Флирт


Суроо: Үйлөнө турчу эки тарап жакшы ниет менен бири-бирин жакшы таануулары үчүн флирт кылуулары, никесиз бирге жашоолору эмне себептен орунсуз?

ЖООП

Үйлөнө турчу жаштардын флирт деп аталган бир достукка эч кандай муктаждыктары жок. Жада калса флирттин бир нече коркунучу бар:

Флиртте тузак бар. Флиртте көбүнесе кыз эркек тарабынан алдангандан кийин ташталып кетет.

Флирт жаштарга акылдан сырт тажрыйбаларга жол ачат. Бул тажрыйбалардын көбү жаман натыйжа менен бүтөт. Адам тажрыйба үчүн чөнтөгүнө күкүрт салып өзүн коркунучка түртө албайт. Күкүрт менен от бир жерде боло албайт. Жылан кантип чагат болду экен деп аны менен ойноого болбойт.

Флирт акыл эсти, сезимди бузат. Флиртке көнүп калган адам тез-тез дос алмаштырат. Кызды алдап таштап кеткен эркек саткын, кыянатчы болуп, кыз болсо маскара абалга түшөт. Флиртте көп учурда уяттуулук деген нерсе колдон чыгат. Намыстуу мусулман бир кыз үчүн мындан ашкан балээ жок. Флирт көптөгөн жаштарды селсаяк кылып, акчасын туш тарапка сапыртып, тамтыгын чыгарат. Жаштардын арасында төмөндүк комплекси, кызганычтык, кек, жек көрүү, пессимисттик, душмандык, анархия жана ар түрдүү психикалык депрессияларды туудурат.

Флиртке болгон берилүү жашыруун жерде көрүшүүгө чакырат. Акыры жаштардын көбүнүн башы балээге батат. Бул достукта иш көңүл ачууга кирип кеткенде жаш эркектин ишеними бузулат. Алгач кызды кыйнап, арзуу максатына жеткенден кийин кызды айыптап, уятсыз, ахлаксыз деп ага акаарат кылат. Негизи бул сезимге алдырган көңүл ачуулардан дайыма сууктук пайда болот.

Жаш эркек жыттаган гүлгө дароо тоёт, кийин башка түстөрдү, башка гүлдөрдү издейт. Мындан ары бул сахна аны колдон чыгарбайт, андагы сыр, өзүнө тарткан кызык нерселер булардан башка көңүл ачуулардын аркасынан кубалатат. Бул жагынан алып караганда флирт тууралуу кыз же аял өтө сак болуусу керек.

Башынан мындай нерселер өтпөгөн жаштарга булар маанисиз болушу мүмкүн. Себеби, бир адамга көңүлүн алдырган жаштар ага айтылган насыятты кайдагы бир тамтырак сөз деп кабылдашат. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз: "Сүйүү адамды дүлөй жана сокур кылат”,- деп буюрган.

Дүлөй адамга эмнени айтсаң да баары бир укпайт. Сокур адамга бардык түстөрдү көрсөтсөң да бирин экинчисинен айырмалай албайт. Сүйгөн адамдын да көзүнө бир нерсе көрүнбөйт. Наркоман сыяктуу болот. Ар тарабы жаңылыш болсо да баары бир ошол адам менен үйлөнүүнү каалайт.

Аталарыбыз да айткандай:

Ашык менен жиндинин айырмасы - бири күлбөйт, бири ыйлабайт.

Ашыктык башка кирсе, акыл атып чыгат.

Ашыктык бир дарыя, чумкубаган билбейт.

Бир жигит канчалык да баатыр болсо сүйгөнүнө жеңилет.

Сүйүү өтөт жалган болот, акыры чагаар жылан болот.

Флирттин акырында үйлөнгөн жаштардын көбү акыры өкүнүшкөн. Бул жагынан алып караганда салих эне-атанын акыл-кеңештерине сөзсүз кулак берүү керек! Эне-ата уулу же кызы үйлөнө турчу адамга балдарынын көзү менен карабайт. Ачуу турмуш тажрыйбасы берген көз караш менен карашат. Аталарыбыз: "Улуунун сөзүн укпаган улуп калат”, - деп айтышкан.

Бардык бул жаман тараптарынан башка негизги мааниси болгон нерсе динибизде никесиз жатып-туруу харам кылынган. Харам кылынган бир нерседе пайда издеп болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Аллаху таала харамда шифаа таасирин жараткан эмес.” [Бухари, Хаким]

Үйлөнө турган болушса да диний никеси болбогон эркек менен аял дин жагынан алып караганда бири-бирине чоочун болуп саналат. Бул тууралуу бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Эркектин аялга, аялдын да эркекке [кумарланып] кароосу харам.” [Таберани]

"Харамды кароо – шайтандын уулуу огу. Аллаху тааладан коркуп чоочун аялды карабаган адамга лаззаттуу ыйман насип болот.” [Рамуз]

"Адамдын башына темир шиштин кадалуусу никеси түшө турчу аялды кармоодон дагы жеңил болот.” [Таберани, Байхаки]

"Чоочун аял менен кучакташкан адам шайтан менен чынжырга оролуп отко ыргытылат.” [Шира]

"Аялдар менен бир жерде жалгыз калуудан сактангыла. Аллахка ант кылам, бир адам бир аял менен жалгыз калганда араларына шайтан кирет. Бир адамдын баткактуу доңуз менен кысылган абалда калуусу ал адам үчүн өзүнө халал болбогон бир аялды кармоосунан да жеңилирээк.” [Таберани]

"Эй, жаштар, намысыңарды сактагыла, зина кылбагыла! Жакшы билип алгыла, намысын сактаган адамга Жаннат бар.” [Хаким]

"Жамандыктан сактануу үчүн никелүү жашагыла жана уятуу болгула!” [Ибни Асакир]

"Эй, аялдар, бир гана махрамыңар болгон эркектер менен сүйлөшкүлө, махрамыңар болбогондор менен сүйлөшпөгүлө!” [Ибни Саид]

"Чоочун аялды кумар менен кароо - көздүн зинасы, аны кармоо - колдун зинасы, ага баруу болсо - буттардын зинасы.” [Р. Насыхин]

«Facebook», «Мой мир» сыяктуу ж.б., социалдык интернет барактарында түгөй издөө.

Суроо: Фэйсбукта жана башка сайттарда китеп таанытуу же башка максаттар менен курулган группалар бар. Бул жерде каршы жыныстагы адамдар менен таанышып сүйлөшүшөт, жада калса интернет аркылуу Messengerда үн жана видео аркылуу көрүшүшөт. Бул көрүшүүлөр үйлөнүү же динге кызмат кылуу максаты менен болсо орундуу болобу?

ЖООП

Орундуу эмес. Күнөө кылуу менен динге кызмат кылынбайт. Үйлөнүү үчүн болсо да бул дагы флирттин бир түрү болоп саналат. Флирт менен түгөй издөө туура эмес. Көрүшүп жаткан адам ылайыктуу адам болсо да түгөйдү бул жол менен издөө туура эмес. Өзгөчө жаш кыздардын мындай сайттарга мүчө болуулары эч орундуу эмес. Жаман ниеттүү же жахил адамдардын оюндарына курал болуп, үйдөн безип алар менен көрүшүүлөрүнө да себеп болушу мүмкүн. Эч бир жамандыкка себеп болбосо да минтип көрүшүүнүн өзү жаман.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш