Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Кимдер менен үйлөнүүгө болот » Үйлөнгөнгө чейин эмне кылуу керек




Үйлөнгөнгө чейин эмне кылуу керек


Суроо: Кандайдыр бир себеп менен үйлөнө албаган жаш жигит күнөө иш кылбаш үчүн эмне кылуусу керек? Үйлөнүү үчүн кызда кайсы өзгөчөлүктөрдү издөө керек? Акыретти табуу үчүн байлык шартпы?

ЖООП

Үйлөнгөнгө чейин тез-тез орозо кармоо жакшы болот. Себеби, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Үйлөнүүгө күчү жеткен үйлөнсүн! Үйлөнүү көздү харамдан сактайт. Кандайдыр бир себеп менен үйлөнө албаган орозо кармасын! Себеби, орозо шахватты сындырат”, - деп буюрган. (Дийа)

Үйлөнүүдө салиха кыз издөө керек! Хадиси шарифте айтылды:

"Салиха аялга ээ болгон адам дининин жартысын коргогон болот. Калган жартысында Аллахтан корксун!” [Таберани]

Акыретти табуу үчүн байлык сөзсүз шарт эмес. Бир адам намаз жана орозодон башка ибадат кылбагандыгын, акчасы болбогондуктан зекет, садага бербегендигин жана ажылыкка бара албагандыгын, кайрымдуулук жасай албагандыгын, ошондуктан абалынын кандай боло тургандыгын сураганда Пайгамбарыбыз: "Эгер көңүлүңдү рия жана көралбастыктан, тилиңди гыйбат жана жалгандан, көзүңдү намахрамдан жана элди акарат менен кароодон коргосоң Жаннатта мени менен болосуң”, - деди.

Мусулман жаш жигиттин "менин үйлөнүү мезгилим келди” деши үчүн алгач динин мыктылап үйрөнгөн болуусу керек. Андан кийин сүннөттү орундоо ниети менен үйлөнүүсү керек. Адеби, уят-намысы бар, көркөм мүнөздүү, динин, ыйманын, Исламдын шарттарын үйрөнгөн, Исламиятка моюн сунган, көчөдө диндин буйругуна ылайык кийинген бир кыз менен никеленүүсү керек. Уяттуу, динин сактаган кыз издөөсү керек. "Жаман болсо боло берсин, эң башкысы байлыгы бар, сулуулугу болсо болду” дебеш керек. Байлык үчүн, сулуулук үчүн уят-намысты жана диндарлыкты колдон качырбоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш