Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Мен онкологиялык оорулуумун




Мен онкологиялык оорулуумун


Суроо: Мен 54 жаштагы аялмын. Май айында өтүмө операция жасаткам. Операциянын натыйжасында ашказанымда рак бар экени аныкталып, рак жайылып кеткен экен. Врачым: "Бул этаптан кийин даарылоо эч кандай жыйынтык бербейт, химиотерапиянын дарылары сизди абдан чарчатат”, - деди жана 6 айлык өмүрүм калгандыгын айтты. Азыр өлүм абдан жакындады. Мен өлүмдөн абдан корком. Кээде катуу ооруп калсам эмне болсо болсун дейм, бирок, кичине айыгып калсам өлүп калуудан абдан корком. Мен абдан тынчсызданып жатам. Мени тынчтандыруу үчүн эмне сунуш кылат элеңиз? Өлүм тууралуу мени соорото турган китептерди жөнөтө аласызбы? Өтүнөм, мага жардам бериңизчи, ансыз да бүл дүнүйөм түгөнгөнү калды. Бирок, мен акыретимди да жоготкум келбейт. 

ЖООП: Аллаху таала шыпаа берсин. Кимдин качан өлө турганын дарыгер же башка бирөө билбейт. Аллаху тааладан башка эч ким билбейт. Казым ага деген бир тууганыбыз бар. Бөйрөктөрү толук жок болгон экен, тамтыгы чыккан экен. Дарыгери бир канча айга жетпейт, өлөт деген экен. Ошол жагдайы менен 20 жылдай жашады. 

Ошон үчүн баланча убакыт өмүрүң калды деген сөздөргө маани берилбейт. Бул эч качан өлбөйсүз дегендик эмес, биз да өлөбүз, сиз да өлөсүз, башкача айтканда, ар бир жан өлөт. Баарыбыз акыретке барабыз. Чыныгы жашоо ошол жерде. Мусулман адам өлүмдөн коркпойт, тескерисинче, мен тезирээк өлсөм да улуу Раббимге, сүйүктүү Пайгамбарыма, чыныгы мекениме жетсем деп сүйүнүп күтөт. 

Баарыбыздын катабыз, күнөөбүз көп. Ибадаттарыбыз кемчиликтүү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Ыйман менен өл, калганына кийлигишпе”, - дейт. Ошондуктан, ыйман менен өлүү үчүн дуба кылуу керек. Мисалы, төмөнкүдөй дуба кылууга болот: 

"Йа, Раббим, билип-билбей күфүргө себеп болгон бир иш кылган болсом, бир сөз айткан болсом, мен алардын баарына тообо кылдым, өкүндүм, мени кечире көр. Мен сага ыйман келтирдим. Мен Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жана билдиргендеринин баарына ишендим, баарын кабыл алдым жана жактырдым. Ыйман менен өлүүмдү насип кыла көр. Шайтандын жана напсимдин жамандыгынан Сага сыйынам. Мени ушул нерселерден жана башка жамандыктардан сактай көр, мени ыйман менен өлтүрө көр.” 

Шейиттикке себеп болгон оорулар, сабырдын маанилүүлүгү сыяктуу макалаларды да жөнөттүк, ошолорду окуй аласыз. Ошондой эле эң баалуу эки диний китепти сиздин дарегиңизге жөнөтөбүз. Буларды сүйүп окуңүз, жазылгандардын баарын кабыл алдым, ишендим деп дуба кылыңыз. 

Дагы бир жагдай, сүйүктүү Пайгамбарыбыз рак сыяктуу ички оорулардан каза болгон мусулмандын шейит болорун айткан. Шейит болуу чоң немат. Ошон үчүн эч капа болбош керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын урпактарынан болгон сейиддерди билебиз, алардын көбү рак оорусунан каза болушкан. 

Демек, сиз дагы ушунчалык сүйүктүү пенде экенсиз. Ошондуктан, рак оорусуна чалдыккан экенсиз. Мусулман үчүн болгон нерсенин жакшылыгы бар. Биз адамбыз, алсызбыз, адам болгондуктан кайгырабыз. Бирок, натыйжасына да кубануу керек. 

Аллаху таала сизге да жана бизге да акыркы демде шейиттик насип кылсын. Биз жөнөткөн баалуу китепте рак оорусуна төмөнкү дары сунушталат: 

Сарымсак – сансыз пайдасы бар укмуштуудай өсүмдүк. Бир ууч кабыгынан тазаланган сарымсакты бир литр сүткө кечинде желеге айланганча кайнатып, нымдалышы үчүн таң атканча бакчада калтырылат. Сүт порциясы ачка кезде [бир же бир нече жолу] ичилсе рак оорусуна каршы пайдалуу болот. [Бул ишти бир жумага чейин улантууга болот. Анан жумасына бир, анан айына бир жолу ичилсе жакшы болот.]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш