Суроо: Ислам аалымдары: "Ооруда шыпаа бар. Дене
канчалык азап тарткан сайын рух ошончолук рахаттанат. Бул дененин тынчын алган,
ооруткан бардык нерсе адамдын алсыздыгын түшүнүшүнө, Аллаху таалага кайтуусуна
себеп болот. Ушул себептен жүрөккө шыпаа”, - дешет. Бирок, ооруп калган кезимде
рухум абдан кыйналат, кыйноого кабылгандай ыңгайсыз болом. Кыязы, ооруда шыпаа
болуусу баары үчүн эмес. Ушундай эмеспи?
ЖООП: Сиз рух менен напсини чаташтырганыңыз үчүн ушундай
деп айтуудасыз. Адамдын бир жери ооруганда аздыр-көптүр сыркоолоп калганда
тынчы кеткен, көңүлү бузулгандыктан, каалоолоруна жете албай калгандыктан
жинди-думана болгон нерсе – бул напси. Ыңгайсыздыгыбызга жараша анын да
ыңгайсыздыгы артат. Кулак өңдөн ырахат албагандай эле, көз да үндөн ырахат
албайт. Баарынын табити ар кандай.
Напси
Аллаху тааланын душманы, ар дайым арам нерселерден ырахат алат. Рухтун азыгы
намаз жана башка ибадаттар, арамдар рухтун уусу. Мисалы, музыка напсини
азыктандырат. Напсибизге музыка жагат. Рухка болсо жакпайт, кыйналат. Напси менен
рухту чаташтырбоо керек. Адам ооруп калганда күнөөлөрү кечирилет. Иса
алейхиссалам: "Ооруп калып, балээ-кыйынчылыкка кабылып да, күнөөлөрү
кечириле тургандыктан кубанбаган адам аалым эмес”, - деп буюрду. Муса
алейхиссалам да бир оорулуу адамды көрүп: "Йа, Рабби! Бул пендеңе ырайым кылып
оорудан куткара көр!” – дегенде, Аллаху таала: "Ырайымыма жетүүсү үчүн
мен жиберген себептердин ичинде болгон бир пендеме кантип ырайым кылайын.
Себеби, анын күнөөлөрүн бул оору менен кечирем. Бейиштеги даражасын ушуну менен
жогорулатам”, - деп буюрду.
Кыйынчылыктарга,
азап-кайгыларга сооп берилбейт. Буларга сабыр кылууга сооп берилет. Бирок,
азап-кайгыларга сабыр кылынбаса да күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Оору
да кыйынчылык, эгер сабыр кылынбаса күнөөлөр гана кечирилет. Эгер сабыр кылып,
эч кимге даттанбаса, анда сооп да берилет. Көрүнүп тургандай, оору пайдалуу бир
нерсе.