Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ден-соолук үчүн пайдалуу маалыматтар




Ден-соолук үчүн пайдалуу маалыматтар


1-Сууну жетиштүү ичкенге аракет кылуу керек. 

2-Ар бир жашылча жана мөмө-жемишти мезгилинде жеш керек. Мезгилинин сыртында колдонуудан алыс болуш керек. 

3-Күн сайын айран жана бираз бал жеш керек. 

4-Жалбыз, тимьян, зыгыр, кара зире сыяктуу өсүмдүктөр дайыма үйдө болуш керек.

5-Күн сайын бир алма менен сабиз жеш керек. 

6-Ашыкча туз жана шекерден алыс болуу керек. 

7-Этти аз жеш керек. 

8-Эки күндө үч маал тамактануу керек. Эгер бул мүмкүн болбосо күндө эки маал тамактануу керек. Эгер бул да болбосо эртең мененки тамак жакшы, түшкү тамак жеңил, кечки тамак андан да жеңил болушу керек. 

9-Ысык тамактар үчүн чопо жана айнек идиш колдонуу керек. 

10-Кышында цитрус жемиштерин жеш керек. 

11-Интеллект жагынан эмгектенген адам мейиз жеши керек. 

12-Кебектүү нанды тандоо керек. 

13-Майлардын арасынан зейтун майын тандоо керек. 

14-Маргариндер зыяндуу. 

15-Күн сайын эртең менен 20 мүнөт терең дем алуу керек, ар бир дем алууда 4-5 секунд демди кармап туруу керек. 

16-Эртең менен жарым сааттай басуу керек. 

17-Күн сайын түштө кайлула кылуу (кичине уктоо) керек. 

18-Мүмкүнчүлүк болгондо топуракты жылаңаяк басуу керек. 

19-Курсак ача электе жебеш керек, тойо электе дасторкондон туруу керек. 

20-Өтө муздак жана өтө ысык нерселерден алыс болуу керек. 

21-Тынч болуу керек, күтүлбөгөн кубаныч жана кайгыдан алыс болуу керек. 

22-Жубайлар бири-бирин тарынтпашы керек. Таарынганда нервдер бузулуп, оорулар башталат. 

23-Рухтун азыгы – дин илими. Рухка да азыгын берип туруу керек, аны оорутпоо керек. Күн сайын Имам Раббани хазреттери сыяктуу Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен, накылга негизделген илмихал китептеринен бир нече барак окуп туруу керек. Намазды эч калтырбай окуу керек. Намаз окуу материалдык жана руханий хузур тартуулайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш