Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Зыян келтирүүчү азыктар




Зыян келтирүүчү азыктар


Суроо: Зейтун майы ашказаныга жакпайт. Бирок, кээ бир достор: "Зейтун майында шыпаа бар, жегендин зыяны жок”, - дешет. Зейтун майын жегеним туурабы? 

ЖООП: Сиздин ооруңуздун эмне экенин биз билбейбиз. Бул тууралуу дарыгерден сураш керек. Эгер чындап ашказаныңызга зыян келтирип жаткан болсо, аны жебешиңиз керек. Зейтун майы кадимки ашказанга жакшы. Бал да ушундай. Балдын шыпаа боло тургандыгы Курани каримде жана хадиси шарифтерде айтылган. Бирок, кант диабети менен ооруган адамдын зыян келтире турганчалык көп жеши арам. Эгер зейтун майы бирөөгө зыян келтирсе анын жегени да жаиз болбойт. Ушул сыяктуу балык, кулпунай кээ бир адамдарда аллергияга себеп болот. Аллергияны пайда кылган азыктарды жеш андай адамдарга жаиз болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш