Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Адамды кысырлаштыруу




Адамды кысырлаштыруу


Суроо: Гинекологиялык оорулардан операция болгон кээ бир аялдардын бойго бүтпөө үчүн жатын түтүкчөлөрүн буудуртушат экен. Бул иш дин жагынан жаизби? 

ЖООП: Адамды кысырлаштыруу арам. Ибни Абидин хазреттери айтат: 

"Союла турган малдарды семирүүлөрү үчүн бычуу жаиз. Башка малдарды жана адамдарды кысырлаштыруу арам.” [5-том, 249-бет] 

Хадика жана Барикада да ушинтип жазылган. 

Дагы Хазрети Ибни Абидин мындай дейт: 

"Үзүрлүү себепсиз боюнан түшүрүү [аборт] арам. Эгер эненин же эмчектеги баланын өлүмүнө себеп боло турган кандайдыр бир себеп бар болсо, дене мүчөлөрү пайда боло электе бойдон алдыруу жаиз.” [5-том,276-бет] 

Ошондуктан, аялдарды себепсиз кысырлаштыруу жаиз эмес. Салих дарыгер: "Эгер дагы төрөй турган болсо өлөт”, – десе же ушуга окшогон кандайдыр бир себепти айтса, анда аборт же төрөткө жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүүгө [мисалы, аялды кысырлаштыруу үчүн жатын түтүкчөлөрүн буудуртуу] жаиз болот.

Суроо: Аялды убактылуу кысырлаштырууга жаизби? 

ЖООП: Жаиз эмес, арам.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш