Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Этика » “Кандайсың” деп айтуу




“Кандайсың” деп айтуу


Суроо: Көнүмүш адат катары "кандайсың?” деп айтабыз. Максатсыз эле кандайсың деп айтуу орундуубу?

ЖООП

Орундуу эмес. Эски аалымдар бир адамдын дартына даба боло албай турган болсо жөн эле "кандайсың?” деп айтышчу эмес. "Кандайсың?” деп айткан адамыбыз "Баланча акчага муктажмын, баланча дартым бар” десе эгер күчүбүз жетип турса буга жардам бербей турган болсок "кандайсың?” деп айтуубуз өтө кызык болот. Дартына даба боло алчу адамыбызга кандайсың деп айтуубуз керек. "Кандайсың?” деп айтуу – бул кандайдыр бир муктаждыгың болсо орундайын деген сөз. Муктаждыгын орундабай турган болсок "кайдайсың?” деп айтуубуз ак ниеттен алыс болот. Эч болбосо "Алхамдулиллах, жакшымын” деп дуба кылуусуна себеп боло турчу максат менен айтсак "кандайсың?” деп айтуубуз бошко кетпейт, рия болбойт.

Суроо: Бир досум бар. "Кандайсың?”десем, "Аллах ыраазы болсун” деп айтат, бирок, ал менин ал-ахыбалымды сурабайт. Анын дагы мага "кандайсың?” деп айтуусу керек эмеспи?

ЖООП

Дуба кылгандыгына караганда ыраазычылыгын билдирүүдө. Ооба, анын дагы "кандайсың?” деп айтуусу керек, бирок, балким бир себеби бар чыгар. "Кандайсың?” десе, сиз дагы баланча акча керек болуп турат деп айтсаңыз ал досуңуз да бербесе досттукка туура келбеши мүмкүн, берсе балким өзүнүн муктаждыгы бардыр. Дартына даба боло албай турган болсом эч сурабай эле койойун деп жаткандыр.

Кээ бир эски аалымдар бир адамдын дартына даба боло албай турган болсо жөн эле "кандайсың?” деп айтышчу эмес экен. "Кандайсың?” деп айтуу – бул кандайдыр бир муктаждыгың болсо орундайын деген мааниде болуу менен бирге анын "Алхамдулиллах, жакшымын” деп дуба кылуусуна себеп болуу болуп саналат. Мусулман адам бетердин дагы бетери бар деп азыр кандай абалда болсо ошол абалына шүгүр кылат.

"Кандайсың?” деген кезде каршыдагы адам акчага муктаж экендигин айтса дароо чөнтөктөн акча чыгарып алдына койо турган болсоңуз бардыгына "кандайсың?” деп айтсаңыз болот. Же бир гана дуба кылдыруу, дубасын алуу үчүн да "кандайсың?” деп айтууга болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш