Сулуулук жетиштүүбү?


Француз императору 3-чү Наполеон өз мезгилинде дүнүйөнүн эң сулуу аялы деп саналган Теба графинясы Мария Евгения менен үйлөнүүгө чечим чыгаргандыгын жарыялаганда көпчүлүк таң калуу менен нааразылыктарын билдиришет. Тажрыйбалуу кишилер бул чечимдин туура эмес экендигин айтышат. Ал эми Наполеон айтылган сөздөргө кулак салбай бул чечимин жүзөгө ашырат. Экөө тең бири-бирин абдан жакшы көрүшчү. Экөө тең таанымал, сулуу, көп байлыктары бар эле. Бирок, бир нерсе жетчү эмес. Аялы өтө сулуу болгону менен өтө жаман мүнөздүү эле. Евгениянын канайым болуусу да, махабаттарынын күчү дагы, тактын кудурети дагы бул үй-бүлөнүн кулоосунун алдын ала албады. Евгения Наполеон үчүн анык баш ооруга айланды. Күмөн менен алпурушкан Евгения Наполеондун эң бош эмес кездеринде жанына барып, эң маанилүү кездешүүлөрүн үзүп, кыйкырып ызы-чуу чыгарчу. Оюна келгенин кылчу, эжесинин жанына каччу, күйөөсүн арызданып ыйлачу, акыры Наполеонго кайтып келип айыптоолорун жаадырчу.

Чоң салтанаттын, кооз сарайдын ээси болгон Наполеон бир заматта ойлорун жыйнаш үчүн бир бөлмө табуудан калат. Аялдын теңдешсиз сулуулугу эми анын коркунучтуу түшүнө айланды. Мурда анын жүзүнө караганында ырахаттанган Наполеон эми аны көрбөгөн кездеринде ырахаттана турган болду.

Жаман мүнөздүн уулуу таасири жана аял кыйкырыгы падышаны дагы үйдөн качырды.

20 жыл ажырашуу иштери менен алектенген таанымал адвокат мындай дейт:

"Эркек адамдардын өз үйүнө эрте баруудан качып, кыдырып кетүүлөрүнүн эң башкы себебинин үйдөгү аялдарынын ызы-чуусу болуусу экендигине күбө болдум. Көп аялдар өз үй-бүлөлөрүнүн көрүн ушинтип казышат...”

Жар тандаганда үй-бүлөлүк өмүрүңүздү бактылуу кылуу жана үйүңүздү тозок азабына айлантпоо үчүн бардык нерседен мурда аялда жакшы мүнөз издөө керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз 1400 жыл мурда үй-бүлө бакытынын формуласын мындай деп билдирген:

"Аял байлыгы үчүн, сулуулугу үчүн же дини үчүн алынат. Сиз болсо диндар болгонун, жакшы мүнөздүү болгонун алыңыз! Байлыгы үчүн алган байлыгына жете албайт. Бир гана сулуулугу үчүн алгандар дагы сулуулугунан куру калышат.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш