Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Кимдер менен үйлөнүүгө болот » Нике түшө тургандар жана түшпөй тургандар




Нике түшө тургандар жана түшпөй тургандар


Суроо: Бир эркекке эне-атасынын өз кыз бир тууганы, бир аялга эне-атасынын өз эркек бир туугандары махрамбы? Кимдер кимдер менен үйлөнө албайт?

ЖООП

Алгач усул жана фуру маселесин билиш керек.

Усул – эне-ата, алардын эне-ата, чоң ата жана чоң энелери. [Эненин энеси жана атанын энеси, булардын энелери.]

Фуру болсо – балдар, алардын балдары жана неберелери.

Илмихал китептериндеги (өз кыз бир туугандар жана эненин өз кыз бир туугандары менен үйлөнүүгө болбойт) деген сөздөн эне-атанын да өз кыз бир тууган жана энесинин өз кыз бир туугандары менен үйлөнө албай тургандыгы белгилүү болот. Себеби, бир аялга өз эркек жана кыз бир туугандарынын уулдары жана булардын эркек неберелери махрам болуп саналат. [Махрам деген сөз үйлөнүүсү харам деген сөз. Мисалы, энебиз, өз кыз бир тууганыбыз, атабыздын өз кыз бир тууганы, энебиздин өз кыз бир тууганы бизге махрам болуп эсептелет.]

Эркекке дагы өз эркек жана кыз бир туугандарынын кыздары жана булардын кыз неберелери махрам. Ата – бул өз кыз бир туугандарына өз эркек бир тууган болуп саналат. Атанын өз кыз бир туугандарына атабыздын уулдары жана эркек неберелери махрам болот. Эненин өз кыз бир туугандарына дагы энебиздин уулдары жана эркек неберелери махрам болот.

Эркек кишиге махрам болгон аялдар:

Тукумдан келген жана алар менен эркек кишинин үйлөнүүсү жаиз болбогон жети тууган мына булар:

1- Энелер:

Энеси, чоң ата жана чоң эненин энелери, алардын дагы энелери махрам болуп саналат.

2- Кыздар:

Кызы, уул-кызынын кыздары жана неберелеринин кыздары махрам.

3- Өз кыз бир туугандар:

Эне-атасы бир болгон же энеси бир же атасы бир болгон кыз бир туугандар да махрам.

4- Атасынын өз кыз бир туугандары:

Атысынын кыз бир тууганы, чоң эне жана чоң атанын кыз бир туугандары, чоң аталарынын, чоң энелеринин эне-аталарынын кыз бир туугандары дагы махрам болуп саналат.

5- Энесинин өз кыз бир туугандары:

Эненин кыз бир туугандары, чоң эне жана таененин кыз бир туугандары, чоң ата жана чоң энелеринин таеже-сиңдилери махрам.

6- Өз эркек бир туугандын кыздары:

Эне-атасы бир, бир гана энеси бир же бир гана атасы бир эркек бир туугандын кыздары жана алардын кыз неберелери даны махрам болуп саналат.

7- Өз кыз бир туугандын кыздары:

Эне-атасы бир же бир гана эенеси бир, же болбосо бир гана атасы бир кыз бир туугандын кыздары жана булардын кыз неберелери махрам болуп саналат.

 

Бул жети киши тукумдан эмес сүт аркылуу болсо да махрам болуп саналат. Зина менен болсо анда да харам. Мисалы, бир адам зина кылган аялдын кызы менен, небереси менен, энеси менен үйлөнө албайт. Бир гана уулунун сүт бир тууганы болгон кыз менен жана эркек бир туугандын сүт энеси менен үйлөнүү жаиз.

Нике себеби менен харам болгондор

Нике себеби менен кийин тууган болгон мына бул 4 аял менен үйлөнүү эркекке харам:

1- Кайненелер:

Кайненеси харам болгондой эле кайненесинин жана кайнатасынын энелери дагы харам.

2- Өгөй кыздар:

Аялынын башка эркектен болгон кыздары, неберелери, өгөй уулунун кыздары жана неберелери дагы харам.

3- Келиндер:

Уулунун аялы харам болгондой эле неберелеринин аялдары дагы харам. Бир гана өгөй уулдун аялы намахрам болот.

4- Өгөй энелер:

Өгөй энеси харам болгондой эле чоң аталары үйлөнгөн бардык аялдар харам. Зина себеби менен болсо да харам. Б.а., бир адамдын атасы же чоң атасы зина кылган аял менен үйлөнүүсү харам болот.

Атасынын эркек бир туугандарынын кызы, энесинин эркек бир туугандарынын кызы, атасынын эже-карындаштарынын кызы жана энесинин эже-сиңдилеринин кыздары жана жеңе "Зирахм-и махрам” эмес. Б.а., бул беш аял чоочун болуп саналат. Ошондуктан, бул беш аял менен үйлөнүү жаиз. Бирок, булардан биринчи төртөөсү менен үйлөнүү танзихан макрух болуп саналат. "К.Саадат” китебиндеги хадиси шарифте: "Булардын балдары алсыз, оорулуу болушат”, - деп айтылган. Бирок, атасынын эркек бир туугандарынын кызынын жана уулунун кызы менен, атасынын кыз бир туугандарынын кызынын жана уулунун кызы менен, энесинин эркек бир туугандарынын уулунун жана кызынын кызы менен, энесинин эже-сиңдилеринин кызынын жана уулунун кызы менен менен үйлөнүү махрух болбойт.

Кээ бир адамдар Хазрети Али атасынын эркек бир тууганынын кызы менен үйлөнгөндүгүн айтышууда. Бул жаңылыш. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Алинин атасынын бир тууганы эмес, атасынын бир тууганынын уулу болот. Б.а., Хазрети Али атасынын бир тууганынын уулунун кызын алды. Бул жагынан танзихан макрух дагы болгон эмес.

Эркекке тукум менен харам болгондор:

1- Энеси

2- Чоң энелер [Энесинин жана атасынын энеси жана алардын энелери]

3- Кызы, уулунун жана кызынын кыздары

4- Өз кыз бир тууганы

5- Өз кыз жана эркек бир тууганынын кыздары

6- Атасынын өз кыз бир тууганы

7- Энесинин өз кыз бир тууганы

Эркекке сүт боюнча харам болгондор:

1- Сүт энеси

2- Сүт чоң энелери

3- Сүт кызы, сүт уулунун жана сүт кызынын кыздары

4- Сүт кыз бир тууганы

5- Сүт кыз бир тууганынын жана сүт эркек бир тууганынын кыздары

6- Атасынын сүт кыз бир тууганы

7- Энесинин сүт кыз бир тууганы

Эркекке нике себеби менен харам болгондор:

Кайненеси, өгөй кыз, өгөй энеси, келини.

Эркекке убактылуу харам болгондор:

1- Аялынын кыз бир тууганы

2- Аялынын атасынын кыз бир тууганы

3- Аялынын энесинин кыз бир тууганы

4- Аялынын эркек же кыз бир тууганынын кыздары

5- Аялынын сүт кыз бир тууганынын, аялынын атасынын сүт кыз бир тууганынын, аялынын энесинин сүт кыз бир тууганынын, эркек же кыз сүт бир тууганынын кыздары.

6- Китепсиз капыр аялдар.

Суроо: Энемдин таяке-инилери, энемдин атасынын ага-инилери же атамдын таяке-инилери жана атасынын ага-инилери мага харамбы? Б.а., алар менин өз таяке инилерим сыяктуубу?

ЖООП

Алар силердин дагы өз таяке-ини жана атаңыздын ага-инилери сыяктуу.

Суроо: Аялым өгөй атамдын жанында биз менен, мен жок болсом энем менен бирге тамак жеш, сүйлөшүү сыяктуу себептер менен чогуу боло алабы?

ЖООП

Өгөй атаңыз аялыңыз үчүн намахрам болуп саналат.

Суроо: Чоң атамдын өгөй кызын никелей аламбы?

ЖООП

Ооба, никелей аласыз. Атаңыздын өгөй кызын дагы никелей аласыз. Себеби, ата жана эне тарабынан сага бир тууган эмес.

Суроо: Келиндин күйөөсү өлсө кайнатасына карата махрамдыгы улана береби?

ЖООП

Кайната өз атасы сыяктуу махрам болуп саналат.

Суроо: Неберенин аялы чоң атасына махрамбы?

ЖООП

Неберенин аялы - чоң атанын келини, махрам.

Суроо: Энемдин өгөй энеси мага жана атама намахрам аялбы?

ЖООП

Ооба, намахрам.

Суроо: Менин атамдын ага-иниси аялыма намахрам эркек өкүмүндөбү?

ЖООП

Ооба, намахрам эркек өкүмүндө.

Суроо: Энемдин эже-сиңдисинин кыздары менен үйлөнүү жаизби?

ЖООП

Атаңыздын эркек жана кыз бир тууганынын, энеңиздин эркек жана кыз бир тууганынын балдарынын бардыгы менен үйлөнүү жаиз. Бирок, танзихан макрух болуп эсептелет. Жээн менен үйлөнүүгө болбойт.

Суроо: Өгөй баланын аялы махрамбы?

ЖООП

Махрам эмес. Намахрам.

Суроо: Өгөй кыздын кызы дагы махрамбы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Менин өгөй атам аялыма намахрамбы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Бир атанын өгөй кызы өзүнүн кызы сыяктуу махрамбы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Келин өз кыз сыяктуубу? Кайсы жерлерин кароо жаиз, кайсы жерлерин кароо жаиз эмес?

ЖООП

Келин өз кыз сыяктуу. Кызынын кайсы жерлерин кароо жаиз болсо келиндин дагы ошол жерлерин кароо жаиз. Эркек киши нике кылып алуусу харам болгон 18 аялдын, мисалы, энесинин, кызынын жана келининин чачын, жүзүн, мойнун, колдорун, тизеден төмөн бутун шахваттанбай турган болсо карай алат. Көкүрөгүн, колтугун, белин, санын, тизелерин карай албайт. (Бедайы)

Суроо: Бир аял атасынын эркек муртад бир тууганынын жанында башы ачык отура алабы?

ЖООП

Жок.

Суроо: Мусулман эмес бир тууган, кайната, атанын муртад ага-иниси, таяке-ини намахрам болуп саналабы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Кайнененин энеси да кайнене сыяктуу махрамбы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Бир туугандын небереси махрамбы?

ЖООП

Ооба.

Атамдын тай эже-карындашы

Суроо: Эркекке энесинин же атасынын тай эже-карындашы жана атасынын эже-карындашы намахрамбы? Ошондой эле, аялга энесинин же атасынын тай ага-иниси жана атасынын ага иниси намахрамбы?

ЖООП

Эркекке өз тай эже-карындашы атасынын эже-карындашы сыяктуу, намахрам эмес. Аялга дагы өз тай ага-иниси жана атасынын ага-иниси сыяктуу, намахрам эмес.

Суроо: Күйөө баламдын жанында башым ачык жүрө аламбы?

ЖООП

Кайнене өз эне сыяктуу. Башы, колу, тизеден төмөн буттары ачык бойдон күйөө баланын жанында жүрө аласыз. Бирок, жаш болсоңуз көп ачык бойдон жүрүүңүз жакшы эмес.

Суроо: Канча жаштагы аял улгайган аял болуп эсептелет?

ЖООП

55 жаштан улуу болгон аял айиса [улгайган] болуп саналат.

Суроо: Бир эркекке аялы махрамбы же намахрамбы?

ЖООП

Нике түшпөй турчу, аны менен үйлөнүү харам болгон адам махрам деп аталат. Атанын эже-карындашы, тай эже-карындаш сыяктуу үйлөнүү харам болгон аялдар махрам деп аталат.

Чоочун, нике түшө турчу адам намахрам деп аталат. Үйлөнүүгө харам болбогондор, башкалардын аялдары жана бардык чоочун аялдар намахрам.

Бир эркектин аялы анын махрамы болбогондой эле намахрамы дагы эмес. Анын никелүүсү, б.а., халалы болуп саналат.

Суроо: Бир аялды өзүмө, кызын болсо уулума алсам жаизби?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Никеленген аялынан халват боло электе ажырашкан эркек бул аялдын кызы менен үйлөнүүсү жаизби?

ЖООП

Ооба.

Суроо: 16 жашта балакат болбогон адам балакат өкүмүндө болобу?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Эки кыз бир тууган менен бир убакта үйлөнүү жаизби?

ЖООП

Жаиз эмес. Жаиз деп айтуу Курани карим аятын четке каккандык болот. Харамды халал дегендик болот. Өз кыз бир тууганы менен үйлөнгөн адамдын абалы да ушундай. Өз энеси менен үйлөнгөн адамдын абалы да ушундай. Өз эне менен, бир тууган менен үйлөнүү жаиз деп айткан адам Аллах билдирген аятты четке каккан болот. Харамды халал деген болот. Белгилүү харамды халал деп айткан адам капыр болот, ыйманы кетет.

Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Энелериңер, кыздарыңар, эже-карындаштарыңар, тай эже-карындаштарыңар, бир туугандарыңардын кыздары, эже-карындаштарыңардын кыздары, силерди эмизген сүт энеңер, сүт бир туугандарыңар, аялыңардын энелери, өз уулдарыңардын аялдары жана эки кыз бир тууганды бир убакта алып үйлөнүү силерге харам кылынды.” [Ниса 23]

Суроо: Өз эжемдин кызы менен үйлөнүүм жаизби?

ЖООП

Эженин кызы дагы эже сыяктуу. Эч качан үйлөнүү жаиз эмес. Ниса сүрөсүнүн 23-аятында харам болгондугу жазылган. Эжеңиздин кызынын кызы менен, ошондой эеле, бардык неберелери менен үйлөнүүңүз жаиз эмес.

Жада калса, Христиандык жана Яхудиликте дагы эженин кызы менен үйлөнүү жаиз эмес. Атанын эркек бир тууганы жана тай аке-ини менен, атанын кыз бир тууганы жана тай эже-карындаш менен да үйлөнүүгө болбойт. (Ниса 23)

Суроо: Өгөй агам менен өгөй эжем үйлөнө алабы? Б.а., атамдын аялы кайтыш болгондо жесир аял менен үйлөндү. Бул аялдын бир кызы бар. Атамдын дагы өлгөн аялынан бир уулу бар. Бул уулу ошол кыз менен үйлөнө алабы?

ЖООП

Үйлөнө алат. Себеби, эч бир туугандыгы жок.

Суроо: Балалуу жесир аял менен үйлөндүм. Бул аялдын уулунун аялы мага намахрамбы?

ЖООП

Ооба, намахрам. Бирок, бул аялдын кыздары сизге намахрам болбойт.

Суроо: Аялымдын өгөй энеси мага намахрамбы?

ЖООП

Ооба, намахрам.

Суроо: Бир устаз сүт эже-карындаш, жаш кайнене, башка күйөөдөн болгон кызы жана ошол сыяктуулары менен сүйлөшүү жаиз эмес экендигин билдирүүдө. Булар махрам эмеспи, булар менен сүйлөшүүгө болбойбу?

ЖООП

Бул аялдар түбөлүк махрам. Түбөлүк махрам болгон аял менен сүйлөшүү жаиз. Сүт бир тууган менен, Жаш кайнене жана Келин менен фитна шеги, б.а., адамдар суизан кылып, туура эмес түшүнүп кала турган болсо махрух болот. Фитна шеги болбосо макрух болбойт.

Суроо: Бир эркектин өлгөн аялынан болгон кызы менен үйлөнгөн күйөө баласы кийин үйлөнгөн аялына махрамбы же намахрамбы? Б.а., бир эркек үчүн аялынын өгөй энеси махрамбы?

ЖООП

Намахрам.

Суроо: Бир аялга кайнатасынын жана кайненесинин атасы, бир эркекке кайненесинин жана кайнатасынын энеси махрамбы?

ЖООП

Ооба, кайнене жана кайнатанын энеси, атасы, чоң ата-чоң энелери да өз чоң ата-энелери сыяктуу махрам.

Туугандык жана хысым

Суроо: Китептердеги хысым жана бир тууган деген сөздөр экөө бир маанидеби?

ЖООП

Жок, экөө эки башка. Эне-ата жана чоң аталардан, балдардан жана неберелерден башка болгон жакындар тууган деп аталат. Мисалы эркек бир тууган, эркек жээн жана атанын ага-иниси аял үчүн махрам тууган болуп саналат. Кыз бир тууган, кыз жээн жана атанын эже-карындашы эркекке махрам тууган болуп саналат. Атанын ага-инисинин уулу, атанын эже-карындашынын уулу аял үчүн намахрам тууган болуп саналат. Атанын агасынын кызы, атанын эже-карындашынын кызы дагы эркекке намахрам тууган болуп саналат. Хысым – аял тарабынан нике себеби менен болгон туугандык болуп саналат. Кайната, кайнене, келин жана күйөө бала махрам хысым болуп саналат. Балдыз эркекке махрам хысым. Кыз бир туугандын күйөөсү аялга намахрам хысым. Арапчадагы хысымдар эсхар деп аталат. Эки хадиси шариф мындай:

"Эсхарымдын жаннаттык болуусун кааладым. Раббим бул каалоомду кабыл кылды.” [Хаким]

"Эсхарыма сөз тийгизген адамга Аллаху тааланын, бардык периштелердин жана адамдардын лаанаты болсун!” [Хаким]

Пайгамбарыбызга "саллаллаху алейхи ва саллам” Эсхардан тууган болуу менен сыймыктанып, жаннаттык болгондордон кээ бирлери мына булар:

1- Кайната болгондор: Хазрети Абу Бакр, Хазрети Умар, Хазрети Абу Суфйан. (Радыйаллаху анхум)

2- Күйөө бала болгондор: Хазрети Осман жана Хазрети Али. (Радыйаллаху анхума)

3- Кайнене болгондор: Аиша энебиздин энеси Умми Руман, Хафса энебиздин энеси Хазрети Зейнеб, Умми Хабиба энебиздин энеси Хазрети Хинд. (Радыйаллаху анхунна)

4- Кайын ага-ини болгондордон: Хазрети Абдуллах бин Умар, вахий катиби Хазрети Муавия. (Радыйаллаху анхум)

Бул төрт топтогу хысымдан бирин жактырбоо мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси, себеби, бир хадиси шарифте: "Абу Бакр, Умар, Осман жана Алинин сүйүүсү бир мунафыктын көңүлүндө бирге болбойт”, - деп айтылды. (Ибни Асакир)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш