Балалуу болуу


Суроо: Балалуу боло албоонун себептери эмнелер?

ЖООП: Балалуу боло албоо – кээ бирөөлөр үчүн кыйынчылыктардын жана көйгөйлөрдүн эң чоңу. Бул үй-бүлөлүк тынчтыктан тарта ажырашууларга чейин барат. Кемчилик кээде аялдарда, кээде эркектерде болот. Кээде экөөндө тең болушу мүмкүн.

Балалуу боло албоонун негизги себептери болуп бала кездеги ооруулар, психологиялык бузулуулар, туура эмес жана зыяндуу тамактануу, катуу ысык-суукка маани бербегендиктен денеде пайда болгон медициналык бузулуулар саналат. Балалуу боло албай жаткан жубайлар бул бузулууга балалык жана жаш кезинде чалдыгышкан болушу ыктымал.

Алардын айрымдары туура эмес тамактануудан улам чалдыккан болушу мүмкүн. Анткени, хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Келин биринчи жумада айран, чалап, уксус, туздалган жана кычкыл азыктарды жебеши керек! Булар балалуу болуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Уксус жеген аялдын хайызы (этек кири) кыйындап, хайызы иретсиз болот. Кычкыл алма жеш хайыз канын токтотот. Бул дагы башка бир ооруну пайда кылат.”

Айрымдары болсо никеден кийин башында бир нече жыл балалуу болбош үчүн туура эмес чараларды көрүп, кийинки жылдары балалуу болбой калууга негиз даярдашат.

Балалуу боло албай жаткандын себептери тыкыр изилделиши керек. Бир топ өнүккөнүнө карабастан медицинанын дагы деле кемчиликтери бар экенине да ишенүү керек. Туура эмес дарылоонун жана туш келди колдонулган дарылардын зыяны көп. Дарыланууда өтө кылдат болуу керек жана дары-дармектерди туш келди колдоно бербөө керек. Айрыкча, жубайлар дары-дармектерин квалификациялуу дарыгерге кайрылбастан колдонбошу керек.

Тукумсуздуктун себептери жана алдын алуу чаралары боюнча адис дарыгерлердин макалалары төмөнкүдөй:

ТУКУМСУЗДУК

Жубайлардын балалуу болгусу келгенине карабай, бир жыл ичинде боюна бүтпөө "тукумсуздук” деп аталат. Сактанбаган жубайлардын 85%ында бир жылдын ичинде боюна бүтүү күтүлөт. Тукумсуздук 30-40% эркектерге, 40-50% аялдарга тийиштүү себептерден улам пайда болот. Жубайлардын 25%ында эркек жана аял факторлору чогуу бар. 10-15%ында бардык изилдөөлөргө карабастан, тукумсуздукту түшүндүрүүгө эч кандай себеп табылбайт.

Алгачкы текшерүүгө жубайлардын чогуу катышуусу жана баа берилүүсү дарылоо жагынан абдан маанилүү. Балалуу болуу каалоосу менен кайрылган жубайлар өз дарыгерине жана борборуна толук ишенип, эч нерсе жашырылбашы, суроолорго ачык жооп берилиши жана эч кандай маселе уялуу сезими менен жашырылбашы керек.

Аялдын текшерилүүсү репродуктивдүү органдарынын гана эмес, бүт денеге багытталган абалда жүргүзүлөт. Кээ бир гормоналдык оорулар (мисалы, калкан бези жана кант диабети) репродуктивдүү органдардын иштешине жакындан таасир этет. Текшерилүү учурунда аныкталган кошумча оорулар дарылоодон мурун жок кылынышы керек. Аялдарда болушу мүмкүн болгон микробдук-сезгенүү оорулары жасала турган анализдин натыйжасында аныкталып дарыланышы керек. Ушул себептен улам жатын моюнчасынан жана жыныс кынынан үлгүлөр алынып, текшерүү жүргүзүлөт.

Аялдардын тукумсуздугунун себептери:

Түтүктөргө байланыштуу себептер

Боюна бүтүү үчүн спермалар (эркектик урук) жатын моюнчасынан жана ичинен өтүп, түтүкчөлөр аркылуу тукумуюкка жетиши керек. Ошондуктан, түтүктөрдүн ачыктыгы жана милдеттерин аткарууга жөндөмдүүлүгүнүн бар же жок экендиги көрсөтүлүшү керек. Тукумсуздуктун себептеринин болжол менен 35% түтүкчөлөрдүн бузулушуна байланыштуу. Гистеросальпингография (ГСГ) түтүктөрдөгү тыгындалышты жана пайда болгон зыянды көрсөтө алат. ГСГ тасмасында кемчилик бар болсо диагностикалык лапароскопия сунушталышы мүмкүн. Эгер түтүктөр жабылып, кемчилик бар болсо же жабышып калганы аныкталса хирургиялык жол менен оңдоого болот. Бирок, операция натыйжа бербейт деп ойлосо жасалма жол меен уруктандыруу ыкмасы дарылоо үчүн эң жакшы альтернатива болуп саналат.

Овуляция (уруктама) проблемалары

Иретсиз жана анормалдуу овуляция тукумсуздуктун себептеринин болжол менен 5-25%ын түзөт. Кадимки шарттарда ай сайын энелик бездердеги жумурткалардын бири өнүгүп, чоңоюп, жарылат жана овуляция ишке ашат. Овуляциянын ишке ашпоосу -менструациянын иретсиздигинин жана тукумсуздуктун эң негизги себеби. Аялдын овуляциясы жок экенин же менструация учурунда деле овуляция болбой жатканын көрсөтүү үчүн бир катар анализдер жүргүзүлөт. Энелик бездердин запасы жана алардын дары стимуляциясына реакциясы менструациянын 2-чи же 3-чү күнү жасала турган гормоналдык анализ же УЗИ сүрөттөрү менен аныкталат. Эгер овуляция жок экени аныкталса дары менен дарылоо аркылуу овуляция камсыз кылынышы мүмкүн.

- Жатындан келип чыккан проблемалар.

- Ич көңдөйдүн челине байланыштуу проблемалар (эндометриоз)

Овуляция көбүнчө хайз мезгилдеринин ортосунда болот. Жубайлардын бул мезгилде бирге болушу уруктануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. [Тактап айтканда, аялдарда овуляция эки хайз мезгилинин арасындагы тазалык мезгилдин ортосунда болот. Эгер жубайлар ушул күндөрү катнашта болсо балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Мисалы, тазалык күнү 14 күн болсо 6-8-күндөрдүн арасында овуляция мүмкүнчүлүгү жогору дегендик.]

Жаш фактору

Кадимки шарттарда сактанбаган жубайлар үчүн никенин биринчи жылында боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү 85% түзөт. Экинчи жылы биринчи жылы боюна бүтө албаган 15% аялдардын 10%ы да экинчи жылы боюна бүтөт. [Эгерде боюна бүтүү экинчи жылдан кийин болбосо жубайлар тукумсуздукка каршы дарылануудан өтүшү керек.] Бул көрсөткүч кийинки жылдары акырындык менен төмөндөйт. Аялдарда жашы өткөн сайын боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү да акырындык менен төмөндөп, 40 жаш жана жогорку курактагы боюна бүтүү көрсөткүчү 10%дан да төмөндөйт. Энелик бези өнүгүп, овуляция болгонуна карабастан, тукумуюктун оңой уруктанышы абдан кыйын болот.

Түшүндүрүү мүмкүн эмес тукумсуздук

Бирок, кээде жубайларга жасалган бардык анализдер нормалдуу деп табылат. Бул учурда түшүндүрүү мүмкүн болбогон тукумсуздук тууралуу айтылат. Биринчи кезекте, вакцияналык дарылоо сынап көрүлөт. Вакциналык дарылоо натыйжасыз болгондо, тукумсуздуктун себептери кайра карап чыгылып, жасалма жол менен уруктандыруу сыяктуу башка көмөкчү репродуктивдүү ыкмалар колдонулушу мүмкүн.

Эркекти карап чыгуу

Эркектерди текшерүү зарыл болгондо уролог тарабынан жүргүзүлөт. Биринчи кезекте уруктун анализи керек. Андан кийин, зарыл болсо, гормоналдык анализдер, микробиологиялык жана серологиялык изилдөөлөр, УЗИ жасалышы мүмкүн. Эркектин тукумсуздугун дарылоодо акыркы жылдарда колдонулган ыкмалар менен тез прогресске жетишилди. Атап айтканда, микроинъекция методу буга чейин дарылоо мүмкүн болбогон эркектердин тукумсуздугунун көптөгөн факторлорун чечүүгө мүмкүндүк берди.

Эркектерге тийиштүү тукумсуздуктун себептери:

- Гормоналдык бузулуулар.

- Генетикалык бузулуулар.

- Себеби белгисиз.

- Варикоцеле.

- Крипторхизм.

- Сперманы алып жүрүүчү каналдар жана органдар менен байланышкан себептер.

- Иммунологиялык (иммундук система) себептер.

- Колдонулган дарылар, өтө ысык чөйрө, систематикалык оорулар.

Технологиядагы бардык жетишкендиктердин аркасында репродуктивдүү дарылоодогу укмуштуудай жетишкендиктер балалуу боло албаган жубайларга жаңы үмүт тартуулайт.

Текшерүүлөрдүн жана дарылоолордун натыйжасында дары-дармек терапиясы жетишсиз болсо, анда жасалма жол менен уруктандыруу жана микроинъекция ыкмалары менен балалуу болуу мүмкүн. Бул жумуш үчүн ишенимдүү ооруканалардын жасалма жол менен уруктандыруу борборлоруна кайрылууга болот.

Жогоруда жазылган ооруларга чалдыкпоо үчүн:

Кыздар төрөлгөндөн баштап үшүккө алдырбоо керек, астыңкы тазалыкка көңүл буруу керек. Асты нымдуу калбоосу керек. Заара анализи 6 айда бир жүргүзүлүшү керек.  Кичине болсо да агындыда, заараны кармай албай калганда же башка ооруларда дарыгерге кайрылуу керек.

Бала кезинде пайда болгон чурайдын (паротит) сезгенишинде урук бездеринин оорусу, кыздарда энелик бездери жабыркаган болсо репродуктивдүү клеткаларды жок кылуу менен тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Бул оорудан коргоо үчүн паротитке каршы вакцина берилиши керек. Эгерде кыздардын жыныс органдары кургак учук оорусуна чалдыккан болсо, анда ал түтүкчөлөрдүн бүтөлүшүнө алып келиши мүмкүн. Жатында адгезияларды пайда кылып, бала болуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Грибок оорулары да агындыга, спермага зыян келтириши мүмкүн. Репродуктивдүү органдарда кичине эле даттануу болсо врачка кайрылган жакшы болот.

Бала кезинен баштап көңүл бурула турган нерселер (Кыздар үчүн)

1- Ымыркай кезинен баштап үшүккө алдырбоо керек.

2- Балмуздак, муздак суусундуктар, кола сыяктуу муздак нерселерди жеп-ичпөө керек.

3- Паротит, кызылча оорусу, кызамык жана кургак учукка каршы вакциналарды алуу керек.

4- Алкоголь ичпөө, тамеки тартпоо керек.

5- Ваннага түшкөндө үшүккө алдырбоо керек. Өзгөчө үзүрлүү абалында сууга (көлгө, деңизге) түшүп үшүк алдырбоо керек.

6- Ачуу татымалдар кошулган азыктардан көп жебеш керек. Кышында үшүккө алдырбоо керек, өзгөчө энелик бездерди коргоо керек.

7- Дене табы көтөрүлгөндө сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

8- Никелүү жаштар бири-бирин таарынтпоо, капалантпоо керек. Туура тамактанууга көңүл буруу керек. Оорулардан сактануу керек.

Бала кезинен баштап көңүл бурула турган нерселер (Эркектер үчүн)

1- Паротит, кызылча оорусу, кызамык жана кургак учукка каршы вакциналарды алуу керек.

2- Алкоголь ичпөө, тамеки тартпоо керек. [Булар кээ бир эркектерде импотенцияга себеп болот.]

3- Эрте жатып, эрте туруу керек.

4- Ачуу татымалдар кошулган азыктарды көп жебеш керек. Кышында үшүккө алдырбоо керек.

5- Урук бездери соккуларга каршы корголушу керек. Дене табы көтөрүлгөн учурларда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Сүннөткө отургузуу кылдаттык менен жасалышы керек.

6- Никелүү жаштар бири-бирин таарынтпоо, капалантпоо керек. Туура тамактанууга көңүл буруу керек. Оорулардан сактануу керек.

Никенин алгачкы жылдарында

Никенин алгачкы жылдарында аң-сезимсиз түрдө жасалган бойго бүтүрбөө чаралары келечекте балалуу болууга зыян келтириши мүмкүн. Эгер жатын ички каражаттары стерилдүү жайгаштырылбаса сезгенүүнү жана бөтөн денеге каршы реакцияны пайда кылышы мүмкүн. Бойго болтурбоочу таблеткалар гормоналдык баланска таасир этиши мүмкүн. Жаңы үйлөнгөндөр дароо бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонбогону жакшы болот.

Ашыкча кайгы, стресс нерв системасын бузат

Стресс гормоналдык балансты да бузат, жубайлардын ортосундагы жыныстык жашоого да таасирин тийгизет. Жубайлар жыныстык жактан толук канааттана албайт, ырахат ала албайт, жакындык кыйноого айланат. Бул учурда овуляция да, сперма өндүрүшү да жабыркайт. Стресстен эрте эякуляция болушу мүмкүн. Ошондой эле стресстен улам жатындын кыймылы күчөп, тукумуюкту сыртка чыгарып салышы мүмкүн. Эрте эякуляциядан улам жетиштүү көлөмдө сперма жатынга жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан жубайлар стресссиз, кыйынчылыксыз, тынч чөйрөлөрдө жана каалоо пайда болгон учурда чогуу болушу керек.

Дененин бала көтөрбөөсү

Дененин бала көтөрбөөсү деген нерсе гормондун жетишсиздигинен же жатын моюнчасынын толук жабылбай калышынан улам баланын боюнан түшүп калышы. Мындай жагдайдагы жубайлар алгач гормондорунун абалын текшертиши керек. Эгерде кандайдыр бир бузулуу болсо аны дарылашы керек. Жатын моюнчасынын абалы сөзсүз текшерилиши керек. Стеноз, жетишсиздик же инфекция бар-жогу текшерилет. Төшөктө жатуу режими жүргүзүлөт. Стресс, ачуулануу, оор жүк көтөрүү, ашыкча иштөө болбойт. Бул үй-бүлөлөрдө хромосомалык бузулуу бар же жок экенин билүү үчүн генетикалык скрининг да жүргүзүлүшү керек.

Тукумсуздуктун белгилери пайда болгондо

Ачуу татымалдар кошулган азыктарга, өтө муздак суусундуктарга тыюу салуу керек. Эч качан дарыларды туш келди ичпеш керек. Туш келди колдонулган жаңылыш дарылар энелик безине жана сперматозоидтерге зыяндуу таасир тийгизиши мүмкүн. Айрыкча бөйрөк менен энелик безге суук тийип, урук безине соккулар тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Бала болбой жатса

Эгерде жубайлар жогоруда айтылган нерселерди сактаганына карабастан балалуу боло албай жатса эч качан туш келди  дарыларды колдонбоосу же өзүн өзү дарылоо ыкмаларына кайрылбоосу керек. Болбосо, дарылоо кыйын же мүмкүн эмес болуп калат. Бул оорулар эми тукумсуздук борборлору бар толук кандуу ооруканаларда дарыланат. Мындай борборго кайрылып, тукумсуздуктун себептерин системалуу түрдө иликтөө керек. Оорулуу үчүн эң ылайыктуу дарылоо ыкмасын тандоо керек. Жасалма жол менен уруктандыруу борборлорунун ичинен жакшы кадрлары жана ишенимдүүлүгү бар жерлерге баруу керек.

Буларга карабастан, эч кандай медициналык бузулуу жок болсо да, бала болбошу мүмкүн. Бала дагы бир ырыскы. Ырыскыны Аллаху таала берет. Кааласа берет, кааласа бербейт.

Бала дагы ырыскы

Суроо: Дарыгерлер жубайым экөөбүздүн балалуу болуубузга эч кандай медициналык тоскоолдук жок деп жатышат. Ошого карабастан балалуу боло албай жатабыз. Досторубуздун, жакындарыбыздын айынан, башкача айтканда, алардын ар кандай ушактарынан улам кыйналып жатабыз. Мында биздин күнөөбүз жок болсо да, бул да тагдырданбы?

ЖООП: Бардык нерсе өз тагдыр менен болот. Тагдырдын жакшысы, жаманы, таттуусу жана ачуусу Аллаху тааладан. Тагдыр – бул Аллаху тааланын боло турган нерселерди эзелде билиши. Каза – тагдырдагы нерселерди убагы келгенде жаратуусу дегендик.

Балалуу болуу же болбоо да тагдырдан. Аллаху таала тагдырга жараша себептерди жаратат. Жубайлар себептерге жармашкандан кийин, башкача айтканда, эч кандай медициналык тоскоолдук болбогондон кийин: "Йа Рабби! Эгер бала бизге пайдалуу болсо насип кыла көр”, - деп дуба кылышат. Дуба кабыл болсо бала болот. Балалуу болуш үчүн алдын ала чара көрүп, себептерге жармашуу керек. Мисалы, медициналык тыюуларды бузуп, тагдырды күнөөлөгөн туура эмес.

Балалуу болууну каалоо нормалдуу көрүнүш. Бирок, ар бир бала сөзсүз түрдө жакшы, пайдалуу болобу? Абдан аз болсо да, бала бир адамдын дүнүйө жана акыреттик бакытсыздыгына себеп болушу мүмкүн. Эмнеси болсо да бала болуусун эмес, сөзсүз жакшы, пайдалуу болуусун тилөө керек. Пайдасыз бир баланын ордуна баласыздыкты тандоо керек!

Чыныгы жашоо бул - акырет жашоосу. Кереметтүү жашоо болсо да, бул дүнүйө убактылуу. Акылдуу адам акыретин ойлоп: "Йа Рабби! Эгер бала мага жакшы, пайдалуу болсо насип кыла көр”, - деп дуба кылат.

Акыр заманда балалуу болбоо жакшыраак. Имам Газали хазреттери айтат:

Пайгамбарыбыз алайхиссалам: "Эки жүз жылынан кийин силердин эң жакшыңар – хафифулхаз болгондор”, - деди. "Хафифулхаз дегени эмне?” – деп сурашканда, "Аялы жана баласы жок адам”, - деп жооп берди. (Абу Яъла)

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери да: "Бул доордо баласы жок адам шүгүр саждасын кылсын”, - деген эле.

Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Силерге жакпаган нерсе өзүңөр үчүн жакшылык, жаккан нерсе да өзүңөргө жамандык болуп чыгышы мүмкүн. Силер билбейсиңер, Аллах билет.” [Бакара, 216]

Балалуу болуу немат болгондой эле, чоң коркунуч да болушу мүмкүн. Курани каримде бала тууралуу "фитна” деп айтылат. Бул жерде фитна сыноо дегенди билдирет. Баланын сыноосунан ийгилик менен чыгуу оңой эмес. Ошондуктан, биз ар дайым өзүбүз үчүн жакшы, пайдалуу болгон нерсени тилешибиз керек! (Хадика)

Эркек бала болушу үчүн:

Дубанын кабыл болушу тууралуу макалада белгиленгендей, туура ыйманга ээ болуп, харамдардан сактанып, динибиздин буйруктарын аткарып, шарттарына ылайык дуба кылган адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот. Мындай салих бир адам төшөккө жатканда эң биринчи Ихлас сүрөсүн окуйт. "Йа Рабби! Эгер мага уул ихсан кыла турган болсоң атын Мухаммед коём”, - дейт. Ушундай дуба кылган адам Аллаху тааланын уруксаты менен уулдуу болот. (Ширъа шархы)

Ушул эле китептеги хадиси шарифте дагы мындай деп айтылат:

"Аялынын боюнда бар кезде анын курсагына колун коюп: "Бисмиллахи ахадис самад аллази лам йалид ва лам йулад. Йа Рабби, мен бул баланын атын Мухаммед алейхиссаламдын урматы үчүн Мухаммед койдум”, - деп айтса, бул бала эркек болот.”

Дагы ошол эле китепте: "Эгер аял хайздан тазалангандан кийин беш күн ичинде боюна бүтсө баласы эркек болот. Бешинчи күндөн сегизинчи күнгө чейин болсо кыз болот”, - деп айтылган.

Суроо: Акыр заманда балалуу болбоонун жакшыраак экенин билдирген хадиси шариф бар. Бул заманда бирден көп балалуу болуу жаиз эмеспи? Ислам аалымдары канча балалуу болууну сунушташат?

ЖООП: Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Акыр заманда силердин эң жакшыңар – баласы жок болгонуңар”, - деп айткан. Башкача айтканда, балалуу болбоо сунушталууда. Илгери болсо "Мен үммөтүмдүн көптүгү менен сыймыктанам”, - деп, көп балалуу болууну сунуштачу эле.

Акыр заманда балдарды исламий тарбия менен тарбиялоо абдан кыйын. Бул кыйынчылык балдардын саны көбөйгөн сайын күчөйт. Тарбиялай алган адам каалаганча балалуу боло алат. Белгилүү бир саны жок.

Баланын жынысы

Суроо: Жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу каалаган жыныстагы балалуу болушу мүмкүн экен. Мындай жол менен баланын жынысын аныктоонун диний жактан зыяны барбы?

ЖООП: Жок, зыяны жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш