Баш ооруганда


Суроо: Медициналык жактан айла таба албаган адам баш оорусун алдын алуу үчүн эмне кылуусу керек? 

ЖООП: Башка дарыгерлерге да барып көрүү керек. Кээ бир азыктар баш ооруга каршы пайдалуу экени белгилүү: 

1-    Мөмө-жемиштер жана жашылчалар 

Кара зирени нанга кошуп жесе баш ооруну басат. Бадам, апийим уругу, жалбыз, розмарин, шоколад, алма жеш баш ооруга каршы пайдалуу. Кара калемпирди корица менен ичсе баш ооруну басат. Кресс-салат уруктары өнөкөт баш ооруга каршы пайдалуу. Коон, дарбыз баш ооруну басат. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө: 

"Ашкабак баш ооруга каршы пайдалуу.” [Муслим] 

Жалбызды, лимонду, күкүмдөлгөн гвоздиканы жана эки чай кашык уксусту 5 мүнөт кайнатып, бал менен таттуу кылып эки-үч стакан ичип, кара зирени, күкүмдөлгөн гвоздиканы мурунга жытталган тамеки сыяктуу жыттоо, туздуу же уксусталган картошканы же бадыраңды экиге бөлүп, чекеге коюу, кара зиренин түтүн ышын жыттоо, куурулган кофени жытттоо, ашкабак ширесин мурунга тартуу, пияз пастасына уксус кошуп чекеге коюу, уксус кошулган жаңы марулду жеш, кайнатылган нокот жеш, кофе аралашмасы менен лимон жеш, күкүмдөлгөн лимондун кабыгын бал менен жеш, мурунга 2-3 тамчы пияздын ширесин мурунга тамызуу, кулакка ачуу бадам майын тамызуу, жашыл кипарис чанагы чайын роза суусуна аралаштырып, башка сүйкөө баш ооруга каршы пайдалуу болот.

2-    Чайлар 

Лимон жалбызы чайы, имбирь чайы, дымянка чайы, карабаш чөп чай, ромашка чайы, шалфей чайын ичүү баш ооруга каршы пайдалуу. 

200 гр. алас оту уругун 5 кило жүзүмдүн ширеси менен 1,5 кило калганча кайнатып, бир ай бою күнүнө эки стакан ичип турса өнөкөт баш оорусун жана эпилепцияны басаңдаары тажрыйба кылынган. 

Бир ууч арпанын кабыгы бөлүнгөнчө бир литр сууга кайнатылат. Айнек идишке чыпкаланып коюлат. Ошол бойдон калтырылып, жылуу тартканда үстүнө бир лимон сыгылат. Бал менен таттуу кылып ичсе баш оорусуна каршы пайдалуу болот. 

Анис чайын ичүү, липа, алча сабагынын чайын ичүү, райхан чай ичүү, тимьян ширесин ичүү, эки грамм кара мурчту 3 чай кашык корица менен ичүү, бир стакан кайнаган сууга 4-10 грамм зире салып демдеп ичүү да баш ооруларына пайдалуу болот. 

3- Пайдалуу кыймыл-аракеттер

 Терини күн сайын жылуу суу менен сүртүп, аптасына эки жолу жылуу суу менен жуунуш керек. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

 "Мончодон чыгаарда бутту муздак суу менен жууса баш ооруну басат.” [Абу Нуайм]

Ачык абада сейилдөө, жашыл чөптөрдү, аккан сууну кароо да пайдалуу. Баш ооруганда башка кына коюу да пайдалуу.

 4- Дуба окуу

 Даарат алып, Бакара сүрөсүнүн 196-аятын "фемен”ден "эв-нусук”ка чейин жазылып, башка коюлат. Ислам тамгалары менен башына бисмиллах жана аягына "ускун лиллах” жазылат. Баш ооруга каршы пайдалуу болот. (Манафиун-нас)

 Хазрети Али риваят кылган хадиси шарифтин мааниси төмөнкүдөй:

 "Эй, Али! Башың ооруганда эки колуңду башыңа коюп, Хашр сүрөсүнүн соңу болгон Лев энзелна аяты каримасынан баштап аягына чейин оку!” [М.Ч.Я. Гузин] 

Баш ооруга дары

Суроо: Баш ооруганда эмне кылуу керек?

ЖООП: Биринчи дарыгерге баруу керек. Денебиз бизге аманат. Динибиз аны жакшылап коргоону буюрган. Оорулууну дарылатуу зарыл. Дарылоо оорулуунун абалына жараша дары-дармек менен, садака берүү менен жана дуба менен ишке ашырыла тургандыгы билдирилген. Тажырыйба менен таасири анык болгон вакциналарды, сывороткаларды жана антибиотиктерди колдонуу парз. Башкача айтканда, Аллаху тааланын буйругу. Таасири анык дарылар тамак сыяктуу болуп, дары ичпей өлүү күнөө. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) хазреттери үч түрдүү дары колдонгон. Курани карим же дуба окучу. Табигый илимдер менен табылган дарыларды колдончу. Экөөнү тең аралаштырып да колдончу.

Хадиси шарифтерде баш оору жөнүндө мындай деп айтылат:

"Башы ооруган адам колун башына коюп, Хашр сүрөсүнүн соңун окусун. Бул ар бир ооруга шыпаа.” [Аддева фи деф’ид-дуа]

"Баш жана тамак ооруга индия курмасынын мөмөсү пайдалуу.”  [Хаким]

"Денеге май сүйкөп жатканда каштан баштоо баш ооруну басат.” [Ибни Сунни]

"Шыпааны Аллаху тааладан күтүп баштан кан алдыруу мына бул 7 дартка дабаа: Жиндилик, баш оору, ала пес оорусу, уйкучулук, тиш ооруу, көзү караңгылашуу.” [Табарани]

"Бир түнү башы ооруп калып, Аллаху таалага каршы чыкпай сабыр кылган,  жагдайына ыраазы болгон адам энеден төрөлгөн күндөгүдөй күнөөлөрдөн тазаланат.” [Ибни Абид- Дунйа]

Расулуллах алейхиссалам башы ооругандарга хажаматты сунуштачу. (Абу Давуд, Ибни Маажа, Тирмизи)

Расулуллах алейхиссалам баш оорусуна каршы кына да койчу. (Ибни Сунни)

Коон, дарбыз бөйрөктү тазалайт, баш ооруну басат. (Р. Насихин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш