Махр


Суроо: Махр деген эмне? Динибизде махрдын мааниси эмне?

ЖООП: Махр – эркектин үйлөнүп жатканда кызга берүүсү керек болгон алтын, мал-мүлк же пайда. Стамбулда жалпысынан 11 Решат алтын махр катары берилет. Махрдын алтын болушу шарт эмес. Ар кандай мал-мүлк [үй, батир, бакча, унаа, фабрика] же кандайдыр бир пайда болушу да мүмкүн. Жесир аял менен үйлөнгөн да махр берет.

Махр айтылбай кыйылган нике да сахих болот. Бирок, үйлөнгөндөн кийин дагы эркек аялына Махр-и мисил бериши керек.

Бир кыз же аял турмушка чыгып жатканда "менин никем махрсыз болсун” деп айта албайт. Кандайдыр бир махрда макулдашылат. Бул махр аялдын акысы болгондон кийин, ала электе да күйөөсүнө багыштай алат (кечип жибере алат). Кечүүсү да өтө сооптуу.

Эгер аял махрымды адал кылдым (кечтим) дегенден кийин арам болсун (кечпейм) деп айтуусу менен арам болбойт, белегин кайра сурай албайт.

Тойго чейин кызга берилген жасалгалар, зер буюмдар нике учурунда махр айтылбаган болсо махрдын ордуна өтөт. Эркек сөйкө салуу үчүн жиберген нерселер махр эле десе, аял болсо белек эле десе желген нерселер белек болот. Башка нерселер махр болот.

Махр экиге бөлүнөт. Махр-и муъажжел жана махр-и муэжжел. Эгер никеде эки махр тең айтылбаган болсо махр-и мисил берилиши керек. Аялдын атасы жагынан тууганына канча берилген болсо ошончо берилет.

Махр-и муъажжел:

Шашылыш берилиши керек болгон махр дегенди билдирет. Бир билерик, бир сөйкө, бир муздаткыч жана башка нерселер болушу мүмкүн. Нике кыйылгандан кийин берүү важиб болот. Зифафтан (биринчи түндөн) же халветтен мурун берилет. Махр-и муъажжелди кечиктирүү жаиз эмес. Эгер аял ажырашууга себеп боло турган бир нерсе кылса, мисалы, муртад болсо, хурмат-и мусахарага себепкер болсо махр-и муъажжел берилбейт. Эркек талак берсе же ажырашууга себеп болгон нерсени кылса анда жарымы берилет.

Алгач кызга тагылган жасалгалардын кайсынысы махр-и муъажжел экени билинүүгө тийиш. Нике кыйылып жатканда ошол кезде (белгилүү болгон) деп айтылат. Эгер билинбесе, (белгилүү болгон) деп айтуу жаңылыш болот. Эң туурасы махр-и муэжжел сыяктуу махр-и муъажжел да аныкталып, мынчалык махр-и муъажжел жана мынчалык махр-и муэжжел менен деп айтылышы керек. Эгер тараптар махр-и муъажжелди аныкташкан болсо, бирок, айткылары келбесе, анда (араларында белгилүү болгон махр-и муъажжел менен) сөзү колдонулат. Келечекте ажырашуу болгон учурда тагылган жасалгалардын кайсынысы аманат, кайсынысы белек, кайсынысы махр-и муъажжел экени билинүүсү керек, эч кандай пикир келишпөөчүлүккө себеп болбоо керек.

Махр-и муэжжел:

Дароо берилбей, кийинчерээк берилүүсү керек болгон махр дегенди билдирет. Эгер халвет болгон болсо же алардын бири каза болгон болсо махр-и муэжжелин берилүүсү важиб болот. Аялы каалаган учурда берилет. Эгер каалабаган болсо экөөнүн бири өлгөндө берирүүсү важиб. Аял көз жумганда күйөөсү аялынын мурасчыларына берет. Күйөөсү көз жумганда анын мурасынан аялына берилет. Махрдын калың акчасы менен эч кандай байланышы жок. Калың акча алуу арам.

Ажырашкан учурда зифаф же халвет болгон болсо муэжжел махрдын баары, болбогон болсо жарымы берилет. Бир аяти кариманын мааниси:

"Силер жакындык кылбай туруп ажырашкан аялдарга махрдын жарымын бергиле!” [Бакара, 237]

 Нике кыйылып жатканда махр айтылып, бирок, канчасы муъажжел экени билдирилбеген болсо, салтка жана аялдын эмсалына (теңдешине, окшошуна) ылайык айтылгандардын бир бөлүгү муъажжел болот. Нике кыйылып жатканда махр-и муъажжелдин белгилүү бир күнү төлөнүшүн шарт кылуу жаиз. Ажырашкан учурда махрдын төлөнүүчү күнү күтүлөт. Эгер төлөө күнү белгисиз болсо ажырашуу учурунда дароо төлөнөт. (Фатава-йи Хиндиййа)

Исламда махр акчасы үйлөнүү үчүн эмес. Никенин ырааттуу, бактылуу түрдө улануусу, аялдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, дин жагынан жахил, намыссыз эркектин колунда оюнчук болуп калбоосу үчүн. Махр акчасын берүү жана балдардын нафака акчаларын ай сайын төлөөдөн коркуп эркек аялы менен ажыраша албайт. Бул коркуу жок жерлерде соттор ажырашуу иштери менен толо. Ушул себептен турмушка чыга турган кыздын Исламдын көркөм ахлагын жана аялга берген кадыр-баркын билген жана ага маани берген эркектен аз өлчөмдө, андай болбогон эркектен болсо көбүрөөк махр сураганы абзел.

Махр акчасы аял үчүн камсыздандырма болуп эсептелет. Эркектин араң төлөй турган же такыр бере албай турган махр менен үйлөнгөн аял менен ажыраша албайт. Ажырашса материалдык жашоосу токтоп калат. Махр берүүдөн коркуу эркектин ынтымакташып жашоосуна да себеп болот. Эгер эркек махр акчасын берип, аялы менен ажырашса, аялынын эч кимиси да жок болсо, ошол махр акчасы менен оокат кылуу мүмкүнчүлүгүн таба алат. Мүмкүнчүлүгү бар эркектин салиха кызга же аялга көп махр берүүсү жакшы болот. Хабашистандын императору Нажаши Умм-и Хабиба энебиз менен Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын никесин кыйганда махр катары болжол менен 2 кило алтын берген эле. (Насаи)

Махр белгиленбей кыйылган нике да сахих (жарактуу). Бирок, андан кийин махр-и мисил берүү керек. Махрдын көбүнүн чеги жок. Бирок, минимум 5 грамм алтын.

Ажырашкан аялга махырын бербөө кул акысы. Эгер төлөбөсө акыретте азабы катуу болот. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Аялдарга махрларын чын жүрөктөн ыраазы болуп бергиле. Эгер алар өз каалоолору менен махрдын бир бөлүгүн силерге белек кылышса аны ырахаттана жейсиңер.” [Ниса, 4]

Хадиси шарифтерде дагы мындайча айтылат:

"Махр бербөө ниети менен үйлөнгөн адам Кыяматта уурулар менен бирге тирилет.” [Р. Насыхин]

"Аялын таштап, махрын бербөө арам.” [Хаким]

"Махр катары бир шакек болсо да бергиле!” [Муслим]

"Махр акчасы - кайырлуу мүлк.” [Дайлами]

"Эң жакшы махр – жеңил төлөнүүчү махр. Махрды жеңилдеткиле. Махрды көп суроо душмандыкка себеп болот.” [Абдурраззак]

Күйөөсү менен аялынын ортосунда болгон мыйзамдуу халвет чоочун аял менен арам халвет сыяктуу эмес. Алардын жанында сезим, шарият же табигый жактан жыныстык катынашка тоскоол болгон бир себеп болсо, анда машру (мыйзамдуу, шариятка ылайык) халвет болбойт. Алардын бири ооруп калса, ихрамдуу болсо, парз намазда болсо, Рамазан орозосун кармаган болсо, аял хайз же нифас абалында болсо, алардын жанында акылдуу [7 жаштагы] бала бар болсо бул халветке тоскоол болот. Ал эми балагат жашына чыкпаган бир бала арам болгон халветке тоскоол боло албайт. (Мазахиб-и арбеа)

Эгер бир кыз менен бир жигит үйлөнүп, кийин ажырашып кетсе мындай шариятка ылайык халвет да болбогон болсо, анда махрдын жарымын берет. Халвет болгон болсо анда махрды толук берет.

Зифафка кирбеген жана халвет да болбогон кыз бир жолу ажырашканда баин [кескин, так ажырашкан] болот. Эркектин ага дароо жарым махр берүүсү зарыл болот жана иддат күтпөйт. Ажырашкан күнү деле башка бирөө менен үйлөнө алат.

Махрсыз нике

Суроо: Махрсыз кыйылган нике сахих болобу (өтөбү)?

ЖООП: Нике сахих болот. Алар кийинчерээк да макулдаша алышат. Эгер макулдаша албай эркек махр бербесе, махр-и мисил берүүсү важиб болот. Башкача айтканда, аялдын атасы жагынан тууганына канча берилген болсо ошончо берет. Таптакыр бербесе анда кул акысы болот. Бирок, аял кааласа ала турган махрды кечип жибере алат.

Ажырашууда махр

Суроо: Үйлөнүп жатканда аялымдын жоолукчан жана намаз окуган болуусун каалаган элем. Мен жоолуксуз бир кызга сунуш кылдым. Ал макул болуп, экөөбүз баш коштук. Анан кийин ал жоолугун чечип салды. Намазын таштады. "Мусулмандыкты кабыл албайм”, - деди. Мени таштап кетти. Тагыраагы, биз ажыраштык. Мен махр карызымды беришим керекпи?

ЖООП: Берүү шарт эмес. Анткени, аялдын муртад болуусу же атайылап хурмат-и мусахарага себепкер болуусу сыяктуу аял себеп болгон ажырашууларда махр берүү керек эмес. Эгер берилген болсо эркек анын баарын кайтарып алат.

Тойдо берилген нерселер

Суроо: Тойго чейин кызга алтын билерик ж.б. нерселер берилет. Эгер никеде махр айтылбаса ал махрдын ордуна өтөбү?

ЖООП: Ооба, өтөт.

Жесир аялга махр

Суроо: Жесир аял менен үйлөнгөн адам да махр береби?

ЖООП: Ооба, берет.

Махр-и муъажжел

Суроо: Саадати Абадиййа китебинде  нике кыюу учурунда "Баланча өлчөмдө махр-и муэжжел жана араларында белгилүү болгон  махр-и муъажжел менен” деп айтыла тургандыгы айтылууда. Эгер алардын арасында махр-и муъажжел белгилүү эмес болсо, тагыраагы, махр-и муъажжел тууралуу бир да айтылбаган болсо, дагы эле минтип айтууга болобу?

ЖООП: Жок. Андай болсо алгач эки махрды тең белгилеп алуу керек. Махр айтылбай кыйылган нике сахих болсо да, туурасы – алдын ала буларды белгилеп алуу. Эгерде белгиленбеген болсо никеден кийин белгиленет.

Махрдын эң аз өлчөмү канча?

Суроо: Махр-и муэжжелдин эң көп жана эң аз өлчөмү канча болушу керек?

ЖООП: Көбүнүн чеги жок, макулдашууга жараша болот. Минималдуу 5 грамм алтын. Эгер никеде махр макулдашылбаган болсо анда эркектин махр-и мисл берүүсү важиб болот. Махр-и мисл – кыздын атасы жагынан туугандарына канча берилген болсо ошончо берилген өлчөм. Минималдуу 5 грамм алтын.

Махрды айтпай, атүгүл, махр бербөө шарты менен кыйылган нике сахих, бирок, шарт фасид болот. (С. Абадиййа)

Махр экиге бөлүнөт:

а- Махр-и муъажжел: Нике кыйылгандан кийин аны берүү важиб болот. Зифафка чейин берилиши керек. Аял махр-и муъажжелди алмайынча тойду, халветти жана чогуу сапарга чыгууну каалабашы мүмкүн.

б- Махр-и муэжжел: Берилүүсү төмөнкү үч нерсенин бири болгондо важиб болот:

1- Халвет,

2- Ватй [Зифаф],

3- Алардын бири кайтыш болсо. Аял кайтыш болсо махр анын мурасчыларына берилет. Күйөөсү кайтыш болсо анын мурасынан аялына берилет. (Китаб-ул-фикх алал-мазахиб-ил-арбеа)

Махрды аз суроо керек

Суроо: Көп махр сураган жакшыбы?

ЖООП: Махр турмушка чыга турган кыздын камсыздандырмасы сыяктуу. Эгер махрды көп сураса эркек аялы менен болор болбос нерселердин айынан ажыраша албайт. Ишенип болбогон эркектен көп махр суроонун зыяны жок. Аял каалаган убакта махрын күйөөсүнө белек кыла алат. Бул жагынан көп суроонун эч кандай зыяны жок.

Салих, ишенимдүү адамга турмушка чыккан кыз ашыкча махр сурабашы керек. Бир нече хадиси шарифтердин мааниси төмөнкүчө:

"Эң жакшы махр – жеңил төлөнүүчү махр.” [Хаким]

"Махрды жеңилдеткиле! Көп махр суроо душмандыкка себеп болот.” [Абдурраззак]

Хазрети Омар айтты:

"Махрды көп сурабагыла! Эгер махрды көп алуу пазилет болгондо Расулуллах ушундай кылмак.” [Тирмизи]

Бир аялдын махры бир жуп бут кийим эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ал аялдын махрына ыраазыбы же жок экенин сурады. Аялдын ыраазы болгону кабарланганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам да кубанды. (Тирмизи)

Махр катары эмне берилет?

Суроо: Үйлөнгөндө махр-и муэжжел катары эмнелер суралса болот?

ЖООП: Алтын, күмүш, кагаз акча же кандайдыр бир товар же пайда суралышы мүмкүн. (Китаб-ул-фикх алал-мазахиб-ил-арбаа)

Аял махр катары өзүнө Курани каримди үйрөтүүнү да сурай алат. Бир үй, бир унаа да сурай алат. Жөнөкөй бир нерсенин айынан эркектин ажырашуусунун алдын алуу максатында махрды көп суроо жакшы болот.

Исламда махр акчасы үйлөнүү үчүн эмес. Никенин ырааттуу, бактылуу түрдө улануусу, аялдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, дин жагынан жахил, намыссыз эркектин колунда оюнчук болбоосу үчүн. Махр акчасын берүү жана балдардын нафака акчаларын ай сайын төлөөдөн коркуп эркек аялы менен ажыраша албайт. Бул коркуу жок жерлерде соттор ажырашуу иштери менен толгон. Ушул себептен турмушка чыга турган кыздын Исламдын көркөм ахлагын жана аялга берген кадыр-баркын билген жана ага маани берген эркектен аз өлчөмдө, андай болбогон эркектен болсо көбүрөөк махр сураганы абзел. (С.Абадиййа)

Махр нисабы

Суроо: "Кедей кызга нисабдан жогору махр суралганда, ал да курмандык чала албай тургандыгы үчүн күнөөгө кирет. Ошентип, аялга зулумдук кылынган болот”, - деп айтылууда. Ашыкча махр суроо менен аялга эмне үчүн зулумдук кылынууда?

ЖООП: Махрды көп суроо менен аялга зулумдук кылуунун эч кандай байланышы жок. Аял ала турган махрды нисабга кошот, бирок, акчасы жок болсо зекет бербейт, курмандык да чалбайт. Ошондуктан, ал күнөө да кылбайт жана зулумдукка да кабылбайт. Эгер курмандык чала тургандай акчасы болсо анда курмандык чалат жана курмандыктын сообун алат. Аял соопко жеткендиктен ага зулумдук кылынган болбойт. Тескерисинче, колунда нисаб өлчөмүндө акчасы же алтыны жок болсо да, ала турган махрды нисабга кошкондугу үчүн бай болгондуктан чалган курмандыгына важиб сообу берилет. Бул болсо чоң немат. Бул жагынан көп махр суроонун зыяны жок, тескерисинче, аял үчүн материалдык жана руханий пайдалары бар.

Суроо: Бир аялды "баланча махр менен мага никеле” деп өкүл катары дайындалган адам  нике келишими учурунда махрды айтылгандан ашыкча айтып, нике келишимин түзсө, өкүл катары дайындаган адамдын ашыкча болгон ошол махрды берүүсү керекпи?

Жооп: Бул тууралуу Ибни Абидинде айтылат:

"Эгер бир адам бирөөнү "Баланча кыздын колун мага баланча алтын махр менен сура” деп өкүл кылып дайындаса, өкүл көбүрөөк махр сурап колун сураса жана ушундай нике кыйылса, ашыкчасын берүү керек болбойт. Адам кааласа ашыкчасын кабыл алат, кааласа никени фасих кылат (жокко чыгарат). Тойдон кийин кабардар болуп фасих кылса, анда махр-и мисил берүүсү зарыл болот.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш