Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Этика » Үй-бүлөдө этикалык эрежелер




Үй-бүлөдө этикалык эрежелер


Суроо: Коомдордо жазылбаган мыйзамдай болуп сакталып калган этикалардын мааниси тууралуу маалымат бере аласызбы?

ЖООП

Этика коомдордун билим, экономикалык күч-кубат, технологиялык даража, үрп-адаттарына карата ар түрдүү болот. Дүнүйөдөгү ар кандай коомдордун этикалары бири-биринен айырмалангандыгы сыяктуу убакыттын өтүүсү жана технологиялык өнүгүү дагы кээ бир этикалык эрежелерди жоюп алардын ордуна жаңыларынын орун алуусуна себеп болот.

Этикада максат бир коомдогу адамдардын бири-бири менен болгон мамилелерде жетилгендик, маданияттуу карым-катнаш ичинде болуп, жеке адам жана коомдун тынчтыгын камсыз кылат. Айрыкча булар көп кездешүүчү күнүмдүк иштерде тартиптин, мыйзамдын орноосун камсыздайт. Мына ушундайча коом белгилүү бир ырахаттыкка жетет.

Түркий элдер мусулман болуудан мурдагы жашоолорунда этикага өтө чоң маани беришкен. Көчмөн түркий элдер адамдардын өз ара мамилелерин уюмдаштырган бийик жана олуттуу этикалык эрежелерди өнүктүрүшкөн. Башкача аталышында "төрө” деп айтылган бул мамилелер үрп-адат катары коомдо сакталган эрежелер болуп саналат. Ал эрежени сактабагандар ар кандай жазаларга тартылчу. Мусулмандыкты кабыл кылгандан кийин эски ишенимдери менен кошо этикаларынан динибизге туура келбеген жактарын таштап, ылайык болгон карым-катнаш формаларын сактап калышкан. Ылайык болгондорун болсо дин берген көңүл кубаты менен бекемдешкен. Бул жагынан алып караганда элибиздин арасында азыркы убакка чейин бул эрежелер жазылбаган мыйзам сыяктуу өзүн сактап келет. Мына ушундайча өтө бийик жана системалуу коомдун жашоосу болуп келген. Азыркы кездеги элибиздин балдарына өтө чоң маани берүү менен үйрөткөн этикалык эрежелердин көбү канча кылымдан уланып келе жатат.

Булар кыскача мына булар:

Түркий элдерде үйдүн башчысы ата болуп саналат. Үй-бүлө мүчөлөрү атанын берген чечимдерине баш ийет жана анын айткандарын орундайт. Эне - үй-бүлөнүн эң урматка ылайык адамы. Үйдүн ички тартибинен эне жоопкер. Балдар дайым мээрим көрөт, жакшы чоңоюулары үчүн тарбия көрөт. Чоң-ата жана чоң-энелер да бирге болгон үй-бүлөдө алардын сөзү жана чечимдери биринчи орунда турат. Этика эрежелеринин негизин улууларга урмат жана баш ийүү, кичүүлөргө мээрим түзөт. Мына ушинтип ар бир этика эрежеси ушул негизге карата калыпташкан.

Үйдө кичүүлөр улуулардын жанында дайыма адептүү болушат. Алардын жанына уруксат алып кирип-чыгышат, алар бир нерсе айта турган болушса көңүл коюп угушат. Улуулардын сөзүнө уруксат албастан аралашышпайт жана сөздү керексиз жерге созушпайт. Аларга кайрылган кезде "Айтыңыз, угуп жатам” деп жооп кайтарышат.

Эне-ата жаткан бөлмөгө эшикти кагып уруксат албастан киришпейт. Бир туугандар бири-бирине урмат көрсөтүшөт. Ага эжелер мээрим көрсөтүшөт, кичүүлөр үчүн өздөрүн жоопкер деп билишет. Кичүүлөр дагы улуу бир туугандарына урмат көрсөтүшүп алардын сөзүн угушат. Бири-биринин жеке буюмдарын, оюнчуктарын уруксатсыз колдонушпайт. Колунда болгон нерселерди бири-бирине алышып-беришишет. Эч кимдин тынчын алып, ызы-чуу чыгарышпайт.

Конокко баруудан мурда үй ээсине кабар берилет. Белгиленген күндө жана белгиленген саатта барышат. Үйүнө кирип жатканда эшиктин коңгуроосун басып же үнүн чыгарып уруксат суралат! Уруксат үч жолу болот. Биринчисинде үн чыкпаса бир мүнөткө чейин, экинчисинде үн чыкпаса үчүнчү жолу коңгуроону басуу керек. Мында да үн чыкпай турган болсо төрт рекет намаз окуй турганчалык убакыт күткөн соң кетүү керек! Аркы тараптан жооп келгенде эмнеге келгенин айтуудан мурда өзүн таанытуу керек. Үйдө үй ээси көрсөткөн жерге отуруу керек. Буюмдар, китепчедеги китептер уруксатсыз колдонулбайт. Даам татуу үчүн эмне сунулса кубаныч менен кабылдоо керек. Үй ээсинин ошол күнкү абалына карата кайгысын же кубанычын тең бөлүшүү керек. Ал жактырган нерселер тууралуу маек курулат. Көп узакка отурулбайт. Үйдүн ичиндеги төшөмөсү, буюмдарынын орду жана абалы сындалбайт. Кетип жатканда уруксат суралат, рахмат айтылат, дуба (бата) сурайт жана биздикине да келиңиз деп айтылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш