Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Көздүн саламаттыгы үчүн




Көздүн саламаттыгы үчүн


Суроо: Көз үчүн болгон дарылардан көп деле пайда ала алган жокмун. Көздүн саламаттыгы үчүн эмне сунушталат? 

ЖООП: Бардык эле дарылар баарына бирдей таасир эте бербейт. Башка дарыгерге да барып, колдонулган дарыларды көрсөтүп, башка дарыларды колдонуп көрүү жакшы болот. Анткени, хадиси шарифте мындай деп айтылат: 

"Аллаху таала ар бир оорунун дарысын жараткан. Жалгыз өлүмдүн гана дабаасы жок.” [Табарани] 

Асманды, деңизди жана жашылды кароо адамды эсалдырат. Жашылдыкты кароонун көзгө нур берери, көздү кубаттандырары, деңизди кароонун ибадат экени, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын агын сууну, жашылдыкты караганды жакшы көргөндүгү хадиси шарифте айтылган. (Абу Нуайм) 

Хадиси шарифтерде дагы мындай деп айтылат: 

"Үч нерсе көзгө нур берет: жашылдыкты, аккан сууну жана сулуу жүздү кароо.” [Хаким] 

"Сүрмө туртуу, жашылдыкты жана сулуу жүздү кароо көзгө кубат берет.” [И.Сүйүти] 

"Чүчкүргөндө "Алхамдулиллах” деген адам көз оорусун көрбөйт.” [Табарани] 

Кароо адал болгон адамдарды кароо пайдалуу. Антпесе, чоочун аялдарды кароо көздү алсыратат, жүрөктү карайтат. 

Көздүн оорусу үчүн Курани каримди окуганды билбеген адамдын да Мусхафты кароосу өтө пайдалуу. Пайгамбар алейхиссаламдын көзү ооруганда Жабраил алейхиссалам: "Мусхафты кара!” – деди. (Ширъа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш