Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Кимдер менен үйлөнүүгө болот » Нике себеби менен харам болгондор




Нике себеби менен харам болгондор


Нике себеби менен харам болгондор

Нике себеби менен кийин тууган болгон мына бул 4 аял менен үйлөнүү эркекке харам:

1- Кайненелер:

Кайненеси харам болгондой эле кайненесинин жана кайнатасынын энелери дагы харам.

2- Өгөй кыздар:

Аялынын башка эркектен болгон кыздары, неберелери, өгөй уулунун кыздары жана неберелери дагы харам.

3- Келиндер:

Уулунун аялы харам болгондой эле неберелеринин аялдары дагы харам. Бир гана өгөй уулдун аялы намахрам болот.

4- Өгөй энелер:

Өгөй энеси харам болгондой эле чоң аталары үйлөнгөн бардык аялдар харам. Зина себеби менен болсо да харам. Б.а., бир адамдын атасы же чоң атасы зина кылган аял менен үйлөнүүсү харам болот.

Атасынын эркек бир туугандарынын кызы, энесинин эркек бир туугандарынын кызы, атасынын эже-карындаштарынын кызы жана энесинин эже-сиңдилеринин кыздары жана жеңе "Зирахм-и махрам” эмес. Б.а., бул беш аял чоочун болуп саналат. Ошондуктан, бул беш аял менен үйлөнүү жаиз. Бирок, булардан биринчи төртөөсү менен үйлөнүү танзихан макрух болуп саналат. "К.Саадат” китебиндеги хадиси шарифте: "Булардын балдары алсыз, оорулуу болушат”, - деп айтылган. Бирок, атасынын эркек бир туугандарынын кызынын жана уулунун кызы менен, атасынын кыз бир туугандарынын кызынын жана уулунун кызы менен, энесинин эркек бир туугандарынын уулунун жана кызынын кызы менен, энесинин эже-сиңдилеринин кызынын жана уулунун кызы менен үйлөнүү махрух болбойт.

Кээ бир адамдар Хазрети Али атасынын эркек бир тууганынын кызы менен үйлөнгөндүгүн айтышууда. Бул жаңылыш. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Алинин атасынын бир тууганы эмес, атасынын бир тууганынын уулу болот. Б.а., Хазрети Али атасынын бир тууганынын уулунун кызын алды. Бул жагынан танзихан макрух дагы болгон эмес.

Эркекке тукум менен харам болгондор:

1- Энеси

2- Чоң энелер [Энесинин жана атасынын энеси жана алардын энелери]

3- Кызы, уулунун жана кызынын кыздары

4- Кыз бир тууганы

5- Кыз жана эркек бир тууганынын кыздары

6- Атасынын кыз бир тууганы

7- Энесинин кыз бир тууганы

Эркекке сүт боюнча харам болгондор:

1- Сүт энеси

2- Сүт чоң энелери

3- Сүт кызы, сүт уулунун жана сүт кызынын кыздары

4- Сүт кыз бир тууганы

5- Сүт кыз бир тууганынын жана сүт эркек бир тууганынын кыздары

6- Атасынын сүт кыз бир тууганы

7- Энесинин сүт кыз бир тууганы

Эркекке нике себеби менен харам болгондор:

Кайненеси, өгөй кыз, өгөй энеси, келини.

Эркекке убактылуу харам болгондор:

1- Аялынын кыз бир тууганы

2- Аялынын атасынын кыз бир тууганы

3- Аялынын энесинин кыз бир тууганы

4- Аялынын эркек же кыз бир тууганын кыздары

5- Аялынын сүт кыз бир тууганынын, аялынын атасынын сүт кыз бир тууганынын, аялынын энесинин сүт кыз бир тууганынын, эркек же кыз сүт бир тууганынын кыздары.

6- Китепсиз капыр аялдар.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш