Суроо: Орозо кармап,
ачка болуунун кандай пайдалары бар?
ЖООП: Орозо
кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары:
1-Ачка болгондун
басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси
шарифте: "Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана "Тафаккур (ой
жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, - деп
айтылган. (И. Газали)
Көп
жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген
адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген:
"Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали]
2-Ачкалык жүрөктө
кылдаттыкты пайда кылат. Хадиси шарифте: "Аз жеген адамдын ичи нурга
толот” жана "Аллаху таала аз жеп-ичкен жана денеси жеңил
болгон момунду жакшы көрөт”, - деп айтылган. (Дайлами)
3-Ачкалыкта
каалоолор сынат, напси элпек боло баштай. Көп жеш кайдыгерликти пайда кылат.
Азоо атты тыйуу кыйын болгондой эле, ашыкча жегизүү менен напсини тыйуу да
кыйын. Ачкалыкта тарбиялоо жеңилдейт. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
"Аз жеш аркылуу жүрөгүңөрдү тирилткиле!” [И.Газали]
4-Ток адам ырайымсыз, мээримсиз болот. Ток адам ачка
адамдын абалын түшүнбөйт. Көп жеген адам катуу жана таш боор болот. Хадиси
шарифте: "Көп жеп жүрөгүңөрдү өлтүрбөгүлө!” жана "Аллаху
таала тойгондон кийин жеп, ашказанын бузган адамга ачууланат”, - деп
айтылган. (И. Газали)
5-Нервдерине ээ
болгон адам тынч болот. Ачкалык күнөө кылууга болгон каалоону сындырат,
жамандык кылууга жолтоо болот. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
"Ачка жана суусуз болуп, напсиге каршы жихад –
Аллахтын жолундагы жихад сыяктуу.” [И.Газали]
6-Көп жеген адам сууну көп ичет. Сууну көп ичкен адам
көп уктайт. Өмүрү уйку менен өтөт. Көп уйку болсо дүнүйө жана акыретик пайдага
жолтоо болот. Ачкалык нервдерди сергек кылат, чыңдайт. Токтук акылсыздыкка алып
барат, окуганын түшүнүү жана эстеп калуу кыйын болот. Эки күндө үч маал
тамактануу нормалдуу. Башкача айтканда, бир күнү эртең менен жана кечинде,
экинчи күнү түштө тамактануу керек. (Тесхил-ул-манафи)
7-Көп жеп, курсак
байлоо зыяндуу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам курсактуу бирөөгө: "Бул ашыкчалык
башка жерде болсо жакшыраак болмок”, - деди. (Хаким)
Жеп-ичүү
илимин үйрөнүү ибадат илиминен мурда келет. Эгер дененин саламаттыгы чың болсо,
бул дүнүйөдө ырахатка ээ болгонубуздай эле, сак дене менен көбүрөөк кызмат
кылуу мүмкүнчүлүгү боло тургандыктан, акыретти табууга да себеп болот. Эки
дүнүйө бактысы үчүн ашказаныбызды ойлоого тийишпиз. Курсак ачпай туруп жебеш
керек, тойо электе дасторкондон туруу керек! Илим менен амал аз жегендикте,
жүрөк (көңүл) тазалыгы аз уктагандыкта, даанышмандык аз сүйлөгөндүктө.
Аз жеш –
чебердик, көп жеш – оору. Олуя аз уктайт, аз жейт, аз ичет, сыраттан куштай
өтөт. Көп жеген адам көп уктайт, баарынан жалкоо болот. Көп жеш зыян, көп уктоо
кайгы. Көп жеш акылды иштетпейт, көп уктоо максатка жеткирбейт. Аз жеген
адамдын көңүл көзү сокур болбойт, ачкачылык менен оору бирикпейт.
Аз
жеш мөмөлүү дарак, оорулуу жүрөккө дары. Аз жеш напсиге таандык каалоолорду
өлтүрөт, жүрөккө жеңилдик берет, акыретте бактылуу кылат. Аз жеш жалкоолукту
кетирет жана илим алууну жеңилдетет. Аз жегендин жүрөгүндө даанышмандык
эшиктери ачылат, оозунан бермет-маржан чачылат. Көп жеш акыл үчүн жетишсиздик,
зээн үчүн кемчилдик. Семиздик адамга душман болот, көп жегендер бушайман болот.
Аз
жеш адам үчүн тазалык, зээнди ачкан парасат (кыраакылык). Көп жеп, көп уктоо,
көп сүйлөө жүрөккө кайгы берет, ашказан шишип, жүрөк өлөт, ачка болгондо кайра
тирилет. Көп жеген көп уктайт, көп уктаган көп сүйлөйт, көп сүйлөгөн нематтан
куру калат. Көп жеш ашказанды бузат, ашказаны бузулгандын түйшүгү көбөйөт.
Билген билет, жинди да ачка болгондо өзүнө келет. Аз жеш напсиге зындан,
жүрөккө гүлистан. Көп жеген адам унутчаак болот, жүзү күлбөйт, кабагы бүркөк
болот.
Ашказандын туткуну болуу
Ким
дайыма тамакты ойлосо акылын напсине туткун кылат. Ашказанга туткун болуу акылды
жана аң-сезимди кетирет. Ким аз жеш менен жарышса олуяларга кошулат. Көп жеген
семиз болот, жүрөк үйү мазар болот. Сени көтөрө турганчалык тамак же, сен аны
көтөрө турганчалык жебе! Муну жакшы билип кой, тамакты сен жейсиң, тамак сени
жебесин! Эгер сен аны жесең, баары дарман болот. Эгер тамак сени жесе, баары
дарт жана түтүн болот. Мен адаммын деш керек, жеш үчүн жашабаш керек, жашоо
үчүн жеш керек. Орозо дененин зекети, көп жеген адамдын ден соолугу начарлайт,
мээрими азаят, күч-кубаты түгөнөт. Аз жеш – дененин эс алуусу, аз уктоо –
рухтун рахаты.
Көп жеш менен
жүрөгүңдү өлтүрбө, шайтанга күлкү болбо! Көп жеш дене мүчөлөрүн көп иштетип
алсыратат, дарыланууга дарыгерди издетет. Көп жеген адам чындыкты көрө албайт,
арамдардан сактана албайт. Арам жегендин иштери арамга багытталат, бардык балээ
арамдан келет. Адалдан дагы ашыкча жегендин сөздөрү орунсуз болот, дагы көздөрү
ибрет албастан карайт. Көп жеш көп энергия болот деп айтпа, көп жегендин
түшүнүгү кем болот.
Көп жеген
адамдын ибадаты аз болот, адептен жана бакыттан куру калат. Көп жеген адамдын
көзү тойбойт, ибадаттын зоокун сезбейт. Көп жеш бардык дарттын уругу, аз жеш
болсо ар бир адамдын дарысы.
Аз же, аз укта,
аз сүйлө, нематка ушинтип жетишилет. Көп жегендин напси тирүү (жандуу), көңүлү
уктайт, үнү чыкпайт. Көңүлдү ойготуу үчүн бул убадага туруп, аз жеп напсини
уктатуу керек. Көп жеген адам жаман ойдо болот, ар дайым күнөөгө жакын болот.
Кайдыгер болгуң келсе, токтобо, курсагыңды тойгуз. Анткени, ток жаткан адам көп
уктайт. Көп жегенди унутуу керек, тез-тез орозо кармоо керек.
Орозо кармоо пайдалуу
Суроо: Орозо организмге зыян келтирет деп айтылат. Динибиз
зыяндуу нерсени буюрабы?
ЖООП: Аллаху таала адамдарга зыяндуу нерсени буюрбайт.
Медицина адистери айтышат:
Орозолуу
адамдарда адреналин жана кортизон гармондору канга жеңил аралашат. Бул
гармондор рак клеткаларына да таасирин тийгизет. Ушундайча бул гармондор ракка
каршы калкан ролун ойноп, рак клеткаларынын көбөйүүсүнө тоскоол болот.
Орозо кармаган дене
өзгөчө кароого алынган сыяктуу болуп, ички органдарды орогон майлар ээрийт,
дененин сергектиги артат, иммунитет күчтөнөт, ашказан, бөйрөк, шекер, жүрөк
жана боор ооруларына каршы туруштугу көбөйөт.
Түрдүү
функцияларды аткарган боор тамак сиңирүү үчүн да милдеттүү. Орозо учурунда 3-5
саат эс алып, тамак-аш сактоо милдетине бираз тыныгуу берген болот. Ошол эле
учурда, коргоо системасын бекемдөөчү глобулиндерди даярдайт. Орозо учурунда
ашказандагы булчуңдар жана секреция клеткалары бир нече саат демалат. Кандын
көлөмү да азайгандыктан кан басымы төмөндөп, жүрөк демалат. Айрыкча кан басымы
жогору болгондор үчүн орозо дары сыяктуу пайдалуу.
Азык
калдыктары жакшы ээримейинче тамырларды алсыратат. Ээрибеген майлар тамырларды
тарайтат, атеросклероз деген ооруга себеп болот. Кечке карай денеде тамак
калбайт. Башкача айтканда, бардык азыктар ээрип сиңген болот. Бул жагынан алып
караганда, өзгөчө "атеросклерозу” бар адамдарга башка айларда да орозо кармоо
сунушталат. Орозо учурунда дененин калган органдары дагы демалган болот. Аз жеш
жана орозо кармоо ден-соолук үчүн абдан маанилүү. Зекет мал-мүлктүн кири болот.
Зекетин берген адам мал-мүлкүн кирден коргогондой эле, орозо кармаган адам дагы
дененин зекетин берген болот, оорулардан аны коргогон болот. Орозо кармоодо
сабыр да бар. Хадиси шарифте: "Тазалык ыймандын жартысы, орозо болсо
сабырдын жартысы”, - деп айтылган.
Орозо ден соолук
алып келет. Хадиси шарифте: "Орозо кармаган адамдын ден соолугу чың
болот”, - деп айтылган. (Табарани)
Оорулардын көбү
көп жегенден келип чыгат. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
"Көп жеп-ичүү оорулардын башаты.” [Дара Кутни]
Көп
жеген адамда боор ооруу сезими азаят. Каалоолору күчөп, арамга батат. Арам
каалоолорду козгогон жолдорду тосуу керек. Ачкачылык шайтандын жолун тосот.
Хадис-и шарифте: "Шайтан денеде тамырдагы кандай айланып жүрөт,
ачкачылык менен жолун тарайткыла”, - деп айтылган. (Ихйа)
Бойдок үчүн да
орозо пайдалуу. Хадиси шарифте: "Орозо шахватты кесет”, - делген.
(И.Ахмед)
Жакшы же, жакшы иште
Суроо: Көп жеш дегени
эмне? Тойгонго чейин жеш көп жешпи?
ЖООП: Имам Раббани хазреттери: "Тасаввуф бул - аз
жеш, аз ичүү эмес. Ар ким адалдан таап, тойгончо жеш керек”, - деп
айтууда. Шахы Накшибанд хазреттери да: "Бир нерсе жеш ачка калуудан
жакшыраак”, - деген.
Аз жеш албетте
жакшы. Бирок, аз жеш – тойо электе дасторкондон туруу жана
курсак ачмайынча дасторконго отурбоо дегендик. Болбосо ачка калуу дегендик
эмес.
Имам Раббани хазреттери мындай деген: "Адамдар риязат
чегүү дегенди ачкалык тартуу жана нафил орозо кармоо деп түшүнүштү. Ал эми,
динибиз буйрук кылганчалык тамак жегенге көңүл бөлүү миңдеген жылдар бою нафил
орозо кармоодон да кыйыныраак жана пайдалуураак. Бир кишинин алдына даамдуу,
таттуу тамактар коюлса, ал киши табити тартып турганына карабастан жана баарын
жегиси келип турса дагы динибиз буйрук кылган өлчөмдө жеп, артыгынан баш
тартуусу өтө оор риязат жана башка риязаттарга караганда өтө жогору.” (Менакыб
Ахмедиййа, Х.С.Далилдери)
Мухаммед Масум хазреттери да мындай деген: "Жеп-ичүүдө орто
жолду сактоо керек. Кишини шалдырата турганчалык көп жебөө керек. Ибадат кыла
албай турганчалык да ачкалык чекпөө керек. Олуялардын улууларынан Шахы
Накшибанд хазреттери: "Жакшы же, жакшы иште”, - деди. Ибадат
жана жакшылык кылууга жардамчы болгон бардык нерсе жакшы жана куттуу. Буларды
азайткан нерселереге да тыюу салынган.” (2/110)
Экзаменге ачка кирүү
Суроо: Экзамендерге ачка курсак менен кирген жакшыраакпы
же ток киргенби? Орозолуу болуунун зыяны барбы?
ЖООП: Экзаменге ачка
кирүүнүн зыяны жок. Орозолуу болуу да жакшы. Токтук – унутчаактыкты пайда
кылат. Жүрөктү сокур кылат, акыл жакшы иштебейт. Муктаждыкка жараша жеш керек.
Көп жеп-ичкендин зыяндары көп. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Кыяматта эң көп ачка кала турчу адам – дүнүйөдө эң көп ток болгон адам.” [Байхаки]
Ачкалык менен рухий жактан көтөрүлүү
Суроо: Кээ бир адамдар Пайгамбарыбыз жана алгачкы мусулмандар ачкалык менен
руханий жактан көтөрүлүшкөн деп, ачка калууну сунушташууда. Чындап эле
көтөрүлүш үчүн ачка калуу керекпи?
ЖООП: Бул маселеде
Имам Раббани хазреттери Мектубат китебинде мындай дейт:
"Дин
улууларынын жолунда суннат-и саниййага амал кылуу, абалдарын жаап-жашырууга
аракет кылуу, орто абалда жашоо, тамак-аш, кийим-кече жана бардык нерседе орто абалды
сактоо бар. Жахилдер буларды риязат деп эсептешпейт. Алардын оюнча, риязат –
жалгыз ачкалык тартуу гана. Көп ачка калууну абдан баалуу деп ойлошот. Анткени,
айбандар сыяктуу жашаган бул адамдар жеп-ичүүгө чоң маани беришет, дайыма
буларды ойлошот. Ушул себептен жеп-ичпөө аларга оор риязат болуп көрүнөт. Бул
жахилдер сүннөткө амал кылууга жана ушул сыяктууларга эч маани беришпейт. Бул
жолдун улууларынын абалын жаап-жашырууга аракет кылып, жахилдер баалаган
риязаттарды кылбоо керек. Ачкалык тартуу сыяктуу мындай риязаттар жахилдерге
жагат, атак-даңкка себеп болот жана аягы жаман болот. Расулуллах
алейхиссалам: "Динде жана дүнүйөдө таанымаал болуу адамга жамандык
катары жетет. Мындан жалгыз Аллаху таала коргогон адам гана кутулат”, - деген.
Узакка
созулган ачкалык тартуу жеп-ичүүдө орто даражаны сактоодон жеңил. Орто абалды
сактоо көп ачка болуу риязатынан жогору экени анык. Тамак-аш, кийим-кече жана
ар кандай иште орто даражаны сактоо абдан жакшы.
Аллаху
таала Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кырк адамдын күчүн берген. Бул күч менен
катуу ачкалыктарга чыдачу. Кутман сахабалар да адамдардын эң жакшысынын
сукбатынын жардамы менен бул жүккө чыдай алышчу. Ошондуктан, иштеринде жана
эмгектеринде эч кандай бузуктук жана начардык болчу эмес. Ачка абалда согушта
душман менен салгылашчу. Эгер кутман сахабалардан башкалар ушинтип ачка
калышса, адептерди, сүннөттөрдү, балким парздарды аткара албай калышат. Күчү
жок болуп туруп бул маселеде кутман сахабаларды тууроого аракет кылуу өзүн
сүннөт жана парздарды аткара албай калуу абалына кириптер кылуу болуп
эсептелет. Хазрети Абу Бакр Пайгамбарыбыз алейхиссалам сыяктуу күн сайын орозо
кармоону каалады. Арыктап, алсыз болуп калганда, Расулуллах алейхиссалам буга
кайгырып: "Араңарда мендей ким бар? Мен Раббимдин хузурунда болом. Ошол
жерден жеп-ичем”, - деди. Белгилүү болуп жаткандай, күчү жетпеген
нерсени кылууга аракет кылуу жакшы эмес.”