Суроо: Үйлөнө тургандарга "Муршид-и Мутааххилин”китеби сунушталат. Бул китеп ишеничтүүбү?
ЖООП: Османлы тилиндеги оригиналы ишеничтүү. Мунун
сыртындагы башка басылмаларында айрым кемчиликтер бар болгондуктан
сунуштабайбыз. Биздин сайтта нике тууралуу жетиштүү маалыматтар бар.
Суроо: Биз тааныбаган бир адамдын жакшы же жаман экенин
кантип билебиз?
ЖООП: Сөздөрүнө жана иштерине каралат. Динге ылайык иш
кылып жана динге ылайык сүйлөсө жакшы, динге каршы болсо жаман. Бир хадиси
шарифтин мааниси:
"Ар бир
адамдын кадыр-баркы анын айткан жакшы сөздөрүнө, кылган жакшы иштерине жараша
өлчөнөт.” [М. Жами]
Суроо: Бир аял отурган жер сууй электе ал жерге бир эркектин
отуруусу макрух болот деп айтылып жүрөт. Бул абал муниципалдык автобустарда да
бирдейби?
ЖООП: Ооба. Ал эми коомдук автобустарда отурууга мажбур болгон
адамдын башка бирөө отуруп албасын деп отуруусу макрух болбойт.
Суроо: Мусулман бир досубуз биздин кошуна кыздын колун сурады.
Бизден дагы: "Бул кыздын жаман мүнөздөрү барбы?” – деп сурады. Биз дагы анын
кээ бир жаман мүнөздөрүн билчүбүз. Биз билбейбиз деп ушул жаман мүнөздөрүн
жашырсак жаиз болобу?
ЖООП: Жаиз эмес. Айтуу керек болгон нерселерди айтуу
керек.
Суроо: Күйөө бала кара кийим кийсе жаиз болобу, капырга окшошуп
калган болобу?
ЖООП: Жаиз. Окшошкон болбойт.
Суроо: Тойго кимдерди чакыруу керек?
ЖООП: Тойго кедей-байды бөлбөй чакыруу керек! Хадиси шарифте мындай
деп айтылган:
"Тамактардын эң жаманы – байлар чакырылып, кедейлер чакырылбаган той
тамактары.” [Бухари]
Суроо: Тойдо добулбас жана даф чертүү күнөөбү?
ЖООП: Добулбас уруп, тойду тааныштарга жарыя кылуу сүннөт.
Тойдо аялдардын өз ара даф чертип ойноолору жаиз. (Манахиж-ул-ибад, К. Саадат)
Суроо: Тойдо музыкалык аспапта ойноп, көңүл ачуу күнөөбү?
ЖООП: Тойдо аялдар даф чертип ойноосу жаиз. Тойду жарыялоо
үчүн добулбас кагуу да жаиз. Башка музыкалык аспаптарда ойноо жаиз эмес. Харам
иш кылбай көңүл ачуу күнөө эмес.
Суроо: Эгер бир тойдо музыкалык аспап чертилип жатса ал жакка
барыш керек эмеспи?
ЖООП: Зарыл болбосо барбаш керек.
Суроо: Кээ бир достор күйөөсүнө үйлөнгөнгө чейин кылган
күнөөлөрүн айтышат. Айтуу керекпи?
ЖООП: Жок, бир аял күйөөсүнө турмушка чыга электе кылган
күнөөлөрүн айтпашы керек. Негизи күнөө эч кимге айтылбайт! Тообо кылынып, кайра
кылынбаган күнөөлөрдү Аллаху таала кечирет.
Суроо: Үйдөгү жумуштарды ким жасашы керек?
ЖООП: Аял үй жумуштарын аткарууга милдеттүү эмес. Бирок, эркек
да ихсан кылууга милдеттүү эмес. Аял үй жумуштарын кылганда эркек дагы артыгы
менен ихсан кылат. Бул нерселер эки тараптан тең болот.
Суроо: Көчөдө жубайларыбыз менен кол кармашып жүрүүбүздүн,
өбүшүүбүздүн зыяны барбы?
ЖООП: Колтуктап алууга болот. Бирок, башкаларды кылуу уятсыздык
болот. Хадиси шарифте: "Уяттуулук
ыймандан”, - деп айтылган. (Бухари)
Сиз айткан ал иштерди үйдө, адамдар
көрбөгөн жерлерде кылуу сооп. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:
"Күйөө менен аял бири-бирине сүйүү менен караганда Аллаху таала да аларга
ырайым назары менен карайт, бири-биринин колдорун кармаганда күнөөлөрү
манжаларынын арасынан күбүлөт.” [Рафии]
"Эркек аялынын жүзүн сүйүү менен караса ага бир кулду азат кылгандын сообу
берилет. Жылмайып караса ажылык жана умранын сообу берилет, аны кучактап өпсө
сыддыктык сообу берилет. Эгер бирге болушса күнөөлөрү көп болсо да, экөө тең
магфират болот (кечирилет).”[Р. Насыхин]
Расулуллах алейхиссалам: "Аялы менен жима (жакындык) кылганга садака сообу берилет”, -
дегенде, асхабы кирам: "Бул ишти шахват менен кылган адам да ушундай соопко ээ
болобу?” – деп сурашты. "Ал адам
шахватын харамга сарптаганда [зина кылганда] күнөө болгондой эле, халалга сарптаганда да сооп болот”, - деди.
(Муслим)
Суроо: Жаңы төрөлгөн ымыркайларды туздоо керек дешет. Ушундай
нерсе барбы?
ЖООП: Туздоо зарыл эмес. Туздоо деген бир нерсе жок. Кээ бир
жерлерде кылынганы менен бул диний мүнөзгө ээ эмес.
Суроо: Жаңы төрөлгөн эки наристенин 40 күн болбостон бир жерде
болуусунун зыяны барбы?
ЖООП: Эч кандай зыяны жок.
Суроо: Менин бир кызым бар, ал абдан уялчаак. Эркектерге чыгып,
кызарбай сүйлөшкөндөн уялат. Бул оорубу?
ЖООП: Уялуу абдан жакшы. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын уяттуулугу
жөнүндө сөз болгондо, "Расулуллахтын уяттуулугу аруу Ислам кыздарынын
уяттуулуктарынан да көп болчу”, - деп айтылат. Аялдар үчүн уялуу пазилет
(артыкчылык). Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
"Уяттуулук он бөлүктөн турат, бири эркектерде, тогузу аялдарда. Эгер андай
болбогондо, аялдар айбандар сыяктуу эркектердин буттарынын астында төгүлмөк.”[Дейлеми]
Суроо: Менин жубайым абдан тартынчаак. Анын тартынчаак болушу
жаманбы?
ЖООП: Хазрети Али айтат:
Эркектер үчүн жаман, үй кожойкелери үчүн
жакшы үч сапат бар:
<!--
[if !supportLists]
-->
1-
<!--
[endif]
-->
Сараңдык эркек үчүн зыян, үй-жайына,
муктаждыктарына сарптай албайт.
2- Өзүн-өзү жакшы көрүү эркектер үчүн жаман. Өзүн-өзү жакшы
көргөн адам башкаларды төмөн көрөт. Бул да жакшы эмес.
3- Коркоктук, тартынчаактык эркектер үчүн жакшы эмес.
Пайдалуу жумуштарды жасай албайт.
Ошол эле мүнөздөр үй кожойкелери үчүн
жакшы:
1- Аял сараң жана өтө сарамжал болсо күйөөсүнүн жана өзүнүн
мал-мүлкүн сактап, эч нерсеге коротпойт.
2- Эгер аял өзүн-өзү жакшы көрсө катуу жана чечкиндүү
сүйлөйт, эркектер мындан үмүтүн үзүшкөн болот.
3- Аялдын тартынчаак болушу да абдан жакшы. Керексиз
жерлерге барбайт, кооптуу жумуштардан качышат.
Суроо: Биз Германияда жашайбыз. Төрөттү ишке ашыра турган дарыгер
аял киши болушу керекпи? Биздин
өтүнүчүбүз боюнча болушу мүмкүн, түшүнүү менен кабыл алышат.
ЖООП: Дарыгер аял киши болушу керек. Албетте, аял дарыгерди
талап кылыңыз.
Суроо: Абасынын кызы менен үйлөнгөн бир эле жолу танзихан
макрух кылган болобу?
ЖООП: Ооба, бир жолу танзихан макрух кылган болот.
Суроо: Момун аялды периштедей деп айтуу жаиз болобу?
ЖООП: Айтууга болот.
Суроо: Аял күйөөсүнүн колун өпсө жаиз болобу?
ЖООП: Ооба.
Суроо: Аял күйөөсүн Асан мырза, Үсөн мырза деп чакырса жаиз
болобу?
ЖООП: Ал жердин каада-салтына каралат. [Айып, уят деп
эсептелбесе жаиз.]
Суроо: Аялы менен жакшы мамиледе болуу парзбы?
ЖООП: Ар бир адам менен жакшы мамиледе болуу парз. Көңүл
оорутуу харам.
Суроо: Никеси бар аял атасынын үйүндө турганда ага күйөөсү
нафака береби?
ЖООП: Жок.
Суроо: Боюнан түшкөн бала да эне-атасына шапаат кылабы?
ЖООП: Тирүү төрөлүп, каза болгон балдар шапаат кылышат.
Суроо: Эгер биз алган кийимдерди балдарга убактынча пайдалануу
үчүн берип турсак, бирөөнүкүн экинчи балага кийгизсек болобу?
ЖООП: Убактынча пайдалануу үчүн бергенде ылайыктуу болот.
Суроо: Сакал коюу үчүн жубайынан уруксат алуу керекпи?
ЖООП: Жок.
Суроо: Балага жолдошум тууралуу "атабыз чакырып жатат” деп айтсам
күнөө болобу?
ЖООП: Жок.
Суроо: Мүнөзү начар аялдын өлүшүн каалоо жаиз болобу?
ЖООП: Зыяндуу капыр жана заалымдардан башка бирөөнүн өлүмүн
каалоого болбойт.
Суроо: Атасы бойго жеткен кызын өпсө болобу?
ЖООП: Ооба.
Суроо: Рамазан айында бала жасасак күнөөкөр болот экенбиз,
туурабы?
ЖООП: Мындай нерсенин эч кандай негизи жок. "Бала жасоо"
деген сөз да жакшы эмес. Баланы Аллаху таала жаратат. Адамдар бир гана себепкер.
Суроо: Аял же эркек намаз окубаган жубайы менен ажырашса күнөө
болобу?
ЖООП: Аял намаз окубаган күйөөсү менен ажырашпайт. Анткени,
аял күйөөсүнүн күнөөсүнө жоопкер эмес. Парзды аткарбаган аял менен ажырашпоо
күнөө эмес. Намаз окубаган аял менен ажырашуу керек эмес. Анткени, намаздын
пайдасы күйөөсү үчүн эмес.
Суроо: Дененин тазалыгында тырмак, кыл кыркуунун чен-өлчөмү
кандай?
ЖООП: Ар жума сайын чачты, сакал-мурутту кыркып, тырмак алуу,
колтук жана чатты тазалоо сүннөт. Андан ары кечиктирүү, өзгөчө кырк күнгө
узартуу күнөө болот.
Суроо: Мен баарына ишене берем. Ошон үчүн көп алданып калам.
Мен туура кылып жатамбы?
ЖООП: Азыр ар кимге ишене берген туура эмес. Хадиси шарифте
мындай деп айтылган:
"Акыр заманда халал акча жана ишенимдүү достор сейрек болот.”[И.Асакир]
Суроо: Достор менен чогулганыбызда дин жөнүндө бираз болсо да
сүйлөшөлү дейм. Жумуш үчүн чогулдук дегендер болууда. Бирок, дин жөнүндө
сүйлөшүлсө жакшыраак болбойт беле?
ЖООП: Кандай максатта болбосун, өткөрүлгөн жыйындарда сөзсүз
түрдө дин, ыйман тууралуу сүйлөшүп, Аллаху таалага мактоолор айтып, Мухаммед
алейхиссаламга салават айтуу керек. Хадиси шарифте айтылат. Хадиси шарифте
мындай деп айтылган:
"Аллахты зикир кылбай, Пайгамбарга салават айтпай чогулуп тарап кетүү –
тарптын башында отуруп тарап кеткенге барабар.” [И.Ахмед]
Суроо: Отурганда бир нерсеге көңүл буруу керекпи?
ЖООП: Отурганда кыбыланы карап отурган жакшы. Хадиси шарифте
мындай деп айтылган:
"Бардык нерсенин мырзасы (эң жакшысы) бар. Жыйындардын мырзасы да кыбыла
тарапты карап отуруу.” [Табарани]
Суроо: Мен гинеколог аял дарыгермин. Кыздыгын жоготкон кыздар
тигиш үчүн бизге кайрылышат. Мен мусулман дарыгери катары мындай кылууну туура
көрбөйм. Бирок, хижаб кийген кыздар да келип жатат. Мен зина кылбаган деп
ойлогон бул кыздар кандайдыр бир учтуу нерсеге тийиштирип, "кырсык болуп калды,
биздикин тигип бере аласыңбы?” - дешет. Алардыкын тиксем күнөө болобу?
ЖООП: Зина кылгандардыкын тигүү алардын куулугуна шерик болуу
дегенди билдирет. Бул убалы чоң иш. Айтмакчы, кээ бирлеринде кокустан жыртылып
калышы да мүмкүн. Муну аныктоо медициналык жактан мүмкүн болбогондуктан, мусулман
кыздардын сөзүнө ишенүүңүздүн зыяны жок.
Суроо: Кедейликке эмнелер себеп болушу мүмкүн?
ЖООП: Хадиси шарифте мындайча
билдирилген:
Жунуп абалда тамак жеш.
Нандын күкүмдөрүн кордоп тебелөө.
Улуулардын алдында басуу.
Эне-атасынын атын атап чакыруу.
Муктаждыгын кетирген жерди тазалабастан
даарат алуу.
Идиш-аякты жуубастан тамак салуу.
Кийимин кийип турган абалында тигүү.
Ачка курсакка пияз жеш.
Бетин кийими менен сүртүү.
Үйүндө жөргөмүчтүн болуусу.
Багымдат намазын окуур замат мечиттен
шашылып чыгып кетүү.
Базарга эрте барып, кеч кайтуу.
Эне-атага жаман дуба кылуу.
Тамак идиштерин ачык бойдон калтыруу.
Бир ишти кылып жатканда бисмиллахты
айтпоо.
Зарылдыксыз өйдө турган абалда заара
ушатуу.
Суроо: Бүгүнкү шарттар абдан оор, азыр көңүлүм чөгүп, бардык
нерседен тажап, жеңилгени калдым...
ЖООП: Жанынан безүү, жеңилүү жок. Балким, бул окуя сиздин
чечкиндүүлүгүңүздү арттырат. Илимди жана аалымдарды жакшы көргөн, Исламга көп кызмат
кылып, салымдарын кошкон Тимур хан алгачкы согуштарынын биринде жеңилип
калгандан кийин чатырына чегинди. Кырдаалдан кантип чыгам деп ойлонуп жатып,
чатырдын кездемесинин үстүндө бир кумурсканы тырмалап жогору чыгып жатканын
көрүп калат. Ошол замат аны силкип, жерге кулатат. Кайрадан ойлоруна батып
кетет. Бир-эки мүнөттөн кийин ал жаныбардын кайра жогору чыга баштаганын көрөт.
Аны кайра жерге кулатып салат. Бирок, бираздан кийин кайра эле ошол эле
көрүнүшкө туш болот. Бул жагдай көп жолу кайталанганда, Тимур хан акыры колун
чекесине коюп: "Мен иштин сырын эми
чечтим. Мага муну ушул кумурска үйрөттү. Ийгиликтин бирден-бир жолу –
чыдамкайлык”, - дейт. Ошондон кийин ал өмүр бою бул принциптен тайган жок.
Суроо: Төшөккө жатканда кайсы тарапка жатыш керек?
ЖООП: Оң тарапка, кыбыланы карап жатуу керек. Андан кийин солго
бурулсаңыз болот. Атүгүл ооруп жаткан адам чалкасынан жатса да болот. Көмкөрүсүнөн
жатуу макрух.
Суроо: Чалкадан жатуу да макрухпу?
ЖООП: Ооба. Бейтаптар өздөрүнө ыңгайлуу болгон абалда жатса
болот.
Суроо: Муктаджык абал болгондо 2 аял же 2 эркек бир төшөктө жатса
болобу?
ЖООП: Жатса болот.
Суроо: Үйрөтүү максатында акылдуу жана эрезеге жеткен уулдун
колун өбүү харамбы?
ЖООП: Жок.
Суроо: Мени менен ажырашып кеткен күйөөмдүн соттун чечими менен
балама берген алиментин алсам жаиз болобу?
ЖООП: Албетте, жаиз.
Суроо: Милдет талап кылгандыктан, бирөөнү уруу керек болгондо
эмне кылуу керек?
ЖООП: Тарбия үчүн ата уулун, мугалим окуучусун жеңил урса
болот. Алакан менен да жүзүнө ура албайт. Башка жаза берүү керек.
Суроо: Туулуп өскөн жерин туугандар жок болбосо да зыярат кылуу
жакшыбы?
ЖООП: Пайдалуу, жүрөккө жумшактык берет.
Суроо: Таң эрте уктоо макрух. Бул кайсы убакыт?
ЖООП: Күн чыккандан тарта ишрак убактына чейинки убакыт.
Суроо: Кайсы тилди үйрөнүү керек?
ЖООП: Англис жана арап тилдерин.
Суроо: Катып калган нандарды таштандыга ыргытуу туурабы?
ЖООП: Катып калган болсо дагы нанды таштандыга ыргытуу туура эмес.
Анын үстүнө ысырап да болот. Кандайдыр бир жаныбарга берилсе ысырап болбойт.
Нандын кесиндилерин, күкүмдөрүн таштандыга ыргытпай жеген сооп болот. Хадиси
шарифте мындай деп айтылган:
"Дасторкондон түшкөн күкүмдөрдү жеген адам кедей болбойт, балдары да акмак
болбойт.” [И.Нажжар]
Суроо: Жашоо үчүн үй издеп жатканда эмнелерге көңүл бөлүү
керек?
ЖООП: Ар бир мусулман, өзгөчө жаңы үйлөнгөндөр ахли сүннөт
болгон, харамдардан сактанган жана ибадаттарын кылган салих мусулмандардын
арасынан үй издөөго тийиш. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:
"Үй сатып алардан мурда кошуналардын кандай экенин изилдегиле! Жолго
чыгаардан мурда жолдошуңарды тандагыла!” [Ширъа]
Суроо: Мен кулагымды сөйкө үчүн тештирген жокмун. Кээ бир
аялдар: "Кулагын тештирүү сүннөт. Сөйкө үчүн кулагын тештирбеген адам күнөө
кылган болот”, - дешти. Эгер кулагымды тештирбесем күнөө кылган боломбу?
ЖООП: Сөйкө тагынуу үчүн кыз баланын кулагын тешүү жаиз. (Эшбах)
Сөйкө тагынуу ибадат эмес, салт.
Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ибадат катары эмес, салт катары такай кылган же
кылууга уруксат берген нерселери "Суннат-и заваид” деп аталат. Заваид сүннөттөрдү
таштоо күнөө эмес. Мисалы, Пайгамбарыбыз алейхиссалам күмүш шакек тагынчу. Күмүш
шакек тагынган Асхабы кирамга да тоскоолдук кылчу эмес. Эркектердин күмүш шакек
тагынуусу "суннат-и заваид” болгондуктан таштоосу күнөө болбойт. Аны айт күндөрү
тагынуу баарына мустахаб. Көрсөтүү, мактануу үчүн тагынуу харам. (Мавахиб)
Суроо: Кош бойлуу кезде чач кырктыруунун зыяны барбы?
ЖООП: Кош бойлуу болобу же болбойбу, керек болгон учурда
кырктыруунун зыяны жок. Кош бойлуу эмес учурда да зарылдыксыз чачты кесүү
ылайыктуу эмес. (Хадика)
Суроо: Кыздын бөлмөсүн канча жаштан бөлүү керек?
ЖООП: Он жашына толгон кыз жана эркек баланын уктоо бөлмөсүн
бири-биринен жана эне-атасынын бөлмөсүнөн бөлүп коюу керек. (Хадика)
Суроо: Мечитке жанаша жерде динибизге каршы келбеген
жыйындарды, кына түнүн уюштуруу жаизби?
ЖООП: Жаиз.
Суроо: Биз жакта диний билими жок бир кемпир "Кырк Ясин жыйынын” уюштуруп жатат.
Намаздан кабары жок, хижабга маани бербеген аялдарды чогултуп, ар кандай
ушак-айындардан кийин жатка билгендерге Ясинди окутуп жатат. Бейишке ушинтип
кириле турганын айтып жатат. Бул аялдын кылганы туурабы?
ЖООП: Бельгияда гана эмес, дүнүйөнүн ар кайсы жеринде динге
каршы жат жыйындар өтүп, үрп-адаттар ибадаттарга аралаштырылууда. Мындай
жыйындарда ишенимдүү бир илмихал китеби окулса өтө жакшы болот. Себеби, ишеними
туура болбогон, бидат иш кылган адамдын ибадаттары кабыл болбойт.
Суроо: Үйдө тынчсыздыктын жок болушу жакшыбы?
ЖООП: Албетте, жакшы. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:
"Аллаху таала жакшы көргөн үй-бүлөдөгүлөрдүн арасында мулайемет [ынтымак,
жумшактык] болот.” [И.Абиддунйа]
Суроо: Бир баласы бар жубайым Стамбулдан Измирге барганда ал
жакта бир досум менен болгонун мойнуна алды. Ушундай нерсе башка кайталанбоосу
үчүн ал досумду коркутуп же жүрөгүнүн үшүн алуу максатында жарадар кылганым
туура болобу?
ЖООП: Ал адамдын жарадар болуусу же өлтүрүлүүсү эч качан чечим
эмес. Ал досуңуз менен эмне үчүн бирге болгонун тактоо керек. Ал сизден байыраакпы?
Анын мансабы жогоруураакпы? Ал сулуураакпы? Анын сөзсүз бир себеби бар. Ал
себептер башка бирөөдө да болушу мүмкүн. Сиз менен ажырашып, аны менен үйлөнсө
да, андан жакшыраагын тапканда бул жолу аны менен да бирге болушу ыктымал.
Ал дос Стамбулга келип бирге болбой
жатат го. Күнөө анын алдына барган жубайыңызда. Кимдир бирөөнү коркутуу керек
болсо ал - сиздин жубайыңыз. Эгер дагы ушундай бир нерсени уксам сени менен
ажырашам деп жүрөгүнүн үшүн алуу керек. Ортодо балабыз бар деп көзүңүздү жумсаңыз,
ал да өзүңүздүн маселеңиз.
Бир хадиси шарифте: "Эгер аялдарыңардын ар-намыстуу болууларын
кааласаңар өзүңөр ар-намыстуу болгула”, - деп айтылат. Эгер сиз башка
бирөөнүн аялына же кызына ушундай иштерди жасасаңыз, сиздин башыңызга да
ушундай көрүнүштөрдүн келиши анормалдуу нерсе болуп саналбайт. Биз "кылганын өз
мойну менен тартуу” дүнүйөсүндөбүз.
Суроо: Диний китептерде ватйжана жима деген сөздөр кездешет. Булар
бирдей эле нерселерби?
ЖООП: Ватй —
жыныстык катнаштын жалпы аталышы. Никелүү болгон жакындык жима, никесиз болгон жакындык болсо зина деп аталат.
Суроо: Үйүбүздүн муктаждыктары үчүн күйөөмдүн чөнтөгүнөн анын
кабарысыз акча алсам болобу?
ЖООП: Жаиз эмес, харам.
Жалгыз жашоо
Суроо: Бир адамдын үйдө жалгыз жашоосу жаизби?
ЖООП: Макрух. Эгер кандайдыр бир кечиримдүү себеби бар болсо
ошондо гана жалгыз жашоого болот.
Суроо: Экинчи аял алуунун динде өкүмү кандай?
ЖООП: Диний китептерибизде мындай деп билдирилет:
Төрткө чейин үйлөнүү важиб, атүгүл,
мандуб да эмес. Зарыл учурда уруксат берилген. Бул бир буйрук эмес болгондой,
аялдар да буга макул болууга мажбур эмес. (Нимат-и Ислам)
Эгер мамлекет харам эмес бир нерсеге
тыюу салса бул нерсени кылуу мубах болбойт, харам болот. Анткени, мусулман
мыйзамдарга каршы чыкпайт, кылмыш да жасабайт. Бир эркектин экинчи аял менен
үйлөнүшү үчүн бул маселеде биринчи аялынын укугун коргогон экономикалык жана
социалдык шарттар бар. Экинчи аялдын да өзүнчө укугу бар. Бул шарттарды
аткарбагандардын экинчи аял алуусуна динибиз тыюу салган. Зарылдыксыз ушундай
нерсени кылып, биринчи аялды капалантуу харам. Жашоо шартын да эске алганда
экинчи аял алуунун жаиз болбой тургандыгы айдан ачык. Үрп-адатка байланыштуу
өкүмдөрдүн убакытка жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин Ислам дини кабыл алат. (Ыйман жана Ислам)
Суроо: Тойлордо салт боюнча келиндин машинасынын
алдын тосуп, акча алышат. Келиндин жакындары эшикти жаап, акча алмайынча
ачышпайт. Ушинтип алынган акчалар халал болобу?
ЖООП: Эгер өзүлөрү ыраазы болуп беришсе халал болот. Аларды
кыйнап, мажбурлап тартып алынса халал болбойт.
Үйлөнүү күнү
Суроо: Үйлөнүү үчүн белгилүү бир түн барбы?
ЖООП: Дүйшөмбү жана Жума түндөрүн тандоо керек.
Аллахтын буйругу менен
Суроо: Кыздын колун сурап барганда "Аллахтын буйругу менен” деп айтылат. Үйлөнүү парз болгондуктан
ушинтип айтылабы?
ЖООП: Аллаху тааланын ар бир буйругу парз эмес. Курани каримде
үйлөнүү харам болгон жана жаиз болгондор билдирилген. Үйлөнүү Аллаху тааланын
буйругуна каршы келбейт. Курани каримде: "Эгер
адилетсиздик кылуудан корксоңор бир аял менен үйлөнгүлө!” - деп айтылат.
Үйлөнүү парз эмес. Аллахтын буйругу менен деп айтуу Аллахтын буйругуна каршы
келбеген жана Анын буйругуна ылайык болгон нерсе дегенди билдирет.
Аялдын сүтү
Суроо: "Үч жашар бала бир
аялдын сүтүн ичсе ал аялдын сүт баласы болбойт. Ушул жааттан эркектин аялынын
сүтүн эмүүсүнүн зыяны жок”, - деп айтылат. Бул туурабы?
ЖООП: Бул туура эмес. Эркек аялынын сүтүн ичүүсү менен сүт баласы
болбой тургандыгы чын болсо да, аялынын сүтүн ичүүсү харам. Бирок, салих жана адис
дарыгер: "Аялдын сүтү бул ооруга пайдалуу”, - десе ошондо гана дары катары
ичүүгө болот. (Ислам Ахлакы)
Тамак үчүн акы
Суроо: Динибиз боюнча аял үйдө тамак жасоого милдетүү
болбогондуктан, эгер тамак жасаса бул үчүн күйөөсүнөн акы талап кылуусу
керекпи? Эгер аял тамак жасабаса аялдын тамагын эркек алып келиши керек эмеспи?
ЖООП: Аял акы талап кыла албайт. Өзү үчүн жасаган тамактан
күйөөсүнө да берет. Мусулман аялдар бул жакшылыкты күйөөлөрүнө кылып келишкен.
Эгер аял тамак жасабайм десе жаса деп мажбурлоого болбойт. Күйөөсү ага сыр, зейтун
сыяктуу нерселерди алып келет. (Хиндия)
Никеде истибра
Суроо: Саадат-и Абадиййада: "Зина кылган аял менен башка бирөөнүн истибра кылбастан үйлөнүүсү жаиз
болот”, - деп айтылат. Бул жерде истибра деген эмне?
ЖООП: Бул жердеги истибра – нике аркылуу алынган зина кылган
бир аялдын кош бойлуу эмес экенине ынануу үчүн бир адат көргөнгө чейин күтүү
дегенди билдирет. Бул убакытты күтпөстөн башка бирөөнүн нике кыйуусу, башкача
айтканда, аны менен үйлөнүүсү жаиз.
Үйлөнө тургандарга жардам
Суроо: "Үй ала турган
менен үйлөнө турган адамга Аллах жардам берет” деген макал туурабы? Үйлөнө
турган кедей адамга Аллах жардам береби?
ЖООП: Макал-лакаптар негизинен аяти карималар менен хадистерге
түшүндүрмө катары кызмат кылат. Бул сөз да башка макалдардай эле туура. Нур
сүрөсүнүн: "Араңардан бойдок [же
жесир] кул жана жариялардан [үйлөнө
турган жагдайдагы] салихтерди
үйлөндүргүлө! Эгер алар кедей болсо Аллах өзүнүн лутфу менен аларды байытат.
Аллахтын лутуфу мол. Ал бардык нерсени анык билүүчү” деген маанидеги
32-аяти каримасы менен Дайлами тарабынан
билдирилген "Ырыскыны үйлөнүүдөн
издегиле!” хадиси шарифине таянып, үйлөнүү негизинен мол ырыскыга жана көп
нематтарга себеп болот.
Күбөлөрдүн кызды таануусу
Суроо: Саадат-и
Абадиййада: "Нике кыйылып жатканда вели (эне-ата) же өкүл күбөлөр билген
аялдын атын гана айтат. Күбөлөр тааныбаган аялдын атасынын жана чоң атасынын
атын да айтышы керек. Таануу – кимдин кызы жана кайсы кызы экенин билүү
дегендик. Анын өздүгүн, формасын билүү дегендик эмес”, - деп айтылууда. Андай
болсо анын атасы менен чоң атасын да тааныбасак нике сахих болобу? Алар кызды
тааныгандай баланы да таанууга тийишпи?
ЖООП: Таануу сөзү түшүндүрүлгөндө "Атын билүү дегенди
билдирбейт” деп айтылат. Эгер кыз нике кыйылып жаткан учурда жок болсо,
тагыраагы, күбөлөр кызды көрбөсө, кыздын аты менен атасынын аты айтылса, бирок,
ал кыз билинбесе нике сахих болбогондой эле, бир гана атасынын жана чоң
атасынын аттарын билүү аркылуу да нике жарактуу деп эсептелбейт. Мисалы, Алинин
уулу Велинин кызы деп айтылса сары өтүкчөн Мехмет аганын кызы сыяктуу бир нерсе
болуп калат. Нике жарактуу болушу үчүн сары өтүкчөндү тааныбайбыз го. Кызды
таануу – кимдин кайсы кызы экенин билүү дегенди билдирет деп айтылат. Улуу кызы
же кичүү кызы экенин да билүү шарт. Али жана уулу Вели да билинбесе нике
жарактуу болбойт. Мисалы, Тургут Өзалдын улуу кызы деп айтылса күбөлөр Өзалды күбөлөр
тааныгандыктан нике жарактуу болот. Улуу кызын эч качан көрбөгөн болушса да
жарактуу болот. Кимдин кайсы кызы экенидиги белгилүү болуп турат.
Бала да нике учурунда жок болуп, ордуна
анын өкүлү бар болсо, баланын да ким экендиги билинбесе күбөлөрдүн кызда
болгондой баланы да таануулары керек. Эркек жалпысынан алганда таанылгандыктан, таанылбаса да никеге катышкандыктан,
китептерде кызды таануу маселеси айтылат. Алинин уулу Велинин кызы, Махир уулу
Тахирдин уулу менен үйлөнсө, күбөлөр аларды тааныбаса нике сахих болбойт. Же
кызды таанышса, бирок, баланы таанышпаса баары бир нике сахих болбойт.
Жолдошун атын атап чакыруу
Суроо: Аял күйөөсүн атын атап чакырса күнөө болобу?
ЖООП: Ибн Абидин хазреттери айткандай, эне-атаны жана аялдын
жолдошун атын атап чакыруусу тахриман макрух, кичине күнөө. Таазым менен,
сый-урматты билдирген сөздөр менен жана алдына барып чакыруу керек. Алыстан
кыйкырып чакырбоо керек. (Саадат-и
Абадиййа)
Аты кандай болсо мырза сөзүн кошуп,
мисалы Али мырза, Вели мырза сыяктуу айтууга болот. Кесиби эмне болсо ошентип
кайрылууга болот. Дарыгер болсо дарыгерим же доктур деп айтууга болот. Анын
сыңарындай, ефрейторум, сержантым, капитаным, командирим, полиция кызматкерим,
начальнигим, архитекторум, соодагерим, капитаным, учкучум, адвокатым, устам,
башчым, президентим, агайым, мугалимим, шефим, мүдүрүм, нотариусум деп айтууга
болот. Же ал жактырган сыпат эмне болсо аны да айтууга болот. Мырзам, арстаным,
баатырым, жашоом, шириним сыяктуу. Эркек кайсы бирин жактырса ошону айтуу
керек, ал каалабаган атты жана сыпатын айтпоо керек. Ошо сыяктуу эле, эркек да
аялына ал жактыргандай кайрылууга тийиш. Мисалы, менин сулуум, жалгызым деген
сыяктуу сөздөрү айтуусу туура болот.
Коштошуп жатканда кучакташуу
Суроо: Аял киши атасы менен, уулу менен же бир тууганы менен коштошуп
жатканда кучакташып өпсө болобу?
ЖООП: Аялдын аял менен, эркектин эркек менен да кучакташуусу,
өбүүсү да туура эмес. Бир хадиси шарифте: "Жолугушкан
кезиңерде кучакташпагыла!” – деп айтылат. (Берика)
Аялдардын бири-бири менен эркектердин
көзүнчө өбүшүүлөрү да айрыкча туура эмес. Кол кармашып учурашуу керек. Анткени,
кол кармашып учурашуу (мусафаха) сүннөт. Кол кармашып учурашкада күнөөлөр
төгүлөт.
Махрам туугандарды өпкөндө аз болсо да
шахват пайда болсо хурмат-и мусахара болот. Мисалы, атасынын эркек тууганы
менен хурмат-и мусахара болсо анын уулу менен үйлөнүүгө болбойт. Ата менен
хурмат-и мусахара болсо энеси атасына харам болот. Ошондуктан, өтө жакыныбыз
болсо да, махрамымыз болсо да, шахваттануу коркунучу бар болсо алыс туруу
керек. Кыз атасынын, бала энесинин колун өпкөндө дагы ушуга көңүл буруу керек.
Тыгыз отурбоо керек.
Жолдошунан уруксат алуу
Суроо: Аял көчөгө чыгуу үчүн күйөөсүнөн уруксат алган сыяктуу
эле, эркек да көчөгө чыгуу үчүн аялынан уруксат алышы керекпи?
ЖООП: Эркек үйдүн башчысы. Башчы кол астындагылардан уруксат албайт,
бирок, үйдөгү тынчтык бузулбашы үчүн "мен баланча жакка бара жатам” деп кабар
берип коюу керек.
Саадат-и Абадиййада: "Аялынын
уруксатысыз сапарга, атүгүл, нафил ажылыкка да барбоо керек” деп айтылат. Нафака
калтырбастан парз ажылыкка баруу да харам. Мурда ажыга баруу да, сапарга чыгуу
да көп убакытты талап кылчу. Ажыга бара жатканда, сапарга чыгып жатканда үйгө
керектүү нерселер камсыз кылынса уруксат алуу шарт болбойт.
Үй жумуштарына кийлигишүү
Суроо: Эркектин аялынын үй жумуштарына кийлигишүүсү үйдөгү
тынчтыкка кандай таасир этет?
ЖООП: Бул маселеде Анвар агабыздын эки сөзү бар:
Аллаху таала үйдүн сыртын эркекке, ичин
аялга берген. Эгер бир эркек үйдүн жумуштарына канчалык көп кийлигишсе дүнүйөдө
да, акыретте да ошончолук кыйынчылык тартат.
Анын башка сөзү төмөнкүчө:
Физика эрежеси боюнча магниттин бирдей
уюлдары бири-бирин түртүп, карама-каршы уюлдары бири-бирин тартат. Башкача
айтканда, плюс уюл плюс уюлду, минус уюл минус уюлду түртөт, плюс уюл минус
уюлду, минус уюл плюс уюлду өзүнө тартат. Эки адам тең "менин айтканым туура” десе натыйжада чыр-чатак чыгып, башаламандык
башталат. Эгер бирөөсү "сеники туура” деп айта алса чыр-чатак токтойт. Күйөөсү
менен аялынын бири экинчисине "Сеники
туура” деп айтса жашоо болот. Башкача айтканда, жок дегенде бир тарап
сөзсүз түрдө чегинүү керек. Бирок, муну өзү кылуу керек, каршы тараптан күтпөө
керек. Экөө тең "меники туура” деп
тура берсе ал үйдө чыр-чатак бүтпөйт. Экөө тең "сеники туура” десе эмне болот? Бир да чыр-чатак болбойт, ал үйдө
илахий сүйүү башталат.
Тойдо мавлид окуу
Суроо: Бир досум: "Сүннөт
тою болобу же башка той болобу, той ашынан мурун же андан кийин сукбат кылуу,
мавлид окуу динге туура келбейт”, - дейт. Маркум устазыбыздын неберелеринин
сүннөт тоюна катышкан болчумун. Ошол жерде сукбат болгон эле. Анвар ага да ар бир
той ашында сукбат кылчу. Эмне үчүн мындай деп айтылат?
ЖООП: Аны айткан адамдан сураш керек. Харам иш кылынбаган той
аштарында сукбат кылуу, мавлид окутуу сооп болот. Сукбат – амри маруф дегендик.
Амри маруф фитна чыкпаган бардык жерде кылынат. Ошондой эле тойдо аш берүү
сүннөт. Там Илмихалда төмөнкүдөй айтылат:
Тамактанып жатканда таптакыр сүйлөбөө
макрух. Бул отко сыйынгандардын салты. Жайдары сүйлөшүү керек. (Саадат-и Абадиййа)
Тамак учурунда, тамактан мурун же кийин
сүйлөшүүгө, сукбатташууга тыюу салган диний өкүм жок болсо да, буларды динге
карама-каршы сыяктуу көрсөтүү абдан туура эмес болот.
Үйлөнгөн адам ырыскыга ээ болот
Суроо: "Үйлөн адам ырыскыга ээ болот”, - деп айтылат. Бул чынбы?
ЖООП: Ооба чын, башкача айтканда, ырыскыга ээ болуусу жеңил
болот. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Үйлөнүү менен ырыскы издегиле!” – дейт. (Дайлеми)
Хазрети Омар дагы: "Үйлөнбөй ырыскы
издегендерге таң калам”, - деп, Нур сүрөсүнүн 32-аятын окуду. Анын мааниси
төмөнкүдөй:
"Араңардан бойдокторду, кулдарыңардан
жана жарияларыңардан жакшыларды салихтерди
үйлөндүргүлө. Эгер алар кедей болсо Аллах аларды өзүнүн лутфу менен байытат.
Аллаху тааланын лутуфу мол, билүүчү.” [Нур 32, Медарик Тафсири]
Макал-лакаптардын бири да төмөнкүдөй:
"Үй ала турган менен үйлөнө турган
адамга Аллаху таала жардам берет.”
Демек, бай болбосо да, динди кармануу,
харамдардан сактануу ниети менен үйлөнгөн салих мусулманга Аллаху таала ырыскы
маселесинде кыйынчылык тарттырбайт. Бир хадиси шариф:
"Харамдардан коргонуу үчүн үйлөнгөн адам Аллахтын жардамына татыктуу
болот.” [Ибни Маний]
Суроо: Үйлөнүү үчүн
белгилүү бир жаш, белгилүү бир убакыт барбы же үйлөнүүдөн мурун эмнелерди кылуу
керек, даярдануу керекпи?
Жооп: Бир жигиттин үйлөнүү жашына келүүсү үчүн адегенде Ислам
динин үйрөнүүсү, напсин Исламга баш ийдирүүсү, ак көңүл инсан болуусу, акыл-эси
жетилген болуусу керек. Андан кийин сүннөттү аткаруу ниети менен үйлөнсө болот.
Суроо: Үйлөнүп жатканда мыйзам ченемдүү
иштерди да, диндин буйруктарын да аткаруу шартпы?
Жооп: Үйлөнүп жатканда дин буюрган нике келишимин түзүү менен
Аллаху тааланын буйругу аткарылган болот. Мыйзам боюнча үйлөнбөгөн адам кылмыш
жасаган болот. Диний нике келишимин түзбөгөн адам күнөө кылган болот. Буларга
көңүл бурбаган адамдын жазасы бир канча эсе көп болот. Мусулман адам кылмыш
жана күнөө кылбашы керек. Кылмыш жасап, жазага тартылуу да күнөө.
Мусулман эместер арасында нике келишими
Суроо: Мусулман эместер баш кошуп жатканда өз араларында түзгөн нике келишимдери
жана бул никеден төрөлгөн балдарын Ислам дини мыйзамдуу деп кабыл алабы?
Жооп: Тема боюнча "Дурр-ул-мухтар”китебинин түшүндүрмөсү болгон Ибни Абидинде "Капырдын никеси” деген маселеде
айтылат:
"Бул жерде үч нерсе билдирилет:
1-Мусулмандар арасында сахих (жарактуу)
болгон ар бир нике келишими капырлар арасында да сахих.
2-Шарттары кем болгон, мисалы, күбөлөр
жок болсо же аял иддет (күтүү) мөөнөтүн аяктабаган болсо мусулмандардын никеси харам
болот. Ал эми өздөрүнүн динине шайкеш болгондо, капырлардын мындай никелери жаиз
болот.
3-Мусулмандын никелөөсү харам болгон
аялдарды, капырдын капыр аялдардан алуусу жаиз болот. Буларды алганда да нафака
берүүлөрү керек болот. Бирок, мусулман болгондон кийин никелери бузула
тургандар бири-биринен мурас ала албайт.
Үчүнчү пункт нике келишими менен
үйлөнгөн капырдын экөө тең мусулман болуп калса казы аларды ажыратат. Эгер
отпарас жубайлардын бири же китептүү капырлардан аял мусулман болсо экинчисине
да мусулман бол деп айтылат. Ал да мусулман болуп калса алардын никеси
бузулбайт. Отпарас болгон жубайлардан эркек мусулман болуп калса, аял яхуди же
христиан болсо никелери бузулбайт. Китептүү капырлардан болгон аял же эркек
мусулман болуп, Ислам жерине келсе алардын никеси бузулат.
Мусулман жубайлардын бири
мусулмандыктан чыкса алардын никеси бузулат. Эркек муртад болуп, кийин ыйманын
жана никесин жаңыртса жаиз болот. Талак болбогондуктан, үч жолудан ашык да жана
иддет мөөнөтүн күтпөстөн да жаңыртуу жаиз болот жана соттун кереги жок. Эркек муртад
болгондо иддет учурунда аялга нафака бериши керек. Аял муртад болгондо иддет
үчүн нафака талап кылынбайт. Эгер муртад адам иддет учурунда каза болуп калса
анын мусулман аялы ага мураскор болот.”