Ата кызын күйөөгө берерде


Суроо: Мусулман бир ата кызын үйлөндүрө турчу кезде эмнелерге көңүл буруусу керек?

ЖООП

Кызын үйлөнтө турчу эркектин салих (ыкластуу) мусулман болуусуна, Ахли сүннөт ишениминде болуусуна, намаз окуусуна, ичкилик ичпөөсүнө, башкача айтканда, Ислам дининин өкүмдөрүнө баш ийүүсүнө жана нафака (кажет болгон тамак-аш, кийим, турак жай) камдап бере алгыдай жумушунун бар болуусуна көңүл бөлүүсү керек. Кызын мына ушул талапка ылайык болбогон эркек менен үйлөндүрбөгөн адам аны жамандыкка түрткөн, өз колу менен аны Тозокко ыргыткан болот.

Хадиси шарифте айтылган:

«Кызын фасык эркек менен үйлөндүргөн адамга күн сайын миң лаанат түшөт, анын ибадаттары жана дубасы кабыл болбойт, фарз жана нафили кабыл кылынган болбойт.» [Шир’а шархы] [Фасык – ачыктан ачык күнөө иш кылган адам дегенди билдирет. Мисалы, намаз окубаган, тасаттурга маани бербеген фасык болуп саналат.]

«Кызын же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин ичкилик ичкен адамга берген адам аны отко ыргыткан болот.» [Дайлами]

«Фасык эркек менен үйлөнүүгө ыраазы болгон аял киши кабырынан туруп жатканда маңдайында «Аллахтын мээриминен үмүтүн үзгөн» деген жазуу болот.» [М. Жинан]

«Кызын үйлөнтүү деген сөз - аны колдон чыгаруу деген сөз. Андай болсо, кызыңарды үйлөндүрүүдө каерге берип жаткандыгыңарга көнүл бөлгүлө!» [Байхаки]

«Кызын фасыкка берген адам Аллаху тааланын аманатына кыянат кылган болот. Аманатка кыянат кылган адамдын бара турчу жери – Жаханнам.» [С.Абадиййа]

«Кызын фасыкка берген малун.» [С.Абадиййи]

«Шафаатыма жеткиси келген адам кызын фасыкка бербесин!» [Шир’а]

Душмандык коркунучу

Суроо: Эч кандай (секта) топторго кошулбаган, бирок, туура китептерди да окубаган кызга үйлөнүү туура болобу?

Жооп: Туура китептерди окубагандыгынын эч кандай зыяны жок. Зыяндуусу жаңылыш китептерди окуп алып, туура китептерге душман болуу. Үйлөнүү үчүн мына бул шарттар толук болсо, мисалы, акыйдасы туура, намазын окуган, көчөдө ачык жүрбөгөн, ахли сүннөт аалымдарынын китептерине душман болбогон кыз болсо үйлөнүүнүн эч кандай коркунучу жок.

Суроо: Бир мусулман кызын үйлөнтүп жатканда тондоосу эмне болуусу керек, эмнени алдыңкы планда кармоосу керек?

ЖООП

Динин билген жана сүйгөн эркектер ар бир кыймыл аракетинде Исламиятка баш ийип, өздөрүнө да, үй-бүлө бир туугандарына да жана бүткүл макулуктарга жакшылыктуу жана пайдалуу болот. Ошон үчүн кызын сүйгөн жана анын дүнүйөдө жана акыретте бактылуу болуусун каалаган адам динди жана адеп-ахлакты бузган телеберүүлөрдү, радиолорду угуусуна, мындай кинолорго жана жамияттарга баруусуна кедерги болуусу керек. Мусулман ата кызын мусулман жана салих күйөөгө берүүсү керек. Мал-мүлк, акча, бийлик ээси эмес дин жана ахлак ээси болгон күйөө бала издөөсү керек. Кызын мусулман эмес бирөөнө берген адам өзүнүн дагы, кызынын дагы ыйманы кетет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

«Кимде ким кызын фасыкка, жаман бирөөнө берсе Аллаху тааланын аманатына кыянаттык кылган болот. Аманатка кыянаттык кылгандардын бара турчу жери – Жаханнам.»

«Кызын фасыкка берген адам малун.»

«Шапаатыма жетүүнү каалаган адам кызын фасыкка бербесин!»

Ашиатул-ламаатта жазылган хадиси шарифте:

«Йа, Али! Үч нерсени кечиктирбе! Намазды оболку убактысында оку! Даярдалган жаназанын намазын дароо оку! Жесир же кызды теңи сураганда дароо үйлөнт!» Башкача айтканда, намазын окуган, күнөө кылбаган жана нафакасын адалдан тапкан бирөөнү тапканда дароо ага бер, деп буюрду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш