кылат”, - деди.” [Ибни Мажа]

"Таңкы уйкуу ырыскыга кедерги.” [Байхаки]

Хазрети Фатима айтат: "Багымдат намазынан кийин жаттым. Атам мени ойготуп: "Кызым тур, гафилдерге окшоп калба! Аллаху таала ырыскыларды багымдат намазынын убактысында берет”, - деди.” [Байхаки]

Аллаху таала: "Мени жакшы көргөнүн айтып, бирок, таңга чейин уктаган адам калпычы. Анткени, дос дос менен сүйлөшкүсү келет. Гафлетти таштап, мени эскерет, сукбатыма жетет”, - деди. (М.Наме) 

 

Таңда туруп жатканда 

 

Эрте жатып, эрте турууга аракет кылууга тийиш! Жүйөлүү себепсиз таңда уктоо орундуу эмес. Хадиси шарифте мындай делген:

"Күндүн оболунда уктоо акылды азайтат, ортосунда уктоо [кайлула кылуу] пайгамбарлар менен олуялардын ахлагынан. Күндүздүн аягында уктоо жалкоолук.” [Ширъа]

"Төмөңкү төрт нерсе менен амал кылган адамдын өзү жана үй-бүлөсү муктаж болуп калбайт:

1- Таңда эрте туруп намаз окуу,

2- Убакыт келе электе даарат алуу,

3- Мечитке азан айтыла электе кирүү,

4- Витир намазынан кийин сүйлөбөө.” 

 

Күн сайын эртең менен турганда төмөңкүлөрдү кылуу керек:

1- Турар замат Аллаху тааланы эскерүү керек!

2- Жагдайына жараша кийинүү керек!

3- Даарат алуу керек! Дайыма даараттуу болууга аракет кылуу керек!

4- Намазды өз убагында жана кемчиликсиз окуу керек!

5- Ырыскыны Аллаху таала берет деп ишенип, адалдан талап кылуу керек!

6-Аллаху тааланын бөлүштүрүп берген нерсесине ыраазы болуу керек, бергендерине канаат кылуу керек!

7- Аллаху таалага толук тобокел кылуу.

8- Аллаху тааланын тагдырына ыраазы болуп, сабыр кылуу керек!

9- Ал берген бардык нематтарга шүгүр кылуу керек! Эң чоң немат – мусулман болуу.

10- Адалдан таап, адалдан жеш керек! (Т. Гафилин) 


Уктоо макрух болгон убакыттар 


Суроо: Бир хадиси шарифте: "Таңкы уйкуу ырыскыга кедерги”, - деп айтылган. Эртең менен кайсы убакытта уктоо орундуу эмес? Уктоо орундуу болбогон башка кайсы убакыттар бар?

ЖООП: Күн чыгыштан баштап 50 мүнөткө, тагыраагы, ишрак убактысына чейин уктоо макрух. Бир нече хадиси шарифтердин мааниси төмөнкүчө:

"Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин уктаба!” [Байхаки]

"Эртең менен уктаган адам бел жана сырт ооруларына кириптер болот.” [И. Шарани]

"Таңкы уйку жалкоолук жана унутчаактыкка себеп болот.” [И.Маверди]

Хазрети Фатима айтат:

"Багымдат намазынан кийин жаткан элем. Атам: "Кызым тур, гафилдерге окшоп калба! Аллаху таала ырыскыларды багымдат намазынын убактысында берет”, - деди.” [Байхаки] [Ырыскылардын таратылышы багымдат намазынан кийин болот. Руханий ырыскылардын таратылуусу болсо асыр намазынан кийин болот. Бул эки убакта уктабоого маани берүү керек.]

"Кайлула [түшкө жуук уктоо] пайдалуу. Кечке жуук уктоо акылсыздык.” [И. Маверди]

Расулуллах алейхиссалам куптан намазынан мурун уктоону туура көрчү эмес.

Куптандан мурун уктоо жана куптанды окугандан кийин [зарылдыксыз] сүйлөө макрух. Куптандан кийин сүйлөө бир гана пайдасыз сөз сүйлөөгө себеп болгондуктан макрух. Эгер маанилүү бир муктаждыктан улам болсо макрух эмес. Куран окуу, зикир чалуу, олуялардын баяндарын айтуу, фикх үйрөнүү, конок менен сүйлөшүү макрух болбойт. (Радд-ул мухтар) 


Күндүзү уктоо 


Суроо: Түштөн мурун жана түштөн кийин күнүнө эки жолу уктоонун кандайдыр бир зыяны барбы?

ЖООП: Кандайдыр бир муктаждык жок болуп туруп күндүзү эки жолу уктоо макрух. Түнү ибадат кылып, уйкусуз калбай күндүз уктабоо керек. (Ихйа)

Түнкүсү иштеген адам күндүз уктай алат же оорулуу уктай алат. Башкача айтканда, кандайдыр бир себеп менен уктоого болот. Себепсиз эле күнүнө эки жолу уктоо жана өмүрдү уйкуда өткөрүү орундуу эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш