Жеп-ичүүдө


Суроо: Жеп-ичүүдө эмнелерге көңүл буруу керек? 

ЖООП: Ислам аалымдары билдиришет: 

1 - Тамактан мурун колду жуу сүннөт. [Бүгүнкү күндө биздин колубуз микробдордун булагынын бир түрү экени белгилүү.] 

2 - Тамактын көп түрүн эмес бир гана түрүн жеш керек. [Тамак сиңирүү үчүн ар бир тамакка бөлөк-бөлөк секреция жана кислота таралат. Бул болсо ашказанды чарчатат.]

3 - Өтө ысык жеп-ичпөө. [Ысык жеп-ичүү ашказан рагына себеп болот.] 

4 - Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү сүннөт. [Тилге туз тийгенден кийин шилекей бездери дароо иштей баштайт. Секрецияны таратат. Бул секреция тамак сиңирүү үчүн маанилүү, тамак сиңирүүгө жардам берет жана жеңилдетет. Эгер тамак туз менен башталса мээ тарабынан жөнөтүлгөн эскертүүнүн натыйжасында ашказанда былжыр деп аталган тамак сиңирүүнү жеңилдеткен катмар пайда болуп, ашказандын сиңирүүгө даярдыксыздыгынын алдын алат. Тамакты туз менен бүтүргөндөн кийин дагы тамак сиңирүү үчүн керектүү секреция бөлүнүп чыгат. Бул маанилүү секреция туз менен гана пайда болот.] 

5 - Курсак ача электе тамак жебеш керек, тойо электе туруп кетүү керек. [Ашыкча токчулук унутчаактыкка себеп болуп, көңүлдү сокур кылып, спирт ичимдиктер сыяктуу канды буза тургандыгы, ачка болуунун, орозо кармоонун болсо акылды тунарта тургандыгы, көңүлдү нурданта тургандыгы бүгүнкү күндө белгилүү.] 

6 - Тамак жеп жатканда жерге отуруп, сол бутту бүгүп, оң бутту карынга тартып отуруу керек. [Мындай отурганда суу толтурулган шар формасында болгон ашказандын чыгуу бөлүгүн жаап, желген тамактын толук сиңбестен ичегиге өтүп кетүүсүнүн алдын алат жана ашказан толгондо да тойгондук сезимин пайда кылып, көп ашыкча жебей туруп кетүүгө себеп болот.] 

7 - Тамак жеп жатканда көңүлдүү, жагымдуу нерселерди сүйлөө керек. Тамакта коркунучтуу, жийиркеничтүү нерселерди сүйлөбөө керек. Өлүм же оору жөнүндө сөз кылбоо керек. [Эгер кайгылуу нерселер айтылса тамак сиңирүү системасын иштеткен нервдердин тең салмактуулугу бузулуп, адреналин секрециясынын көтөрүлүшүнө себеп болот.] 

8 - Күндө эт жебеш керек. Себеби, жүрөктү кыйнайт. Эти аз тамак болсо ахлакты бузат. [Кызыл этти ашыкча колдонуу жоон ичеги рагына, аялдарда көкүрөк рагына, тамак сиңирүү органдарынын рагына алып келет. Бостондогу Тафтс университетинде жүргүзүлгөн бир изилдөө кызыл этти көп жегендердин тамак сиңирүү органдарынын рак оорусуна чалдыгуу коркунучу жогору экенин көрсөттү. Нормага ылайык желген эт мээнин жана нерв системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн пайдалуу.] 

9 - Өсүмдүк тектүү азыктар пайдалуу. Жашылчасы жок дасторкон акылсыз чалга окшош. [Бүгүнкү күндө өсүмдүк  тектүү азыктарынын мааниси жакшы белгилүү болду.] 

10 - Тиштем кичинекей болуу керек жана жакшы чайноо керек. [Шилекей бездери ашыкча иштейт. Бул секреция ашказандагы секрециялар менен бирге тамак сиңирүүнү жеңилдетет. Салмак кошпойт. Болбосо, секреция жетишсиз болот. Тамак толук чайналбастан жана жетиштүү секрециясыз ашказанга кетет. Бул шилекей секрециясынын жетишсиздиги болсо жегендерибизди дененин сиңирүүсүнө тоскоол болот жана ашыкча салмакка себеп болот.] 

11 - Ачка болгондо да шашпай жеш керек. [Шашпай жеш шилекей бездерин иштетип, секрецияны жаюуга жана тамак сиңирүүнү жеңилдетүүгө себеп болот.] 

12 - Тамактын ортосунда бир нерсе үчүн, атүгүл, намаз үчүн да дасторкондон турбоо керек, алгач намазды окуп алуу керек. Эгер даярдалган тамак муздап же бузула турган болсо жана намаз убактысы тамактан кийин окууга ылайыктуу болсо намазга чейин жеп алуу керек. [Тамактанууга тыныгуу берүү кээ бир адамдар үчүн психологиялык жактан жарабайт. Тамак сиңирүү системасынын секрецияларынын иштөө тартиби начарлайт. Тыныгуу учурунда ашказанда тамак сиңирүү башталат. Кайра тамак жеп баштаганда тамак сиңирүү системасынын тартиби бузулат.] 

13 - Суу ичип жатканда сууну кароо керек. Үч демде ичүү керек. Демди сууга эмес стакандын сыртына чыгаруу керек. Жайында салкын ичүү керек. Өтө муздак нерселерди ичпөө керек. Ачка курсакка суу ичпөө керек. Сууну сиңирип жаткандай жай ичүү керек. Оозду толтуруп ичпөө керек. Дем чыгарып жатканда стаканды ооздон алыстатуу керек. Кайнаган нерсени үйлөп ичпөө керек. Аны суутуп кийин ичүү керек. Суунун баарын бир дем менен ичпөө керек. [Сууну бир дем менен ичкенде кызыл өңгөчтө чурку пайда болушу мүмкүн. Демде ооз жана тиштен чыккан зыяндуу микробдор болушу мүмкүн. Сууга үйлөнгөндө суу менен кошо кайра денеге кирет. Бул ооруларга алып келиши мүмкүн. Өтө муздак жеп-ичкенде тамак, тонзиллит, бронхит, муун жана баш оорусуна алып келет. Айрыкча отуруп жана жок дегенде дегенде үч ууртамда ичилген суу тил жана ооздо көп тургандыктан шилекей бездерине керектүү суунун сиңүүсүн жогорулатат жана антибактериалдык жана антиоксиданттык таасирге ээ шилекейдин бөлүнүп чыгуусун жогорулатып, ооз жана тиштин саламаттыгына пайдалуу болот.] 

14 - Ичиле турган нерселерди өйдө туруп ичпөө керек. Тердеп турганда да суу ичпөө керек. [Ысыкта же ашыкча тердеп турганда өйдө туруп суу ичүү буттун варикоз оорусун пайда кылат. Муздак сууну өйдө туруп ач карынга ичкенде алсыз кишилерде ашказандын салбырашына алып келет.] 

15 - Стакандын сынган жеринен ичпөө керек. [Сынган жерлерди толук тазалоо мүмкүн болбогондуктан микроб жыйналат. Ошондой эле колду жана оозду кесиши мүмкүн.] 

16 - Тамактан кийин тиштерди мисвак, тиш чукугуч же щетка менен тазалоо керек.[Ооз жана тиштердин тазалыгы абдан маанилүү. Баарынан мурда тиштерди дарылатуу керек. Анткени, көптөгөн ооруларга себеп болот. Тиштин түбүндө ириң пайда болгон бел нервинин жана жүрөктү курчаган сырткы чел кабыкчасынын сезгенүүсүн пайда кылат. Жүрөк оорулууларынын көбүндө тиш эти оорулары кездешет. Вирустар жатынга жеткенде эрте төрөткө да себеп болушу мүмкүн.] 

17 - Ооздо, колдо эттин, тамактын жыты менен жатпоо керек. Балдардын колун жана оозун жууш керек. [Бул ар кандай ооруларды, ошондой эле тиш эти ооруларын пайда кылат. Жубайына ыңгыйсыздык туудуруу жагынан үй-бүлөлүк жашоого да ылайыктуу эмес.] 

18 - Ашыкча ток кезде  жатпоо керек. [Бул абдан зыяндуу. Уйку абалында жүрөк жана өпкөдөн башка ички органдардын иштөөсү абдан начарлап, кандайдыр бир деңгээлде дем алышат. Жүрөк менен өпкөдөгү жүк да күндүзгүгө салыштырмалуу азаят. Ток жатканыңызда жүрөк дагы көп иштөөгө аргасыз болот. Ашыкча ток жатуу жүрөк жана башка органдардын чарчап, натыйжада эрте картаюуга, баш ооруга, салмак кошууга жана көз ооруларына алып келет.] 

19 - Кеч уктаарда тамак-аш, суусундуктарды ачык калтырбоо керек, үстү жабылуусу керек. [Тамак-аш бузулуп, микроб пайда болушу мүмкүн.] 

Бул нерселерди ден-соолукка пайдалуу болгондуктан эмес, динибиз кабар бергендиктен, динди кармануу ниети менен кармануу керек. Ушундайча дүнүйөбүзгө да, акыретибизге да пайдалуу болот. Эгер ден соолук үчүн гана болсо, анын сообуна жете албайбыз. 

Мөмө-жемиштерди жууш керек 

Суроо: Банан, коон, дарбыз сыяктуу кабыгы менен жегенге болбой турган жашылча, мөмө-жемиштерди жууш керекпи?

ЖООП: Ачык жерде сатылып жаткан нерселерге көз тийүүсү ыктымал. Ошон үчүн жашылча-жемиштердин баарын жууган жакшы болгондой эле, симит сыяктуу ачык жерде сатылган жана ар кимдин көзү тийген азыктарды аргасыз болмоюнча албоо жакшыраак болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш