Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Тамакты туз менен баштоо




Тамакты туз менен баштоо


Суроо: Тамакты туз менен баштоо сүннөт. Дасторкондо туздуу зейтун, бадыраң сыяктуу нерселер болот. Зейтун менен баштоо сүннөттүн ордуна өтөбү? Ушундай сүннөттөрдү кылбасак күнөө болобу?

ЖООП: Ооба, өтөт. Ал тургай нандын тузуна ниет кылып, бир тиштем жеш аркылуу да бул сүннөт орундалган болот. Бул сүннөттөр аткарылбаса күнөө болбойт. Бирок, бир сүннөткө амал кылуу дүнүйөдөгү бардык нерселерден баалуу. Эгер унутуп калбасак, колубуздан келсе сүннөттөргө амал кылууга аракет кылууга тийишпиз. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Тамакты туз менен баштоо жана бүтүрүү 70 ооруга даба.” [Р.Насыхин]

Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү да медициналык жактан абдан пайдалуу экени билдирилүүдө. Ар бир сүннөттө көптөгөн хикметтер (сырлар, пайдалар) бар.

Суроо: Доктурлар үч зыяндуу нерсенин биринин туз экенин айтышууда. Ушул себептен тамакты туз менен баштоонун сүннөт болуусу туура эмес. Анткени, Пайгамбарыбыз ден соолукка зыяндуу бир нерселерди сунуш кылбайт. Мындан тышкары улуу хадис аалымдары Элбани жана Абдулфаттах Абу Гудда тамакты туз менен баштоо сүннөт эмес экенин айтышкан. Тузду дагы эле таштабайбызбы?

ЖООП: Бул дооматтар дин жагынан да, медицина жагынан да илимий эмес жана туура эмес. 

Медициналык жактан:

Туз, ун, шекер тууралуу үч зыяндуу нерсе деп айтылат. Ун зыяндуу болсо, нан да зыяндуу болот. Бардык нерселер сыяктуу эле ун да көп колдонулса зыяндуу болот. Туз да ошондой. Тойгондон кийин тамак жеш медициналык жактан зыяндуу жана дин боюнча арам. Бул нан жеген зыян же арам дегенди билдирбейт. Ашыкчасы зыяндуу дегендик. Ар бир нерсенин ашыкчасы зыяндуу. Туз болбосо адамдын ден соолугу чың боло албайт. Организмдеги туздун көлөмү азайганда алсыздык, чарчоо пайда болот. Андан да ары түшүп кетсе, эпилепсиялык талмаларды пайда кылат. Жүрөктүн иштеши кыйындайт. Нерв өткөргүчтөрү жабыркайт. Туздун сансыз пайдасы бар.

Ошондой эле тузга башка зыяндуу нерселер кошулса, албетте, зыяндуу болот. Мисалы, тазаланган туз зыяндуу. Тазаланган туз зыяндуу деп башка табигый туздарга да зыяндуу деп айтуу туура эмес. Көп туз зыяндуу болсо да, аз туз зыяндуу эмес. Медицина адистери мындай дешет:

Тазаланган туз ден соолукка зыян болгону менен, муктаждыкка жараша колдонулса, табигый туз, тактап айтканда таш тузу же деңиз тузу абдан пайдалуу жана шыпаа булагы. Гималай тузу жакшыраак. Туздун кээ бир пайдалары төмөнкүлөр:

Туз организмдеги кислота-негиз балансын сактайт.

Дененин электролит балансын камсыз кылат.

Зааранын пайда болушун камсыз кылат. Заара пайда болбосо, метаболизмдин коркунучтуу акыркы продуктулары сыртка чыгарыла албайт.

Туз антисептик, башкача айтканда, микробдорду өлтүрөт.

Туз тилге тийгенден кийин шилекей бездери дароо иштей баштайт. Секрецияны таратат. Бул секреция тамак сиңирүү үчүн маанилүү, тамак сиңирүүгө жардам берет жана жеңилдетет. Эгер тамак туз менен баштала турган болсо, мээ тарабынан жиберилген эскертүүсү стимулдун жардамы менен ашказанда былжыр деп аталган тамак сиңирүүнү жеңилдетүүчү катмар пайда болуп, ашказандын сиңирүү үчүн даярдыксыз болушунун алдын алат. Тамакты туз менен бүтүргөндө дагы тамак сиңирүү үчүн керектүү зат секреция бөлүнүп чыгат. Бул маанилүү секреция туз менен гана чыгат.

Туз тамактарыбызга, кээ бир азыктарга даам берет. Тузсуз тамактар самандай болот.

Йоддолгон туз: Йоддолгон туз маанилүү. Йод мойнубуздагы калкан безинен гормондорду бөлүп чыгаруу үчүн абдан маанилүү бир минерал. Йод организмибиздин өнүгүшүн, мээбиздин жана нерв системабыздын иштешин, иш-аракетибиздин жана дене температурасынын уланышын камсыз кылган калкан безинин гормондорунун түзүлүшү үчүн зарыл. Өлкөбүздүн көп бөлүгүндө суудагы йод жетишсиз. Организмибиз үчүн өтө маанилүү болгон йод жетиштүү колдонулбаганда түрдүү оорулар пайда болот.

Кош бойлуу кездеги йоддун жетишсиздиги эне курсагындагы баланын мээсинин жана денесинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизгендей эле, бойдон түшүүлөргө, өлүү төрөлүүлөргө, баланын майып төрөлүшүнө, балдарда акыл-эстин өспөй калуусуна жана эргежээлдикке себеп болот.

Бала кездеги йоддун жетишсиздиги физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүнүн артта калуусуна себеп болот.

Чоң кишилерде йоддун жетишсиздиги богок оорусуна, физикалык жана интеллектуалдык функцияларда дисбаланска жана бузулушуна себеп болот.

Муктаждыкка жараша колдонулган йоддолгон туз ден соолукка зыяндуу эмес жана  кошумча терс таасири да жок. 

Диний жагынан:

Мазхабсыз Элбани менен Абу Гудда жана аларды ээрчиген кээ бир мазхабсыз адамдар тамакты туз менен баштоо сүннөт эмес деп айтышканы менен, бул пикирлери ишенимдүү фиких китептерине карама-каршы келет. Мисалы, баалуу фиких китеби болгон "Фатава-и Хиндия”да: "Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү сүннөт. "Хуласа”да да ушундай”, - деп айтылат. "Татархания” фатва китебинде тамакты туз менен баштоонун сүннөт экени айтылган.

"Хиндия”, "Хуласа” жана "Татархания” китептеринде ушунча ачык жазылгандан кийин мазхабсыздардын сөздөрүнүн эмне кадыры болмок эле?

"Эй, Али! Тамакты туз менен башта. Анткени, туз жетимиш ооруга даба” хадиси шарифи "Тарикат-и Мухаммадия шархи Барик”"Ширъа-тул Ислам шархы”"Тыббин Наби”"Рыяд-ун насыхин”"Менакыб-и чихар йар-и гузин”"С. Абадиййа” жана "Мифтах-ул жаннат” китептери менен катар дагы башка көптөгөн ишенимдүү китептерде билдирилген.

Омар Насухи Билмен Хожа дагы тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүүнүн сүннөт экенин китептеринде билдирген.       

Тамакты туз менен баштоонун сүннөт экенин билдирген китептерди жаңылыш деп айтуу, мурунку аалымдарды, мурунку китептерди каралоо болот. Мурунку аалымдарды күнөөлөө модага айланды. Күн сайын телевизордон диндин бир өкүмү суракка алынып, тартышылып жатат. Мурунку аалымдар жахил деп айтылып жатат. Мындай нерселердин акыр заманда болорун Пайгамбарыбыз алейхиссалам мужиза катары кабарлаган эле. Бир хадистин мааниси төмөнкүчө:

"Акыр заманда кийинкилер мурунку аалымдарды жахилдик менен күнөөлөшөт.” [Ибни Асакир]

Бүгүнкү күндө дээрлик ар бир темада мурунку аалымдар билдирген маселелер биринин артынан бири караланып жатат. Буларды көрүп, мүмкүнчүлүгү бар адамдын  унчукпай коюусу адал болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Бул үммөттүн акыр заманда келгендери мурунку аалымдарды жамандаган кезде илимин жашырган адам Аллахтын түшүргөн Куранын жашырган болот.” [Ибни Мажа, Ибни Адий, Ибни Асакир]

Куранды жашырбоо үчүн мурунку аалымдарды жамандагандарга каршы сергек болуп, Ахли сүннөт маалыматтарын бардык жерге жайылтууга аракет кылуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш