Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Салмак кошуу үчүн




Салмак кошуу үчүн


Суроо: Арыктоо үчүн практикалык маалыматтарды жаздыңыз. Бирок, мен салмак кошкум келет. Эмне кылышым керек? 

ЖООП: Эгер салмак кошо албооңуз бул сиздин дене түзүлүшүңүзгө байланыштуу болсо, денеңиз азыкты көп күйгүзсө, гормоналдык текшерүүдөн өтүп, ошого жараша иш-аракет кылуу керек. Башкача айтканда, адис дарыгердин текшерүүсүнөн жана диагнозунан кийин анын сунуштарын аткаруу зарыл. 

Кадимки адам салмак кошуу үчүн биз жазгандардын тескерисин жасаса жетиштүү. Мисалы:

1- Дайыма ундуу, шекерлүү жана майлуу тамактарды жеш керек. Ундан жасалган жана майлуу токочторду, таттууларды жеш керек.

2- Зейтун майы ден соолукка да, салмак кошууга да абдан пайдалуу.

3- Табитти ачкан азыктарды жеш керек, дасторкондо уксус кем болбошу керек.

4- Фундук, мисте, жаңгак сыяктуу куру жемиштерди жеш керек.

5- Тамак-аштар карбогидрат [шекерлүү азыктарга] бай болушу керек. Мисалы, палоо жеш керек. 

Салмак кошууда өлчөм – берилген калорияга караганда көбүрөөк калория алуу болуп саналат. Эгер булар аткарылса нормалдуу адам кыска убакыттын ичинде бир топ салмак кошот. 

Табитти ачкан азыктар 

Суроо: Мен арыкмын, салмак кошкум келет. Кандай азыктар табитти ачат жана организмге күч берет?

ЖООП: 

Коон, дарбыз: Баш ооруну басат, көзгө күч берет, табитти ачат. 

Грейпфрут: Ракка каршы коргойт, С витамининин булагы. Табитти ачат. 

Кара зире: Табитти ачат. Ал денеге күч-кубат  берет. 

Лавр: Заараны жана этек кирди кетирет. Табитти ачат. 

Сабиз: Көрүүнү бекемдейт, аз кандуулукка пайдалуу, беттеги бырыштарды кетирет. 

Кресс-салат: Табитти ачат, тамак сиңирүүнү жеңилдетет. 

Инжир: Энергия берет, салмак кошууга абдан пайдалуу. 

Гвоздика: Микробдорду жок кылат. Ооруну басат. Тамак сиңирүүнү жеңилдетет. Табитти ачат.Паприка: Курамында С витамини көп. Иммундук системаны бекемдейт. Табитти ачат, тамак сиңирүүнү жеңилдетет, нерв ооруларын басат, холестериндин алдын алат. 

Нокот: Организмди бекемдейт. Кургак буурчак жана күрүч да пайдалуу. 

Пияз, сарымсак: Табитти ачат. 

Тарчын: Руханий кыйынчылыктардан кетирет. Жүрөктү бекемдейт. Табитти ачат, тамак сиңирүүнү жеңилдетет. 

Йогурт: Тамак сиңирүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт. 

Шоколаддуу пудинг: Салмак кошууга жардам берет. 

Имбирь: Табитти ачат. 

Туз: Табитти ачат. 

Татымалдар: Табитти ачат.

Зейтун майы: Эң көп калория зейтун майында болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш