Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ден соолук – чоң немат




Ден соолук – чоң немат


Суроо: Эч качан оорубоо, ар дайым дени сак болуу жаманбы? 

ЖООП: Эч качан оорубоо, ар дайым дени сак болуу жаман эмес. Аллаху таала дүнүйөлүк бакыт-таалайды да тилөөбүздү буйрууда: "Йа, Рабби, бизге дүнүйөдө да, акыретте да хасана бере көр!” [Бакара, 201] [Хасана – жакшылыкта, сулуулукта, ден соолукта жана афиятта бактылуу болуп жашоо.] 

Ар бир пайгамбар балээден Аллаху таалага сыйынып, дүнүйөнүн жана акыреттин жакшылыгын каалашчу. Аллаху таала: "Эгер ыйман келтирип, жакшы амал кылсаңар силерге дарт-кыйынчылык да, коркуу да бербейм, капа да кылбайм”, - деп айтууда. Демек, эгер бир адамда ыйман, жакшы амал, ден соолук бар болсо, анда бул эң чоң бакыт жана султандык. Ден соолуктун маанилүүлүгү тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүдөй: 

"Дубанын абзели – бул дүнүйөдө да, акыретте да Аллахтан кечирим жана афият (ден соолук, саламаттык) суроо. Кечиримге жана афиятка жеткен адам бул дүнүйөдө да, акыретте да кутулууга жеткен болот.” [Тирмизи]

"Ихластан кийин афияттан жакшыраак нерсе жок. Андай болсо, Аллаху тааладан афият тилегиле!” [Насаи]

"Ден соолук – такыбаа адамга байлыктан жакшыраак.” [Муслим]

"Саякат кылгыла, ошондо ден соолукка жетесиңер.” [Ширъа]

"Орозо кармагыла, ошондо ден соолукка жетесиңер.” [Табарани]

"Йа, Рабби, денеме, кулагыма, көзүмө ден соолук бере көр!” [Таргиб]

"Йа, Рабби, мага ден соолук, афият жана көркөм ахлак бере көр.” [Хараити]

Суроо: Ислам дининин буйрук жана тыюуларына баш ийген адам оңойлук менен оорубайбы?

ЖООП: Пайгамбарыбыз алейхиссалам медицина илимин ар кандай жолдор менен мактаган;

"Илим экөө: дене илими жана дин илими.” Башкача айтканда, эң керектүү илимдер – рухту сактаган дин илими жана денени сактаган ден соолук илими деп, баарынан мурда рухтун жана дененин саламаттыгы үчүн аракеттенүү зарыл экенин буюрду. Ислам дини дене илимин дин илиминен мурда үйрөнүүнү буюрат. Анткени, бардык жакшылыктарды соо дене менен жасоого болот.

Бүгүнкү күндө бардык университеттерде окутулуп жаткандай, доктурдук эки бөлүктөн турат:

Биринчиси – гигиена, ден соолукту коргоо.

Экинчиси – дарылоо, оорулууларды айыктыруу.

Булардын биринчиси биринчи орунда турат. Адамдарды оорулардан коргоо — медицинанын биринчи милдети. Оорулуу адам айыктырылса да, көбүнчө кемчиликтүү бойдон кала берет. Мына, Ислам дини медицинанын биринчи милдети болгон гигиенаны кепилдеген. "Мавахиб-и ладунния”да Курани каримдин медицинанын эки бөлүгүнө тең үндөгөндүгү аяти карималарды көрсөтүү аркылуу далилденген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам грек императору Ираклий менен кат жазышчу. Бир жолу Ираклий көп белектерди жөнөткөн эле. Бул белектердин бири дарыгер болгон. Дарыгер келгенде:

- Мырзам! Император мени сизге кызмат кылууга жиберди. Оорулууларга бекер карайм! – деди. Расулуллах алейхиссалам кабыл алып, ага бир үй беришти. Күндөр өттү, айлар өттү, бирок, дарыгерге эч ким келген жок. Дарыгер келип:

- Мырзам! Мен сизге кызмат кылуу үчүн келдим эле. Бирок,  мага бир дагы оорулуу келген жок. Бош отурдум, жеп-ичтим, эми кетсем, - деп уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

"Өзүң билесиң. Эгер дагы кала турган болсоң конокко кызмат кылуу, ага сый көрсөтүү - мусулмандардын милдети. Эгер кете турган болсоң, анда ийгиликтер болсун. Бирок, мына бул нерсени билип кой, эгер бул жерде көп жылдар бою турсаң да сага эч ким келбейт. Анткени, менин сахабаларым оорубайт! Ислам дини оорубоонун жолун көрсөткөн. Менин сахабаларым тазалыкка абдан көңүл бурушат. Ачка болмоюнча эч нерсе жешпейт жана тоё электе дасторкондон турушат”, - деди.

Ден соолугуна жана тазалыгына кам көргөн мусулмандын ден соолугу чың болот, оңой менен оорубайт. Өлүм чындык. Эч ким өлүмдөн качып кутула албайт жана кандайдыр бир оорунун натыйжасында өлөт. Бирок, анын ден соолугун ошол убакка чейин сактай алуусуна Исламда буйрук кылынган иштерди жана тазалыкты сактоо менен гана жетише алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш