Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Эне-атанын сексен акысы




Эне-атанын сексен акысы


Суроо: Эне-атанын балдарынан кандай акылары бар?

Жооп: Имам-ы Насафи хазиреттери мындай деген:

Эне-атанын балдарынан сексенге жакын акысы бар. Кыркы тирүү кезинде, кыркы кайтыш болгондон кийин. Тирүү кезиндеги кырк акысынын ону дене менен, ону тил менен, ону көңүл менен, ону акча менен.
Дене менен кылына турчу акылары:

1. Кызматын кылып ыраазычылыктарын алуу керек. Хадис-и шарифте мындай деп айтылды:

"Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү берекелүү жана узун болот". (Ислам Ахлакы)
"Эне-атасын динге ылайык болгон кызматы менен ыраазы кылган адам Аллаху тааланы ыраазы кылган болот, аларды ачууланткан адам Аллаху тааланы ачууланткан болот". (Ибн Нажжар)
"Эне-атасы жанында картайып, бирок (ыраазычылыктарын ала албай) Бейишке кол жеткире албаган адамдын шагы сынсын".(Тирмизи)
Хасан-ы Басри хазиреттери Каабаны таваф кылып жүрүп аркасына жүк көтөргөн бир затты көрүп андан сурайт:
- Эмне үчүн жүк менен таваф кылып жүрөсүң?
- Бул жүк эмес, бул менин атам. Аны Шамдан жети жолу алып келип таваф кылдырдым. Себеби, атам динимди, ыйманымды үйрөттү. Мени Ислам ахлагы менен өстүрдү.
- Кыяматка чейин ушинтип аркаңа көтөрүп жүрүп, бирок, бир жолу болсо да көңүлүн оорутуп ала турган болсоң ушунчалык эмгегиң текке кетет. Бир жолу болсо да көңүлүн ала турган болсоң ушунчалык кызматыңа тете болот.

Эне-атаны ылайыгы менен сыйлап, урматтоо керек, аларга кызматта кемчиликке жол бербөө керек. Хазирети Ибни Аббас: "Күнөөлүү, алсыз жана кедей кул өз кожоюнун алдында кандай ахывалда болсо, сен да эне-атаңдан жанында ошондой бол!” деген.

Энеге урмат жана кызмат атадан мурда келет. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Энеге жасалган жакшылыктын сообу эки эсе көп болот.” (И. Газали)

"Алгач энеңе, экинчи атаңа, кийин эже-карындашыңа, ага-иниңе, кийин ирети менен калган туугандарыңа жакшылык кыл!” (Насаи)

"Вейсел Карани бүткүл жакшылыктарга жана даражаларга энесине жасаган жакшылыктары үчүн жетти.” (Р. Насихин)

"Эй Расулуллах! Менин энем мушрик. Ага жакшылык кылуум туура болобу?” деп сураган адамга пайгамбарыбыз: "Ооба, энеңе жакшылык кыл жана аны сыйлап урматта!” деди. (Абу Давуд)

Пайгамбарлардын бардыгы өз энелеринен дагы жогору болушкан. Ушуга карабастан пайгамбарлар да энелерин урматтап, кызмат кылышкан.

Каапыр болсо дагы эне-атага кызмат кылуу, аларды нафакалары менен (тамагы, кийими, жашай турган жери) камсыз кылуу жана ал-абалын зыярат кылып туруу керек. Эгер куфурга себеп боло турган иштерди кылдырат деп корксо, анда үйүнө барууга болбойт. (Баззазийа)

Муса пайгамбар Бейиштеги кошунасын ким экенин Аллаху тааладан сурап, аны издеп барат. Ал касап эле. Касап бир кесим эт бышырат. Илинип турган зембилди түшүрүп, ичинде жаткан өтө арык жана картайып калган кемпирге бышырган эт менен суу берет. Кийин үстү-башын тазалап, кайрадан зембилге жаткызды. Касап: "Бул менин энем. Картайып ушундай абалга түшүп калды. Күнү-түнү ага ушундай карап багам.” дейт. Ошондо касаптын энеси: "Эй Раббым! Уулумду Бейиште Муса пайгамбарга кошуна кыл!” деген сөзүн Муса алейхиссалам да угат. Каспчыга айтат: "Сүйүнчү, Аллаху таала сени Муса пайгамбарга кошуна кылды.” (Шира)

2. Жакшылык кылуу.

Эне-атага сый-урмат көрсөтүү жана жакшылык кылуу балдарына парз. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Эне-атасына жакшылык кылган бала пайгамбарлар менен бирге Бейишке кирет.” (И. Рафии)

"Эне-атасына жакшылык кылган адамдын өмүрү узак жана ырыскысы берекелүү болот.” (И. Ахмед)

"Эң мыкты амал – убагында окулган намаздан кийин эне-атага жакшылык кылуу.” (Муслим.)

"Эне-атаңа жакшылык кылсаң, кийин балаң дагы сага жакшылык кылат.” (Табарани)

"Сен дагы, мал-мүлкүң дагы атаңдыкы.” (Ибн Маже)

3. Аларга каршы чыкпоо.

Хадиси шарифтерде мындай айтылат:

"Эне-атага каршы чыгуу чоң күнөө.” (Бухари)

"Эне-атасына каршы чыккан бала Бейишке кирбейт.” (Насаи)

"Эне-атасына каршы чыккан баланын өмүрү берекесиз жана кыска болот.” (Ислам Ахлакы)

Ыймандуулардын Тозоктон эң акыркы чыга тургандары Аллаху тааланын жолунда жүргөн Эне-атасынын исламга ылайык болгон буйруктарына каршы чыккандар.

Эне-атанын жана башка кимдин болсун динге каршы болгон буйруктарына моюн сунууга болбойт. Бирок, эне-атага сылык сүйлөп, аларды таарынтпоо керек.

Эне-ата каапыр болсо, аларды чиркөөдөн же арак ичилген жерлерден аркага көтөрүп болсо да алып келүү керек. Бирок андай жерлерге алып барбоо керек.

Эне-атасы заалым дагы болсо, алардын айткандарына каршы чыгууга, аларга үнүн көтөрүп сүйлөөгө, одоно сүйлөөгө болбойт.

"Эне-атам мээримсиз, аларга кандай моюн сунам? деп сураган кишиге Расулуллах алейхиссалам мындай деген: "Энең сени тогуз ай курсагында көтөрдү, эки жыл эмизди. Сени чоңойгонго чейин коюнунда өстүрдү, камкор болду. Атаң дагы сени өстүрүү үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Сени муктаж болгон нерселериң менен камсыз кылды. Сага диниңди, ыйманыңды үйрөттү. Сени ислам тарбиясы менен чоңойтту. Кантип анан мээримсиз болушсун?! Мындан ашкан мээрим болобу?” (Аййухал валад илмихалы)

"Эй Расулуллах, картайган энемди өз колум менен тамактандырамын. Дааратын алдырып, аркама көтөрүп жүрөм. Ошол амалым менен акысын өтөй аламбы?” деп сураган кишиге пайгамбарыбыз мындай дейт: "Жок, акысын жүздөн бирин дагы орундаган болбойсуң. Ал сага бутка туруп кетүүңдү күтүп кызмат кылган эле, ал эми сен ага өлүмүн күтүп кызмат кылуудасың. Бирок, Аллаху таала бул аз гана жакшылыгың үчүн көп сооп ихсан кылат.” (Р. Насихин)

Бир киши: "Эй Расулуллах, Эне-ата баласына зулумдук кылса дагы алардын ыраазычылыгын албаган адам Тозоко кетеби?” - деп сураганда жооп катары үч жолу: "Ооба, зулумдук кылган болсо дагы ыраазычылыгын албаган бала Тозоко кетет”, - деди. (Байхаки)

Андай болсо эне-ата заалым болуп, баласына зулумдук кылса дагы, күнөө кылууну буйрук кылса дагы, аларды таарынтпоого, ачуулантпоого аракет кылуу керек! Күнөө болгон, динге каршы болгон буйруктарын орундоо керек эмес. Бирок, аларды таарынта турган сөз жана аракет да туура эмес.

Эне-ата жаман дагы болсо, алар менен жакшы мамиледе болуу керек! Алар менен мамилени үзүп коюу чоң кунөө болуп эсептелет. Жок дегенде салам айтып, кат жазып, телефон чалып бул күнөөдөн кутулуу керек!

Куран-и каримде 3 нерсе 3 нерсе менен бирге айтылган. Биринчиси орундалбаса, экинчиси кабыл болбойт. Пайгамбарыбызга моюн сунбаса, Аллаху таалага моюн сунган болбойт. Эне-атага шүкүр кылынмайынча, Аллаху таалага шүкүр кылынган болбойт. Мал-мүлктүн зекети берилбесе, намаздары кабыл болбойт. (Тафсири Мугни)
4. Баш ийүү, каршы чыкпоо, күнөө болбогон буйруктарын аткаруу.

Муса алейхиссалам Аллаху тааладан тогуз жолу насаат сураганда бардыгында да: "Эне-атаңа моюн сун!” -деп буюрулду. Хадиси шарифте да мындай айтылган: "Эне-атага моюн сунуу Аллахка моюн сунуу болот. Аларга каршы чыгуу Аллаху таалага каршы чыгуу болот.” (Табарани)

Атасына каршы чыккан адам бала-бакырасын үзүрүн көрө албайт, максатына жете албайт, үй-бүлөсү менен жакшы карым-катнашта боло албайт, үйүнүн берекеси, кызыгы болбойт.

5. Аларды катаал жүз менен, кабагын бүркөп карабоо керек.

Жылуу жүз менен, мээримдүүлүк менен, сүйүү менен кароо керек. Эне-атасын мээримдүүлүк менен, махабат менен бир жолу караган адам кабыл болгон бир ажылыктын сообун алат. Пайгамбарыбыз: "Эне-атасынын жүзүн мээримдүүлүк менен караган адамга ажылык жана умранын сообу жазылат.” деген. "Күнүнө миң жолу караса да ушундайбы?” деп суралганда Пайгамбарыбыз: "Күнүнө жүз миң жолу караса да...” деп жооп берген. (Р. Насихин)

Дагы: "Эне-атанын жүзүн мээримдүүлүк менен кароо – ибадат” деп билдирген. (Абу Нуайм)

6. Аларды таарынтпоо, кемсинтпөө, ыраазычылыктарын алуу керек.

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: "Раббыңдын ыраазычылыгы эне-атанын ыраазычылыгында. Ачуусу да эне-атанын ачуусунда.” (Бухари)

"Эне-атасынын ыраазычылыгын алган мусулманга Бейиштен эки эшик ачылат. Ал эми таарынткан адамга Тозоктон эки эшик ачылат.” (Байхаки)

"Эне-атасынын ыраазычылыгын алган мусулман эмне кылса дагы тозоко кирбейт. Ал эми таарынткан адам Бейишке кирбейт.” (Шира)

"Хак таала кээ бир күнөөлөрдүн жазасын кыяматка чейин кечиктирет. Эне-атага каршы чыгуу күнөөсү булардан бөлөк.” (Хаким)

Эне-атаны таарынтуу, аларды кемсинтүү чоң күнөө болуп саналат. Эне-атанын, жалпысынан эч кимди күнөө болгон буйруктарын аткаруу туура эмес. Эне-ата сунган тамакта арам аралашкан деген күмөн болсо жана бул тамактан жеш үчүн баласын мажбурласа, баланын ал тамактан жеши керек болот. Себеби, күмөндүү нерселерден качуу варага жатат , ал эми эне-атанын ыраазычылыгын алуу важип болуп эсептелет. Бирок, динге каршы болгон буйруктары орундалбайт. Мисалы: "Арак ич, намаз окуба, антпесе биз таарынабыз” десе, мындай арам болгон нерселери орундалбайт. Себеби, "Аллаху таалага каршы чыккан кулга моюн сунулбайт.” деген буйрук бар. Аллаху таала "Анкабут” сүрөсүнүн сегизинчи аятында: "Биз адамда эне-атасы менен жакшы мамиледе болууга чакырдык. Эгер алар сени билбеген нерсеңде Мага шерик кошууга мажбурласа, аларга моюн сунба.” деп буюрулган.

Эне-атасы күнөө кылуучу бала аларга бир жолу насаат кылат. Эгер насаатын тыңдабай турган болсо, анда унчукпайт. Алар үчүн дуба кылат.

7. Алардын уруксатысыз сапарга чыкпоо.

Ажыга бараарда муктаж болбогон эне-атасынан уруксат суроо сүннөт. Эне-атасы муктаж (кедей) болсо, алардын уруксатысыз ажыга баруу арам болуп саналат. Эне-атасы муктаж эмес болсо, парыз болгон ажыга алардын уруксатысыз бара алат. Бирок, нафил болгон ажыга эне-атасынын уруксатысыз бара албайт. (Радд-ул-мухтар)

Жихад үчүн уруксат сураган адамдын эне-атасынын тирүү экенин укканда пайгамбарыбыз: "Сен кал! Аларга кызмат кыл! Аларга кызмат кылуу – жихад болуп саналат” деп буюрат.(Бухари)

Жихатка баруу үчүн уруксат сурап келген башка бир адамга дагы мындай деди: "Энеңдин жанынан айрылба! Бейиш анын таманынын астында” деди. (Насаи)

Хижрат кылуу үчүн чыккан бир киши, пайгамбарыбызга келип: "Эй Расулуллах! Эне-атамды ыйлатып келдим” дегенде пайгамбарыбыз бул жагдайга таарынып: "Дароо үйүңө кайтып бар! Аларды ыйлаткан болсоң, эми көңүлүн көтөр!” деди. (Абу Давуд)

Эне-атаны зыярат кылууну токтотуп коюш чоң күнөө. Ал-абалдарын сурап барып туруу керек. Бара албаган жагдайда жок дегенде кат жазып, салам жолдоп бул күнөөдөн кутулуу керек.

8. Аларга татыктуу түрдө сый-урмат көрсөтүү.

Хадиси шарифте: "Улууларды урматтабагандар бизден эмес” деп билдирилген. (Тирмизи)

"Эне-атага урмат бактысыз адамды бактылуу кылат. Өмүрүн узак кылат жана жаман өлүмдөн сактайт.” (Абу Нуайм)

Аларды көргөндө дароо тура салып, жанына баруу керек, алар отурганга чейин туруу керек, алардын уруксатысыз отурбоо керек. Отурган кезде дагы адептүүлүктү сактоо керек, алардын жанында бутту айкаштырып же болбосо созуп отурууга болбойт. "Болсо дагы мага унчугушпайт” деп бул адепке көңүл бурбай коюу жакшы эмес.

9. Бирге басып баратканда аркаларынан басуу.

Эч кандай себепсиз алдыга түшүп албаш керек.

10. Чакырган кезде дароо жанына келип "угуп жатам!” деп айтуу.

Эне-ата чакырган кезде парз намазын бузуу уруксат болгону менен аябай кажеттүүлүк болбосо бузбоо керек. Ал эми сүннөт намаздарды бузууга болот. Хак таала мындай деген: "Эй Муса! Менин даргахымда (алдымда) өтө оор жана өтө чоң бир күнөө бар. Ал – эне-ата чакырган кезде буйруктарына моюн сунбоо” (Ислам ахлакы)

 

Тил менен жасала турган он акысы:

1. Жумшак сүйлөшүү, карапайым болуу, "уф” деп айтпоо.

Хак таала мындай деп буюрган:"Биз адам баласына эне-атасына жакшылык кылууну насаат кылдык”(Ахкаф 15)

"Раббың жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарды жана эне-аталарыңарга жакшылык кылууңарды буйрук кылды. Эгер алардын бири же болбосо экөө да жаныңда картайса аларга "уф” деп айтуучу болбо, оор сөз айтпа, аларга сылык жана жумшак сүйлө, аларга жакын бол, карапайым бол. Ал экөөнө мээримдүүлүк кучагыңды жай дагы: "Эй Раббым! Ал экөө мени кичинекейимен баштап тарбиялап өстүргөндөй, сен дагы аларды ырайымыңа бөлө!” деп дуба кыл!”

Хазирети Хасан Басри мындай деген: "Бир аалым адамдын эне-атасын каапыр болсо, кудуктан суу алып келүү үчүн ага муктаж болуп, ал дагы бир нече жолу челек менен суу алып келип "уф” десе бардык амалдарынын сообу жок болот.”

2. Сүйлөшкөндө үнүн алардын үнүнөн жогору көтөрбөө.

3. Алардын жанында көп сүйлөбөө, адептен ашпоо.

Эне-ата сен билген нерсени айтып турса да "баягы эле нерсеби?” дебестен, өмүрүндө муну биринчи жолу угуп аткан кишидей аларды тыңда.

1. Азилдешкен (жаргон) сөздөр менен тамашага салып сүйлөбөө керек. Мисалы, эки баласы бар адамдын бир уулу экинчисин корсөтүп: "Уулуңуз ошентти. Эгер мен ошентсе турган болсом эчак кыямат кылат элеңиз!” же болбосо "Апа небереңизди катуу эркелет бербеңиз, башыбызга минип алат. Тилибизди укпай турган болду деген сөздөрдү айтып аларды таарынтып албоо керек. Өз бала-чакасын эне-атасынын алдында тилдеп, уруп-сабабаш керек.

5. Аялын алардан жогору көрбөө. Пайгамбарыбыз мындай деп айткан: "Аялын эне-атасынан жогору коргөн адамга лаанат болсун! Анын парз жана башка ибадаттары кабыл болбойт". [Шира]
6. Аттарын айтып чакырбоо, сөздөрүн бөлбөө, сүйлөшүп жаткан болсо аралашпоо. Мен билемдик кылбоо. Эне-ата ката сөз айткан болсо да андай эмес деп каршы чыкпоо.
7. Эне-атанын мамилесин буза турган сөздөрдөн жана кыймыл-аракеттен узак туруу. Эне-ата менен уул-кыздан мамилесин буза турган жана кыймыл-аракеттен узак туруу. Келиндерди эне-ата менен уулдарынын мамилесин буза турган сөздөрдөн узак кармаш керек. Пайгамбарыбыз: "Эне менен уулунун мамилесин бузган адамга лаанат болсун". деп айткан. (Гунйа)
8. Сүйлөшүп жаткан кезде кыл же кылба сыяктуу сөздөрдү колдонбоо. Кыла аласызбы деп өтүнүч иретинде назик сүйлөө керек.
9. Жакшы дубаларын алуу. Эне-атанын дубасын чоң олжо деп билиш керек. Хадис-и шарифтерде айтылды: "Үч кишинин дубасы кабыл болот. Эне-атанын, зулумдукка учураган адамдын жана мусапырдын дубасы". [Тирмизи]
"Эне-атанын дубасы илахи хижабга жетет, дубалары кабыл болот". [Ибни Маже]
10. Каргыштарын албоо, Хадис-и шарифте айтылды:
"Эне-атанын балдарына жана зулумдукка учураган адамдын заалымга болгон каргыштары кайтарылбайт". [Тирмизи]
"Өзүңөргө, бала-чакаңызга жана мал-мүлкүңүзгө каргыш кылбагыла! Эгер дубалардын кабыл болгон саатына туш келе турган болсо бул каргышыңар кабыл болот". [Муслим.]
Эне-атаң чакырган кезде кандайдыр бир иш менен алектенип турган болсоң дароо ал ишти таштап аларга жүгүр! Энең-атаң сага ачууланып кыйкыра турган болсо аларга сен бир нерсе сүйлөбө. Эне-атаңдын дубаларын алгың келсе сага буйрук кылган иштерин тез жана жакшы аткарууга аракеттен! Кылган ишиңе ыраазы болбой калууларынан, каргыштарына калуудан корк! Сага таарына турагн болсо аларга карата катуу сөз айтпа! Дароо колдорун өөп ачууларын басууга аракет кыл! Эне-атанын көңүлүнө келип турган нерселерге көңүл бур! Себеби, сенин бактың жана балээлерге дуушар болууң алардын көңүлдөрүнөн чыккан сөздөргө байланыштуу болот. Эне-атан оорукчан же картайып калган болсо аларга жардам бер! Өз бактыңды алардан ала турган дубада (баталарында) деп бил! Эгер аладын көңүлүн оорутуп, каргыштарын ала турган болсоң дүнүйө жана акыретиң карарат. Жаадан чыккан ок кайтып келбейт. Алардын көздөрү тирүү кезинде кадырын бил!
Көңүл менен болгон акылары:

1. Боор ооруп, аларга мээримдүүлүк кылуу. Хадис-и шарифте мындай деп айтылды:
"Ырайымдуу болбогон адамга ырайымдуулук кылынбайт, мээридүүлүк кылбаган адамга мээримдүүлүк кылынбайт" [Муслим]
2. Аларды сүйүү. Ар ыңгайы табылганда эне-атанын колун өбүүгө аракет кылуу керек, аларды сүйгөндүгүн сездирүү керек. Хадис-и шарифте мындай деп айтылды:
"Энесинин бутун өпкөн адам Жаннаттын эшигин өпкөн болот". [Шира]
3. Кубанычтарына кубануу. Бир нерсеге кубанышса (Кандай жакшы болуптур, кайырлуу болсун) деген сыяктуу сөздөр менен мындан ыраазы болгондугун билдирүү керек.
4. Кайгыларын тең бөлүшүү, дарттарына тең орток болуу. Бир нерсеге кайгырып отурушкан болсо "Жакшы болуп кетсин” деп өзүнүн да муну ойлоп, капа болгондугун сездирүүгө аракет кылуу керек.
5. Алар көп сүйлөй турган болсо жаман көрбөө. Жаман көрүп турса дагы муну эч качан билдирбеш керек.
6. Урушса же кыйынчылык тарттырса буга ачууланбоо. Сөздөрүн эч укпаган сыяктуу өзүн алып жүрүү керек.
7. Аларгы ыраазы болуу. Кантип болсо дагы алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек. Хадис-и шарифте айтылды: "Аллаху тааланын ыраазылыгы эне- атанын ыраазылыгында болот". [Р.Насихин]
8. Таарынтып алуудан катуу коркуш керек. Исра сүрөөсүнүн 23-чү Аятында эне-атага жакшы мамиле кылуу, аларга жумшак жана таттуу сүйлөөлөрү буйрук кылынган. Эгер муну унутуп коюп эне-атаңдан көңүлүн оорута турган болсоң, дароо ыраазычылыктарын алууга аракет кыл, жалбарып, айтор эмне кылып болсо да алардын көңүлдөрүн ал.

10. Аларга назданбоо. Тескерисинче алардын назданууларына чыдоо керек. Себеби, эне-ата биздин кичинекей кезибиздеги канчалаган назданууларыбызды көтөргөн эле. Эми наздануу кезеги аларга келгендигин унутпоо керек.
10- Кыйынчылыктарын тартса дагы эртерээк өлсө кутулсак экен деген ойдо болбоо, алардын узун өмүр сүрүүлөрүн каалоо. Алар бизге караганда көп кыйынчылык тартышса дагы биздин жашап кетүүбүздү каалашкан эле. Бул үчүн өздөрү ичпейц-жебей бизди багышкан эле.
Мал-мүлк, акча менен бериле турчу акылары:

1.Өзүнөн мурда аларга кийим-кечек алуу керек. Өзү жей турган тамактын жакшысын аларга жедирүү керек.
2. Узак жерде болсо зыяратка баруу керек. Эне-ата жана махрам болгон туугандарды зыярат кылуу важип. Жок дегенде салам айттырып, көңүлдөрүн ала турган жакшы кат жазып бул күнөөдөн кутулуш керек. Зыярат кылына турчу адамдардын тартиби төмөндөгүчө: Эне, ата, бала, чоң ата, чон эне, бир тууган, атасынын ага-инилери, атасынын эже-карындаштары, таеке жана таеже.
3. Бирге тамактануу.
4. Каалап турган нерселерин суроо жана орундатуу.
5. Үйлөрүн тазалап, сырдап, оңдой турган жерлер болсо оңдоп бериши керек.
6. Акча берүү. Муктаж болуп турганын жашырып, сага айтпашы мүмкүн.
7. Акчаны, оокатты аларга эркин колдоно ала турган кылуу. Качан керек болсо малым, жаным силерге курман болсун деп, таарынычтары бар болсо ушул жол менен алардын көңулүн табуу керек. Эне-атага жумшалган акчага сурак болбойт. Муктаж болгон эне-атага жардам парз болот. Куран-ы каримде мындай деп айтылды:
"Эне-атага, бир тууганга, жетимдерге, колунда жокторго, сапарда жүргөн адамга нафака бергиле!" [Бакара 215]
Кимге нафака берейин деп сураган адамга расулуллах (Өзүңө, эне-атаңа, кийин аялыңа жана балдарыңа, кызматчыңа жана андан калганын өзүң билесиң) деп жооп берди. (Несаи)
Атасы ооруп, карай турган адам табылбаса күйөөсүнөн уруксатсыз да барып кызматын кыла алат. Зымми болгон ата дагы ушундай (Зымми – бул мурдагы мусулман мамлекетте жашаган мусулман эмес жарандар.) Бирок, бала бай болгон атасын кароого мажбур эмес.(Беззазиййе)

Бай баланын кедей болгог эне-атасына нафака брүүсү фарз. Кедей адамдын кедей болгон эне-атасына нафака берүүсү фарз эмес. Кедей эне-атасын өз үйүнө алып бирге жашашы керек.(Фатава-и Хайриййе)
Эне-атанын бирине кызмат кылсаң экинчиси таарына турган болсо атага урмат кылып жана баш ийип, энеге кызмат, жардам жана жакшылык кылуусу керек.
8. Анда санда жакшы тамак-аш жасап алады чакырып туруу керек. Ошону күтүп турушса да сага айталбашы мүмкүн.
9. Досторун достой көрүп, аларды чакырып көңүлдөрүн алуу керек. Душмандарынан да узак болууга аракет кылуу крек.
10. Ооруп калышса даарылантуу керек. Аларды карай турган кызматчы жалдагандан көрө жеке өзү кызмат кылууга аракет кылуу керек.
Кайтыш болгондон кийинки 40 акысы:

1. Аларды жерге берүүнү эртелетүү.
2. Сөөгүн сүннөткө ылайык жууш. Бул ишти жакшы билген адамдарга кылдыруу керек.
3. Сүннөткө ылайык кепендөө.
4. Уруксат болбогон кепен оробоо.
5. Сүннөт болгон санга көңүл бөлүү. Эркектерге үч бөлүктөн ашык кылбоо.

6. Кепенде ысрапкорлук кылбоо.
7. Халал акчадан кепен сатып алуу.
8. Эгержаназа намазын окутууну билсе өзү кылдыруу. Бидатчыларга жаназа намазын окутпоо.
9. Аларга дайыма дуба кылуу. Бир хадис-и шарифте айтылгандай: "Эне-атасына дуба кылбаган адамдын ырыскысы кесилет". [Шира]
10. Топуракка өзү коюуу.
11. Мүрзө казган адамдарды ыраазы кылуу.

12. Жакшы жана салих адамдардын арасына көмүү.
13. Жаман адамдардын арасына көмбөө. Себеби, жаман коңшудан ага кыйынчылык келет.
14. Кабырдын үстүн балыктын сыртындай кылып тегиздөө.
15. Кирпич колдонуу.
16. Бышкан бетон колдонбоо. Мык, бетон сыяктуу бышырылган нерселерди кабырдын ичинде колдонуу макрух. Кабырдын үстүн сырттан бетон же мрамор мене жабууга болот.
17. Топурагынын жанында туруп садака берүү.
18. Кабырдын жанында дуба кылуу. [Садаканы жана дубаны кечиктирбөө, 40 жана 52. түн сыяктуу бидат болгон иштерден узак туруу.]
19. Карыздарын төлөө.
20. Өзү телкин бериш керек.
21. Дароо искатын кылуу керек. Өлгөн адамдын намаз жана орозо карызы үчүн башка бирөө анын ордуна намаз окуй албайт жана орозо кармай албайт. Хади-и шарифта айтылды:
"Башка бирөөнүн ордуна орозо кармалбайт жана намаз окулбайт. Бирок, орозосу жана намазы үчүн кедейди тойгузууга болот". [Насаи]
22. Мазар ташына уруксат болбогон нерселерди жаздырбоо керек. Мисалы, Фатиха же Бисмиллах же аят жазууга уруксат эмес. Башка адамдар жылдар бою жазып келаткан болсо да муну кылуу туура эмес.
23. Осуяттары (керээзи) бар болсо аларды орундатуу керек. Динге ылайык эмес болсо орундатылбайт.
24. Намаздан кийин дуба кылып, соопторун алардын рухтарына багыштоо керек. Хадис-и шарифте айтылды: "Эне-атасына каршы болгон адам алар кайтыш болгондон кийин аларга дуба кылса, Аллаху таала аны эне-атасына баш ийгендерден кылып жазат". [Ибни Эбиддунйа]
25. Сообу аларга тийсин деп ниет кылып орозо кармоо.
26. Сообу аларга тийсин деп ажылыкка баруу. Аалымдардын көбү эне-ата үчүн ажылык кылууга болот дешкен.

Хадис-и шарифте айтылды:
"Өлгөн эне-атасы үчүн ажылык кылган адамга өзүнө да, эне-атасына да ажылык ылуу сообу берилет. Эне-атасынын рухуна сүйүнчүлөнөт". [Даре Кутни]
27. Сообу аларга тийсин деп садака берүү. Хадис-и шарифте айтылды:
"Садака берип жаткан кезде сообун мусулман эне-атанын рухуна эмне үчүн хадия кылбайсыңар? Хадия кыла турган болсоңор берген садаканын сообу алардын рухтарына кеткендиги сыяктуу эч кемитилбестен ошол сооп силерге да жазылат." [Таберани]
28. Кабырдагыларды зыярат кылып Куран-ы карим окуш керек. Хадис-и шарифте айтылды:
"Эне-атасынын же бирөөнүн кабырын ыкылам менен магфират үмүтү менен зыярат кылган адам кабыл болгон бир ажылык сообун алат жана муну көндүм кылып алган адамдын да кабырын периштелер зыярат кылышат". [Хаким]
29. Кабырларын жума күндөрү зыярат кылуу. Хадис-и шарифта айтылды:
"Эне-атанын кабырын Жума күндөрү зыярат кылган адамдын күнөөлөрү кечирилип, алардын акыларын өтөгөн болот". [Тирмизи]
30.Зыярат кылган кезде дуба жана Куран-ы карим окуу менен алектенүү жана ылайыксыз нерселерди сүйлөбөө.
31. Тирүү кезинде таарынып калышып, бирок, баласы салих боло турган болсо алар ыраазы болушат. Алар үйрөткөн жакшы нерселер менен амал кылып турган убакыт боюнча сообу аларга да тийе берет.
32. Эгер алардан жаман нерселерди үйрөнүп ошол нерсени кылган сайын аларга да күнөө жана жазылат. Ошондуктан алардан жаман жолду үйрөнүп алган болсо муну ташташ керек, бул жаман амалдары менен аларга да кабырда азап тарттырбоо керек.

33. Эне-атаны сөкпөө. Хадис-и шарифте: "Эне-атаны сөгүү күнөө", - деп айтылган. (Бухари) Башкача айтканда башка бирөөнүн эне-атасын сөгө турган болсон ал да сенин эне-атаңды сөгүшү мүмкүн.
34. Алардын жакындарына жакшы мамиле кылуу. Хадис-и шарифте айтылды:
"Өлгөн эне-атага дуба жана истигфар кылуу, карыздарын төлөө, досторун сыйлоо, алардын жакындарын зыярат кылуу, жакшы мамиле кылуу менен аларга сый көрсөткүло." [Хаким]
35. Досторун зыярат кылуу. Хадис-и шарифте айтылды:
"Атасы өлгөндөн кийин анын досторун зыярат кылып турган адам жакшылыктардын эң жакшысын кылган болот". [Муслим]
36. Достору менен көрүшүү. Хадис-и шарифте: "Жакшылыктардын эң жакшысы атанын досторун көрүп туруу", - деп айтылды. (Муслим)
37. Фытыр майрамында сообу аларга тийсин деп фытыр садака берүү.
38. Курман айтта сообу аларга тийсин деп курмандык чалуу.
39. Эне-атанын жакшы көргөн тамактарын жасап, кедейлерге берип алардын рухтарын (арбактарын) кубантуу.
40. Жамандыктарын айтпоо. Хадиси шарифте: "Өлгөндөрүңөрдү жакшылык менен эскергиле, жакшылыктарын сүйлөгүлө, жамандыктарын ашкерелебегиле", - деп айтылды. (Тирмизи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш